Качкан ажонун айылында

Тейиттеги Бакиевдердин өрттөлгөн үйлөрү ремонттолууда, Адыл Бакиевдики балдар бакчасы болуп калган
Урматтуу редакция, 7-апрелден кийин Бакиевдин айылындагы үйлөрү өрттөлбөдү беле. Ошол үйлөр азыр кандай акыбалда? Бири ремонттолуп атат десе, дагы бири үй-жайы жок бомждор кирип алыптыр деп атышат. Бакиевдин үйүн айылдыктар бала бакча кылып иштетип алышкан деп да угуп калдым. Ошто журналисттериңер бар эмеспи, ушуну билип жазсаңар деген өтүнүчүм бар эле.

Стамбек,
Бишкек шары

Апрель окуясынан кийин Курманбек Бакиевдин туулуп өскөн жери Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Тейит айылындагы турак-жайы өрттөлүп, талоонго учураганы баарына маалым. Бир короодо турган Бакиевдерге тиешелүү үч үйдү өрттөө азыр Швецияда жашынып жаткан Кадыржан Батыров тарабынан жүзөгө ашырылгандыгын коомчулук жакшы билет. Ошол өрттөлгөн үйлөр азыр кандай абалда деп сураган окурмандарыбыз бар. Айылдыктар бала бакча кылып алган десе, айрымдар үй-жайы жоктор ээлеп алган деп эл арасында ар кандай кептер айтылууда. Иштер менен Сузак районуна барып калып, Тейит айылына да кайрылдым.

Дарбазасын бекиткен кошуналар
Кыргызстанды такыр билбеген чет өлкөлүк конок болсо деле Тейит айылына келгенде Бакиевдердин айылы экенин дароо түшүнөт. Анткени бул айылга киргенде эле "Абдувасит Бакиев көчөсү" деген килейген жазууну көрөсүң. Ар бир жашоочунун дарбазасына ушинтип бадырайган жазуу илинген. Бир байкаганым ушул болду, тейиттиктер чоочун адам менен сүйлөшкүсү келбей качат экен. Айрыкча журналистти көргөндө дарбазасын илип, дароо жашынып калышат. "Тажадык, бир жылдан бери айылыбызды туш-туштан каптап эле улам бири келе беришет", - деди бир аял.

Адылдын үйүн балдар байырлап…
Айылдын кире беришинде эле Адылбек Бакиевдин үйү бар. Ал өрттөлгөн эмес. Тейит айылына барган киши бул көз жоосун алган үйдү дароо баамдайт. Алгач, чоң компания же ишкана деп ойлойсуң. Ошентип бул имарат мурда экс-ажонун иниси Адыл Бакиевдин кадимки жашоочу үйү болуп келген болсо, азыр бала бакчага айланган. Былтыртан бери бапырап эле бала күлкүсүнө толуп, айылдыктардын балдар бакчасы болуп калган тура. Былтыр өрттөтпөй кошуналары коргоп калышкандан кийин жергиликтүү эл кеңешип, бөбөктөрдүн пайдасына иштесин деген чечим кабыл алышкан. Бирок бир жылдан бери жакшынакай иштеп келаткан балдар бакчасы 15-20 күндөн бери иштетилбей жабык туруптур. Анысына эмне себеп экенин иликтегенге үлгүрбөй калдык.

Бакыт Бакиев:
"Кадыржан Батыров мамлекеттик желекти,
боз үйдү биринчи өрттөткөн"
Жогоруда айткандай, бир короодо жайгашкан үч үй өрттөлгөн болчу. Бири Курманбек Бакиевдики, атасынан калган үйдү чоңойтуп салдырып алган. Бири болсо Санжар Бакиев жашап келген үй. Бири болсо Салы Бакиевдин бир тууганыныкы болгон. Өрттөлгөн үйлөр бир короонун ичинде. Учурда чын эле ремонт болуп атканына күбө болдук. Курманбек Бакиевдин иниси Каныбек Бакиевдин уулу Бакыт Бакиев ошол жерде экен. Баарына баш-көз болуп, ремонтун бүтүрүп аткан ошол бала экен.
Бакыт Бакиев июнь коога­лаңындагы улуттар аралык араздашуулар да дал ушул окуядан, Тейиттеги үч үйдүн өрттөлүшүнөн тутанды деп эсептейт. Кадыржан Батыров ээрчитип келген агрессивдүү абалдагы жаштар биринчи эле болуп, үйдүн тамында желбиреп турган кыргыз желегин түшүрүп, өрттөп салышкан.
- Биринчи эле алар желекти өрттөшкөн. Ошондой эле Курманбек Салиевич дайым чет өлкөдөн келген конокторду тосчу кыргыздын улуттук колорити болгон боз үйдү да өрттөшкөн. Чындыгында кыргыздын мамлекет башчысынын тамында желбиреп турган желектин, көчмөн элибиздин сыймыгы болгон боз үйдүн өрттөлүшү эмне деген кордук. Мындай көрүнүшкө чыдабаган жергиликтүү кыргыз жигиттери да жинденип, ортодо Кадыржан Батыровдун адамдары менен кагылышууга туура келген. Ошол жерден улуттар аралык мамилеге чоң жарака кеткен. Июнь калабасынын алгачкы тутануусуна да ушул окуя себеп деп ойлойм.
- Өрттөтпөй сактап калууга такыр мүмкүнчүлүк болгон жокпу?
- Такыр мүмкүнчүлүк жок болгон. Анткени Кадыржан Батыров баш болгон топтун баары куралданган болчу. Ок атып, жаалданып келген топко жергиликтүү жашоочулар да каршы чыга алган эмес. Эгерде кичине каршылык болгондо, ортодо бейкүнөө карапайым элге кыйын болмок. Ошондуктан үйдү сактап калабыз деп чыккан айылдаш кошуналарыбызды да токтотуп калганбыз. Эң негизгиси - элдин тынчтыгы, коопсуздугу эмеспи.
- Үйдү кайрадан оңдоп-түзөп жатыпсыңар, кимдин каражаты менен оңдолуп атат?
- Баарын туугандардын, кошуналардын жардамы менен оңдоп-түзөп жатабыз. "Алыстагы туугандан жакындагы кошуна артык" деген элибиздин сөзү айныгыс чындык тура. Анткени биздин айылдаш кошуналардан айланса болот. Үйдүн тамын кайрадан жаап жатканыбызда, акысыз эле баарына кол кабыш кылган өзүбүздүн айылдын жигиттери болду. Бүгүнкү күнгө чейин баары жардам берип келишет. Үйдүн өрттөлүүсү боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок ушул күнгө чейин эч ким жоопко тартылган жок. Тергөө иштеринин көрсөтмөсүнүн негизинде, үйдүн өрттөлгөнү боюнча 7 млн. 400 миңден ашуун чыгым эсептелип, Кадыржан Батыров тарабынан төлөнүп берилсин деген чечим чыккан. Азырынча эч кандай оң натыйжа жок. Буюрса, акыйкат аныкталар. Ал да качып кетпедиби.
- Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиевдер жардам берип турушабы? Байланышың бар да ээ?
- Жок. Мен алар менен байланышпайм. Балким, чоңдор байланышып турабы-жокпу билбейм. Мен эч байланышканым жок.
- Курманбек Бакиевдин ушул абалга туш келишине уулу Максимдин салымы чоң да. Эл да ушул уулунун кылыктарына кыжыры келди да. Ушуга жеке пикириң кандай?
- Мен ал боюнча эч кандай пикир билдире албайм. Анткени алар көбүнчө борбордо турушкан. Мен өзүмдүн окуу жана иштерим менен Жалал-Абадда болдум. Бишкекке барганым жок, эчтекени билбедим. Бирок бир нерсени ачык айтышым мүмкүн. Ким эмне кылса өзү үчүн жооп берет. Эгер чынында күнөөсү болсо, мыйзамдын чегинде жооп берсин.
- Андай болсо, сени өкүндүргөн эң башкы нерсе эмне?
- Мени өкүндүргөн нерсе, апрель окуясында Сали чоң атабыздын бир тууганы Абдувасит Бакиевдин үйүн да өрттөп жиберишти. Жашы 90дон ашкан, согуштун ардагери болгон элдин аксакалында эмне күнөө эле? Байкушту карыганда чоң күйүткө салышты.

Кайрат Жапаров,
Сузак-Ош