Лаззат
(Башталышы өткөн санда)

- Зулайка, экинчи Лаззат жөнүндө ооз ачпа дедим беле сага? Эмненин ичинен чыкканы турасың дагы?
- Демек, билбейсиң.
- Ийи, айтчы, айтчуңду.
- Мен сенин Лаззатыңа жолуккам, тээ баягы операциядан кийин. Антип карабачы мени, бай болгур. Сенин аялың экенимди билбейт, айткан эмесмин.
- Ко-ош...
- Ушуга чейин жакшы эле жашырып келдим, эми чыдай албайм. Сенин абалыңды карап туруп чыдай албайм.
- ??
- Ал мени Акылайга окшоштурган болчу. "Сиз менин Акылай эжеме окшош экенсиз" деген. Анан, анан Лаззат, балким, сенин кызың болуп жүрбөсүн деген да ойдо жүрдүм.
- Эмне-е-е, эмне дейсиң? Кандайча?
- Билбейм, билбейм.
- Жетишет, Зулайка. Акылай экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон эмес.
- Эгерде таенеси багып берсе, анда апасын мен сыяктуу "эже" деп алгандыр деп ойлодум. Акылай апасыдыр же чын эле эжесидир деп ойлодум. Же таптакыр башкадыр, окшош адамдар, окшош ысымдар азбы эмне? Антейин десем, сени тааныштырарда Каныбек досуң дагы Акылайды мага окшоштурган. Азыр жаман болуп жүрөт, сен гана сактап каласың деген. А мен ал кезде сени жактырып, эсим ооп жүргөм...
Зулайка сүйлөп да, ыйлап да жатты.
- Сыртымдан тон бычкан экенсиңер да?.. Хе-хе, - Ахат өзүн-өзү мыскылдай күлдү.
- Ооба, ошенткенбиз. Антпесек сен жок болуп кетмексиң, ичип кетмексиң.
- Жоголуп кетсем болмок экен ушундан көрө... Угуп тур эми, Зулайка, экинчи бул темага кайрылмай жок. Кай-рыл-бай-быз. Түшүндүңбү?
- Ооба, кайрылбайбыз, - аялы жеңилдей түшүп көз жашын аарчыды.
- Акылай экөөбүздүн баш кошолу дегенибизге ата-энелерибиз каршы чыгышты. Айрыкча атасы жалгыз кызын мендей келечеги бүдөмүк жылаңач студентке, карапайым кишинин баласына бергиси келген жок. Эч нерсеге карабай үйлөнөбүз деп турганда Акылайды токмоктук бай жигитке узатып жиберишти. Кийин күйөөсү экөө тең автокырсыктан каза болушканын уктум, башка эч нерсе билбейм. Баса, анын эже-сиңдиси да, ага-иниси да жок, бир үйдүн жалгыз, эрке кызы болчу. А Лаззат менен жакындыгын кудай акы, уккан эмесмин, оозумду сен ачырып отурасың. Анан калса, Лаззаттын буга чейинки жашоосуна дегеле кызыкпапмын. Мейли, али да кеч эмес, билип алам.
- Ушунча жыл жашап, мынчалык жексур экениңди билбепмин... Билип алам деп...
- Анан эмне дейин? Бул кадамга мени өзүң түртүп атсаң башка эмне дейин? - эшикти тарс жапты да, чыгып кетти.
- Бүттү, - деди Зулайка. - Канчалык чырылдабайын эми Ахатты кайтара албайм. Жанымда алып жүргөнүмө карабай, бир төшөктө алып жатканыма карабай эми ал башканыкы.
Буга чейин деле күйөөсү үчүн бардыгына даяр тургусу келип, канчалык аракет кылганы менен Зулайка өзү эңсегендей жыргал куралган жок. Кээде ойлонуп отуруп ушунчалыгына шүгүрлүк кылчу, Ахатка жубай болгон тагдырына ыраазы эле. А тагдыр дегени күйөөсүнүн колуна бир бейтапты салып берип, жай турмушуна дүрбөлөң түшүрбөгөндө эгер, барга каниет этип, жогуна кабагым-кашым дебей жашай бермек. Ал эмес, мындай жашоо ыргагына дээринен тынчы жок Ахаты да көнүп бараткан. Жаштайынан бери ак эткенден так этип эңсеген максаты кыял бойдон калып келатканын мойнуна ала баштаган.
Анан капыстан эле илгерки кагаз-китептерин таап чыгып, жумушуна баш-оту менен сайылып, кээде таң атканча окуп, уктабай чыгат. Бир ирет чыдабай кетип урушту. Ден соолугун карап, кичине өзүн аяп койбойбу? "Кудай бергени турат, Зукеш, унчукпа, азырынча сөз кылууга эрте", - адеп ачык айтпай мулуңдап койгонунан улам иштин жайын боолголоп, изги тилегине, алдыда күтүп турган эбегейсиз жоопкерчилигине кошо түйшөлдү. Кийин көптөн көксөгөнү ийгиликтүү ишке ашып, Лаззатты Москвага алпарып жүрөгүн котортуп келгенде маңдай жарган кубанычына кошо сүйүнгөн.
Анан эмне болду? Күйөөсүнүн жүрөк түпкүрүнө катылган эңсөө-тилегин жылт ойготуп чыга келген мүмкүнчүлүктүн минтип жашоо-турмушуна аңтар-теңтер түшүрөрүн билгенде деле колунан не келмек? Баарынан кызыгы Ахат көңүл майрамын жашыралбай сездирип койбодубу. Боз уландан бетер алдастап, айласын таппай калбадыбы күйгүзүп...

Ахат эртеси эле Лаззаттын өмүр баянынан толук кабардар болду. Көпкө чейин нес абалда жүрдү: "Ушундай да болобу? Демек, Лаззат Акылай иштеген балдар үйүндө, Акылайдын колунда чоңоюптур да. "Лаззат" деп неге бул ысымды жактырдың экен? Алгач ымыркайында ажалга алдырган өз кызыңа коюп, анан жетим кызга, жок, таштанды кызга. Кандай суук сөздөр?.. Ушундай да болот экен ээ?.. Байкуш Акылайым, байкуш Лаззатым!.."
Сагынычына кошул-ташыл бейтабына боору ооруганы ушунчалык, бүгүн да клиникасынан эзилип чыкты. Калган өмүрүнө жетерлик азык берген сүйүү мүнөттөрүн, Лаззат менен чогуу өткөргөн күндөрүн көз алдынан чубатып баратты.
Ушул жолдордо баратып канча ирет Лаззатты сооротподу. Карманган, туткан энесинен айрылган кызды чүнчүтпөй-чөктүрбөй береги албан кучагы гана сактап калды бейм. Солкулдаган жапжаш, наристе жыттуу назик денени бооруна кысып турган кезде бүт дүйнөнүн түйшүгүн унутуп, өзүн кудуреттүү бир күчкө айланып кеткендей сезчү. Анан калса Лаззат дагы кыйналганда чуркап келип, көкүрөгүнө башын катып, жанын жай алдырганды адат кылып албады беле. Эми кантти?
Эсинде дайым ошол кеч. Лаззаттын операциядан кийинки абалы бир аз жакшырган соң дарыгерлерге табыштап коюп, Кыргызстанга келе берген эле. Арадан бир жарым ай өтүп, Москвадан алып келмекке кайра барган.
- Кадыржанович! - палатага жаңы башбаккан Ахатка сүйүнүчтүү үн кантип угулуп, жыпжылуу колдор мойнуна кантип ороло түшкөнү байкалбай калды. Керебеттен жаңы эле турган кыздан өткөн жылуулук денесин дүрт эттире, дары-дармекке аралаш жыпар жыттанган кызды кучагынан тээ бир топто барып бошотту. Ажары ачылган жүзүнө, сымбаттуу келбетине суктанып, Ахат бейтабынын кадыресе оңолуп калганына кубанды. Басмырлаган кеселден баш көтөрүп, ойноок жаштыгы аз күндө тулку-боюна сыйбай, кулундай туйлап чыкчудай. Анан да Лаззаттын көздөрү толо ыраазычылыгы Ахатты толкутуп жиберди. Экөөнүн сагынычка толгон көздөрү гана сүйлөшчү махабаты мына ошол ирмемден тарта башталды.
Эки күндө келип калам деген Ахат эртеси, анын эртеси да, бир жумадан кийин да шашылган жок. Лаззаты менен өткөргөн эстен кеткис күндөрүнүн он чактысы ошол Москвада калыптыр көрсө. Бүлдүркөн эриндеринен эми андагыдай шимире албасын ойлогондо тагдырдын мындай чукул бурулушуна эч келишкиси келбей жүрөгү күйүп, өрттөнүп кете жаздады.
Машинесин үйүнө жете бербей кайрып кетти. "Кечир, Зулайка, сенде кымындай да күнөө жок. Бирок бүгүн да бет келише албайм сага".
Дайым Лаззат экөө гана жолугуп жүрүшчү дачага жетип күп жыгылды. Эртең дем алыш, ушул жерде үшүмөктөн тоңуп өлсө да жылбай жатып, мындан аркы жашоосун таразалап алмай болду.

(Уландысы кийинки
бейшемби күнкү санда)