Атактуулар турмушка үйрөтөт
Саламат Садыкова:
"Кайнак сууга бал салып ичсең сымбаттуу болосуң"
- Аялзаты өзүнүн сынына, сымбатына кандай көңүл бурса, анын натыйжасы да ошондой болоору бышык. Мен балды бөтөнчө кастарлап пайдаланам. Чыгармачылык жылдарымдын бери дегенде жыйырма жылынан бери балды рациондон түшүрбөй келатам. Күндө эртең менен бир аш кашык бал жейм. Ал эми жатаарда жылуу, кайнатылган сууга бир аш кашык бал салып, ичип жатып алсаң, көшүлүп эле уктагың келип калат.
Кийинки жылдары апитерапевт деп коет экен, аарыга чактырып жүрөм. Жети жылдын аралыгында чаккандагы дабасы жакшы эле таасир берди. Адамдын ден соолугуна аарынын чакканынын пайдасы тиет экен, адамдын кайсы точкасында дарт болсо, ошону айыктыраарына ишендим, грыжадан, омуртка-бел ооруларынан ж.б. дарттан айыгат экен.
Апитерапевт жүрө-жүрө бал жана бал продукцияларын пайдалануунун өлчөмүн жасап берди, мисалы, прополисти пайдаланганда ал канча өлчөмдө болуш керек, тамакты кантип чайкаш керек дегендерге кеңеш берди. Бал адамды, айрыкча, айымдарды, ашыкча салмак кошпой же арыктатып жибербей, бир калыпта кармап турууга шарт түзөт экен.
Бирок пайдаланган бал накта, таза болгону жакшы да. Жакында мага жалал-абаддык Токторалы Жээнтаев аттуу бал челекчинин үй-бүлөсү "сиз балдын касиетин, дарылыгын бизден да жакшы баалап-билет экенсиз" деп бир чоң идиш менен толтура бал тартуулашты.
Экинчи бир жакшы көргөн нерсем, саунага барганды сүйөм. "Афродита" сыяктуу сауналарга барып, эс алып, кумардан чыгам. Терс энергиянын баары ошо менен чыгып кетет болушу керек. Саунага барганда бетиме балдан маска жасап коем.
Анда-санда кремдерди бетиме сүйкөп койгонум болбосо, көп деле пайдаланбайм, бирок ал крем таанымал, текшерилген фирмалардыкы болгону дурус, анан аларды улам алмаштырып туруш керек экен.

Айгүл Бакеева




Кутман Султанов:
"Мандикер болуп, ылай чылап, кыш куйган күндөр унутулбайт"

Ошто "Тамашалуу ыры" менен элге таанылган Кутман Султанов деген ырчы бар. "Тамашалуу ыры" менен аты чыгып, азыр "Сыргажанды", "Чолпонумду" катыра ырдап жүрөт. Ыр менен эле тим болбой тамадалыкты да таптап алган. Азыр тамадамын деген бир нечесинин татыктуу атаандашы. Тоолуктугунан болсо керек, сөзгө бай, саясаттан кабардар, турмушка бышык. Ошол бышык жигитти маекке тарттык.

- Кутман, сени тарых факультетинен көрчү элем, кийин эле теледен түшпөй калдың да?
- Биринчи ирет мен улут күзгүсү, улут сыймыгы болгон комуз менен чоң ырчылардын ырларын аткарып жүрдүм. Алгачкы музыкалык билимди Ош МУнун "Үмүт" фольклордук тобунда бир канча өзүм курдуу балдар-кыздар менен ырдап жүрүп алдым. Биринчи элге чыккан ырым "Тамашалуу ыр" болду. Автору белгисиз эски ыр эле. Сөзүндө өтө орой, уят жерлери бар экен, ал жерлерин агайым Каныбек Исаков оңдоп берди. Айпери Кулбаева экөөбүз ырдап чыкканбыз. Эл аябай жакшы кабыл алды. Азыр да кээ бир жерлерде ошол ырды сурап ырдатышат.
- Ырчыларга берилип жүргөн суроо, ырчылыкты кимден алгансың?
- Ырчы болуп калышыма Жолболду Алыбаев, Эгемберди Талипов, Ибрагим Жунусов сыяктуу агайларымдын таасири көп болду. Ошо кездеги Ош МУнун тарбия иштери боюнча проректору К.Исаков сыяктуу агайларымдын колдоосу артында ырчы катары калыптандым десем болот. Анан, албетте, азыраак шык да болсо керек. Ошол шыкты эмгек менен, изденүү менен толуктап отуруп өстүк.
- Сенин ырларыңда да, кийимиңде да улуттук колоритке болгон басым байкалат. Элдин баары европага ыктап атканда сен комузду колдон түшүрбөйсүң.
- Эски ырлар эстен кетпейт дейт. Акыркы күндөрү жаштар көчөдө комуз көтөрүп жүргөндөн уялып калышкан. Комуздан көрө гитара кармап көчөдө басуу артыгыраактай көрүнгөн күндөр болду. Комуз менен гитаранын ат менен төөдөй айырмасы бар. Гитаранын орду бөлөк, комуздун орду бөлөк.
Комуз айтат экен,
Өзүм өрүк болсом,
Капкам карагай болсо,
Тепкем терек болсо,
Кылым ичеги болсо,
Арманым жок эле, - деп. Комузду жасай да, сактай да, пайдалана да билиш керек. Бул жумуш кыргызга таандык. Мен англисче ырдап бир дагы чет өлкөлүктү таң калтыра албашымды жакшы билем. Ар бир эл өз маданиятына кам көрө билиш керек. Биздин маданияттын уюткусу комузда жатат. Ошондуктан мен ырчы болсом комуз менен ырчымын. Кыргыз болсом ошол ак калпагым менен кыргызмын.
- Сени Ошто эң кымбат тамадалардан деп угам. Тамадалыктын баасы жөнүндө айтсаң?
- Тойлорго тамадалык да кыла коем. Колдон келсе эмнеге болбосун. Ырчы менен тамаданын айырмасы деле жоктой. Экөөндө тең эл назарындасың, толкуган 200-400 адамды ары-бери башкарасың. Жакшылыктын жарчысы болуп эл кызматында жүрөбүз. Биздин өнөр сатылбайт, ал бааланат. Азыркы базар шартына жараша анча-мынча нерсеге ыңгайлашууга туура келет экен. Мынча бересиң деп эле той ээсин кодулай бермей жок. Ошол жакшылык ээсинин дараметине жараша көп кыйнабай, көңүлүнөн чыкканын алам. Ал эми кадимки кардарга шаар ичинде бир той алып баруу, 5-6 ыр менен кошо 8000 сомдон, ал эми шаардан сырткары жактарга 10000 сомдон алабыз.
- Тополоңдо араздашкан эки эл канткенде жарашат деп ойлойсуң?
- Качан гана Кыргызстанда жашаган элдер кыргыз тилинде сүйлөгөндө жарашат. Кыргызстан элдери өзү тепсеп жүргөн топурагынын баасын билгенде, кыргыз тилин урматтоо керек экенин түшүнүп жеткенде жарашат. Мына ошондо жарашмак түгүл биротоло ажырагыс болуп биригет. Куда-сөөк болуп ширелишет. Кыргыз эли кечиримдүү март эл. Биз кечире алабыз. Негизгиси биздин кечиримге жараша тилектештик ниет болсо кана. Кыргыз тили Кыргызстан элдеринин орток тили катары өкүмүн жүргүзүшү керек. Аны бүт кыргызстандыктар улутуна карабай колдошу шарт. Бир тилдин үстөмдүгү жок өлкөдө ушундай ажырымдар боло берет деп ойлойм.
- Кыйналган күндөрүң жөнүндө айтып берчи?
- Мен кыйналгам. Айылда ар кимге мандикер болуп, арзыбаган акчага ылай чылап, кыш куюп жүргөн күндөр унутулбайт. Мен ошондогу ылай, чаң, кир болгон, тер жыттанган, мен жыттанган футболкамды, жынсы шымдын пайчасын кесип салган шортамды алигиче баштыкта сактап жүрөм. Жуудурбастан ошол бойдон каттырып койгом. Шералинин чокоюндай төрүмө илип албасам да, тез-тез ачтырып, жыттып-жыттып турам. Бая күнү кийип да көрдүм, чыпыйып тар келип калыптыр.
- Аялыңды эч жаныңдан чыгарбай, Көксулуудай кылып дайыма алып жүрөсүң, сенде да казан-аяк кагышабы?
- Камчың кайраттуу болсо, катының уяттуу болот, -
деп Кутман оозун жыя электе, ачуусу жүзүнө чыккан Көксулуусу сырттан кирип келип эле жемелеп кирди: "Мен үч сааттан бери машинеде отурам. Качан бүтөсүңөр?", - деп. Биз болсо эми эле ооз тийген сыраларыбызды таштап, Көксулуунун артынан телтеңдей бастык. Ошону менен маегибиз токтоду, сырабызды да ичпей калдык.
Ыдырыс Исаков, Ош