Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0209_1.htm on line 12

Warning: include(../../head.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0209_1.htm on line 12

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../head.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0209_1.htm on line 12

Ой тобо!

Курманбек Бакиев Белоруссиянын жарандыгын алганбы?



Жакында Tut.bu деп аталган белоруссиялык сайт Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Белоруссиянын жарандыгын алгандыгы тууралуу жазып чыкты.

Жарандык ага 2010-жылдын август айында эле берилгени, Минскидеги ички иштер бөлүмү колуна белоруссиялык паспортун карматканын жазат. Бакиевге Белоруссиянын жарандыгын берүү Белоруссиянын президентинин өзүнүн чечими менен чыккан деп жазылат. Бул тууралуу расмий маалыматтар азырынча жок. Ошондон улам мындай суроо менен саясатчыларга кайрылдык.


Кубатбек Байболов, экс-башкы прокурор:

"Бакиевден башкасын кармап алышсынчы"


- Азыр Белоруссия Бакиевди бербей жатышпайбы. Бакиевди койчу, берки, андан кичирээктери деле чыгып кетпедиби. Мисалы, каргашалуу июнь окуяларына күнөөлүү Батыров, Салахутдинов кандай чыгып кеткени неге изилденбейт? Ошол Салахутдинов качып кеткенде Парламентте катуу чуу болду эле. Бирок аны чыгып кетүүсүнө жардам берген күнөөлүүлөр жоопко тартылбады го?! А Бакиев Кыргызстанга кокусунан келип калса, 7-апрель күнү бейкүнөө элди аттырганы үчүн сөзсүз жоопко тартылышы керек.
(Уландысы 3-бетте)

- Ор казган жагын мага койгула, туугандар!
Аликбек Жекшенкулов, КР экс-тышкы иштер министри:

"Андай сөздөр Бакиевдин пиар-жүрүшү"


- К. Бакиевдин Белоруссия жарандыгын мыйзамдуу алгандыгынан күмөнүм бар. Эгерде ошондой маалыматтар чын болуп, Белоруссия жарандыгын алса, андай чечим мыйзамсыз болуп саналат. Себеби Кыргызстанда кош жарандуулук жөнүндөгү мыйзам жок, мендеги маалыматтарга караганда, Белоруссиянын өзүндө да кош жарандуулук тууралуу мыйзам жок. Эки мамлекеттин ортосунда да андай макулдашуулар кабыл алынган эмес. Демек, башка мамлекеттин жарандыгын алыш үчүн Курманбек Бакиев биздин мамлекеттин жарандыгынан чыгышы керек эле, ал кыргыз жарандыгынан чыкпагандыктан, башка мамлекеттин жарандыгын алышы мыйзамсыз.
Бакиевдин Белоруссиянын жарандыгын алгандыгына ишенбейм. Андай болгон күндө эки мамлекеттин ортосунда жарака кетет. Бул Бакиевдин өзүнүн эле ойлоп тапкан пиар-жүрүшү болушу мүмкүн.





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-февраль, 2012-жыл


Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0209_1.htm on line 102

Warning: include(../../footer.html) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0209_1.htm on line 102

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../footer.html' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/df/12/0209_1.htm on line 102