"Чымындууларга" байге сайдык!

Мен киммин?
Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калем сабы
(Б.Сарногоев)

Урматтуу окурман, көркөм чыгарма окуп бир жан дүйнөнү кубантып, тазарып алганга кандай дейсиз? Сагындыңызбы? Биз да сагындык. Отуруп алып жакшы бир аңгеме окуганга же бир ыр окуп жан-дүйнөң толкуп, делдеңдеп алганга не жетсин?! Акындар, төкмөлөр ж.б. чымындуулар болсо жазган чыгармасын жарыялаганга жай таппай, китеп чыгарганга шарты жок жүргөнү жүргөн. Ыр жандуу кыргыз ойдон кырга чейин, жылдан кылымга, таанышкандан "жабышканга", ынкылаптан ынкылапка чейин ыр жазганын калтырган жок. Ылайым ошентип ыр бүтпөсүн. Биздин гезит дирилдеген ырларды сан сайын берип, көкүрөктөргө көктөм алып келели деп бир ырдын конкурсун жарыялап атабыз. Ошондой эле махабат, сүйүү, ажырашуу, сагыныч, жалгыздык жана кусалыкты камтыган чакан аңгеменин конкурсу да жарыяланат.

Бир ырдын конкурсу
Сан сайын конкурска түшкөн ырлардан тандалып алынганы гезитке жарыяланат. Конкурстун жыйынтыгы 2012-жылы 1-майда чыгарылат. Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов баш болгон калыстар тобу тандаган бир акынга 20 миң, эки акынга 10 миңден, үч акынга 5 миңден байге берилет. Ыр көлөмүнө гезиттин бир устуну (колонкасы) берилет. Ал ыр башка эч бир гезитке же китебине түшпөгөн эң соңку ырың болушу керек.


Бир аңгеменин конкурсу
Аңгеме өтө узак болбошу керек. Жүрөктү эзген, дирилдеген, жан дүйнөнү толкуткан кыска сюжети бар аңгемелерге артыкчылык берилет. Аңгеме сүйүү, айрылышуу, жалгыздык, сагыныч темасында болушу керек, же бир турмуш тамчыларын сүрөттөгөн жылуу аңгеме болушу керек. Калыстар тобу аңгеменин сюжетинин курулушуна, сөздөрдүн таптап жазылышына, адабий көркөмдүгүнө ж.б. ушул өңдүү көп сапаттарга карап тандап алат.
Мыкты аңгеме деп табылган биринчи орунга 20 миң сом, экинчи орунга 10 миң сом, 3-орундагы эки аңгемеге 5 миң сом байге берилет. Конкурстун жыйынтыгы 2012-жылы 1-июнда чыгарылат.
Конкурска чыгармаңызды салганда толук аты-жөнүңүз, кыскача таржымалыңыз жана сүрөтүңүз кошо берилиши керек. Чыгармаларды төмөнкү дарекке салыныз: defacto.gazeta@gmail.com же редакциянын дарегине почта аркылуу жөнөтүңүз.

Жаңы конуш
Уйку качты бүгүн дагы, жарым түн,
Жан дүйнөмдө алай-дүлөй бирдеме.
Оргу-баргы санаалардан кайыштым,
Окубаймын, жазбай калдым ыр деле.

Сыртта кеч күз. Жылуу күндөр узады,
Кайра-кайра жарык өчүп жададым.
Ийни түшүп бара жаткан ызалуу,
Карайм аяп өмүрүмдүн караанын.

Жаңы конуш түнү такыр башкача,
Айылга да, шаарга да окшобой.
Бир кездерде жымжырт боло калат да,
Кээде турат ызы-чуулар токтобой.

Бири бүткөн, бири калган жабылбай,
Тартиби жок түшкөн үйлөр шылкыят.
Ат кошкурбайт, уй кепшебейт айылдай,
Же ичкендер, же тентектер кыйкырат.

Кыжы-кужу мастар өттү жаңы эле,
Иттер үрдү аларды ээрчип чуулдап.
Жымжырт боло калса көчө аз эле,
Аалам өлүп калган сымал туюлат.

Элестетип өлгөн кезин дүйнөнүн,
Денем муздайт өз короомду тааныбай.
Белгисиндей башындагы мүрзөнүн,
Үстүбүздө илинүүдө жарым ай.

Жаңы конуш таңы дагы башкача,
Короздор жок бирин-бири коштогон.
Баш жазууга же мечитке таң атпай,
Бара жатат менин коңшу досторум…




Сузактан кат
Багышта ушундай бир адам бар
Сузак районунун Багыш айылында кооз салынган үйдө 83 жаштагы карыянын чоң үй-бүлөсү жашайт. Бир ирет мен ошол кишинин үйүндө болуп, бир топко аңгемелешип кайтканым бар. Үйдүн экинчи кабатына спираль түзүлүшүндөгү тепкичтер менен чыгып, мейманкана бөлмөсүнө кирип, кыргыз интеллигентинин заманбап турагы экенине күбө болобуз.
Мен баяндап берчү адам - Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Мырзапаяз Оморкулов.
Өткөн жылы ушул наамды Президентибиз Роза Исаковна Отунбаеванын колунан алды. "Сиздин эмгектериңиз сакталышы керек. Мен Жалал-Абад шаарында көркөм сүрөт музейинин филиалынын болушуна көрсөтмө берем" деп президент өзү айтканын Мырзапаяз ага айта олтурду. "Кыргыз Мамлекеттик сүрөт искусство музейи" деген көлөмдүү, 1985-жылы басылган альбомдо - М.Оморкулов "Кара Жер" деген сүрөт бар экенин мен сүрөткө ышкыбоз катары билчимүн. Бирок ошол сүрөттүн автору биздин жердеш экенин билчү эмесмин.
Мырзапаяз ага кичинесинен ата-энесинен ажырап, жатак мектептерде тарбияланып, сүрөткө кызыккан бала жата калып карандаш менен сүрөт тартып жүрүп, акыры Ташкенттеги сүрөтчүлүк окуу жайына кирип, окуп калат. Ошентип оор турмушту башынан өткөрүп, аалам жолуна жаштайынан түшүп кеткен жигит айылынан оолак болуп калган тура. Окуу жайды Улуу Ата Мекендик согуш жылдары бүтөт. Жаш сүрөтчүнүн таланттуулугуна көзү жеткен окуу жайдын жетекчиси бул уланды аскерге чакыруудан калкалап, Ленинград шаарындагы И.Репин атындагы көркөм өнөр академиясына жолдомо берет. Ошол окуу жайын мыктылардан болуп бүтүп келип, борбор шаарыбыз Фрунзеде көптөгөн жылдар үзүрлүү эмгектенет.
Кийинки жылдары Ош шаарындагы университетте жаңы ачылган сүрөтчүлүк боюнча факультетти жетектеп, көптөгөн сүрөтчүлөрдү даярдоодо эмгектенип келди. Сексенден ашкан карыянын айылы Багыштан Ошко өзүнүн "Нива" автомашинасын айдап, барып-келип иштегенин көрүп айылдаштары таң калышар эле. Көп жылдык эмгегин мамлекет жетекчилери баалап, Мырзапаяз агабыз көптөгөн сыйлыктарга ээ болуптур. Өлкөдө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн персоналдык пенсия дайындалган.
Кеч болсо да "Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү" деген наам алганы менен ал кишини көптөгөн жылдар бою жараткан эмгектеринин мындан аркы тагдыры түйшөлтөт көрүнөт.
Президентибиздин Жалал-Абад шаарында сүрөт искусство музейинин филиалын ачуу буйругу азырынча ишке ашпай жатканын, буга областтын чама-чаркы жетпей жатканын сезген сүрөтчү келечектен үмүттөнүп турган кези экен. Тарткан сүрөттөрүн Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрдын фойесинде уюштурса, сүрөтчүнү мектеп окуучулары, студенттер менен жолугушуулар өткөрүлүп турса, маданий, педагогикалык иш-чара катары жаштарга пайдалуу, тарбиялык гана иш болмок.
Баса, музей демекчи, Грузия Республикасында жүздөн ашык ар кандай музейлер, анын жыйырмасы Тбилиси шаарында экени белгилүү. Өзбекстанда болсо Кеңеш өкмөтү учурунда көпчүлүк колхоздорунда музейлери боло турган. Биздин Сузак районунда андай (тарыхый, этнографиялык, жер таануу) музей жок.
Мырзапаяз ага көп жашап, көптү көргөнү, турмушта оош-кыйыштар боло келгенине, өлкөдө болуп аткан ар бир окуя жүрөгү аркылуу өтөрү сөздөрүнөн байкалып турду. Мырзапаяз ага жеке турмушуна кейиген жери жок. Балдары, кыздары, неберелеринин тарбиясы ойдогудай экен. Баары өз алдынча, бакубат жашап жатышыптыр. Аксакал сүрөтчүбүз өзү бир жылдан бери университеттеги ишин таштап, эс алууга өтүптүр.
Менин каарманым орто бойлуу, арыкчырай адам болгондуктан ар кандай иштери менен алек болуп автомашинасынын рулун өзү кармайт. Кыймылы ыкчам, көңүлү ачык, жайдары адам. Менимче, мындай ишмер адамдар даңкталууга татыктуу. Бирок бул улуу инсан эч ким тарабынан колдоо таппай калгандай көрүнөт.
Эл сүрөтчүсү Мырзапаяз Оморкуловду карап отуруп чоң талант ушинтип арабызда, карапайым элдин ичинде жашап атканын айткым келди. Сузакта биздин айылда ушундай бир адам бар, биз сыймыктанган, биз сыйлаган жөнөкөй, жайдары адам бар.

Эл жарчысы Кенжебай Исмаев, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Октябрь кыштагы, Пушкин көчөсү №102

Редакциядан: Кенжебай аба, азаматсыз! Ушуну менен бизге экинчи макалаңыз жарыяланып отурат. Калемиңиз курчуй берсин! Айыл турмушун, эл ичинде билинбей жүргөн таланттарды жаза бериңиз. А биз болсо кубанып чыгарып турабыз. Эл ичиндеги жакшы адамдарды жазганга не жетсин?! Ал эми бул макалаңыздын калем акысын сиз берген чөнтөк телефонго салдык.





Элет жарчыларын жумушка чакырабыз
Айыл турмушун жазып, акча тапкың келеби? Анда элдик кабарчы бол!!!
Урматтуу окурман, биздин гезит менен иштешкиңиз келеби? Элдик кабарчы болуп, элет жарчысы болуп бериңиз. Сиз жашаган райондо же айылда не кызыктар болуп атса бизге жазыңыз. Айылда болуп аткан окуялар, элдин турмушу, айыл өкмөткө жана акимдерге болгон нааразылык, айылдын ооруканасы, мектеп көйгөйлөрү… акыры бардыгы кызык. Айылдан келген куш тилиндей кабарыңызды гезитке жарыялап туруп, сиздин чөнтөк телефонго бирдик салып беребиз. Гонорарды бирдик түрүндө аласыз. Эгер акчалай алам десеңиз, анда бир айда жазган макалаларыңыздын калем акысын чогултуп, почта аркылуу которуп беребиз.
Айылдагы кызыктуу адамдарды да жазсаңыз сүйүнүп гезитке чыгарабыз. Балким, кошунаңыз абдан таланттуу адамдыр, балким, аркы көчөдөгү айылдашыңыз бирөөнү өлүмдөн сактап калды. Же төмөнкү айылда бир көзү ачык чыгып, укмуштарда жобурап атат. А, балким, айылдан укмуш гений бала чыгып, колдоосу жок айылда чүнчүп жүрөт. Балким, айылда мончо салынып, жышынып жуунуп эле жыргап калдыңар. Же айыл өкмөт ичип-жеп, эл нааразыдыр. Же жакында эле айылда бир күлкүлүү окуя болуп өткөндүр. Акыры айылдагы адамдар тууралуу кызык баяндар да кабыл алынат.
Эмесе, чамдаңыз. Каттарыңыз "Элет жарчылары", "Каттар, каттар каркыралар" аттуу рубрикаларга жарыяланат. Катта толук аты-жөнүңүз, жашаган дарегиңиз, анан чөнтөк телефонуңуз болушу керек.
Биздин дарек: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-24, Учкун АКсынын имараты. 6-кабат, "Dе-факто" гезитинин редакциясы.
Айрым кабарларды телефондон да айтып берсеңиз болот, 550 20 44 23 жана 773 77 89 57
Калем акылар 50 сомдон 500 сомго чейин төлөнөт. Баса, жазганыңыз сүрөт менен коштолсо, анда калем акы көбүрөк төлөнөт.