Эки кол үчүн эки жүз миң сом
же жан кейиткен узун жомок

Декабрдын тогузунда республиканын Жогорку Соту Аксы районунун жашоочусу Абдубанаева Жылдыздын доо арызы боюнча ишти карап, кайра толуктап иликтөө үчүн Жалал-Абад областтык сотуна кайтарды.

...Эки жылдан бери эки колу мүрүсүнөн кесилген алты жашар кызды жетелеген келин Бишкекке келет. Кичинекей күрмөсүнүн жеңдерин селкилдетип бош койгон кызы экөө кайсы гана кабинетке, кайсы гана чоңдун алдына киришпеди. Элеттен келген келин этияттап сөз баштаганча бейбаш кыз шыпылдап столдогуларды оодарыштырып кирет. Мындай сурамчылардын далайын көрүп, далайын жөнөтүп көнгөн кызматкер эми гана кызга көңүл буруп, канатын жулдурган балапандай турпатынан селт этип барып токтойт. Бүбүгүл ушундай кыз. Бир орунда тынч отура албаган, баарына кызыккан, баарын кармалап, ичин ачып көргүсү келген кыз.
Анын жашаган үйүнүн жанындагы трансформатордун эшиги аңкайып ачык калбаганда, чуркап келатып капысынан ошол "кичинекей үйгө" кирип барбаганында ал да башка балдардай эле баарын өз колу менен кармап көрмөк. Эми минтип... жада калса өз алдынча бейшептей да албайт.
"Чоңдон оңдуу жооп ала албай, адаттагыдай эле "ага бар, буга барды" угуп, шаабайы сууган апасын кылчак-кылчак карайт. Суу ичкиси келсе да, тамак жесе да, кийимин чечип-кийсе да кудум ымыркай баладай бирөөнүн көзүн карап турат. Чуркап баратып жыгылса мурду менен тийип, жер таяна албай жатканын көргөндө апасынын заманы куурулат.
Үч жыл мурда, бала кокустаган учурда жетип келишкен ­РЭСтин кызматкерлери жан талашып, ­"дарылатабыз, жардам беребиз, бир бөлмө квартира алып беребиз, сотко кайрылбай эле койгула" деп ­алды-артына түшүшкөн. Эсин жоготкон баланы Таш-Көмүрдүн ооруканасында кармашып, абалы оорлогондо эптеп эле аман калса болгону дешип, Бишкекке алып келишкен. Республикалык күйүк бөлүмүнүн башчысы Кандөлөт Сарбанова болбогондо мунун арты кантип бүтөт эле, бир Кудай билет. Врачтардын күнү-түнү тынбаган аракети менен кыз аман калды, бирок төрт жолку оор операциядан кийин эки колун тең кесип салууга туура келди.
Андан кийинки кыйынчылыктарды айтып отурса жан кейиткен узун жомок. Далай күн ый менен муңга толуп өттү. Жаш үй-бүлө антип бүлүк түшүп жатканда трансформаторду ачык калтырып, кырсыкка жол бергендер эчтеме болбогонсуп мурдагыдай эле иштеп, атүгүл кызматтан кызмат алмаштырып кетишти. "Жардам беребиз дебедиңер беле?" деп барышса, жол киреге жетерлик тыйын берип, иттен чыгарышат.
Башкасын биякка кой, Энергетика министри Аскар Шадиевге киришсе "Жалал-Абад областтык электр тармактар башкармалыгынын Директорлор кеңеши чечет", - деп ­сылык-сыпаа узатып койгон. Ал Кеңештин мүчөлөрү "сотко берсин, сот кандай чечим чыгарса ошону аткарабыз", - деп чыгышты.
Таш-Көмүр шаардык соту моралдык чыгым үчүн РЭС кызматкерлеринен миллион сом, 18 жашка чейин айына үч миң сом өлчөмүндө компенсация өндүрүлсүн деген чечим чыгарган. Областтык сот ишти кайра карап, (карабаса деле керек), компенсация өлчөмүн 200 миң сомго шыпырды.
- Эки колунан ажырап, эчтемеге жарабай калган кыздын келечеги эмне болот, баланы майып кылып коюп жарыбаган акча менен кутулуп кеткиңер барбы? - деп чырылдаган Жылдызга РЭСтин ошол кездеги инженери Болот Бостонов эч тайсалдабай туруп "бага албасаң балдар үйүнө өткөрбөйсүңбү" деген "кеңешин" айтты.
Узак убакыттан бери акыйкаттыкка жетпей келаткан элеттик келиндин колунда Бүбүгүлдөн башка биринен бири жаш үч баласы бар. Эч жерде иштебей, үч баласы менен карыган ата-энесин каралап отурган Жылдыздын доо арызы ушинтип үч жылдан бери улам бир сотто айланып келатат. Кызматтан кол жууп калбайлы деп жан талашкан энергетиктердин бир кездеги "Үй алып беребиз" деген убадасы унутта калып, жоопкерчиликтен кантип кутулуп кетиштин амалын көздөп калган кездери. Жан кайгыдан мал кайгы артык болуп калган адамдарды өз колу менен тамак алып иче албай, ийнине жөлөнгөн табакка мойнун буруп, тозок менен оозуна жеткизген кыздын абалы кенедей да ойлондурбайт болуш керек. Бул ишти кайра карай турган областтык сот кыздын кийимин кийгизип, тамагын жасап эле эмес, туалетке алып бара турган, өмүр бою бага турган бир адамдын болушу керек экенин, анын келечеги балапан кезинен эле кесилип калганын эске алып, 200 миң сом өндүрүлүп берилсин деген чечимди чыгаргандан уялат болуш керек деген ойдобуз.

Сүйүн Курманова




Баркталбай жүргөн бирөө бар
Баяман, Курсан, Санжар машыккан спортзалдан криминалдар чыгып атабы?

Өзбекстан, Казакстанда теңдеши жок Оштогу бодибилдинг залынын кожоюну жол кире жок жөө басат, имараттын чатырынан суу тамып, айнектери сынып, дубалы ураганы турат. Ал залда илгертеден машыккандардын ичинен депутаттар, саясатчылар, тартип коргоочулар, жансакчылар, крим дүйнөнүн өкүлдөрү жана спорт чеберлери өсүп чыккан. Бул залдын ээси - Ошто кыргыздар арасында бодибилдинг боюнча жалгыз устат. Аты Абжамилов Шабдан. Залкар ырчы Ырысбайдын жердеши да, кай бир жагынан тагдырлашы да экен. Сыйлык албаган, жулунбаган жөн киши. Кезегинде бул залда элге төбөсү көрүнгөн Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев, Курсант Асановдор машыгып жүрүшкөн. Залдын уюшулганына 18 жыл болуп, ошондон бери 17 жерге көчүптүр. Учурда машыкканы келгендердин кымбат машинелери урап түшөйүн деп калган имараттын жанында жалтылдап турат. Зал ээси Шабдан аке болсо "силер коргоп жүргөн жетекчилер ушундай залда машыгып атканыңарды билбейт да" деп күлүп калат.

- Сизди ушул залдын кожоюну дешет, бай окшойсуз го?
- Жок. Бай дегенге болбойт. Имаратты ижарага алганмын. Айына бир жарым миң сом төлөймүн. Кээде ошол 1500 сом ижара акыны таап төлөө кыйынга туруп калат. Ал эмес, үйдөн ушул жерге келүүгө автобуска жол кире да табылбай, жөө келген учурлар далай болот.
- Кандайча? Залда туруктуу канча бала машыгат, алар канчадан акы төлөшөт сизге?
- Залда туруктуу машыккан 40тай бала бар. Алар 300-500 сомдон көңүлүнөн чыгарып беришет. Ушунча бересиң деп баа коюп дооламай жок. Ошол акча ушул имараттын ижара акысына, светине, өзүмдүн күнүмдүк майда-чүйдөмө араң жетет. Туруктуу машыгып аткан балдардын арасында чоң спорттогу балдардан акча алынбайт. Алар Кыргызстандын желегин көтөрө турган балдар. Анын үстүнө спорт бул бизнес эмес. Айрыкча Кыргызстандын шартында бодибилдинг спорту өтө кымбат спорттордун катарына кирет. Мында машыккан балдар сапаттуу тамактар менен камсыз болушу зарыл. Балдар мага акы төлөө ары турсун талаптагыдай тамак жегенге жеткире албай калышат.
- Сизди бага албаса, өзүн-өзү актабаса, сизге анда бул залдын эмне кереги бар?
- Бул зал мени менен тагдырлаш. Байлык издеп жаап сала албайм. Союз таркап аткан мезгилде десанттарды машыктыруу үчүн ушул тетиктер келип калган экен. Бирок бардык нерселер менчиктештирилип, таланып-тонолуп аткан жерден ар түрдүү мекемелердин колунан сатып алып чогулттум. Ошол кезде спорттук тетиктерди айрымдары өз үйлөрүнө алып кетмекчи болушту. Айрымдары сатам деп чоң акча сурашты. Менде кыйраткан акча жок болчу. Айла кеткенде айылдагы үй-жайымды, малымды, машинемди сатып, ушул спорттук тетиктерди сатып алдым. Ушунча баштагандан кийин дүйнөлүк стандартка ылайыктап жасамакчы болдум. Азыркы тапта Казакстанда, Өзбекстанда да мындай деңгээлдеги чоң залдар жок деп айтып жүрүшөт. Өзбекстандык машыктыруучу жигит келип да куштарланып кеткен.
- Анда ушул залдын айынан аялыңыздан көп тил уксаңыз керек?
- Ушул зал деп жүрүп үй-бүлөмдү тажатканмын да. Тапканымдын баарын спорттук тетик сатып алууга жумшай бергенмин. Мындан жарытылуу киреше түшкөн эмес. Акыры аялым бала-чаканы алып Орусияга кеткен. Ошондон бери 9 жыл өттү, кайта элек. Келип эмне кылам дейт.
- Ушул залда убагында Баяман Эркинбаев, Курсан Асанов, Санжар Кадыралиевдер машыккан дешкени чынбы?
- Залдын ачылганына 18 жыл болуп атат. Ошол 18 жыл ичинде канчалаган кыйын жигиттер машыгып кетишкен. Арасында жөнөкөйү да, бизнесмени да, спортчусу да бар. Убагында Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев инилерим да ушул залда машыгып жүрүшкөн. Алар ыраматылык болуп кетишти. Курсант иним азыр дагы тез-тез келип турат. Курсант бул залдын фанаты да.
- Сизге анда ар кайсыл топто жүргөн балдар келе беришсе, алардын арасында мен-сен дегендей каршылыктар тез-тез болуп турса керек?
- Жок. Балдар ар кимиси өз жолунда келишип, өз жолунда кетишет. Бири-биринин иштерине киришпейт. Мен балдарды сен андай, сен мындай деп бөлбөйм. Ошон үчүн криминал дүйнөсүнө аралашкан балдардын да көбү келип, ушул жерде машыгып жүрүшкөн.
- Ушул залды ачып, көптөгөн жаш балдардын криминалга кирип кетишине себепчи болуп атам деп өкүнгөн ойлор келеби?
- Келет. Бул жер дагы мектептегидей да. Машыкканы келген балдарды тандап, сен кимсиң, кимдин баласысың делинбейт. Өзүбүздүн жаран болгондон кийин, (ойлонуп) кандай десем, машыгуудан кийин ким эмне иш кылып жүргөнүн кээде билбейсиң. Анан окуя болуп өткөндөн кийин "Ии, ушундай болуп жүргөн экен", - деп калам.
- Сизге машыгууга келген балдарга андай жүрбө, мындай жүр деп акыл айтасызбы?
- Сөзсүз. Жаш балдарга айтып-деп эле келатам. Анан чоң балдардын кимиси кайда эмне иш кылып атканын билдире бербейт. Мен деле аларга көп аралашпайм. Алардын көбү саясатка, жетекчилик кызматтарда жүргөндөрдүн жанында жүрүшөт. Өздөрү да чоң бизнеске, саясатка аралашып кетишет. Өзүң баятан бери айтып аткан Курсант иним да жаштарды көп тарбиялайт. Жаш балдарды кызматына, кимдин баласы, атасынын кимдигине карабай акылын көп айтчу. Залда кандай, көчөдө кандай жүрүш керек, ушунун баарын балдарга айтып турчу.
- Азыр ушул тетиктериңиздин баасы канчага барат?
- Ушул турушунда 50-60 миң долларга барат. Мындай сандагы тетиктердин баарын чогултуу үчүн Орусиянын бир канча дүкөндөрүн кыдырып, издеп тапкан чакта да ошол 50-60 миң доллар акчаң болушу керек. Анда да кээлери табылбай, атайын буюртма менен жасатууга туура келет. Күтүп да кыйла убакыт коротосуң.
- Сизди спорт менен тааныштыгы бар адамдардын баары эле тааныйт экен. Бирок кол алдыңызда машыгып жаткандар сиздин үй-бүлөлүк, материалдык абалыңыздан кабарлары барбы?
- Бар. Балдар сыйлашат. Биз чоңоюп жетилсек, сизге жардам беребиз деп көңүл жубатып турушат. Көчөдө жөө келатканымды көрүп калгандар машинеси менен жумушка жеткирип коюшат.
- Сиздин залыңызда машыгып кеткен балдардын көбү чоң кызматтарга жетиптир. Анан ушул залга шаардан жер бөлдүрүп, курулушуна жардам берейин дегендери барбы?
- Мен жардам бер деп эч кимге кайрылбадым. Көз жашымды көлдөтүп, ар кимдин колун карагым келбейт. Чоң кызматтарга жеткен балдар материалдык болбосо да моралдык жактан колдоп келе жатышат. Ошого ракмат. Былтыр, айылдагы акыркы малдарымды сатып, 15 миң кыш алып койгонмун. Эми шаардан жер бөлдүрүп ошол жерге курайын деп атам. Бул жагы Кудайдын айтканындай болор.

Ыдырыс Исаков, Ош