Сулуу балдар төрөлөт деп сүйүнгөнТынчтык Шайназаров
Аты-жөнү - Шайназаров ­Тынчтык Урайимович
Кызматы - ЖК депутаты
Фракциясы - "Республика"
Жашы - 37 де
Кичи мекени - Ош облусу, Кара-Суу району, Мады айылы.
Билими - жогорку, 1996-жылы КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу - 1997-2010-жылга чейин прокурорлук кызматты аркалаган.
Үй-бүлөсү - жубайы, төрт баласы бар.
Жашоодогу урааны - чындык, акыйкаттык, тазалык.
Мүнөзү - жайдары, бирөө менен бат тил табышат.
Корккону - Кудай
Сүйүнгөнү - ата-энесинин, балдарынын амандыгы.
Канча машинеси бар - "Кызматтык унаа менен жүрөм".
Сулуу кыздарды көргөндө кандай ойдо болосуз? - "Кыргыздын сулуу кыздары көбөйүп жатканы жакшы болду, келечекте сулуу балдар төрөлөт деп сүйүнөм". Аларды жолугушууга чакырасызбы? - "Жо-оок (чочуп). Кайдагы жолугушуу?".
Сервант менен Сервантестин айырмасын билесизби, китеп окуйсузбу дегеним? - "Сервантес жазуучу, сервант деген сервант. Негизи детектив жанрындагы китептерге жакынмын".
Кайсы саясатчыны баалайсыз? - "Бакыт Төрөбаевди, саясаттагы жалгыз досум дагы Бакыт".
Канча бөтөлкө аракка мас болосуз, отуруштун "гүлүсүзбү?" - " Бирөө бир бөтөлкөгө, бирөө 100 граммга мас болуп калат дегендей. Мен эми кампанияга жараша мас болом. Досторум сен барда күлүп-жайнап жакшы олтурабыз дешет, демек "гүл" эле болсом керек (күлүп)".
Чыныгы эркектин бир музасы, бир аялы, бир көңүлдөшү болот тура, сиздикичи? - "Эркектин көңүлдөшү болсун дегенге мен каршымын. Андай аялдардын ой-тилеги жаман болот да. Эркектин үй-бүлөсүн бузуп, мени менен жашасын дейт. Үй-бүлө - бул таза нерсе да. Таза менен арамды аралаштырган болбойт".
Байпагыңызды жууп көрдүңүз беле? - "Студенттик кезде жуучумун, азыр келинчегимен артпайт".
Үйүңүзгө ачка бардыңыз дейли, тамак даяр эмес, сиздин реакция? - "Мен тамак үчүн уруш чыгарып көргөн эмесмин. Анткени качан барбайын келинчегим даярдап, күтүп алат".
Диета кармайсызбы? - " Салмагым 125 килограмм болуп кеткендигине байланыштуу, кечкисин тамак жебейм".
Спорт менен доссузбу? - "Мурда футбол ойночумун, азыр спортко убакыт жок".
Сулуулуктун эталону деп кайсы аялды айтасыз? - "Апамды".
Мүмкүнчүлүк болсо, кайсы киножылдыз же ырчы айым менен түштөнүүгө бармаксыз? - "Барбайт болчумун".
Жубайыңызга акыркы жолу эмне белек кылгансыз? - "Туулган күнүндө же майрамдарда акча эле берип коем. Каалаганын өзү сатып алат".
Президент болуп калсаңыз ишти эмнеден баштамаксыз? - "Тартипти күчөтмөкмүн".
Бетмай сүйкөнүп, маникюр жасатасызбы? - "Сакал алгандан кийин атайын бетмай болбосо калгандарын жолотпойм. Маникюрду белгилүү адамдын көбү эле жасатат экен, мен да жасатсамбы деп ойлонуп жүрөм".




Айланайын, айылдыктарым
Темирландын арстаны

Талас шаарынын Чыңгыз Айтматов атындагы башкы көчөсүнүн бурчунда оозун аңырдай ачып, көздөрү кызарган арстанды алыстан көргөндө тирүүдөй туюлат. Кызыгып, жанына келсең, жөнөкөй эле оюнчук. Бирок кытайдыкы эмес, Бактыбек Койчуманов аттуу устанын эмгеги.

Бактыбек устанын 13 жаштагы уулу Темирландын айтымында, атасы оюнчукту каникул башталганда жасап баштап, окуу жылы башталганда бүткөн. Ошондон бери арстандын жанында. Сабактан келгенден кийин, керелден-кечке ушул жерде туруп, сүрөт тартып иштейт.
"Атам арстанды бака жыгач, уйдун, топоздун, буканын терисинен жасаган. Көзүн пластмасса көз айнектен, тиштерин болсо долонодон жонгон", - дейт ал жаныбарын жонунан таптай.
Кан жолдон ары-бери каттагандардын көзүнө дароо эле ушул арстан урунат. Машинадан түшө калып, үй-бүлөсү, жоро-жолдоштору менен эстеликке сүрөткө түшкөндөр арбын. Арстан менен түшкөн сүрөттүн баасы 35 сомдон. Айтмакчы, бул арстанга башта "жуучу" түшкөндөр көп болгон. Бирок уста баласынын эрмегин 50-60 миң сом сунуштаса да сатпай коюптур.

Мира Сейдикеримова,
Талас




Өз кабарчы билдирет!
Караколдо үчүнчү аял өлтүрүлүп, сөөгү ит-кушка жем болду
Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү тараткан маалымат боюнча, ноябрдын соңунда Ак-Суу районунун Орлиное айылы менен Отрадное айылынын ортосундагы мал сарайдын жанындагы арыктан азия улутундагы аялдын жансыз денеси табылды. Кандай кырдаалда жана кандай максатта өлтүрүлгөн аялдын өздүгү дароо такталды. Ал Түп районунун Маяк айылынын тургуну, 3 баланын энеси, мурда КЖКнын 167-беренеси менен сот жообуна тартылган Майрамкүл Молдобаева болуп чыкты. Аны таанып-билгендердин айтымында, Майрамкүл акыркы кезде ичкиликке ооп, жеңил-желпи жашоо кечиргенди өнөр кылып алган. Кызынын мындай түрүнөн түңүлгөн ата-энеси, бир туугандары андан биротоло байланышын үзүп салышкан экен.
Майрамкүлдүн эмне максат менен Орлиное айылына баргандыгы, кимдер менен чогуу жүргөндүгү тууралуу учурда иликтөө иштери жүрүүдө. М. Молдобаеванын сөөгү облустук бириккен ооруканасынын өлүкканасына жеткирилди. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын жансыз денеси жолбун иттерге (чөөлөр да болушу мүмкүн) жем болгондугу да аныкталды. Тактап айтканда, анын оң жамбашынан таманына чейин, эмчегин ит-куштар жулмалап жешкен.
Ноябрь айынын ичинде эле Каракол шаарынан жана Ак-Суу районунан 3 аял мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Алардын өмүрүнө забын келтирген кылмышкерлер дале табыла элек. Эл арасында ар кандай кайчы пикирлер пайда болууда. Айрым адамдар буга баңгилерди күнөөлөп жатат. Жайында кара куурайдан нашаа жасап, кышында баасы булут мингенде сатып марыйбыз дегендердин айынан минтип далай тагдырлар талкаланып жатканы өкүнүчтүү.

Шейшекан ЖАНАЛИЕВА,
Ысык-Көл