Эл багарлар эмне дейт?

Жоомарт Оторбаев, Европа өнүктүрүү банкынын инвестициялык климат боюнча ага кеңешчиси:
"Бизде кландык система күчтүү, эч ким камалбайт..."
- Жоомарт Кайыпович, "Ата Мекен" партиясы аркылуу депутат болуп келип, бирок мандатыңызды тапшырып салганыңыз эсибизде. Ошол кезде өкмөттүн курамына кирип, вице катары иштеп берейин деп ойлоп, бирок "Ата Мекен" коалицияга кирбей калган. Азыр эми өкмөт жаңыланганы турат. Сизди ушул өкмөттөн көрө алабызбы? Балким, кандайдыр бир сунуштар болуп аткандыр?
- Мен эл аралык каржы институттарын жакшы билем. Азыр Европалык өнүктүрүү банкында иштеп атам. Аткаруу бийлик системасы менен да жакындан таанышмын. Бирок мен мыйзам чыгаруу системасын жакшы билбейм. Ал жерде өзүмдүн пайдалуулугумду көрсөтө алмак эмесмин. Ошондуктан депутаттык ордумду бошотуп, жаш "атамекенчиге" өткөрүп бергем.
Учурда фракциялар ортосунда коалиция түзүү боюнча катуу сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Эгерде "Ата Мекен" коалицияга кирсе, анда биз да жаңы өкмөттүн курамына киришибиз керек. Мен бул жаңы өкмөттүн курамынан көрүнөмбү, жокпу, азырынча айтыш эртелик кылат. Бардыгы коалициянын тагдырына жараша чечилет. Бирок мен саясий кызматка, өкмөт курамына "Ата Мекен" менен барууну туура көрүп атам. Бул менин ички позициям. Кызматты жакшы аркалап, натыйжалуу иштөө үчүн кесипкөйлүк жетишсиз. Саясий колдоо да талап кылынат.
- Атамбаевге адам катары, саясий ишмер катары оюңуз кандай? Кандай кырдаалдарда билип калдыңыз бул адамды? Ал сиз үчүн ким?
- Алмаз Атамбаевди 15 жылдан бери билем.Чоң саясатка келгенден бери эле катышып, сүйлөшүп жүрөбүз. Жакшы билем деп айтсам болот. Бизнестеби, саясаттабы, экөөбүздүн мамилелерибиз достордой. Алмаз Шаршеновичке байланыштуу бир нерсени айтайын. 2001-2002-жылдары мен Philips Electronics компаниясынын Борбордук Азия боюнча өкүлү болуп иштечүмүн. Ал кезде Алмаз Атамбаевдин бизнесмен катары Майлуу-Суудагы электр лампа заводунда акциялары бар болчу. Ошондо биз чоң долбоор баштаганбыз. Ал электр лампа заводунун базасында Philips Electronics компаниясынын продукцияларына тетиктерди чыгаруу долбоору эле. Компаниянын өкүлдөрү келишкен. Аларды Атамбаев менен тааныштырып, чоң сүйлөшүүлөр башталган. Долбоордун бюджети жүздөгөн миллион доллар болчу. Мындан сырткары ушул долбоордун негизинде инженердик борбор ачабыз дегенбиз. Анда 100дөй адистер компьютерде олтуруп, компаниянын продукцияларынын дизайнын жасашмак. Компания өкүлдөрү биздин ЖОЖдордон бүтүшкөн программисттердин деңгээлдерине ыраазы болушкан. Атамбаев ал кезде оппозицияда болгондуктан, мындай долбоорду ишке ашырууга жогорку бийлик каршы чыгышкан. Эч кимге көрсөтпөй, ачык айтышпай чоң долбоорду токтотуп коюшкан. Ошол күндөрү жумасына 2-3 ирет жолугуп, сүйлөшүп турчубуз. Максатыбыз, үмүтүбүз зор болчу. Кийин мен өкмөткө келгенде кеч болуп калды. Инвесторлордун кызыкчылыгы болгон жок. Башка мамлекетте долбоорду ишке ашырышты.
Атамбаев, мен үчүн, президент болууга моралдык укугу чоң болгон адам. Президенттик шайлоого катышкандардын калганы былтыркы апрель окуясы кезинде кайда жүргөндүгүн баарыбыз билебиз. Азыркылардан Атамбаев менен Текебаев гана ал кездеги бийликтин үй-бүлөлүк саясатына каршы турушту да.
- Кечээ жакында эле "Ата Мекен" партиясы уюштурган эл аралык конференцияда Кыргызстандын экономикалык абалын Африка өлкөлөрүнө теңеп таштадыңыз. Европа банкында (ЕБРР) иштеп аткан чоң адис болсоңуз, бул айтканыңыздын артында көп нерсе жатса керек. Муну эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүнө, жыйынтыктарына таянып айттыңызбы?
- Биздин ИДП 850 доллардын тегерегинде. Бул жагынан Африка өлкөлөрүнө теңелип, 140-орунду алып атабыз. Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси жагынан КМШда эң артыңкы орунда, Нигерия жана Гвинея өлкөлөрүнүн ортосундабыз. Коррупциянын деңгээли боюнча акыркы 10 мамлекеттин ичиндебиз. Бул Кыргызстандын 20 жылдагы көрсөткүчтөрү. Кыргыз эли буга татыктуу эмес. Тилекке каршы, бул Кыргызстандын экономикасынын реалдуу абалы. Жогорудагы көрсөткүчтөрдө көп жылдардан бери эч кандай өзгөрүү боло элек. Коррупция ошол эле бойдон, ошол эле мезгилде коррупцияга балта чаптык деп жүрөбүз. Андыктан, жаңы бийлик, жаңы өкмөт ушул жаатта көп иштерди жүргүзүүсү кажет. Алтынды экспорттоодо гана бизде көмүскө экономика жок. Жылына 1 млрд. доллар көлөмүндө сыртка алтын сатабыз. Калган бардык тармактарда көмүскө экономика өкүм сүрөт. Сыртта жүргөн эмгек мигранттарыбыз жылына 2 млрд. долларга жакын акча жиберишет. Кытайдан жылына 10 млрд. доллар көлөмүндө товар реэкспорттолот. Мындан Кыргызстанга жылына 2 млрд. доллар киреше болот. Бул жагынан де факто Кыргызстан Борбордук Азиядагы соода борбору болуп калды. Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүү үчүн потенциалдары чоң деп айтсак болот. Муну жаңы өкмөт өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына буруп, натыйжалуу иштетиши керек.
- Кыргызстандын финансылык абалы кандай? Бюджеттин дефицити кандай абалда? Улутташтырылган объекттерден бюджетке 4 млрд. сом түшөт деп айтышкан. Андай болгон жок. Атамбаев шайланып алды, эми абал кескин начарлайт, айлыктар берилбей калат деп айтып, жазып коркутуп атышат.
- Чынын айтканда, быйыл бюджетибиз жакшы эле өстү. Бирок башында койгон максаттарга жетишпей калдык. Гранттар келбей алды, ЕврАзЭСтен, Азия өнүктүрүү банкынан акчалар берилбей калды. Бюджет тартыштыгы чоң, эмне болот деп драмалаштыруунун кереги жок. Катастрофа болбойт. Себеби айлыктарга делген акчалар гана жумшалды. Калган акчалар коротулган жок. Бирок өкүнүчтүүсү, 2012-жылга карыз менен киребиз. Иш жүзүндө 2012-жылдын бюджетиндеги акчаларды иштете баштадык. Келерки жыл аябай оор жыл болот. Муну ачык айтышыбыз керек. Азыркы өкмөт жаңы өкмөткө экономиканы оор абалда өткөрүп бергени турат. Ошондуктан Атамбаевдин өкмөтү ыкчам аракеттерди көрүп, зор жигердүүлүк менен иш алып барбаса кыйын болот.
Ал эми улутташтырылган объекттерге келсек, башында эле ишенген эмесмин. Стратегиялык ири объекттерди кыска убакытта, жогору баага пулдоо мүмкүн эмес. Ага саясий климат да жок. Реалдуу, өзүбүз каалаган баада сатуу үчүн кеминде 2 жыл талап кылынат. Андай болбосо объекттер арзан сатылат же сатылбайт.
- Бюджет дефицитин жабууга ЕврАзЭСтин антикризистик фондунан 106,7 млн. кредитин Россия бербей келатат. Эмне үчүн Путин убада берип, кайра создуктуруп жатат? Же Атамбаев Кремль койгон айрым шарт, талаптарды аткара албай атабы?
- Жок, бул маселе техникалык себептерге байланыштуу токтоп турат деп ойлойм. Саясий жагынан чечилген. Путин, Атамбаев, Назарбаев, Лукашенконун ортосунда саясий деңгээлде макулдашуу болуп, чечим кабыл алынган. Буга байланыштуу айрым карыздардан кутулуу маселелери да каралып, түшүнүшүү болгон. Мында болгону Кыргызстандын адистери иштебей, документалдык процедураларды аягына чыгарбай коюшту. Жеке бир адам деле банктан кредит ала турган болсо, толуп аткан бир катар документтерди толтурат. Антикризисттик фонд деле банк сыяктуу. Кыргызстан тарап кредит алуу үчүн тиешелүү көптөгөн документтерди толтуруп бериши керек эле. Бул жерде 100 млн. доллардан ашык акча жөнүндө сөз болуп атат. Менимче, дал ушул техникалык жагынан көйгөй чыгып, кыргыз өкмөтүнүн тиешелүү кызматтары чечалбай келатат. Бул азыркы кыргыз өкмөтүндө бирдиктүү команда жок экени көрүнүп турат. Жоопкерчиликти эч ким алгысы келбейт.
-Жоомарт мырза, эмне үчүн Кыргызстан Грузиядагыдай боло албай койду? Саакашвили ичип-жеген чиновниктерди камап, коррупционерлерди жок кыла алды. А эмне үчүн бизде революция болот, бирок эч камалбайт, жазаланбайт? Атамбаев деле коррупционерлерди жонунан сылап олтурат.
-Кыргызстанды Грузия менен салыштырып болбойт. Айырмасы чоң. Грузияга көп бардым, ал өлкөнү жакшы эле билем. Аларда биздикиндей кландык система жок. Бизде кимдир бирөө кылмыш кылса, коррупциялык көрүнүштөргө аралашса же жоопкерчиликке тартуу керек болсо, жогору жактан туугандары, жакындары табыла калат. Анан алар жоопкерчиликке тартуу ишине тоскоолдук кылып, сот процесстерине чейин кийлигише баштайт. Биздин эң чоң фундаменталдуу көйгөй - бул кландык система. Корруция менен күрөшүүнүн натыйжалуу жолу - коррупционерлерди камоо. Тилекке каршы, Кыргызстанда эч ким камалбайт. Акыркы шайлоодо эле айрым участоктордо чоң мыйзам бузуулар болду. Ошол мыйзам бузууга баргандарды токтоосуз күнөөсүн аныктап, камаш керек болчу. Бендукидзе Кыргызстанга келгенде да айтпадыбы, камабасаңар коррупция менен эч качан күрөшө албайсыңар деп. Эл ошондо ишенет, коррупцияга аралашчулар ошондо сестенишет, ойлонушат, коркушат. Шайлоодо мыйзам бузгандар "эч нерсе кылышкан жок, боло берет экен" деп, кийинки шайлоолордо да мыйзам бузууларга барышат. Кландык система өнүгүүгө гана тоскоолдук кылат. Бир жолу Африка өлкөлөрү эмне үчүн өнүкпөйт, эмне үчүн коррупция жогору деп ал жакта көп жылдар элчи болуп иштеген голландиялык дипломаттан сурадым. Ал кландык система өкүм сүргөндүгү үчүн деп жооп берди. Ал жакта кландык система бизден да күчтүү экен. Укук коргоо органдары дээрлик иштебейт дейт. Эми биз да Африка өлкөсүндөй болушубуз керекпи?
-Бажы союзунун плюс-минус­тарын айтсаңыз. Эмнеден утабыз? Эмнеден утулабыз? Кайсы товар кымбаттайт?
-Бажы биримдигине кирсек, Кытайдан реэкспорт токтоп, соодагерлерибиз кыйналып калат деп айтышууда. Учурда Россия ДСУга (Дүйнөлүк соода уюму) киргени жатат. Кийинки жылдын ортосунда толугу менен мүчө болот. Ага киргенден кийин Россия бажы тарифтерин түшүрүү боюнча документке кол коюшат. Биздин Кытай менен бажы тарифибиз 5 %ды түзөт. Россия, Казакстан менен 15 %. Россия бизге Бажы биримдигине киргенде тарифти 15%га көтөргүлө деп атат. Бирок алар өздөрү төмөндөтүшү керек болот. Бул ДСУнун эрежеси. Менин оюмча, бажы биримдигинин бирдиктүү тарифи боюнча сүйлөшүүлөр кеминде бир жылга созулат. Ага чейин Россия ДСУнун курамында болуп, бизге тарифтерди көтөрүүнүн зарылчылыгы болбой калат. Ошондуктан Бажы биримдигине кирүүнү өтө эле драмалаштырууга негиз жок. Эгерде Россия ДСУга кирбегенде бардык товарлар кымбаттап, айлабызды кетирмек.
Бирок бул маселеде мени таң калтырганы, кыргыз аткаминерлери бир нерсеге көңүл бурушпай атат. Россияда маяна жогору. Катардагы кызматкерлер да жакшы айлык алышат. Бажы биримдиги ал жактагы эмгек мигранттарынын абалын жеңилдетет. Ал жакка барып иштөө кескин жеңилдейт. Ошондо мугалим, дарыгер сыяктуу адистер Россияга дүңүнөн кете башташы мүмкүн. Эч кандай уруксаты, кыйынчылыктары жок иштегенге мүмкүнчүлүк алышат да. Андыктан ушул нерсеге жол бербөө үчүн айлыктарды көтөрүү зарыл. Биримдикке кирүүдө ушундай жагдайлар эске алынып, сүйлөшүүнүн темасы болуусу кажет. Негизги минусу ушунда.

Мирлан Дүйшөнбаев