Кыздар, ыйлагыла

Атай Өмүрзаков:
"Мен апамды бактылуу кылышым керек"
Өткөн жумада Кыргызстан үчүн өтө жагымдуу окуя болду. Мекендешибиз Атай Өмүрзаков "Чехия жана Словакия таланттарды издейт" эл аралык сынагынан бүтүндөй Европаны таң калтырып, биринчи орунду ээлеп келди. Кыргызстанды башка өлкөлөргө даңазалап аткан Атайга азыр мактасак сөз жетпей турган учур. Жеңиштен кийинки сезимдери тууралуу өзү биз менен ой бөлүштү. Ал эми агасы Бакыт Атай тууралуу сонун нерселерди айтып берди.

- Атай, сынактан келгенден бери телефонуң тынбай атса керек?
- Ишенесиңерби, мен Кыргызстанга кайткандан кийин гана чоң жеңишке жеткенимди сезе баштадым. Туугандар, тааныштар куттуктап, жакшы сөздөрүн айта баштаганда өзүмдү жеңүүчү сездим.
- Ушул жеңиштен кийин кыздар арасында кадыр-баркын огобетер өскөнүндө шек жок. Ошол кыздар арасында өзгөчөсү барбы?
- Аны айтпай эле коеюнчу (күлүп).
- Айткың келбесе кыйнай албайм. Бирок Чехия ырчысы Люция Биланын жүрөгүн багындырдың окшойт?
- Ал мага аябай жакшы мамиле кылып атты. Даярдануу учурунда улам келип, белгилүү адамдар менен тааныштырып, алыстан көрүп калса, "воздушный поцелуй" жөнөтүп аткан учурлар болду.
- Кыздардан кайсы сапаттарды жактырасың?
- Сапаттарды бөлүп карабайм. Эгер бир кыз жакса, ал мага толугу менен жагат.
- Телефон чалган кыздарга жооп бересиңби?
- Убактым болуп турса сүйлөшө берем. Бирок интернеттен эч кимисине жооп бере албайм. Анткени бир күндө 300-400 кат келет. Баарына жооп берүүгө убакыт жетишпейт.
- Канча жашыңдан бери бийлеп жүрөсүң?
- 15 жашымда баштагам. Ал кезде күнүнө алты сааттан ашык бийлечүмүн.
- Бийдин ушул түрүн тандап калышыңа эмне себеп болду?
- Мен бийлеген электро-буги жанры 80-жылдары чыгып, кийин жоголуп кеткен. Азыр дүйнөдө бул бийди бийлегендер саналуу гана.
- Байгеге алган акчаны эмнеге жумшайсың?
- Бир бөлүгүн апама берем. Экинчисине, жаш таланттарга жардам берейин деп атам. Окуучуларым деп койсом болот, таланттуу балдар бар. Ошолорду сынактарга алып барам.
- 100 миң евронун канчасы колуңа тийди?
- Азырынча акча колума тие элек. Ал жактын шарттары боюнча бизге 2-3 айдан кийин гана которушат экен. 19%ын кармап калышат.
- Бийлеп атканда кандай сезимдер болот?
- Мага өзгөчө акыркы 20-30 секунд жагат. Ошол секунддарды "кандай бүтөт экен деп" көрүүчүлөр да күтөт. Колду көтөрүп же кулап калганда эл тура калып кол чабат эмеспи. Ошол сезимдерди сөз менен айтып бере албайм. Ошол үчүн жашаш керек.
- Бийчилик өнөрүңдүн эң бийик чокусу кайсы деп ойлойсуң?
- Алдыда дагы бир чоң сынак бар. Ошого катышып, жакшы жыйынтыкка жетсем болду. 2-3 айдын ичинде бийчиликти токтотом. Мага жетиштүү.
- Андан кийин эмне иш кыласың?
- Окуумду чет өлкөдөн улантсам деп тилек кылып атам. Анткени бийлейм деп бул жакта окуумду токтотуп койгом. Кайра келип, бий мектебин ачсам деп ойлонуп атам.
- Канча биртуугансың?
- Байкем экөөбүзбүз.
- Интервьюларыңда атаң тууралуу айтканыңды уга элекмин…
- Атам менен чогуу жашап көргөн эмесмин. Мен эки жашка чыкканда апам экөө ажырашып кетишкен экен.
- Апаң жөнүндө айтып бербейсиң­би?
- Апам азыр Караколдо турат, кесиби - дарыгер.
- Өзү жалгыз эки баланы бутуна тургузуу апаң үчүн кыйын болсо керек?
- Ооба. Ошол кездерде СССР ураган учурга дагы туш келип калган. Үй-бүлөбүздө кыйынчылыктар көп эле болуптур. Апам ыйлаган учурлар дагы болгон. Бирок экөөбүздү багып, аягына чейин турам деп өзүнө сөз берген экен, ушул күнгө чейин агам экөөбүздүн жөлөгүбүз. Экөөбүз бактылуу болуш үчүн көп нерсеге даяр апам.
- Апаңдын алдында эки эсе милдеттүү турбайсыңбы?
- Ооба. Апамды бактылуу кылышым керек. Эненин сүтүн эч качан актай албайбыз дечи. Бирок актаганга колдон келген баардык аракетимди кылам. Агам экөөбүз тең өмүрүбүз өткүчө апамдын бактылуу болушуна баардык салымыбызды кошобуз. Баса, ошол кыйналып жүргөн күндөрдө мен көп нерселерге түшүнө элек кичинекей болчумун. Агам эс тартып калган, баарын өз көзү менен көргөн да. Кийин мени "тартиптүү болсун" дедиби, айтор, ошол күндөр жөнүндө көп айтып берип жүрдү.
- Сен таанымал боло баштаганда атаң жакындоого аракет кылган жокпу?
- Атам мен 10-класста окуп атканда каза болуп калган. "Мен сенин тууганыңмын" деп келгендер көп. Бирок мен аларга көңүл бурбайм. Анткени биз кыйынчылыкта жашап атканда ошолордун бири да келген эмес.
- Баса, сынактан кийин сени ошол жакта калууңду сурангандар, сунуштар көп болгон турбайбы. Эмне деп жооп бердиң?
- Көп сунуштар болду, бирок бирөөнө дагы жооп бере элекмин.


Бакыт Өмүрзаков, агасы:
"Атай жакшынакай жигит да"
- Бакыт, иниңиз кичине кезинде кандай бала эле?
- Кичинесинде жөн тура алчу эмес. Баардык нерселерге кызыкчу.
- Мүнөзү кандай?
- Мактагандык эмес, бирок жакшы сапаттары көп, аябай боорукер. Кээ бир интернет баракчалардан Атай тууралуу жазгандарын окуп калам. Кээ бирөөлөр билип-билбей эле жамандай беришет. Ошондо бир аз капа болом.
- Чет өлкөгө чакыруулар болуп атпайбы?
- Барып келем десе каршы эмесмин. Өзүнө пайдалуу нерселерди үйрөнүп келет деп ойлойм.
- 2-3 айдан кийин бийди токтотом дейт. Эрте эмеспи?
- Мен да мурда бийлечүмүн. 21-22 жашымда таштагам. Атай да азыр ошол куракка келип калды. Бирок өзү чечсин.
- Акыркы күндөрү Атайга телефон чалган кыздар көбөйсө керек?..
- Албетте (күлүп). Өзү да жакшынакай жигит эмеспи. Көп эле кыздарга жакса керек.
- Кыздар жөнүндө сиз менен сырдашабы?
- Жо-ок. Анын жеке жашоосун талкуулабайбыз, ал жабык тема. Экөөбүз көбүнчө бий жөнүндө сүйлөшөбүз. Мурдагы бийчи катары менден кеңеш сурап турат.