Кубанычбек Маликовдун 100 жылдыгы
"Манасты" казактарга алдырбай коргоп калган!
Жакында Улуттук академиялык драма ­театрыбызда кыргыз адабиятынын залкарларынын бири, акын, драматург, котормочу, Кыргыз эл акыны Кубанычбек Маликовдун кылым карыткан чыгармачылык жана инсандык жолун эскерүү иретинде өкмөт мүчөлөрү катышкан адабий кече болуп өттү. 1911-жылы төрөлүп, 1928-жылы биринчи ыры жарык көргөн. 1933-жылы алгачкы китеби "Кубанычбектин ырлары" деген ат менен жарык көргөн. Өмүрү өткөнчө отуздай китеп чыгарып, жети пьесасы коюлуп, "Бийик жерде" пьесасы Токтогул мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. "Айчүрөк", "Манас", "Токтогул" опералык либреттолорун жазышкан. Бирок, эң башкысы, убагында башка элге алдырбай "Манас" эпосун коргоп калганы үчүн таазим этишибиз керек. Баса, улуу адамдын небереси Кадыр Маликов учурда теолог-илимпоз, Бермет Маликова болсо мыкты журналист болуп чыкты. Эмки санда урпактары менен маектешебиз.

Алтынай Темирова




АК ТЕРЕК-КӨК ТЕРЕК
КСДП Келдибековду өз ыктыярың менен кет деди
КСДП фракциясы кечээ билдирүү таратып, Келдибековду өз каалоосу менен кетип калганга чакырды, бул демилгени "Ар-намыс" дагы колдоп чыкты. Ошентип, азыр Келдибековду кетирүүгө "Ата Мекен", КСДП, "Ар-намыс" фракциялары кызыкдар экени ачыкталып калды. "Республикачылар" башын катып унчукпай жатышат. Ишенимдүү булактардын айтымында, президент Атамбаевдин коалиция түзүү мандатын берүүнү кечиктирип атканы да мына ушуга байланыштуу. Төраганы да кызматтан алып, баштапкы абалга келтирип алып, коалиция түзүүнү туура деп эсептеп жатканы айтылат. Коалициялык келишимге ылайык, парламенттин төрагасы коалиция таркагандан кийин үч күндүн ичинде кызматынан өз каалоосу менен кетиш керек болчу. Бирок Келдибековдун кетейин деген ою жок азырынча. Күрөшүп атат. Эмки дүйшөмбү күнү депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, төрага Акматбек Келдибековго ишенбөөчүлүк маселесин карай турган болду. Жогорку Кеңештин кечээ жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын атынан Өмүрбек Текебаев төрага Акматбек Келдибековго ишенбөөчүлүк көргөзүү маселесин күн тартибине коюну сунуш кылды. Мыйзамга ылайык, бул маселе 5 күндөн кечиктирилбестен, парламент палатасында каралышы керек. Беш күндү эсептеп көрүшсө демалыш күнгө туш болуп калгандыктан, депутат Алтынбек Сулайманов дүйшөмбү күнү кароону сунуш кылса, Камчыбек Ташиев бул боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуш кылды. Акматбек Келдибеков Өмүрбек Текебаевдин сунушунун өзүн добушка койбой, Сулайманов, Ташиевдердин сунушу менен кошуп добушка коюп салды. Бул бир топ депутаттардын нааразычылыгын жаратты. Жыйынтыгында ар бир фракциядан бирден депутат кошулган комиссия дүйшөмбү күнгө чейин Акматбек Келдибековдун дарегине айтылган айыптоолордун чын-төгүнүн териштирмекчи. Эскерте кетсек, өткөн жумада "Ата Мекен" фракциясы төраганын туура эмес жасаган бир топ иштерин санап, ага ишенбөөчүлүк демилгесин көтөргөн болчу.

Атамбаев "ар-намысчылар" менен тил табышты
Президент Алмазбек Атамбаев менен "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов жолукту. ­Куловдун айтымында, жолугушууда өлкөдөгү саясий кырдаал, парламентаризмдин өнүгүүсү, келечектеги өкмөттүн түзүлүшү тууралуу сөз болуп, позицияларын такташкан. "Мен өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппаратын кыскартуу тууралуу өз оюмду айттым, профессионалдуу кадрлар тандалышы керектигин сүйлөштүк", - деди депутат. Аны менен катар президент менен "Ар-намыстын" лидери сүйлөшүү учурунда дээрлик бардык маселелер боюнча бир пикирде экени аныкталган. Бул жолугушуунун жыйынтыгынан "Ар-намыс" фракциясы да коалицияга кошулаарын болжоого болот.

Султан Каназаров деген кыйын жигит бар
Президент ­Роза Отунбаеванын пресс-секретары болуп оор күндөрү жанында жүргөн Султан Каназаров деген жигит бар. "Азаттык" тарбиялаган ар тараптуу, калыс, профессионал журналист. Мурдагы президенттин пресс-катчыларынан айырмаланып каада күткөндүк, бөрк ал десе баш алмайлык, кошоматчылык сыяктуу "чылыктардан" алыс болуп жакшы иштеди. Алмазбек Атамбаев акылы болсо ошону эле иштетип алса деп отурсак, кечээ жаңы пресс-секретарь дайындалды. Атамбаев чет өлкөдөн тарбия алып, ар кандай "чылыктардан" алыс заманбап жигит Кадыр Токтогуловду тандаптыр. Болсун!

Шамил Атаханов Атамбаевге пенсия чегерип береби?
УКМК башчылыгынан Кеңешбек Дүйшөбаев кетти. Кеткенден кийин шоопуру киши сүзүп өлтүргөн окуя тууралуу жаңы жагдайлар калкып чыкты. Көрсө, кырсык болгон жерге айдоочусу чалгандан кийин Кеңешбек Дүйшөбаев жетип барыптыр. Буга чейин ал жерде болгон эмесмин деп карганып аткан. Ордуна президент Шамиль Атахановду дайындады. Улуттук коопсуздук кызматы президентке гана түз баш ийет. Профессионал чекисттерге ишеним артпай, жеке пенсиялык ­фондду башкарып келген энергетикти (ИИМ академиясын кийинчерээк бүткөн - ред.) бул кызматка дайындашы көп суроолорду жаратты. Демек, Улуттук коопсуздук кызматында реформа болот деп күтпөй эле койгон оң.

Аалыга казактар 3-орунду ыйгарды
Ак таңдай акыныбыз Аалы Туткучев Казакстандын жыйырма жылдыгына карата өткөн айтышка катышып, үчүнчү орунду алып келди. Маданият министрлигинен кабарлашкандай, бул маданий иш-чара өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналып өткөрүлгөн. Баш байгени кытайлык акын Жамига Даулет алып, ага 3 миллион теңге сыйлык ыйгарышкан. Биринчи, экинчи орундарды казакстандык төкмөлөр алышты. ­Аалы Туткучев үчүнчү орунду казакстандык эки акын менен бөлүшүп, 500 миң теңгенин ээси болуп кайтты.

Көгүлтүр от көйгөйү күч алды
Кечээ "Кыргызгаз" ААКсынын гендиректорунун орун басары Евгений Орленко газ боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов менен казактын өкмөт башчысы Карим Масимовдун сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстанга келчү газ саатына 45 миң кубометрге жогорулады. Чиновниктерге мүнөздүү адат эмеспи, Орленко газ туруктуу келгиче элди 2-3 күн чыдай турууга чакырды. Анын айтымында, учурда "Кыргызгаз" ишканасы Амангелди кенинен Казакстандын аймагы аркылуу газды өткөрүп бергени үчүн "Интер газ Борбордук Азия" компаниясына 100 чакырымына 5 доллардан төлөйт. Ал эми Кыргызстандын аймагы аркылуу өтчү газды жеткирүү "Кыргызгаздын" моюнуна жүктөлүп отурат. Буга чейин Чымкент-Бишкек-Алматы газ куурлары жайгашкан Букар участогу "КырКазГаз" биргелешкен өндүрүшүнүн башкаруусунда болгон. Казактардын үстүбүздөгү жылдын май айында биздин ички рыногубузду таштап кетиши менен бир топ кыйынчылыктар жаралган. Учурда Алматы газды Түркмөнстан-Өзбекстан-Казакстан-Кытай жолу менен алып, бизди айланып өтүүдө.