"Чымындууларга" байге сайдык!
Мен киммин?
Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калем сабы
(Б.Сарногоев)

Урматтуу окурман, көркөм чыгарма окуп бир жан дүйнөнү кубантып, тазарып алганга кандай дейсиз? Сагындыңызбы? Биз да сагындык. Отуруп алып жакшы бир аңгеме окуганга же бир ыр окуп жан-дүйнөң толкуп, делдеңдеп алганга не жетсин?! Акындар, төкмөлөр ж.б. чымындуулар болсо жазган чыгармасын жарыялаганга жай таппай, китеп чыгарганга шарты жок жүргөнү жүргөн. Ыр жандуу кыргыз ойдон кырга чейин, жылдан кылымга, таанышкандан "жабышканга", ынкылаптан ынкылапка чейин ыр жазганын калтырган жок. Ылайым ошентип ыр бүтпөсүн. Биздин гезит дирилдеген ырларды сан сайын берип, көкүрөктөргө көктөм алып келели деп бир ырдын конкурсун жарыялап атабыз. Ошондой эле махабат, сүйүү, ажырашуу, сагыныч, жалгыздык жана кусалыкты камтыган чакан аңгеменин конкурсу да жарыяланат.

Бир ырдын конкурсу
Сан сайын конкурска түшкөн ырлардан тандалып алынганы гезитке жарыяланат. Конкурстун жыйынтыгы 2012-жылы 1-майда чыгарылат. Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов баш болгон калыстар тобу тандаган бир акынга 20 миң, эки акынга 10 миңден, үч акынга 5 миңден байге берилет. Ыр көлөмүнө гезиттин бир устуну (колонкасы) берилет. Ал ыр башка эч бир гезитке же китебине түшпөгөн эң соңку ырың болушу керек.


Бир аңгеменин конкурсу
Аңгеме өтө узак болбошу керек. Жүрөктү эзген, дирилдеген, жан дүйнөнү толкуткан кыска сюжети бар аңгемелерге артыкчылык берилет. Аңгеме сүйүү, айрылышуу, жалгыздык, сагыныч темасында болушу керек, же бир турмуш тамчыларын сүрөттөгөн жылуу аңгеме болушу керек. Калыстар тобу аңгеменин сюжетинин курулушуна, сөздөрдүн таптап жазылышына, адабий көркөмдүгүнө ж.б. ушул өңдүү көп сапаттарга карап тандап алат.
Мыкты аңгеме деп табылган биринчи орунга 20 миң сом, экинчи орунга 10 миң сом, 3-орундагы эки аңгемеге 5 миң сом байге берилет. Конкурстун жыйынтыгы 2012-жылы 1-июнда чыгарылат.
Конкурска чыгармаңызды салганда толук аты-жөнүңүз, кыскача таржымалыңыз жана сүрөтүңүз кошо берилиши керек. Чыгармаларды төмөнкү дарекке салыныз: defacto.gazeta@gmail.com же редакциянын дарегине почта аркылуу жөнөтүңүз.

№4 катышуучу -
Бактыгүл Көкөтаева

Автор тууралуу

Нарындын Эки-Нарын айылында туулган.
Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин кыргыз филология факультетин аяктаган. Учурда Бишкек шаарында жашайт. Ырды мыкты жазат, ичинен бышырып жүрүп, анан кагазга түшүрөт, сейрек жазат.

Жөн гана ойлоюнчу
сиз жөнүндө
Жамгырды бир үн коштойт өкүнүчтүү
Жаңы эле сен тараптан келдим эле.
Жакыным дей албаймын жаздан тапкан,
Жөн гана ойлоюнчу сиз жөнүндө.

Жаштыгым жерип турат жөтөлүмдү,
Жашоом да жакпай турат өз көзүмө.
Жамгырда жанчылганды жакшы көрөм,
Жөн гана ойлоюнчу сиз жөнүндө.

Байкасам сизге жазган ырларымды,
Баары бир бир үн коштойт өкүнүчтүү.
Жабылуу бойдон калсын жабыгуулар,
Жөн гана ойлоюнчу сиз жөнүндө.

Жакама сээп алып жыпарлардан,
Жасанып барып жүрөм бул күндөрдө.
Жактырды дебеңизчи буларымды,
Жөн гана ойлоюнчу сиз жөнүндө.

Шурудай сууну тизип кирпигиме,
Сулуулап койгон азыр түн да мени.
Суу тийген көздөрүмдү элестетип,
Жөн гана сиз да мага келиңизчи.

Алып кет бул ырымды эстелик деп,
Айтып бар мен жөнүндө ардагыңа.
Суктанып койбостугуң билип туруп,
Суу болуп баргым келди алдыңызга.

Ак дилимден арналып төгүлөрдө,
Арманымдан үн келет бөлөк деген.
Асылымдын бардыгын сизге жаккан,
Ардагыңа жөнөтөм жамгыр менен.
Жалгыз ыйлап келаттым үйдү көздөй,
Жамгыр турду артымда бөлөк деген,
Жамгыр турду артымда көнөктөгөн...




Элет жарчысы билдирет

Кайыңдынын
Аяз атасы - Орозбек


Мына ушинтип жыл аяктап, Жаңы жыл да келип калды. Жаңы жылды кандай тоссоң, ошол жылың да ошондой болот деп коюшат эмеспи. Ошол сыңары биз Жаңы жылга бир ай мурун эле даярданып баштайбыз. Дасторконду жайнатып, балатыны жасалгалап, жакшы ниет-максаттарыбызды тилеп, балдарыбызга белек камдап эле калабыз. Балдарыбыз - биздин келечегибиз. Өмүрүбүздүн маңызы деп алардын жаш жүрөктөрүн балкытып, жаңы жылдык жаркын маанай тартуулаганга аракет кылабыз. Ушундай кубанычты айылыбыздын бөбөктөрүнө тартуулаган, балдарыбызга нысап тилеп, чын ниети, ак пейили менен колунан келген жакшылыгын аябаган карапайым Орозбек Сыдыков деген адам биздин айылда жашайт.
Чоң-Кемин өрөө­нүнүн Кайыңды айылы карагайлуу, арча жыттанган, эки тоонун ортосунда жайгашкан. Орозбек байке келинчеги Нургүл эже менен үй-бүлөсүнүн атынан жылына айылдын мектебиндеги биринчи-экинчи класстардын окуучуларына, айылдын кичинекей балдарына өз эсебинен белек берип келишет.
Мындай кыйын заманда, кымбатчылык кезде ким эле 60-70 окуучу балдарга өз ыктыяры менен белек берет?! Орозбек байкенин мындай кайрымдуулук иши 13 жылдан бери келе жатат. Ороз байке бул ишин кызмат үчүн эмес, бийлик-байлык үчүн эмес, жөн гана биздин балдарыбыздын көңүлүн көтөрүп, балдай ширин балалык каалап, таттуу маанай тартуулаганы кылат. Кылдым деп да милдет кылбайт. Чоң кызматтарда да иштеген адам эмес, бай да эмес. Жөнөкөй эле фермерлик менен алектенген карапайым киши.
"Кудай буюрса, бул жылы дагы белектен кур кылбайм. Жаңы жылда мектепке барып, балдарыбыздын кубанычтарын тең бөлүшкөнү турабыз, үй-бүлөбүз менен", - деген оюн айтты. Орозбек байке, маңдай тер менен тапкан эмгегиңиздин бир бөлүгүн бөбөктөр менен бөлүшкөнүңүзгө бизге окшогон ата-энелердин атынан ыраазычылыгымды билдирем, атына заты жарашкан уулдарыңыз сизге окшогон эмгекчил, мекенчил, чыныгы кыргыздын жигиттери болушун каалайм. Дайыма айылыбызга, балдарыбызга "Аяз ата, Аяз кыз" болуп, жарык чачып жүрө беришиңиздерди тилейм. Жаңы жыл жакшылыктардын жылы болушун каалайм.

Элет жарчысы
Толкун Айдарова,
Кемин району





Редакциядан:
Урматтуу Толкун, азаматсыз. Макалаңыз абдан жылуу жана жакшы жазылыптыр. Айылыңыздагы жакшы адамдарды жазууну уланта бериңиз, ошентип башкаларга жакшылыктын үрөнүн чогуу чачып туралы. Бул макалаңызга калем акы катары 500 сом төлөп беребиз. Кааласаңыз чөнтөк телефонго бирдик катары салып берсек да болот. Ал эми айылдын аяз атасы Орозбек Сыдыковго чын ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Орозбек аба, бар болуңуз! Ылайым ушинтип башкаларга жарыгыңыз тийип, элдин адамы болуп эл ичинде жүрө бериңиз.





Элет жарчыларын жумушка чакырабыз

Айыл турмушун жазып,
акча тапкың келеби?
Анда элдик кабарчы бол!!!

Урматтуу окурман, биздин гезит менен иштешкиңиз келеби? Элдик кабарчы болуп, элет жарчысы болуп бериңиз. Сиз жашаган райондо же айылда не кызыктар болуп атса бизге жазыңыз. Айылда болуп аткан окуялар, элдин турмушу, айыл өкмөткө жана акимдерге болгон нааразылык, айылдын ооруканасы, мектеп көйгөйлөрү… акыры бардыгы кызык. Айылдан келген куш тилиндей кабарыңызды гезитке жарыялап туруп, сиздин чөнтөк телефонго бирдик салып беребиз. Гонорарды бирдик түрүндө аласыз. Эгер акчалай алам десеңиз, анда бир айда жазган макалаларыңыздын калем акысын чогултуп, почта аркылуу которуп беребиз.
Айылдагы кызыктуу адамдарды да жазсаңыз сүйүнүп гезитке чыгарабыз. Балким, кошунаңыз абдан таланттуу адамдыр, балким, аркы көчөдөгү айылдашыңыз бирөөнү өлүмдөн сактап калды. Же төмөнкү айылда бир көзү ачык чыгып, укмуштарда жобурап атат. А, балким, айылдан укмуш гений бала чыгып, колдоосу жок айылда чүнчүп жүрөт. Балким, айылда мончо салынып, жышынып жуунуп эле жыргап калдыңар. Же айыл өкмөт ичип-жеп, эл нааразыдыр. Же жакында эле айылда бир күлкүлүү окуя болуп өткөндүр. Акыры айылдагы адамдар тууралуу кызык баяндар да кабыл алынат.
Эмесе, чамдаңыз. Каттарыңыз "Элет жарчылары", "Каттар, каттар каркыралар" аттуу рубрикаларга жарыяланат. Катта толук аты-жөнүңүз, жашаган дарегиңиз, анан чөнтөк телефонуңуз болушу керек.
Биздин дарек: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-24, Учкун АКсынын имараты. 6-кабат, "Dе-факто" гезитинин редакциясы.
Айрым кабарларды телефондон да айтып берсеңиз болот, 550 20 44 23 жана 773 77 89 57
Калем акылар 50 сомдон 500 сомго чейин төлөнөт. Баса, жазганыңыз сүрөт менен коштолсо, анда калем акы көбүрөк төлөнөт.


Эскертүү: Бирөөгө жалаа жаап, калп айтууга,
кыянатчылык кылганга тыюу салынат!