Сапербек
Аскерге чакырылган бирөө түз эле десанттык бөлүккө түшөт. Биринчи эле жолку самолеттон секиргенде парашютун кантип ачышты унутуп калат. Таш түшкөндөй жерди көздөй учуп баратса, жерден бирөө өйдө көздөй учуп келатат дейт.
- Айтчы досум, парашютту кантип ачат? - дейт десантник.
Анда тиги жооп берет дейт:
- Билбейм, досум, мен деген сапермун да!..

Тост-экзамен
Экзаменге жетпейле куудул-муудулу баш болуп "сабеседовнийден" бир топ "арытуриент" кулап түштү. Түшкөн жерлери жумшак болгурлар, алгырлар! Калганы чын эле мен өтөм деген ишенич менен акча чачканы даяр турду. Акырына чейин туруп беришти. Ишпаргалкасы да даяр болчу. Өтө турган бир эле киши болуш керек өзү. Калган токсон тогузу өздөрүн бери жагы дагы беш жыл сөгүп өтүшөт эмеспи. Эмесе, ушуга карата бир тост айтып коелу: өтпөй калгандар артыңарда калган бош бөтөлкөңөрдү өткөзө кеткиле, өзүңөр өтпөсөңөр да бөтөлкөңөр өтсүн, алып жибергиле!



Синоптик, иттик кылба!..
Сот болуп атат.
- Сиз ким болуп иштейсиз? - дейт сот күбө болуп келген кишиге карап.
- Мен синоптик болуп иштейм, урматтуу сот.
Сот чочуп кетип:
- Кокуй де! Андай болсо да бир жолу эскертем - сиз чындыкты, жалаң гана чындыкты айтышыңыз керек!


Арамбы же халалбы?..
Куудул чалыш бир ууру дагы бирөөнүн семиз тоогун уурдап кетет экен. Бирок күнөөсүнөн арылмакчы болуп молдокеге келет.
- Молдоке. Мен бирөөнүн тоогун уурдап алдым эле…
- Чоң күнөө кылыпсың. Аны жегенге болбойт.
- Сизге алып келип берсем, күнөөм кечирилеби?
- Жок, албайм, ээсине беришиң керек.
- Ээсине берсем, албайм деп жатпайбы…
- Анда өзүң жей берсең болот.
- Оо, ырахмат, сизди Алла Таала өзү жалгасын.
Молдоке кечинде үйүнө келсе, катыны нааразы?
- Өлүгүңкөрөйүндөр! Аш болбой калсын!
- Эмне болду? - дейт молдоке.
- Семиз тоогубузду уурдап кетишиптир…


Биздин бейбаштар эмеспи, ыя?!
Кечээ Брюсселде чатак окуя болду. Бүт дүйнөгө белгилүү "Сийип аткан чыткурсак" деген скульптураны белгисиз бейбаштар шамалга каршы буруп кетишиптир. Көрөт элек деп алыстан келген туристтердин бетине чачырап, нааразы болгондор көбөйүп баратат.


Казарманга чейин каз!
Стройбатта иш башталып атат дейт. Сержант келип солдаттарга кыйкырат:
- Менин командамды уккула! Сен, сен, анан сен үчөөң арык казасыңар!
- Жолдош сержант, кайсы жерге чейин казабыз?
- Береги бетон тосмону көрдүңөрбү?
- Көрдүк!
- Ошол тосмодон кечке чейин казасыңар!..


Тонуңду көрсөт, акчаңды санап берейин…
Сот:
- Ушунчалык да зөөкүрлүк кыласыңбы! Адегенде кымбат баалуу тонду уурдап, ал аз келгенсип бир тыйын калтырбай акчасын бүт согуп кетипсиң?!
Айыптуу:
- Ушундай баалуу тон кийип жүрсөм, анан чөнтөктө бир тыйын акчам жок болсо, шермендечилик да!




"Актар" жана "кызылдар"
Бул чөлкөмдө абал жакшы эмес. Организмде жылыш жок калды. Болгон жылыш - эки кадам алга, бир кадам артка кетип атты. Капталга канча кадам кеткени да эсептелип атты. Кампүтер заман деген ушундай болот тувайбы.
Ошентип, узакка созулган "алагүү" ыстадыясы ылжыраган ылайдай абалга билинбей өтө баштады. Бирок өзүнө билинбеген менен өзгөлөргө билинип, дубал гезиттерге илинип атты. Ар түрдүү божомол, дөдөмөл, урдурма ушак, ой жорууларды ортого салып, үстүнө байге сайышып, упай топтой башташты. Упайды күздө санайбыз дешти. Башбайгесине бакыйган "Мерседес" ­саябыз дешти.
Ошону менен биздин замандын XXI кылымынын башында, тагыраак айтканда биринчи он жылдыгынын аржак-бержагында уруш башталды. Граждандык согуш. Жарандык согуш. Согуш элүү жылга таяп калган организмде жүрүп атты. Ачкылтектин согушчан "байевиктери", молекула, атомдору денедеги болгон жылуу орундардын баарын ээлеп алган болчу. Андыктан бул уруш атомдук согушка айланып кетти. Өздөрүн "актарбыз" деп атап алган кызуу градустар организмде оккупация жүргүзгөнүнө көп болуп калган…
Бул урушка жөн солдаттар жарабай калгандыктан, атайын үйрөтүлгөн, такшалган жоокерлер алынып келинди. Ыштарапбаттын жаналгыч жоокерлери. Ал итибайларың "ачууну ачуу басат, талкалайт!" деген девиз менен алигиден аңкилдек аттырып ийишип, согушка кирип кетип атышты. Уруш кызып, ар бир чуңкур, ар бир дөбө үчүн кызыл кыргын жүрүп атты. Ачкылтектин согушчан атомдорунун казармасы - ашказанды биринчи иретте бошотууга жетишишти. Ашказандын бүдүрүн кемирип аткан жеринен сууруп алышты. Ал жерде карантин жарыяланып, бүлүнгөн бүдүрлөрдү калыбына келтирүү иштери чукул арада башталды. Андан ары кош бөйрөктү штурм менен алышты. Душмандар таштай качкан бөйрөктөгү таштарды тылга, ооруктагы атайын ооруканага жөнөтүштү. Арасында асылташтар да болушу мүмкүн деген божомол бар эле. Тилекке каршы, баарыле котур таш болуп чыкты.
Жүрөктү бошотуу иштери да ийгиликтүү аяктады. Кайран мотордун эки толтосу кансерт-залга айланып кеткен экен, экөөнү тең жууп-тазалап тартипке келтиришти. Душмандын калдыктарын калдактата кууп, бир далайын арткы тешиктен айдап чыгышты. Бирөөнү да туткунга алган жок. Тукум-курут кылмай болушту.
Албетте, чечүүчү салгылашуу мээни бошотууда болду. Буткулдардын арасын буктурма катары пайдаланган ачкылтектин атомдору ар бир сантиметр, ар бир миллиметр үчүн жан аябай катуу каршылык көрсөтүштү. Өзгөчө, аты жок (памиттен өчүп калган) буткул дөбө үчүн каршылаштар бири-бирин бөтөнчө коколошту. Бирок көпчүлүк деген көпчүлүк да, акыры ачкылтекчилерди тыптыйпыл кылышып, ар бир дөбөгө желек сайышып жаңы ат коюшту. Шайлоо, референдум өткөрүп, мээнин жаңы мыйзамын тастыктайбыз деп электорат катуу күүлдөдү!
Өшөнтүп, ыштарапбаттын куралдуу күчтөрү он эки мүчөнү "аккупант актардан", мурунду болсо "кызылдардын" үстөмдүгүнөн бошотушуп, өлгөнизмден кутулган организмде бейкуттук орноду. Ар кандай согуш тынчтык менен аяктайт дегендей, жер-жерлерде тынчтыкты бекемдөө механизмдери иштелип чыгып, жүзөгө ашырыла баштады. Агарып бараткан мурундун ары жагынан көптөн бери көрүнбөй кеткен кызыл күн градустай көтөрүлүп келатты. Организмде жаңы реформа арышын кенен таштап, тамтаңдабай түз жолго салды, ур-ре-е!..