Көшөгөңөр көгөрсүн

Премьер-министрликке үч адам тапталууда

Азырынча өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановдун, Марат Султановдун, Нариман Түлеевдин аттары аталууда. Булардын ичинен жаңы коалиция бирдиктүү бир талапкерди алып чыгышы мүмкүн. Кимисинин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин, өзүңүз байкап аларсыз:

Өмүрбек Бабанов
Жашы: 41 жашта
Жерлиги: Талас облусу, Кара-Буура району
Тажрыйбасы: Бакиевдин тушунда да, Отунбаеванын тушунда да биринчи вице-премьерликти ээледи. Ийгиликтүү бизнесмен, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты.
Көзүрү: Учурда бийликте экени, парламентте колдой турган "Республика" фракциясы бар экени, Атамбаев менен бир командада экендиги, мамилесинин ысыктыгы, акчасынын көптүгү.
Кемчилиги: Америкалык авиабазаны күйүүчү май менен камсыз кылган бизнесин бир тууган жээнине каттатып иштетип, салык төлөбөй жүрөт деген сыяктуу артынан ээрчиген ызы-чуусу көп, душмандары да жетиштүү.
Үй-бүлөсү тууралуу: Жубайы - казак кызы, үч баласы бар.

Марат Султанов
Жашы: 51 жашта
Жерлиги: Ош облусу, Алай району
Тажрыйбасы: Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, спикери, бир нече жолку финансы министри, социалдык фонддун төрагасы болуп иштеп мамлекеттик кызматта тажрыйбасы мол.
Көзүрү: Кайсы бийлик болбосун булганбай, репутациясын таза сактап калышы. Билиминин тереңдиги. Анан дагы учурдагы түндүк-түштүк балансын кармоо үчүн татыктуу талапкер болуп аткандыгы.
Кемчилиги: Өзү депутат болуп келген "Ата-Журт" фракциясынын ичиндеги ажырым.
Үй-бүлөсү тууралуу: Жубайы - кыргыз, төрт баланын атасы.

Нариман Түлеев
Жашы: 48 жашта
Жерлиги: Түбү нарындык, бирок өзү Фрунзеде төрөлгөн.
Тажрыйбасы: "Темир", "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик мекемелердин жетекчиси, Бишкек шаарынын мэри, Жогорку Кеңештин депутаты.
Көзүрү: Мэр болуп иштеп турганда "кризис менеджер" аталып, шаардыктардан аз да болсо колдоо тапканы. Акчасынын көптүгү.
Кемчилиги: Акаевдин тушунда Майрам Акаева менен коюн-колтук алышып, Бакиевдин тушунда аны "ата" дегени тууралуу коомчулукта терс пикир калыптанып калган.
Үй-бүлөсү тууралуу: Төрт баланын атасы, учурда экинчи жубайы менен жашайт.

Талдоочулардын баамында, реалдуу шанс Марат Султанов менен Өмүрбек Бабановдун колунда. Алмазбек Атамбаев өкмөт башчыны тандоодо түндүк-түштүк балансын сакташы керек, андыктан Марат Султановго токтолгону да оң болот. Эгерде Өмүрбек Бабановго премьерликти бере турган болсо, анда спикерлик Келдибековдо калат, же түштүктүк саясатчылардын бирине бериши болжолдонууда. Вице-премьерлик орундарга кимдер барары коалиция түзүлгөндөн кийин белгилүү болот. Экономиканы тейлеген вице-премьерликке Жоомарт Оторбаевдин талапкерлиги да каралууда. Ал эми Темир Сариевге Экономикалык тескөө министрлиги сунушталышы ыктымал. "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Садыр Жапаров жетектеген Жогорку Кеңештин Сот, укуктук маселелер боюнча комитетинин ызы-чуусу токтобой аткандан улам, ал министрликтердин бирин сурап, "качып" кетери айтылууда.

Дилбар АЛИМОВА




Көздөн учкан көк жээк
Кырылыш
"Ата Мекен" фракциясы Келдибековго ишеним көрсөтпөгөн чечим кабыл алып, спикерликтен кетүүсүн талап кыла баштагандан тартып Келдибековдун тагдыры сырттан да, ичтен да бычылып аткан кез. Келдибеков өзү кетейин деген ою жок. Кечээ эле ыдырай түшкөн коалиция башта куралып атканда, коалициядагы фракция лидерлери жигитчилик (жентелмендик) макулдашуу кабыл алышкан. Ага ылайык, коалиция таркап кетсе, спикер Келдибеков кызматынан кетиши керек болчу. Бирок ал макулдашууда спикер 2 жыл иштегенден кийин деп көрсөтүлгөн жери бар. Келдибеков дал ушул жагдайды бетке кармап, кеткиси келбей аткан чагы. Эки жыл отурган жокмун деп атат.
Бирок, ага карабай, СДПК фракциясы өз жыйынын өткөрүп, "Ата Мекен" фракциясынын ишеним көрсөтпөө чечимин колдошту. Атүгүл спикерлик орунга өз талапкерлигин даярдап ийгенге үлгүрүштү. Ишенимдүү маалымат булактары билдиришкендей, СДПКдан учурда спикерликке Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги тапталып атыптыр. "Манастан Чубак кем беле..." демекчи, башка фракциялардан да спикер болчулар жок эмес. "Ар-намыс" фракциясы депутат Абдрахман Маматалиевди көрсөтсө, "Республика" Бакыт Төрөбаевди көрсөтүшү мүмкүн экен. Маселенин баары Келдибековду кызматынан кетирүү аракети ишке ашабы, жокпу, кеп ошондо. Эгер добушка сала турган болсо мыйзам боюнча Келдибековду алып түшүш үчүн 80 депутаттын добушу керек.
Эгерде Парламент ичиндеги оюндарга, сүйлөшүүлөргө карап көрсөк, Келдибековдун кызматын сактап калуу мүмкүнчүлүгү теңме-тең. Мыйзамга ылайык, аны кызматынан кетирүү маселеси пленардык жыйында каралып, депутаттардын кеминде 80и кетсин деп добуш беришсе, анда спикерди эч нерсе сактай албайт. Кетет. Башка жолу - өз каалоосу менен кетиши керек. Биринчи жолу деле өтө оор. 120 депутаттын 61и күн тартибине алып чыгууну колдоп бериши керек. Саясий серепчилер, пленардык жыйында каралган күндө да 80 депутаттын Келдибековго каршы добуш берүүсү өтө кыйын экенин белгилешет. Анткени "Республика" фракциясы учурда Келдибековду колдоп турган кези. "Ата Мекен", СДПК, "Ар-намыс" фракциялары каршы чыккан күндө да добуш жетпей калышы мүмкүн. Айрым булактарга караганда, Президент Атамбаев спикер катары Асылбек Жээнбековду көргүсү келип атыптыр. Мында регионалдык баланс да сакталат дешет. Биринчиден, Жээнбеков түштүктүн кулуну болсо, экинчиден, СДПК фракциясынын өкүлү. "Республика" фракциясы болсо спикер СДПКдан болсо, премьер бизден болушу керек деген принципти карманууда. Эгерде премьер башка фракциядан көрсөтүлсө, анда спикер "Республикада" калышы керек дешет. "Республика" фракциясынын Атамбаевге карата таарынычы бар болуп атканын да белгилей кетели. Атамбаев президенттикке аттанып атканда, мында да жигитчилик макулдашуу болуп, Атамбаев "президент болуп шайланып калсам, өкмөт башчылыкка Бабановдун талапкерлигин сунуштайм" деп шерттешип койгон. Эми өкмөт башчылыкка бир канча адамдын талапкерлигин депутаттардын добуш берүүсүнө коюп, жумшак рейтинг аркылуу талапкерди аныктайбыз деп атканы Бабанов баш болгон "республикачылардын" айласын кетирүүдө. Жумшак рейтингде Бабанов добуштарды башкаларга алдырып ийиши толук мүмкүн экенин "республикачылар" да моюндашат. Мындан сырткары, "Республика" фракциясы премьерликти да, спикерликти да өздөрүнө алуу ойлору бар. Бакыт Төрөбаев спикер болсо, Бабанов премьер болуп дегендей. "Биргеликте, тыгыз, жемиштүү иш болмок..." дешет. Бирок азырынча мындай сунушка Атамбаев жооп айта элек экен.
"Ата-Журт" фракциясы болсо Келдибеков маселесинде экиге бөлүнүп алышты. Депутат Азамат Арапбаев Келдибековдон башка спикерликке эч кимди көрө албайм десе, башка "атажуртчулар" ачык айтышпаса да, ага каршы позицияга өтүп алышкан. Ал эми Камчыбек Ташиев оппозицияда калат делип аткан "Ата-Журт" фракциясы коалицияга бир шарт менен кирерин айтып чыкты. Айрым саясий серепчилер ал Келдибековду ордунан жылдырбоо шарты болушу мүмкүндүгүн айтышууда. Сыягы, тагдыры татаал жагына ооп бараткан Келдибековдун ордуна көзү кызаргандар кырылышып аткан менен карап тургула, "өзүн-өзү сактоо" инстинкти ойгонуп, кызматын сактап калышы да мүмкүн.

Мирлан Дүйшөнбаев




Коалициянын негизин КСДП менен "Республика" түзөт
КСДП фракциясы коалициядан чыкканын жарыялагандан тартып, парламенттеги көпчүлүктү кайрадан түзүү оюнунун жаңы сериясы башталды. Депутаттардын айтымында, президент коалиция түзүү мандатын КСДПга берүүнү эчак эле чечип койгон. КСДП фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков буга чейин коалицияда пикир келишпестиктерден улам мышык-чычкан оюндары болуп келгенин, ошондуктан жаңы коалиция түзүү керектигин айтып чыкты.
Кечээ президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясы Чыныбай Турсунбеков менен таркаган коалиция жетекчиси "Республика" Канат Исаевди кабыл алып, жаңы коалициянын негизин ушул эки партия түзүшү керектигин айтканы маалым болду. Эми коалиция боюнча ачык сүйлөшүүлөр башталат. Саясатчылардын айтымында, Келдибековдун акыркы учурда коомчулукка жарыя болуп аткан былыктарынын айынан "Ата-Журт" коалицияга кирбей, оппозицияда калып калышы мүмкүн. Кыйраган коалиция түзүлүп аткан учурда үч фракция коалициялык келишим түзүп, шерттешкени айтылган эле. Ошол келишимге ылайык, эгерде коалиция тарап кете турган болсо, парламенттин төрагасы Акматбек Келдибеков да өз каалоосу менен үч күндүн ичинде отставкага бериши керек болчу. Келдибеков болсо бул шерттешкен сөздү бузуп, коалициянын таркаганына канча күн болуп кетсе да, кызматтан кете электиги, берки фракциядагылардын нааразычылыгын туудурган. Ал эми КСДП "Ата Мекен" партиясына ыктап тургандай. Алар менен көз карашы түз экенин, алар эч кандай шарт койбогонун айтып атканынан, коалицияга "Ата Мекендин" кошулушун каалап атканын билүүгө болот.

Дилбар Алимова




Кутман курак кут болсун, Кубат аке!
Жазуучу Кубатбек Жусубалиев жетимишке чыкты. Таң калып атасыздарбы? Чындыгында эле таң калычтуу. Анткени Кубат аке ушул кезге чейин элүүгө чыкса да, алтымышка чыкса да, Салижан Жигитов айткандай, эч кимге билдирбей, унчукпай эле чыгып келди. Ырас, элүү жашка толгондо Жазуучулар союзу аз жерден юбилейин белгилеп ийе жаздаган. Бирок токсонунчу жылы белгилейли дешсе, Кубат аке "мен кырк биринчи жылы туулгам да, юбилейим эмки жылы болот" дептир. Кийинки жылы кайра эскертишсе, "мен былтыр туулган болчумун, эми быйыл белгилегеним уят го" деп коюптур. "Союздагыларды ошентип алдап кеттим" деп Кубат аке өзү кийин күлүп жүргөн.
Быйыл деле Кубат акенин жетимиш жашка чыкканын эч ким билбей деле калмак. Бирок Борбордук Азия университетинде иштеген кызы, Жамбы карындашыбыз болбой эле белгилетип атат. Анан калса Жогорку Кеңештин жоон топ депутаттары да кыргыздын учу-кыйырына таанымал жазуучу ушунча жылдан бери же юбилейин белгилебесе, же кандайдыр бир мамлекеттик сыйлыкка арзыбаса дешип маселе көтөрүп калышты.
Эмне дейбиз, албетте, жупунулук, жөнөкөйлүк улуу касиет, бирок жакшы адамды, таланттуу калемгерди көзү тирүүсүндө барктап, сыйлап, жакшы сөз айтып койгон андан да улуу нерсе. Кутман курагыңыз кут болсун, Кубат аке! Гезитибиздин жалпы окурмандарынын атынан Сизге узак өмүр, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!
"Dе-факточулар"
(Кубат акенин интервьюсун
12-беттен окуңуздар)