Жаманды коногу бийлейт

"Кумтөр" кенинде кырдаал курч, жумушчулар иш таштады



Учурда "Кумтөр" компаниясынын 1300гө жакын кызматкери иш таштады. Тоо-кен профсоюзунун билдирүүсүндө, компания 1993-2010-жылга чейин жумушчулардын эмгек акысынын 60 пайызын түзгөн бийик тоолуу коэффициенттен алынчу камсыздандыруу төлөмүн социалдык фондго которгон эмес.

Тоо-кен профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев бул иш таштоодо эч кандай саясий мотив жок экенин айтат.
- Компания менен жумушчулар ортосунда гана социалдык негизде түшүнбөстүк болуп жатат. Бирок кырдаалдан айрым саясий күчтөр пайдаланып, жол тосуп же кенди улутташтыруу маселесин көтөрүп чыгышы ыктымал. Бул Кыргызстан үчүн пайдасыз. Өзүңөр билгендей инвестициялык климат начарлайт. "Центеррадагы" акциялардын наркы түшөт. Биз ошого жеткирбей маселени чогуу-чаран чечели деп өкмөткө кайрылып жатабыз, бирок жооп жок, - деди ал.
Профсоюздун таркаткан маалыматында, компания 1993-2010-жылга чейин соцфондго которбогон камсыздандыруу төлөмүн жумушчуларга кайтарып же анын эсебинен айлыкты көбөйтүүгө тийиш. Экинчиден, 2009-жылы иш учурунда жаракат алган Асанбек Орозалиевдин үй-бүлөсүнө "Кумтөр" компаниясы компенсация төлөшү абзел.
Асанбек Орозалиев алган жаракаттан улам 2-топтогу майып болуп, эки жылдан кийин каза тапкан. Мыйзамга ылайык, жумушчу иш учурунда каза болгондо анын 20 жылдык эмгек акысы үй-бүлөсүнө төлөнөт. Асанбекке "Кумтөр" майып болуп калганына байланыштуу 5 жылдык гана эмгек акысын бериптир. Эми анын үй-бүлөсү 15 жылдык айлыгын алышы керек, - деп эсептейт Тоо-кен профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев.
Кумтөрдө иш таштоо комитетин жетектеген Алмазбек Жакыповго телефон аркылуу байланышканыбызда, ал кечээ жалпы жонунан 1060 жумушчу, аны менен катар ар кандай кызмат көрсөтчү фирмалардын 80 жумушчусу иш таштаганын айтты. "Азыр кенде 300гө жакын гана адам иштеп жатат. Биздин талапка компания реакция кыла элек", - деди Алмазбек Жакыпов.
"Кумтөр" кени ачылганы чырдын уясы гана болуп келет. Буга, албетте, бийлик башында турган алкымы чоң жетекчилер себеп. Алардын канадалыктар менен түзгөн коррупциялык схемалары айынан аликүнчө ушундай чуулар басылбай келет. Кандай болгон күндө да бул маселени өкмөт тыкыр иликтеп, туура баа берет, "Кумтөр" кыргыздын пайдасына иштеш керек деген ойдобуз.

Санжи Туйтунова




Темир канат

Кыргызстан 5 млн. 300 миң долларга учак сатып алды



7- февраль күнү Бишкек-Ош каттамына "Кыргызстан" авиакомпаниясынын жаңы сатылып алынган "Боинг-737-500" үлгүсүндөгү учагы учту. Компаниянын директору Жолдошбек Бектургановдун айтымында, бул учакты британиялык компаниялардын биринен финансылык лизинг аркылуу алынды. Азырынча 110 орундуу учак, келечекте 130 орунга чейин толукталышы пландалууда.

Учак тууралуу
Бул учак Америкада жасалып, 19 жыл Европанын бир тарап өлкөлөрүндө кызмат кылган. "Учак Түркиядан өтө татаал жана сапаттуу ремонттон өттү" дейт биринчи категория­дагы учкуч Турар Исмаилов. Авиакомпаниядан билдиришкендей, азырынча 110 орундан турган учакты келечекте 130 орунга чейин жеткирүү пландалууда. "Орундуктарды кошуу же алып салуу оңой иш эмес. Ошол себептен бул тыкан иштелип чыгып, самолеттун кубаттуулугу дагы күчөтүлөт", - дейт Бектурганов. Учакта бизнес жана эконом-класстагы орундар болмокчу. Директордун айтымында, учактын өз баасы 5 миллион 300 миң доллар турат. Азырынча 1 миллион 600 миң доллары төлөндү. Калган сумманы эки жыл аралыгында кутулуп бүтүү керек. "Жаңы учактын дагы 21 жылдык учуу ресурсу бар", - деп кошумчалады Бектурганов.


Улукбек Меңбаев, жүргүнчү:
- Мурдагы самолеттордо учканы да, конгону да оор, үнү катуу болчу. Булуттардын арасынан калдаңдап калчу. "Боинг" менен конгонуң-учканың деле билинбейт экен.


Айсулуу Белекова, стюардесса:
- Эмнегедир элдин баары бизди учуп жүргөн официанттар деп ойлошот. Тамак ташуу биздин жумуштун бөлүкчөсү гана. Биз жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна да жооптуубуз. Дээрлик бардык жигиттер "стюардесса менен биринчи жолу таанышып атам" деп телефон номеримди сурашат.


Өмүрүнүн 7500 саатын
асманда өткөргөн учкуч
Турар Исмаилов:
- Негизи мен өзүм романтикмин. Учуп баратканда кооз жерлерге суктанып, мүмкүнчүлүк болгондо сүрөткө тартып алам. Ушундай учурларда айдап бараткан учагың менен "дос" болушуң керек. Учак ойдогудай болбосо романтикага убакыт жетмек беле? Биз сөз кылып жаткан учак учактардын классикалык түрүнө кирет. Мен муну Түркиядан өзүм кабыл алып, айдап келдим.


Дагы бир учак күтүлүүдө
"Кыргызстан" авиакомпаниясы 2011-2012-жылдарга өнүгүү стратегиясын иштеп чыгып, анда Советтер Союзунун эски учактарын Батыштын учактарына алмаштыруу максатын коюшкан. Ошол максатта былтыр жай мезгилинде компания биринчи учакты алган. Учурда Венгрия мамлекетинде оңдоо иштеринен өтүп жаткан дагы бир учакты үчүнчү кылып сатып алуу планы каралууда.

Бегимай БАКАШЕВА





Эдил Байсалов:

"Бүгүн улутка тийишкен адам, эртең кыргызды Онго бөлөт"



Гезитибиздин 7-февралындагы санына "Ата-Журт" фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин маеги жарык көргөн эле. Анда ал "Биз орустардын, татарлардын, еврейлердин ж.б. артынан жүрүп келдик. Эми Бабанов келгени күрддөрдүн артынан жүрө баштадык. Чындап улутту ойлогон адам таза кандуу кыргыз болушу керек" деген болчу. Бул маекке коомчулуктан өтө курч реакция болуп, редакциябыздын телефону тынбай койду. Бир катар коомдук ишмерлер маалымат сайттарга ар кандай оюн билдирип жатат. Алардын бири Эдил Байсалов Камчыбек Ташиевдин маеги боюнча төмөнкүдөй пикирде.

- Менин пикиримде, Ташиев ойлонбой сүйлөп, сөзүнөн жаңылды. Бирок бул ойноп сүйлөчү маселе эмес. Эми көрүнүктүү инсан катары, эл өкүлү катары, жалпы кыргызды жетектейм деген лидер катары, Бабановдон эле эмес, жалпы кыргыз элинен кечирим сурашы керек. Антпейби, мындай адамдын Жогорку Кеңеште жүргөнгө моралдык акысы жок. Анткени ал бул жерде бир эле Бабановдун абийирине шек келтирип, мазактаган жок. Жалпы кыргыз элин мазактап жатат. Менин оюмча, Курмантай Абдиев баштаган аксакалдар Ташиевдин сөзүн Этика комитетинде сөзсүз карап, бир чечим чыгаруусу зарыл. Анткени мамлекет жөнүндө, улуттар аралык биримдик жөнүндө кеп болуп жатат. "Апасы күрд ошон үчүн ал таза кандуу кыргыз эмес. Ал кыргызга күйбөйт" деген сөз бул биздин Манас атабызга да шек келтирет. Манас атабыз тажик кызын алып, Каныкей апабыз Семетей баатырды төрөп бергенин кантебиз анда. Семетейди да кыргыз эмес, тажик дейлиби? Анда эмнеге "Манас" деп төш кагабыз? Чыңгыз Айтматовдун апасы татар болчу да. Чыңгыз атабыз кыргызды дүйнө жүзүнө таанытканы жалганбы же Ташиев таанытты беле. Былтыр эсиңерде болсо, дүйнөлүк пресса Ташиевди "улутчул" деп жазган. Биз ошондо аны "жок, ал патриот жигит" деп коргогон элек. Өзү дагы "мен кайдан улутчул болом, келинчегим казак элинин кызы" деген. Демек, анын балдары да таза кандуу эмес экен да, эртең алар дагы мамлекеттик кызматта иштегенге акысы жок турбайбы. Жаңы партиялашы Адахан Мадумаровдун келинчеги деле казак кызы экен го. Же аны дагы таза кандуу кыргыз кызын албайсың деп кууйлубу? Кыскасы, мындай идеология жүргүзсөк, алыска узабайбыз. Бүгүн улутка бөлүп, көзү өтүп кеткен адамга тийишкен адам эртең бийликке келсе кыргызды экиге эмес, онго бөлүп тынат эмеспи.

Жазып алган Санжи Туйтунова
P.S. Чынында коомчулукта соңку кездери курулай улутчулдук күчөп баратканын моюнга алуу керек. Президент Атамбаевдин "кыргызстандык" деген түшүнүктү жайылтуу тууралуу идеясы өлкөдөгү ынтымакты бекемдейт деген да пикирлер арбын. Өнүккөн өлкөлөрдө деле америкалык, швейцариялык, англиялык болуп эле жашап атышпайбы. Акыры бул маселеге өтө кылдат мамиле кылышыбыз керек. Ташиевдин айтканы тууралуу талкуу дагы уланат окшоп калды.