Суук, бирок сулуу
Кышкы поэзия… Абалкы кар

Кыш келди. Баягы кыш. Тааныш кыш. Сагын эже "Абалкы кар" деп жазгандай, абалкы кыш келди. Аппак кар жаап жатат. Эч тынымсыз, күн-түн дебей жаап жатат. Жарык дүйнөңдүн эч бир кири жоктой. Асман деле, жер деле, тоо, талаа, шаар, кыштак, бак-дарактар баары эле аппак карга чулганып, ак дүйнөгө айланып кеткен. Кыштын суугу бар. Бирок ушундай сулуулугу бар. Келгиле, кыш жөнүндө сүйлөшөлүчү…


Айсулуу Көкөева, акын:
Күндөлүктүн кышкы барактары
Айсулуу эже мурун акын болчу. Кийин кара сөзгө өтүп кетиптир.
Жалаң күндөлүк жазат. Күндөлүктүн кышкы барактары.

14-декабрь
Дайыма кыш болуп келгендей. Кар ийниме жаап, мени ылдый басат. Жолдо бир кыз-жигит өбүшүп туруптур. Бирин-бири канчалык жакшы көрүшөт болду экен? "Встречаются, чтоб разлучиться… / Влюбляются, чтоб разлюбить…/ Такова жизнь?! И. Северянин.

15-декабрь
Кычыраган суук. Кар кургак. Баягында өтүгүмдөн суу өтүп, аны плитканын үстүнө коюп кургатсам, таманы кабырыла кургап, бутумду оорутуп жатат. Шордоп жатам. Бүгүн ишке ботинка кийип бардым. Артист болчу жайым бар. Элдин көңүлүн бурдуруп. Бирок чын, өзүнөн-өзү ушундай болуп жатат. Өзүнөн-өзү бурдурулуп калат. Менин тиешем жок.

18-декабрь
Үшүп-шишип М. Цветаеваны окуп олтурам. Китепканага киргенде гана өз бактысыздыгымдан бир топ өйдө боло калам. Мен көп авторлорго караганда тирүүмүн да. Алыма жараша бактылуу боло алат болушум керек деп үмүттөнөм.

21-декабрь
- Дос-курбуларың барбы?
- Жок.
- Бул жаман себеп, ойлонуп көрчү, - дейт бирөө. Түшүмдө эки кабат чоң үйдө бир нерсе издеп жүрүпмүн. Ойгонуп алып эмне үчүн издеп жүргөнүмдү эстей албай койдум. Жоготтум беле? Бирөөнү издедимби же бир нерсени издедимби? Кечке түпөйүл болдум. Кайсы бирин жоготтум? Өзүмдүбү? Бетондон куюлган эски там экен.

22-декабрь
Балам биринчи жолу "Мен сеникимин" - деди. Бир кишиге бир килодон берилет эле. Эт. Кээде бир киши эки жолу катарга туруп эки кило алчу. 1р. 80 т. Мени да апам катарга тургузду. Бир маалда бир орус аял: "Это чей ребенок? Где твоя мама?", - дейт ары-бери карап. Мен деле ары-бери карап койдум. Апам унчукпай койду. Сатып кеткендей болду мени. 1 кило эт үчүн. Чын эле корктум. Балким, башка бирөөнүн баласы болуп жүрбөйүн деп. Апам да тегеректеген аялдарга кошулуп алып мени карап койду. Ошол учур мага ушунчалык чексиз, бүтпөс көрүндү эле. Акыры апам: "Бул менин кошунамдын кызы", - деп колумдан кармап алды. Мен апамды кучактап алгым келсе да элдин алдында сөзүн эки кылбаш үчүн жөн эле жанында басып бараттым. Колун катуу кармап алганмын.
"Я ничья не жена, и ничья не подруга". Кимдики?
Мен апамдыкымын, балам меники. Бул чындык жакшы.

24-декабрь
Оор китептерди башыма коюп алып, ары-бери суналып бастым. Күзгүм кичинекей. Бир сүрөтчү мени капыстан пленкага түшүрүп алган сүрөтүн салып жибериптир. Көзгө толумсуз, байкалбаган, селпейген неме, кайдигер көз карашы менен элдин арасында басып бара жатат. Эл катары деген сөз ошондой эле болот окшойт.

??-декабрь
"Анан эмне үчүн ишендиң, жүрдүң, сүйдүң?", - деди Акын эже. "Сүйгөн эмесмин. Жөн эле. Аядым", - дедим. "Демек, сүйөсүң да. Сүйүү - аео да", - деди. Баарын кайра ойлондум. Ойлонуп, бир жылга унутуп калдым. Кечээ наристе балам кичинекей мышык таап алып, караңгыда көпкө дейре үйгө кирбей ойноп жүрдү. Унчуккан жокмун. Акыры алып кирди. Ар шылтоону айтып үйдөн чыгарттырдым. Сөзү эки болгонуна арданып, буркан-шаркан болуп ыйлап, кайра бат эле сооронуп, мышыкты "мени тытты", - деп күнөөлөп жатты. Анткен сайын менин жүрөгүм ооруйт. Бүгүн ойноп отуруп: "Апа, биз күчүк, кичинекей мышык алалык", - дейт. "Биз аны эмне кылат экенбиз?", - десем, "Аяйбыз", - дейт. "Ии, кийин алабыз", - дедим.
Ушул бир жыл мурдагы маегимди эстедим шак эле. Эми эч качан бул сөздү айтпайт балам. Айтпайт го. Ошону ойлодум. Ушул сөздү айтпасын жоктоймун го.

??-декабрь, Москва
Аппак кар. Кызыл тамчы - кан. "Тып, тып". Ары бурулуп кетти. Аркасынан кошо баргым келет. Каери ооруду? Кыргыз эмеспи деп көп ойлоном.





Алым Токтомушев, журналист, акын:
"Жылтырайт терезелер
жаш толгон көздөр сыңар"
Калаа ичи. Там баштарын, бак-дарактардын баарын дүпүйүп кар басып турат. Морлордо түтүн бурулдайт. Көөдөндүн тереңинде бир обон жаңырат. Кудум кыш бороондун обонундай.

КЫШ
Жел жүрөт - жел ойгонот.
Жымжырттык эчкиргени
камданат.
Кар алдында
калгандай эч ким мени
жоктобойт. О, сен аны
ойлобо, эстен чыгар!
Жылтырайт терезелер
Жаш толгон көздөр сыңар.
Кар басып чуңкур, түздү,
короону шамал тинтет,
түнт түтүн түрмөктөлүп
алыстайт бу тирликтен.
Көөдөндө тилсиз булбул -
өрөпкүп жүрөк качат.
Дүйнөдө жол бүткөндөр
күтүүдө сыяктанат.
Керексиз качандыр бир
Карт баскан жараны ачыш…
…Кайдандыр башка бирөө
башка итти авалатат…




Сагын Акматбекова, Эл акыны:
"Ким эле деп,
кайда эми деп сурабай,
Мына ушул кар жаай берер акырын"
Мезгилдерден жактырганым күз. Кышты деле жакшы кабыл алам. Биринчи кардын жааганы сезимдерди агартат. Караңгыда, түн бир оокумда жаап жаткан аппак кар жагат. Түн ичинде, таң атаар маалда аппак кар жарык берип турат. Түндөгү кардын нуру бар. Шаардын баш-аягына бир чыгып, каргалар жүрөт каркылдашып. Каргалар да кыштын көркү.

АБАЛКЫ КАР
…Үйдөсүңбү, жолдосуңбу? Бир муңдуу
Сен да мендей ойдосуңбу, о досум.
Биз экөөбүз бирге кечкен… ким билди?
Ушул ак кар былтыркы кар болбосун.
…Келсек бир кез кереметтүү бу жайга
Кетерибиз анык экен акыры.
Ким эле деп, кайда эми деп сурабай
Мына ушул кар жаай берер акырын.
…Жылт-жылт этип жанып туруп жарыктан
Жылдыз сымал учканыбыз мейли эле.
Дил табышса, тил табыша алышпай,
Кадыр-көңүл калтырыштык эмнеге?
…Кездер болгон ар бир чыккан күнүбүз
Кем сезилген бирибизсиз бирибиз.
Сен өзүңчө турмуш куруп… Капырай!
Мен өзүмчө жашап эле жүрөбүз.
…Жаралган соң жарыкчылык шаарына,
Жанмак да бар, өчмөк да баарыга…
Акканындай ага берет мезгилдер,
Абалкы кар жаай берет дайыма.




Анатай Өмүрканов, Эл акыны:
"Теңирдин бизге
жазган каты сымал,
Жатасың "жалт-жалт"
этип былтыркы кар"
Кудум адамдай кардын да муңу бар. Ыйы бар. Жаайт да, аз эле күн жатып эрип кетет. Жок болуп кетет. Кардын көз ирмем өмүрү бар. Ошон үчүн аппак дагы, муздак дагы. Кээ бир карлар узагыраак жашайт.

БЫЛТЫРКЫ КАР
Кандайсың, кайра келген былтыркы кар,
Жадыңда канча кайгы, канча муң бар?!
Былтыркыдай жылтылдайсың, мупмуздаксың
Жылуулугун жатка бербес жылдыз сыңар.
Ууздай ак денеңди колума алып,
Кармагым келет сени куштарланып.
Чыдай албай чын сүйүүмө "мөлт-мөлт" этип
Ошол замат жок болосуң жерге тамып.

Сыйкырың - шунча сулуу, шунча муздак,
Тулкуңда мерездигиң турат уктап...
Таш кыласың тамылжыган махабатты
Күлүп кирген кайра өзүңдөн сыздап чыгат.

Теңирдин бизге жазган каты сымал,
Жатасың "жалт-жалт" этип былтыркы кар.
Так ошончо муздайт, сыздайт, ыйлайт, ырдайт
Бир өзүңө кимдер канча болсо кумар...

Даярдаган Жамиля Таштанбекова