кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




  Күлкүлятор

ОБОНу менен
сөзү кимдики?..
"Менин жайым сурасаң, атым Сайраш. Өзүм түптүк, бетим тултук. Тултук Сайраш десеңер Түптө мени илгери эле таанышчу. Өзүм миң тогуз жүз баланчанчы жылы туулгам. Үч күйөөдөн чыккыча мүнөзүм жибектей созулган аруу жан элем. Төртүнчү күйөөмө чыкканы катуу өзгөрүлдүм. Ар кайсы фамилиядагы артыман чубурган балдарым канымды ичкени аз келгенсип, сийдик ичкир төртүнчү күйөөм да бир күн соо болбой койду. Анын үстүнө албарстыдай болгон кайненем менен абысындарым туш-туштан талап атып, мени бешинчи күйөө жөнүндөгү албуут ойлорго алып барып жарга такагандай такашты. Ошондо мен биринчи жолу катындар чогулса чоң күчкө айланарын туйдум. Көрсө, абысындар менен болгон ошол салгылашуулар менин саясы сабаттуулугумдун бүчүр ачып, андан ары "палитически" жактан караңгылыктын жоюла башташына биринчи түрткү болгон экен. Көп узабай, абысындарымдын башын айландырып, алардын жардамы менен кайненеме каршы саясы кутум уюштуруп, кемпирди кызыныкына айдап жолго салдык! Кемпир да оңой-олтоң жоо эмес экен, Сайраштан Майраш кем бекен деп ар кайсы күйөөдөн тууган тогуз кызын чогултуп келип, тынч жаткан жерден таңгамаал бүлүк салды! Жеңилүүгө дуушар болгон абысындар сай-сайлап туш-тушка качтык. Күйөөлөрүбүз лам деп ооз ачкан жок! Ошондо мен биринчи жолу саясы күрөштө эркектерден эч пайда жок экенин көк желкем менен туйдум. Ошентип, менин "палитически" ишмердигим башталды.
Айт-дува деген эле жерден көктөн издегеним көлдүн жээгинен табылып дегендей, ошо күнү биздин айыл жакка түбөлүк демекрат Текебайып баштаган бир топ ири мүйүздүүлөр тыранспаранттарын тыртайта көтөрүп келип калышты. Мени кайненем күйөөмдүн жылуу койнунан кууп чыгып атса, силер текей оттоп кайда жүрөсүңөр деген ачуум менен ала чыккан жумурткамды шилтеп жиберсем болобу! Бирөөсүнүн чекесине "чак" эле дей түштү! Кимдир-бирөө шатыратып кол чаап жиберди. Карай койсом, обулустун гүбүрнатыры өзү кол чаап, аны акимдер коштоп: "Дагы, Тултук Сайраш! Түптүк Сайраш, бизге тыранспарат менен келгендерди түбүнө түшүр! Дагы ур, Тултуке! Жумурткасын да, жууратын да өзүм төлөп берем! Бүгүнкүнүн ыстакановчусу сенсиң!.." деп бакырып атыптыр. Ошол жерден эйфория шак эле мени булутту көздөй ыргытты! Андан аркысы эсте деле жок, колума бир себет жумуртка карматышканын элес-булас билем, уруп эле аткам, уруп эле аткам… Ошо күнү көрсө, жалгыз өзүм жарым себет жумуртка менен жоонтоп бикетчилерди көлдөн баштап Кызыл-Көпүрөгө чейин сүрүп таштаптырмын!..
Эртеси мен ызнаменитый болуп эле калдым. Гүбүрнатыр чакыртып алып акыл-насаатын айтты, сендейлер бар үчүн Кыргызстан жашап атат деди. Сенин бактың Бишкекте! Сени не бир эрдиктер күтүп атат деди. Ишенимдүү, бирак да Ленинчесинен кыйтыр көз-караш менен бекемдеп айтты…
Эртеси эле абысындар чогулуп алып Акүйгө жөнөдүк. Бир кулач арыз менен. Элди кырылыштырганга жакшысың деп абысындарым мага катынбашы деген н­аам беришти. Ошентип жулкунуп Акүйгө жөнөдүк. Акүйгө жеткиче тырмактарыбыз орок, тилибиз бир кулач болду! Шиштакаларыбызды бычак курчуткан кайрак менен кайрадык! Эриндерди кочкул-кызыл түскө боеп, ар бир чөнтөккө бирден чөнтөк салдык. Ошо менен саясат айдыңында үчүнчү күч пайда болду! Бүт өлкө издеп таппай жүргөн Үчүнчү күч! ОБОН деген! Обону да, сөзү да өзүбүздүкү.

Кимбайке





Яндекс.Метрика