Урматтуу президент Атамбаев,
Кичи Памир кыргыздары Кыргызстанга көчүп келүүнү суранышат!
"Dе-факто" гезитинин өткөн санында "Кичи Памир кыргыздары кырылып баратат. Кыргызстандан жардам күтүшөт!" деген маек жарыяланган болчу. Ошондон бери бизге телефон чалгандар, мамлекеттик деңгээлде маселе көтөрүш керек деген окурмандар көп болууда. Эске сала кетели, "Кыргыз бутагы" коомдук фондусунун жетекчиси Гүлзат Болотова жана ал коомдун мүчөлөрү өз демилгелери менен, экинчи ирет Кичи Памир кыргыздарынын турмушу менен таанышып, колунан келген жардамын берип келишкен. Ооганстанга караштуу Кичи Памир жергесинде, деңиз деңгээлинен 4000-4500 метр бийикте жашаган кыргыздар Кыргызстандын жетекчилерине "аманатыбызды айта баргыла, бизди Кыргызстанга көчүрүп кеткиле", - дешип, тарыхый Мекенине келүүгө эки көзү төрт болуп, күтүп жаткан кези. Андагы кыргыз калкын алып, Кыргызстанга көчүп келүүнү самап жүргөн Абдрашит хан 2010-жылы кайтыш болуп калыптыр. Кичи Памирде климаттык шарт катаал, жай мезгили эки эле айга созулуп, турмуш-тирлик барган сайын кыйындап баратыптыр. Ооруп-сыркагандар арбын, аялдардын, жаш балдардын өлүмү көп, аялдар аз жашашат. Жашылча-жемиш дегенди жешпейт. Балдар алма деген эмне экенин билбей калышкан. Америкалык Грек Мартинсон аттуу киши салып берген беш класс мектепте кыргыз балдарды фарси, дарий тилдеринде окута башташыптыр. Ушундан улам кичи памирлик жаш балдар кыргыз тилин жоготуп коет дешип, балдарын мектепке бергенден да чочулап турушат экен. "Тилиңди жоготсоң, дилиңди жоготосуң" дешип, алыс жерде алар балдарынын эне тилин унутпашын тилешет.
Эң эле өкүнүчтүү, кичи памирликтер өздөрүнүн санын 1500-2000 киши деп жүрүшсө, демилгечилердин статистикалык маалыматы боюнча 720 гана кыргыз калыптыр.
Качандыр бир убакта Кыргызстанга, тарыхый мекенибизге кетебиз дешип, алар үмүт-тилек кылып, өнөкөт дарттарынан арылып, айтор, алдыдагы зор өзгөрүүнү күтүп жатышат. Мурдагы Миграция министри Айгүл Рыскулова алып барган 3-4 телевизордон, спутник антеннасынан КТР, ЭлТР каналдарын көрүп, азыр Кыргызстандын коен жатагына чейин билип алышыптыр. Айтор, кичи памирликтер кыргызстандык боордошторуна гана ишеним артып, Кыргызстанга көтүү тууралуу кыял түштөрүнө кирип жатыптыр.
Кичи памирлик кыргыздар "Чоңдорго айта баргыла, атасы баласын сурап келсе, бербей коебу, (бул жерде алар Кыргызстанды атага, өздөрүн анын баласына салыштырып), биз жок дегенде балдарыбызды атабызга жиберет элек. Балдарыбыздын убалынан коркобуз, алып кеткиле", - деген аманатын "Кыргыз бутагы" коомдук фондунун директору Гүлзат Болотованын маегинде кеңири сөз болгон жана алардын фотобаяны жарыяланган эле.
Ошол маек жарыялангандан кийин биздин Кыргызстандагы жана чет элдеги окурмандар телефон чалып, үн кошуп жатышат. Анын бири - Россияда, Москвада жашаган кыргыз жигити Жылдызбек Азимбаев.




Сазыкбай Турдумалиев, "Улутман" партиясынын мүчөсү:
"Эртең кеч болуп, алар такыр кырылып калат"
- "Dе-факто" гезити, жанагы "Кыргыз бутагы" коомдук фонду, биздин дүйнөлүк кыргыздар конгресс болуп, кыргыздарды ойготуп, маселе көтөргүлө. Андагы кыргыздарды алып келбесек, эртең кеч болуп, алар такыр кырылып калат. Өкмөт, Тышкы иштер министрлиги өз милдеттерин жасаса, коомдук уюмдар чогулуп, маселе көтөрөт элек. Мен деген кыргыз атуулдары үн кошмок. Силер атайын эсеп ачып, демилге көтөрсөңөр, мен биринчилерден болуп колуман келген жардамды берем"




Жоомарт Кадыралиев, Кыргыз эл сүрөтчүсү:
"Тарыхый Мекенине ар ким келүүгө укуктуу"
- Тарыхый Мекен деген зор түшүнүк бар. Бул кыргыздар да тарыхый мекенине келүүгө укуктуу. Алар жүз жылдап бул жакты көрүшкөн эмес. Башка элдер чет жактарда жашаган мекендештерин чогултуп, журт кылып жатат.
Биз жакшы демилге баштайлы. Чет өлкөдөгү бир боордошторубузду чакырып, боорубузга тарталы. Алардын бизден башка таянаар тоосу, ишенген кишиси жок. Кыргыздын идеологиясы мына ушунда. Эгер азыркы бийлик, жаңы Өкмөт ушул маселени коюп, эл аралык деңгээлде чечүүгө кудурети жете алса, анда тарыхта калмак. Тажикстандагы кыргыздарды деле көчүрүп келип, алар жакшынакай жашап атышат го. Буларды деле алып келүүдөн тартынбаш керек.Тоолук кыргыздар чыдамдуу, намыскөй эл. Алар жергиликтүү эл менен сонун эле жашап кетишмек.




Жылдызбек Азимбаев, Москвада жашаган кыргыз:
"Кичи памирлик кыргыздарды көчүрүп келели, материалдык жагын көтөргөнгө даярмын"
- Кичи Памирдеги кыргыздардын жашоо-тирлиги, алардын Кыргызстанга келүү жөнүндөгү үмүт-тилектерин "Dе-факто" гезитинен окуп, сиздер менен байланышып жатам. Ал жакка барып, кичи памирликтердин аманатын алып келген "Кыргыз бутагы" коомдук фондусуна чоң ыраазычылык билдире кетейин. Гүлзат Болотова, Айнура Касылова, Иса Өмүракунов жана барып келген ошол жети киши зор иштерди аткарып келишиптир. Алардын кыргыз деп соккон жүрөгү мындан ары да жакшы иштердин демилгечиси боло беришин каалайм.
"Dе-факто" гезити, сиздер ушул маселени колго алып, мамлекеттин жетекчисине, Өкмөткө, Жогорку Кеңештин депутаттарына кулак кагыш кылып, ушул маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп кала турган болсо, кичи памирликтерге материалдык жардам көрсөтүүгө салым кошот элем. Мен Кара-Кулжа районунан болом. Кичи памирликтердин алгачкы чыгымына көмөктөшүүгө даярмын.
Менин телефонум: +79253753845




Айгүл Рыскулова, КР Социалдык коргоо министри:
"Кичи Памирдеги балдарды алып келүүнү БУУ аркылуу чечүү керек"

Мурда Эмгек жана миграция министри болуп турган учурунда Айгүл Рыскулова Кичи Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам алып барып, андагы кыргыздар менен сүйлөшүп келип, бир далай иш жасаган.

- Айгүл Маратбековна, сиз Миграция министри болуп турган кезде Кичи Памирдеги кыргыздарга биринчи болуп барган турбайсыздарбы?
- Биз 2008-жылы барганда Абдрашит хандын күүлүү-күчтүү кези болчу. Тажикстандын Мургаб районунда иштеген медсестра Кичи Памирге элдин ден соолугун текшергени барганда, ал аркылуу Абдрашит хан аманатын айтып, Кыргызстандын жетекчилерине "ал-абалыбыз оор, келип кетсеңер" деп кат жөнөткөн экен. Биз ошондон кийин барганбыз. Бирок жол татаал. Ага хан фонду аркылуу вертолет алып, баралы десек, 4500 метр бийиктикте вертолеттун кыймылдаткычы өчпөй туруш керек экен, жарым сааттай эле болмок экенбиз. Ооганстанда абал курчуп турган кез болуп, вертолетко уруксат берилбеди. Жарым жылча даярдык көрүп, Тажикстандын президентинин уруксаты менен отузга жакын киши Кичи Памирге барганбыз. Анын арасында врачтар да бар эле. 14 машина гуманитардык жардам, анын ичинен 9у чоң камАЗ зарыл тамак-аш, кийим-кече, буюм, анын ичинде 4 телевизор, спутник антеннасын, генератор алып барып, орноттуруп бергенбиз. Кыргыздар техниканы пайдаланып жатканын "Dе-фактодон" окуп, сүйүндүм. Азамат кыз-жигиттер Кичи Памирге барып, алардан кабар алып келишиптир, алар менен байланыштым.
- Анда сиздер тоодогу айылдарга чейин жете албай калган элеңиздер да…
- Жүк менен жол жүрүү азап болгон. Тажикстандан өткөн жерде эле эки сутка турганбыз. Тоолуу Бадахшан автоном областында абал оор болуп, тажик УККсы кармап туруп алды. Эки топ болуп, бири Кичи Памирге Күнжубайдан, экинчи топ Ишкашимдеги чек ара заставасынан кирмекпиз.
Биринчи топ Токтомуш, Шаймак аркылуу Кунжубайга кеч жеттик. Жол көрүнбөйт. Караңгыда жеткенде Абдрашит хан менен спутник телефону аркылуу сүйлөшкөнбүз. Чек арага чейин келип, алар бизди бир жума күтүп тарап кетишкен экен. Бирок дүрбү берип, кишилерин калтырып кеткен. Кечинде ал жерден "Тез жардам" машинасынын мигалкасы менен, мурунку СССР чек арасында туруп, мигалка менен кыргыздарды чакырып аттык. Тажик УКК полковниги бизди такыр өткөрбөй турган болгондо "мен өкмөт мүчөсүмүн, өткөрбөсөңөр чоң чатак чыгат, ушунча келсек, биз өлсөк дагы кетпейбиз" дегенге чейин барып атып, биздин чек ара аскерибиздин Түштүк аймагы боюнча начальниги бар эле, ошого уруксат берип, бир рацияны мен алып, экинчисин ал алып, анан чек арадан ал өткөн эле. Рация жеткен жерге чейин гана бар, жетпесе кайра кел деп, биз бери жакта күтүп калдык. Ошентип, ал Кичи Памирдеги кыргыздарды таап, "бар экен!" дегендеги сүйүнүчүбүздү айтпаңыз! Биз болсо чек аранын бери жагында түнү менен аларды күтүп олтурдук. Таң атканда Осмон ажы баш болуп кыргыздар чек аранын жанына чогулуп келишкен.
- Абалы оор экенин айтышты да…
- Гезиттеги маекте айтылгандай, андагы аялдардын, балдардын өлүмү, ден соолук маселеси козголгон. Абдрашит хан "Менин элимди Кыргызстанга көчүрүп кетсеңер болот эле" деп айтты. Алар тоодо, жайлоодо жашасак жакшы болот эле, малыбыз бар" деген маселе коюшкан. Эң жок дегенде балдарыбызды Кыргызстанга алып кетип окуткула дешкен. Төрт-бешөөнү алып келели деп ойлогонбуз. Бирок ал жакта жашагандардын 2-3 кишиден башка эч кимисинин паспорту жок экен. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болбосо, эки-үч мамлекеттин чек арасынан кантип чыгат? Алардын ата-энесинин паспорту болуш керек да. Алар Ооганстандын аймагында жашаганы менен, булар жашаган аймактык жер да ал жакта катталбаган, булардын жарандыгы да жок.
- Сиздин оюңузча, кичи памирликтерди көчүрүп келүү боюнча өкмөттүк деңгээлде маселе көтөрүүгө болобу?
- Мен Эмгек жана миграция министри болуп турганда Тышкы иштер министрлиги аркылуу Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариатына кат жөнөткөнбүз. Биринчиден, ал жарандар Ооган өкмөтүнө караштуу жерде жашагандыктан, Кыргыз-Ооган келишимин кабыл алышыбыз керек. Эл аралык уюмдар менен биргелешип, долбоор жазуу керек. Ошондой долбоор жазып, 5-6 баланы чек арада "полктун уулу" деген сыяктуу кылып окутуп, тарбияласак дегенбиз. Эми мен башка жумушка өттүм. Бирок ал жактагы жашаган кыргыздардын бир тобу менен тааныш болуп калдым. Алар да мага кайрылып калышат. Бул ишти КР Эмгек жана миграция министрлиги улантат болушу керек. Мен дагы мурун бул иш менен тааныш болуп калгандыктан, салым кошушум мүмкүн. Турдакун ажыны биз Кыргызстанга эки жолу чакырганбыз. Бир жолу визасын ала албай, экинчи жолу орозо болуп келе албай калыптыр. Аларды Роза Отунбаева кабыл алмак. Эми жазында чакыралы деп жатабыз. Ошондо аны коомдук ишмерлер менен жолуктуралы деген ой бар.
- Демек, өкмөттүк деңгээлде кичи памирликтерди көчүрүп келүү маселесин көтөрүүгө болот экен да…
- Өкмөттүк деңгээлде маселе көтөрүлүшү керек. Биз мурда БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссариатына жазгандан кийин, медсестра келип карап, кичине болсо да мектеп ачылып, көчмө клиника келип, бир аз жылыш болуп жатат да.
Менин оюмча, адегенде балдарды алып келип окутуу керек. Жанагындай чек ара тарабында жашоого, окууга шарт түзүп берсек болот. Ал эми адегенде эле баарын көчүрүп кетебиз дегенде, геосаясий, эл аралык саясат деген бар, биринчиден, Ооган өкмөтү менен сүйлөшүү керек, экинчиден, алардын баарынын паспорту жок, документи жок болсо, кантип алып келебиз? 4500 метр бийиктен келип жаткандар биздин климатты кандай көтөрүшөт? Алар грипп дегенди билбейт, бул жакка адаптация боло албай, өлтүрүп алсак кандай болот? Бир ай карантин кылып кармап, анан алып келүү керек. Айтор, маселени чогуу-чаран чечиш керек. Мына Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал аймагындагы кыргыздардын маселеси жакшы эле чечилип калбадыбы. Ал жактан балдар келип Кыргызстандан окуп жатышат. Ал жакта КТР, ЭлТР каналдары көрсөтүп, байланыш жакшырды.

Даярдаган Айгүл Бакеева