Өмүрбек Текебаев:
"Келдибеков спикерликтен кете турган болсо, мен талапкерлигимди жылдырбайм, кадыры жан болсун"
Кечээ "Ата Мекен" фракция жыйынында Жогорку
Кеңештин төрагасы
Акматбек Келдибековдун ишмердүүлүгүн карашты.
"Атамекенчилер" анын жумушун канааттандырарлык эмес деп таап, спикерге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышып, эми
бул маселени палатага алып
чыгарын билдиришти.

"Атамекенчилердин" спикер Келдибековго дооматтары
Фракция чечиминде Акматбек Келдибеков азыркы доордо Кыргыз Республикасынын өнүгүшүндөгү парламентаризмдин жогорку тарыхый маанисин түшүнгөн жок. Ал Жогорку Кеңеш төрагасынын бийик наамын төмөнкү деңгээлге түшүрдү деп айтылып, конкреттүү мисалдар келтирилет:
- Өлкөнүн парламентинин спикери болуп шайлангандан кийин 2010-жылдын 30-декабрынан 2011-жылдын 2-январына чейин ал бул окуяны Каракол шаарындагы "Каприз" мейманканасында криминалдык авторитет ("мыйзамдагы ууру") Камчы Көлбаев менен бир имаратта эс алуу белгиледи;
Мамлекеттик ишмердин менчик компаниялардын кымбат баадагы кызматтарын жеке максаты үчүн пайдалануусу - пара алуу менен бирдей деңгээлде каралат. А.Келдибеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Жаныбек Бакчиев менен бирге 2011-жылдын 28-29-майында "Челленджер" жеке самолету менен Россиянын Астрахань шаарына белгисиз максатта учуп барып келген. Барып келүү 70 000 АКШ долларынан ашуун каражатка турган. Айтылуу Камчы Көлбаев жана анын өнөктөрү Бириккен Араб Эмираттарында камакка алынар замат, 2011-жылдын 25-июлунда анын Стамбулга жашыруун учуп барып келиши боюнча да коомчулукта ар түрдүү кептер айтылып келе жатат.
Өлкөнүн региондоруна чыккан бардык сапарларында бай-манаптык жорук-жосун көрсөтүп, өзүнүн "урматы үчүн" жылкыдан бөдөнөгө чейинки ар кандай союш сойдуруп, тойлогонго жол берген;
Өзүнүн кайнатасы Н.Токтоматовду Жогорку Кеңеш төрагасынын кеңешчиси кылып дайындаганы мамлекеттик кызмат этикасын одоно бузгандыкка жатат;
Арасында таза эмес репутациясы менен айырмаланган адамдар да бар, 33 кишини өзүнө кеңешчи кылып дайындоо эч кандай этикалык нормаларга сыйбайт. Аларга KG мамлекеттик сериясындагы автомобиль номерлери берилген. Маселен, алардын арасында 0184 жана 0192 деген андай номерден экини алган А.Акаевдин мезгилинен бери "Кошелек" деген ат менен белгилүү Малабаев да бар. Бул сериядагы номерлер чет өлкөнүн жарандары В.Дуан менен А.Комбарджиге да берилген.
Андан сырткары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, олуттуу катачылыктарды кетиргени айтылды:
"Мегаком" компаниясынын ишин кароо боюнча Бишкек шаардык сотунун курамындагы судьялар Рыбалкина, Жузенова жана Мүлкүбатовага таасир көрсөткөн;
Кубаттуулугу боюнча талапка жооп бербеген, бирок радиоактивдүүлүгү боюнча жогорку чекти көрсөтүп, Кыргызстандын калкына олуттуу коркунуч туудурган Кулан кенинин көмүрүн сатып алуу боюнча чечим кабыл алууга катыштыгы бар;
KG мамлекеттик сериясындагы автомобиль номерлерин берүүдө "Акжол" партиясын, демек, Бакиевдик режимди реабилитациялоо аракети ачык көрүнүп турат. А.Келдибеков 0135 KG мамлекеттик номерин 2010-жылдын 7-апрелинен кийин төрага болууга далалаттанган Исхак Масалиевге Жогорку Кеңештин экс-спикери катары тартуулаган. Ушундай эле номерди "Акжол" фракциясынын жетекчиси Улугбек Ормоновго, энергобарон аталган Алексей Ширшовдун кайнатасы Сардарбек Желебаевге да берген;
"Мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевдин жардамчысы Алманбет Анапияев менен кошо адам уурдоо, тоноо фактысы боюнча, андан кийин 2010-жылдын 13-майында массалык башаламандык уюштуруп, облустук администрацияны басып алуу боюнча кылмыш иши козголгон, Анапияевдин өкүл баласы Өмүрбек Бакировду өзүнө кеңешчи кылып дайындаган ( Ред: Кийин ал депутат болуп шайланган);
Жогорку Кеңештин бюджетин кескин өстүргөн. Эгер парламент ишмердигине 2011-жылы 747,4 млн. сом бөлүнгөн болсо, 2012-жылга 948,0 млн. сом суралууда.

Акматбек Келдибеков, ЖК төрагасы:
"Өмүрбек Чиркешович, 20 жылдан бери бузукулуктан башка эмне иш кылдыңыз?"
Келдибековдун Бакчиев менен жеке жашоосу жок, ориентациясы нормалдуу
"Ата Мекендин" депутаты Равшан Сабиров бул талкууга Акматбек Келдибековдун өзүн чакырып угууну сунуш кылды. Фракция жетекчиси Өмүрбек Текебаев төраганы угуунун өз эрежелери бар экенин, ага даярданып, отчет берүүгө 10 күн берүү керектигин, бул маселени палатада чечиш керектигин айтты. Аңгыча маселе талкууланып аткан учурда күтүүсүз жерден Акматбек Келдибеков фракция жыйынына кирип келди. Депутаттар бир топ суроолору менен спикерди бурчка такашты. Кызуу талкуу ошондо башталды.
Турат Мадылбеков: - Өзүңүз өлкөдөгү экинчи адамсыз, жумуш күндөрү Россиянын Астрахань шаарына "Челленджер" жеке самолету менен учуп кеттиңиз. Биз бул жакта "Россияга барганда эмне болуп кетиши мүмкүн?" деп коркуп отурдук? (Ред: Зал дуу күлүп жиберди) Бир нерсе болуп кетсе эртең чоң чатак чыкмак да?
Акмат Келдибеков: - Рахмат, мага кам көргөнүңүзгө. Жеке самолет дедиңиз, ал үчүн бюджеттен бир тыйын акча корогон жок, же мен ал жакта мамлекеттик маселени талкуулаганы барган жокмун. Төрага болсо дагы өзүнүн турмушу бар, төрага деле адам. Менин да Украинада, Россияда жолдошторум бар. Алар менен мамилемди үзүп койсун деген мыйзам жок да. Алар өзү самолет менен учуп келип, Кыргызстанда ишин бүтүрүп, той-пой деген бар, ошого барганга болбойбу? Ал менин жеке ишим.
Жоомарт Сапарбаев: - Сиз айтып кеттиңиз, досторум учуп келип алып кетти деп. Бишкектен канча киши кеттиңиздер эле?
Акматбек Келдибеков: - Тийиштүү органдардан тактап, билип алсаңар болот.
Жоомарт Сапарбаев: - Тийиштүү органдардын маалыматтары боюнча сиз менен эле Жаныбек Бакчиев болуптур. Расмий маалыматтарга ылайык, самолет бош келип, сиздерди алып кеткен.
Райкан Төлөгөнов: - Сиз жеке жашоом деп жаңылышып атасыз. Жеке жашоо деген сизде болбошу керек. Сиз мамлекеттеги экинчи адамсыз.
Өмүрбек Текебаев: - Бакчиев менен жеке жашоо болобу?
Акматбек Келдибеков: - Айрымдардан айырмаланып, менин ориентациям нормалдуу эле. Мен киного түшпөйм.

"Бул машиненин ок өтпөс экенин билген эмесмин"
Өмүрбек
Текебаев:
"Төрага айтат, мен президент менен теңата экенмин, ок өтпөс машинелерди минишим керек экен дейт. Андай закон жок"
Акматбек Келдибеков: "Бул машиненин ок өтпөс экенин буга чейин мен деле билген эмесмин. Төрага, спикер, премьер ушундай машинеде жүрүш керек. Бул менин "прихотум" эмес да. Булар жөнөкөй машинеде жүрсүн, же жөө жүрсүн деп мыйзам чыгарып бергиле, "нет проблем". Өмүрбек Чиркешович, сиз Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуп турганда айына 10 миң сом төлөп, кайсы компаниянын машинесин айдап жүргөнүңүздү биз деле билебиз"

Акматбек
Келдибеков: "Жыйырма жылдан бери бузукулуктан башка Кыргызстанга эмне жакшылык кылдыңыз?"

Өмүрбек Текебаев: "Шина алса да, суу алса да спикер жооптуу болуп саналат. Мен да төрага болгонмун. Менин кабинетиме парда илдирели дегенде илдиртпей койгом. Тешик парда менен бир жыл отургам"

Акматбек
Келдибеков: "Өмүрбек Чиркешович мага келип, мобуну калтырып койчу, менин балдызым, мобул менин өкүл балам деди эле, мен калтыргам"

Өмүрбек Текебаев: "Эгерде Келдибеков спикерликтен кете турган болсо, мен өзүмдүн талапкерлигимди жылдырбайм, кадыры жан болсун"


Даярдаган
Дилбар АЛИМОВА




Келдибеков "монстр" болуп алыптыр. Мындай спикер тарыхта болгон эмес!
"Ата Мекен" фракциясы спикер Акматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Жаңы коалиция түзүлөр алдында саясий оюндар күч алып, компроматтардын согушу башталды. Бирок спикер Келдибековго карата соңку кездери нааразычылык күч алып, парламенттин кадырын түшүрүп ийди деген дооматтар да басымдуулук кылууда. Өмүрбек Текебаев менен спикер Келдибековдун чабышынын артында эмне жатат?

Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
"Спикер болууга моралдык укугу калбады"
- Жогорку Кеңештин бюджетин Келдибеков оңду, солду чачып, каалагандай жумшап, өзүнчө эле "монстр" болуп алыптыр. Кеңешчилери эле 30дан ашык экен. Президент, өкмөт башчынын да мынча кеңешчилери жок. Бул Келдибеков тарабынан аморалдык жорук эмей эмне? Кечиримсиз иш. Депутаттардын унчукпай атканына таң калгам. "Ата Мекен" фракциясы ага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, мындан ары бул кызматта олтурууга акылуу эмес деп туура белгилешти. Мен фракциянын чечимин колдойм. Келдибековдун спикер болууга моралдык укугу калбады.

Кабай Карабеков, экс-депутат, журналист:
"Мындай спикер тарыхта болгон эмес"
- Келдибеков спикер болгондон тартып эле өзүн бүтүндөй өлкөнүн кожоюнундай сезип алган. Бай-манаптык, хандык мүнөз күтүп алды. Эч кимди уккан жок, эч ким эсептешкиси келген жок. Бакиевден айырмасы болбоду. Мындай спикер Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Ошондуктан "Ата Мекен" фракциясынын ишеним көрсөтпөгөндүгү жүйөөлүү болду. Ага негиз бар болчу. Келдибековдун орду Бакиев жашап аткан Минскиде деп ойлойм.

Турсунбек Чынгышев, КРнын мурдагы өкмөт башчысы:
"Текебаев спикер болгусу келип жаткандыр"
- Сырттан караган адамга Өмүрбек Текебаев Келдибековду алып түшүп, ордуна спикер болуу аракетин көрүп аткандай туюлат. Анткени Текебаев мурда спикер болгон да. Кайра ошол кызматына баргысы келип жаткандыр. Бирок алар Келдибековдун бир катар чектен тыш жоруктары, ысырапкорчулугу боюнча бир катар айыптарды коюуда. Алардын канчалык деңгээлде чындыгы бар, аны азырынча айтыш кыйын. Эгерде айтылгандар, коюлган кинелер чын болсо, анда кеп башка. Келдибековдун мындан ары спикер болуп олтурууга моралдык акысы калбайт. Менин оюмча, "Ата Мекен" фракциясынын деле билгени болсо керек. Ошол эле мезгилде ишеним көрсөтпөө күтүүсүздөн жасалганы күтүүсүз болду.

Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты:
"Фракцияны колдоп,
Келдибековду актай албайм"
- "Ата Мекен" фракциясы коюп аткан дооматтар боюнча Келдибековдун күнөөлөрү аныкталып, тастыкталса, анда менин пикирим өзгөрүшү мүмкүн. Бирок азырынча мен ишеним көрсөтпөөчүлүк боюнча эч нерсе айта албайм. Фракцияныкын туура көрүп, же Келдибековду актай да албайм. Ким билет, коалиция жаңыдан түзүлүү алдындагы спикерликти талашуу аракети болуп жаткандыр. Муну да жокко чыгарууга болбойт.

Карыбек Байбосунов, саясат таануучу:
"Эски сүйүүсү башталган турбайбы"
- Парламенттин эски сүйүүсү башталган турбайбы. "Ата Мекен" партиясы, эгерде лидерлик кылгысы келсе, ушул чакырылыш жаңы келгенден эле аракеттерин көрсө болмок. Анүстүнө азыр бул партиянын позициясы бузулуп калды. Кайра "бутуна" туруу үчүн ушундай ыкмаларды кылып атат. Азыр Акматбек Келдибековго тийишпей эле коюш керек. Акмат жаңыдан бышып, ишти эми өтөсүнө чыгарчу мезгилге келди. Аны жайына койсо жакшы иштеп берет. Бизде негизи ушундай, иш кылбай эле бир жерде "төө басты" болуп тура беребиз.

Марат Казакбаев, саясат таануучу:
"Текебаевдин кылганы саясий этикага жатпайт"
- Менин оюмча "Ата Мекен" фракциянын, анын лидери Өмүрбек Текебаевдин кылганы туура эмес. Бул саясий этикага жатпайт. Акматбек Келдибеков кантсе да өлкөнүн экинчи адамы, "ага акча жедиң", "кызмат абалыңдан пайдаландың" деген сыяктуу дооматтарды ошондой жерден коюп, талап салгандары туура эмес. Эгер ушул маселени талкуулагысы келсе, атайын регламентке киргизип алып талкуулаш керек болчу, орто жерден эле чыга калып асылган болбойт.

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:
"Мен парламенттин ишине ыраазы эмесмин"
- Мен парламентте иштебегенден кийин Келдибеков менен Текебаевдин бири-бирине болгон нааразычылыктарын ийне-жибине чейин билбейм. Эгерде Текебаев доомат коюп атса, анда өз чындыгы болсо керек. Бирок мен муну алдыдагы саясий бурулуштарга карата жасалып аткан оюн катары көрөм. Мисалы, Роза Отунбаева кечээки коштошуу сөзүндө айтпадыбы, жаңы коалиция жөнүндө. Мен жалпысынан айтканда тээ Акаев доорунан бери эле парламенттердин ишине нааразымын. Ал жерде көбүнчө билимсиз, орой адамдар отурат.

Мирлан Дүйшөнбаев, Бегимай Бакашева