Добулбас

Азимбек БЕКНАЗАРОВ, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү:
"Атамбаев бардык сунуштарга макул болду, бирок менин үкаларим көнбөй коюшту"
"Жакында эле Акүйдүн 7-кабатына сотту чакырып алып, бир коррупционерди актайсың дешти"
- Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө арналган филармониядагы кечеде, залга сөөмөй кезеп бир жарылып алдыңыз окшойт, кимге кезедиңиз?
- Эки революциянын тең башында туруп, мен прокуратура органдарын жакшы билем. Прокуратура кызматкерлери өмүрүн тобокелге салып, 2005-жылкы март революциясында да, 2010-жылы апрель революциясында да эл катарында турушту. 24-мартта Акаев кача электе эле, эл менен бирге экенин айтып чыгышкан. Ошондо бир топ коррупцияга каршы иштерди жасашкан. Мисалы, Айдардын "Аалам сервисин" мамлекеттин карамагына алышкан. Бүгүн прокуратурага бердик деп мактанып аткан Акаевдин мейманканасын китепканасы менен кошо, ошондо эле прокуратура кызматкерлери мамлекетке өздөрү кайтарышкан. 2010-жылкы революциядан кийин дагы прокуратура кызматкерлери башка бир да органдар иштебей калганда, имараты өрттөнүп кеткен болсо да, көчөгө чогулушуп, иш башташты. 7-апрелдеги курман болгондордун ишин дароо иликтеп баштады. Жүздөн ашык кылмыш ишин козгоп, Бакиевдин ээлеп алган объектилерин мамлекетке кайтарды. Тарифтерди калыбына келтирип, уюлдук ар бир байланыштан 60 тыйындан алып атканын жокко чыгарып, жүздөгөн миллион топтогон акчаларды мамлекетке кайтарды. Бул учурда башка күч органдары "балким, Бакиев кайра келет" деген коркунуч менен иштебей турган болчу. 47 объектини улутташтырды. Ошол кезде "Мегакомдун" 49% акциясын 300 млн. долларга алабыз деп старттык баасын айтып, орус компаниялары келген эле. Ал кезде "биз сата албайбыз, анткени убактылуу бийликпиз, легитимдүү бийлик келгенде сатат" деп тийген эмеспиз. Азыр эми ошол акциялардын старттык баасы 150 млн. доллар деп, сатабыз деп атышат. Калган 150 млн. доллар каякка кетти? Бишкек ликер-арак заводун 2005-жылы Акаевдерден мамлекетке алып берсек, кийин Бакиевдер алып алган экен, 2010-жылы аны кайра мамлекетке кайтардык. Маалымат алсам, бул завод азыр да жең-ичинен сатылып кетиптир.
"Мегакомдун" арестке алынган 51 пайыз акциясы бир жылга жакын сотто камалып турат. Мен соттор менен "ал рейдерлик баскынчылык болгону далилденип атпайбы, неге кармап турасыңар?" деп сүйлөшсөм, "бийлик ишти каратпай жатышат" дейт. Елисеев, Ширшов жана башкалар жатат. Мен азыр атын атабай эле коеюн, жакында эле чоң бир коррупционер соттон акталды.
- Кайсы коррупционер?
- Мен азыр анын дагы, судьянын да атын атабайм. Судьяны Акүйдүн 7-кабатындагы бирөө чакырып алып, "баланча кишини актаган чечим чыгарып бересиң" дептир, ал сот "кантип актайм, бул коррупционер болуп атса" десе, ошол бийликтеги адам "анда ошол коррупционер менен мен сени тааныштырып коеюн" деп төркү эшигинен киргизиптир. "Ошол жерден чалкаман түштүм" деп судья шок болуп атат. Мына ушуга окшогон иштерди бүгүнкү легитимдүү бийлик жасап атат. Укук коргоо органдарынын, соттордун колуна чаап атат. Сот реформасы жүрбөй жатат. Эмне үчүн? Себеби бүгүнкү бийликтеги беш партия өздөрүнүн партиялык сотторун койгусу келип атат. Партиялардын прокурору, партиялардын соттору пайда болгону турат. Мына ушул коркунуч үчүн мен бүгүн залга колумду кезедим. Кимге колумду кезегенимди айтпасам дагы, ал адам өзү түшүндү деп ойлойм.

"Булар мени алдап эле ошол жакка алып барып тыкканы жатат го деп шектенгем. Ошондой эле болду"
- Сиз азыр эмнеге бош жүрөсүз?
- Мен дайыма эле айтып келип атпаймынбы, убактылуу өкмөт өзүнүн тарыхый миссиясын аткарышы керек. Ал тарыхый миссиябыз революциялык бийлик болгон убактылуу өкмөттү түзүш керек, убактылуу өкмөт мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүш керек эле. Биз ошону жасадык. 2010-жылдын 27-июлунда парламенттик республикага айландырдык. Парламенттик республика болгондон кийин жаңы бийликти ошол Конституцияга ылайык түптөдүк. Ушул идеянын авторлорунун бири катары мен аягына чейин отурдум. Жарым жолго келгенден кийин "мага эртең бийлик керек, кийин иштешим керек" деп шайлоого кетип калганым жок. Бүгүн легитимдүү бийлик бар. Бизге таптакыр карама-каршы жүргөн эле адамдар келди, бирок биз эл тандаган, элдин эркине ылайык келген бийликти таанууга аргасыз болдук. Бирок ошол адамдар келип, кайра эскиче кылып башкарабыз десе дагы деле мүмкүнчүлүгүбүз бар. Иште болобузбу, болбойбузбу, андан көз каранды эмес. Ошондуктан мен аягына чейин бир да партияга кирген жокмун, ошондуктан бийликте жокмун.
- Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлигиңизди койдуңуз эле...
- Конституциялык палатага бир топ саясатчылардын өтүнүчү менен, "сот реформасынын башында туруп жардам бер" дегенинен документтеримди тапшыргам. Кийин жыйынтыгын көрбөдүкпү. Булар мени алдап эле ошол жакка алып барып тыкканы атат го деп шектенгем. Ошондой эле болду окшойт. Мен бийликке деле жулунган жокмун. Негедир мага бул бийлик дагы убактылуу эле иштей тургандай сезилип атат. Анткени эски жолго түшүп кетип атат. Көп нерсени мен Атамбаевден үмүт кылып турам. Ал эки революцияга аралашып жүрдү эле, Акаев менен Бакиевдин адамдарын шайлоодо пайдаланса пайдалангандыр, бирок шайлоодон кийин жаңы жол менен кетер деген үмүттө туруп атам.

"Атамбаев бардык сунуштарга макул болду, бирок менин үкаларим көнбөй коюшту"
- Шайлоо учурунда Атамбаевди колдогонуңуз тууралуу маалыматты уктук, бирок аны колдооруңузду неге ачык айтып чыккан жоксуз?
- Коомчулукка ачык айтпаганымдын себеби, мен ушул шайлоодо бийлик кумары менен эки жаат болуп бөлүнүп, тополоң болуп кетеби деп көбүрөөк чочуп турдум. Анткени Кыргызстанды шумдуктуудай бөлүп-жарышпадыбы. Мен калыс туруп, кокус бир нерсе болсо, Кыргызстанды бөлүнүүдөн сактап калалы деген максатта турдум. Көп саясатчылар да ошентип кеңеш беришти. Кудайга шүгүр, шайлоо тынч аяктады. Эгерде мен Атамбаевди колдоорумду ачык айтып чыгып алсам, Түндүк-Түштүк болуп бөлүнүп башташса мен кантип калыс боло алмак элем? Ошондуктан мен Атамбаев менен, Мадумаров, Ташиевдер менен да жолуктум. Баарына мен калыс болуп турам деп айттым, ошол эле учурда моралдык, саясий жактан Атамбаевдин баарыңардан өйдө президент болгонго укугу бар дедим. Себеби өмүрүн тобокелге салып, БЭКтин, революциянын башында турду, 2005-жылы деле КЭКтин башында турган үчүн Түндүк-Түштүк дебей, Бакиев бийликке келген, 7-апрель күнү көбүнесе түндүктүн балдары өлдү. Бакиев аларды атып кетти. Ошондуктан Атамбаев бийликке келип, революциянын максаттарын ишке ашырсын дедим. Андан көрө 2005-жылдагыдай кылып тандем кылалы, бийлик баарыңарга жетет дедим. Атамбаевге сен президент болсоң, премьерликти түштүккө бересиң, Бакиев менен Куловдун тандеминде да ушундай болгон деп айттым. Атамбаев бардык сунуштарга макул болду, бирок менин үкаларим көнбөй коюшту.
- Азыр эми премьерликти кимге берет деп ойлойсуз?
- Азыр Атамбаев өзүнүн КСДП фракциясы аркылуу гана таасир эте алат. Өкмөт башчыны парламент тандайт. Биз 2009-жылы оппозициянын атынан Атамбаевди президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер катары алып чыкканыбызда, программасында "эгер мен президент болсом, өкмөт башчы түштүктөн болуш керек" деп айтып чыккан. Аны Алмаз эсинен чыгара элек болуш керек. Өзүнүн партиясынанбы же башка партияданбы түштүктүн бир өкүлүн тандашы керек.
- Бабанов канчадан бери өкмөт башчылыкка ачык эле аракет кылып аткандай?
- Бешенесине жазган болсо Бабанов премьер да, президент да болот, али жаш. Кудай бешенесине жазган эмес болсо көкүрөгүңдү он эки жолу ташка урсаң да боло албайсың. Бабанов бийликке көбүрөөк жулунгандан көрө, көбүрөөк иштеп, элдин ишенимине бекемирээк кирүүгө аракеттенсе жакшы болот эле, азыркы бийлиги ага ошондой шартты берет.

"Реванш алам деп, мен эмес Үсөн Сыдыковду сен каматтың"
- Жакында Байтемир Ибраевдин генералдык прокурордун жетекчисинин орун басары болуп келишин бир гезит жазып чыкты. "Мындан Бекназаровдун дагы деле таасири бар экенин билсе болот" деп. Бийликке азыр да таасир этип турасызбы?
- Биринчиден, мен али тирүүмүн, өлө элекмин. Менин өмүр баяным революциянын максаттарына, Кыргызстандагы оош-кыйыш учурларга байланышып калган. Менин таасирим иштесем да, иштебесем да болот. Ибраевди кызматтан алар менен мен маалымат жыйын өткөрүп, журналисттерге туура эмес алынганын, Байболовду туура эмес койгонун ачык эле айтып чыккам. Ошондо мен президент менен катуу сүйлөшкөм. Прокуратурада мыйзамды билген адам туруш керек деп. Менин айткандарымды турмуш өзү көп өтпөй далилдеп койбодубу. Козголгон кылмыштар боюнча баары токтоп, айрымдары акталбадыбы? Ибраев 47 объектини улутташтырган экен, улутташтыруу саясаты ошол бойдон эле токтоп калбадыбы. Улутташтыруу Ибраев менен эле Бекназаровго керек беле? Коррупциялык иштердин баары аягына чыкмак турсун, улутташтырылган объектилер жең-ичинен сатыла баштады. Роза Исаковна "сен туура айткан экенсиң" дегенден кийин мен "анда башка прокурор коюңуз" деп айттым. Ибраевди кайра алып келгенге эженин духу жетпеди окшойт, же "Кечээ алып, бүгүн коембу" деп ойлодубу. "Анда тергөө боюнча орун басар кылып коюңуз, баштаган ишин аягына чыгарсын, чыгара албаса жооп берсин" дегенмин. Ойлонуп көрсө керек, жакында ошол сунушум ишке ашты.
- Роза Отунбаеванын мөөнөтү бүтүп калды, тарыхый миссиясын аткара алдыбы?
- Роза Исаковна өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу Өкмөттүн башчысы катары өзүнүн миссиясын толук аткарды десем мен жаңылбайм. Убакыт келип, тарых бул кишинин эмгегине объективдүү баа берет. Бүгүнкү коомчулук адилеттүү баа бере албайт. Анткени аркы жээк, берки жээк болуп, бүгүнкү турмуш менен жашап атабыз, кызыкчылыгы жок - көз караш жок. Ошон үчүн тарых гана өз баасын берет. Тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп бергенинин өзү эмне деген эмгек? Эң кыйын учурда айтылган жалаа, ушактардын баарын көтөрдү. Эки чоң окуяны баштан кечирди - 7-апрель, июнь окуясы. Ошол окуялардын каармандары бүгүн адилеттүү баа бере албайт.
- Алайда Чыйырчыктын белинде сиз түштүктүн президент болом деген лидерлери менен жолугуп, Исхак Масалиев "Үсөн Сыдыков экөөбүздү сиз каматкансыз" деп таарынычын айтыптыр?
- Ооба, Тилеке баатырдын 400 жылдык мааракесинде боз үйдө ошондой сөз болгону чын. Ошол жерде президент болом дегендерге "баарыңар чуркабай, ымалага келбейсиңерби" деген сөз айтылды. Ошондо Исхак "Сиз мени-үкаңизди, Үсөн акаңизди мыйзамсыз каматкансыз" деген таарынычын айтты. Мен ага "Сен ким каматканын алиге чейин жакшы билбейт турбайсыңбы, сен өзүңдү өзүң каматтың. Реванш алам, парламентти топтоп спикер болом, президенттин милдетин аткаруучу болом деп атып, мен эмес Үсөн Сыдыковду да сен каматтың. Аксакалды алдыга салып коюп, Түлеев премьер, сен спикер болом дедиңер. Силерге ишенип, ал Түштүктө бүт обладминистрацияларды басып алды, силер өзүңөр качып кеттиңер. Душманым болсо да мен анын сапаттарын сыйлашым керек. Үсөн ака аягына чейин турду. Силерге окшоп Үсөн ака бийликтин колтугуна кирип кеткен жок, шарттуу түрдө болсо да өз жазасын алды. Эгерде биз Үсөн акани камабаганда, ал бизди камайт эле. Башка жол жок болчу" дедим. Үсөн ака да туура деди. Биз Бакиевдерге окшоп камакка тыгып салбай, саясий чечим алып, үй камакка чыгардык. Чындыгында, Үсөн Сыдыков Масалиев менен Түлеевдин курмандыгы болуп калды. Булар Москвадан катуу сүйлөшүп келишип, аягына чейин турбай качып кетти. Жаманбы-жакшыбы Бакиевди Үсөн Сыдыков сатпагандай эле, Акаевди сатпаган Жанузаков, Жумалиевдерди да сыйлайм. Аларды туруктуулугу үчүн баалаш керек.

Дилбар АЛИМОВА