Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Сыноскоп
Светти улам "жалп" эттирген Шадиев

Бакиевдин тушунда энергетика итке минип, президент башы менен элге кайрылып, тезек камдаткан болчу. Ошондо жылма (веердик) өчүрүү дегенди ойлоп табышкан. Ал эми быйыл Аскар Шадиев баш болгон энергетиктер кышка даярдык эң сонун экенин айтып, жазып, баарыбызды ынандырып келишкен. Бирок, тилекке каршы, кыш жаңы гана баш баккан күндөн тартып, свет улам-улам жалп өчүп, айлабызды кетире баштады. Албетте, буга биринчи кезекте өлкөнүн отун энергетика комплексине жооп берчү Энергетика министрлиги күнөөлүү. Айрым адистердин айтымында, бул министрликти учурда киловатт эмне экенин түшүнбөгөн финансист башкарууда. Анда Аскарбек Шадиев тууралуу адистердин пикирин угалы.


Калый Рахимов, КТУнун энергетика факультетинин профессору:
"Шадиевдин энергетиканы түшүнбөгөндүгү көрүнүп атат"
-Экономист, финансист болсо да аракет кылып эле жаткансыйт. Кечээ жакында эле министр Шадиев линияларды алмаштырсак эле көйгөйлөрдү чечебиз деп айтып атат. Анысы жакшы, бирок линиялар киловатт бербейт да. Электр жарыгынын өчүрүлүүсүнө электр линиялары да себеп болууда. Чыңалуу жогору болуп, линиялар көтөрө албай калып атат. Анан Шадиевдин энергетика тармагындагы айрым жагдайларды түшүнбөй тургандыгы көрүнүп калууда. "Датка" подстанциясын курсак эле баары жакшы болот деп анын кулагына башкалар куюп койгон окшойт, "Датка" жөнүндө көп айтчу болду. Анын жөнү башка. Маселе, кышында электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз кылып, электр энергиясынын болбой калуусуна жол бербөөдө. Бирок, тилекке каршы, эмитен эле жарык өчө баштады. Элдин баары электр энергия менен үйлөрүн жылытканга өтүп алышты. Ушуга жол бербөө үчүн трансформаторлорду алмаштырып, линияларды жаңыласа туура болмок. Баягы эле каражаттын тартыштыгынан бул маселелер чечилбей келатпайбы.


Райкан Төлөгөнов,
ЖК депутаты, отун-энергетика комплекси боюнча комитеттин мүчөсү:
"Даярдык жоктугун кыштын алгачкы күндөрү эле ашкереледи..."
- Энергетика министрлигинин ишинде өзгөрүү жок. Революциядан кийин кесипкөй, коррупциядан алыс жетекчи кадрлар дайындалган эле. Бирок учурда электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларында Ширшовдун таасириндеги адамдар иштеп жүрөт. Мурдагы эле энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга аралашкандар. Министр Аскарбек Шадиевдин аракети жаман эмес. Ага бул тармакты колго алып алган кандайдыр бир күчтөр тоскоол­дуктарды жаратып, иштетпей жүдөтүп аткандай. Эгерде Бакиевдин учурунда чыңалуу жетишпегендигинен улам жарык өчүрүлүп келсе, азыр чыңалуу жетиштүү, б.а. электр энергиясы жетиштүү көлөмдө өндүрүлүп берилип атат. Чыңалууну көтөрө албай трансформаторлор иштеп чыгууда. Анан мында бөлүштүрүүчү компаниялардын ишиндеги кемчиликтерди белгилеп коюу керек. Ар кандай авариялардан улам керектөөчүлөргө электр жарыгын жеткире албай калышууда. Т.а. кышка даярдыкты тиешелүү деңгээлде бөлүштүрүүчү компаниялар көрө алышкан эмес. Кыштын алгачкы эле суугу "даярдыгыңар жок экен" деп ашкерелеп койду.


Расул Умбеталиев,
энергетика маселелери боюнча серепчи:
"Трансформаторлорду алгандын ордуна жүздөгөн жеңил автоунааларды сатып алышкан"
- Энергетика министрлиги өлкөнүн жалпы отун-энергетика комплексине ­жо­­оп бериши керек. Тилекке каршы, андай болбой атат. 1-ноябрда ­Аскарбек Шадиев отун-энергетика комплекси кышкыга 100 % даяр, электр жарыгы үзгүлтүксүз болот деп айткан. Бирок учурдагы абал көрсөтүп атат, кышка даярдык болгон эмес. Ашып кетсе 60-70 % даярдык көрүшкөн. Ушунун кесепетинен кыштын алгачкы күндөрүндө эле авариялар орун алып, подстанция, трансформаторлор күйүп кетүүдө. А Энергетика министрлиги подстанция, трансформаторлорду алмаштырып, авариялардын алдын алдык деп билдирип келишкен болчу. Бул да андай эмес экени көрүнүүдө. Учурда Бишкекте эле күн сайын 600-700 өчүрүү, авариялар болуп атат. Борборубузда ушундай болуп атса, аймактар боюнча айтпай эле коеюн. Министр Аскарбек ­Шадиев жабдыктардын эскирип калгандыгынан авариялар болуп, аларды жаңылаганга каражат тартыш болуп аткандыгын айтып жүрөт. Кечээ жакында эле министрдин орун басары Автандил Калмамбетов болсо электр жарыгы өчүп калып аткандыгына эл күнөөлүү деп айтып чыкты. Анын айтымында, эл кышка даярдык көрбөй, көмүр албагандыктан үйлөрүн электр жарыгы менен жылытып атыптыр. Ар бир адам үйүн кантип жылытышты өзү билет. Эмне, үйүн жылытпай суукта тоңуп, калчылдап олтурушу керекпи? Көмүрдүн кымбаттыгынан карапайым эл көмүр сатып ала албаса, электр жарыгын колдонот да. Анан Аскарбек Шадиевдин министр болуп олтургандыгынын өзү туура эмес. Ал өзү мыкты экономист, финансист. Ал жагынан кеп жок. Бирок бул тармактын башына энергетиканы түшүнгөн, билген адам келиши керек да. Азыркы жаралып аткан көйгөйлөр биринчи кезекте министрдин адис эместигинен, тармакты билбестигинен келип чыгып атат. Шадиев министр болуп келгенден бери тармакта эч кандай өнүгүү болбоду. Коммерциялык, техникалык жоготуулардын көлөмү мурдагы эле бойдон. Каражаттар чогулбай аткандыгын айтышат. Чогулуп эле атат, болгону туура эмес, максатсыз жумшалууда. Мисалы, ушул жылдын апрелинде "Түндүкэлектро" ишканасы трансформаторлорду сатып алгандын ордуна жүздөгөн жеңил автоунааларды сатып алышкан. Ушунча сандагы машинелерди алуунун зарылчылыгы бар беле? Мен бул боюнча ошондо эле айткам өздөрүнө. Машине ордуна трансформаторлорду сатып алып, кышка даярдык көрбөйсүңөрбү деп да айткам. Угушкан эмес.


Карыпбек Алымкулов, энергетика маселелери боюнча адис, техника илимдеринин доктору:
"Шадиевдин ордуна Путин, Обаманы алып келсе деле абал оңолбойт"
- Аскар менен Жогорку Кеңеште депутат катары чогуу олтуруп, бирге иштешип калдым. Жакшы билем. Экономиканы, финансы, өндүрүштү жакшы түшүнөт. Энергетика адиси болбосо да, тармакты өздөштүрүп, түшүнүп кеткенине кубанып жүрөм. Энергетикадагы көйгөйлөрдү ичтен билип калды. Көйгөйү көп, чечилүү жолдору кыйын болгон тармакты жакшы алып баратат. Ишине, көрүп аткан аракеттерине оң баа берет элем. Башка маселе, Кыргызстандын энергетика тармагынын башына Путин же Обаманы алып келип койсоң деле абал оңолбойт. Анткени электр линиялары 60-жылдары тартылган. Эскилиги эчак жеткен. 90-жылдардан кийин эле Бишкектин четинде 50гө жакын жаңы конуш пайда болду. Электр жүгү көп болгондугунан электр линиялары күйүп, трансформаторлор иштен чыгып, ар кандай авариялар орун алууда. Буга Шадиевди күнөөлөп, жаман иштеп атасың деп айтыштын өзү кыйын. Линияларды жаңыларга алмаштыруу да мүмкүн эмес. Миңдеген километрлерге созулат. Алардын бардыгын кайсыл акчага алмаштырасың. Миңдеген трансформаторлор керек. Ага да миллиондогон каражат талап кылынат. Ошондуктан учурдагы электр жарыгынын өчүрүлүп атканына Энергетика министрлигин эле күнөөлөгөнгө болбойт.


Кожобек Жайчыбеков,
ЖК депутаты, отун-энергетика комплекси боюнча комитеттин мүчөсү:
"Энергетика тармагындагы уурдоолор дале уланып атат"
- Аскарбек Шадиев министр катары аракет кылып атат. Мен аны иштебей атат деп айта албайм. Эмне иштерди кылып аткандыгы боюнча Шадиев бир нече жолу мага жолугуп, айтып берген. Бирок энергетика системасында реформа болгон жок. Муну ачык айтышыбыз керек. Электр жарыгынын өчүп калуусунун башкы себеби, элдин бардыгынын электр жылыткычтары менен үйлөрүн жылытканга өтүп алышкандыгында. Жогорку чыңалууну көтөрө албай трансформаторлор, линиялар жарактан чыгып калууда. Бул үчүн жалаң эле министрликти күнөөлөй берген болбойт. Мындан сырткары, энергетика тармагындагы уурдоолор дале уланып атат. Ошондуктан компьютерлештирилген атайын системаны киргизишибиз керек. Мен мындай системаны бизге колдонуу максатында Россиядан атайын "Энпро" деген компанияны чакырдым. Бул система ишке кирсе, уурдоолор токтоп, керектөөчүлөрдү коркутуп, үркүтүп акчасын кагып алып жүрүшкөн жүздөгөн текшергичтер кескин азайып, бирдиктүү системага өтөбүз. Электр эсептегичтер электрондук болуп калат. Керектөөчү акчасына жараша лимит алып, лимиттен ашып кетсе электр жарыгы автоматтык түрдө өчүп калат. Булардын баарын саналуу эле адам бир жерде олтуруп башкара берет. Уурдай албай да калышат. Анткени бирдиктүү компьютерлештирилген система аркылуу баары көзөмөлдө болот. Ушундай жол аркылуу системаны оңдогонго мүмкүн. Ансыз Токтогул суу сактагычында суу ашып-ташып атса да көйгөй чечилбейт.


Мирлан Дүйшөнбаев







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??