Ойгон, кыргыз!

Мушкер Алмазбек Раимкулов АКШдан паспорту жок кете албай, соттон сотко сүйрөлүүдө. Атактуу боксерго кыргыз бийлигинин жардамы керек!!!
Алыстан атын угуп эле көптөр сыймык туткан кыргызстандык боксер Алмазбек Раимкуловдун Америкадагы абалына кыргыз бийлиги кийлигишиши керек болуп турат. Океандын ары жагында жүргөн профессионал мушкер, олимпиадалык оюндардын катышуучу, бир нече эл аралык таймаштарда жеңишти камсыз кылган Алмазбек Раимкулов азыркы жагдайы туурасында айтып, Facebook интернет тармагы аркылуу коомчулукка кайрылды. Анда кеп башынан болсун.
Учурда ал Америка Кошмо Штаттарында, Лос-Анджелесте турат. Спортчунун интернет аркылуу кайрылуусунун негизинде маалымат таратылып, кайдигер карабаган мекендештери профессионал спортчунун абалы, учурдагы түйшөлүп жаткан жагдайлары туурасында айтып беришти. Көрсө, Алмазбек Раимкулов америкалык промоутери менен соттошуп, Кыргызстанга келейин десе колунда паспорту жок кыйналып атыптыр. Шаардан шаарга көчүп, жаш боксчуларга сабак берип, өз тажрыйбасын үйрөтүп, оокат кылууда. "Эгерде чет жакта атактуу делген, дүйнөгө таанылган кыргыз спортчусунун тагдырына кыргызстандыктар жана мамлекети ушинтип кайдигер караса, бөтөн жерде катаал жагдайга кептелген жөнөкөй кыргыз жумушчусу туурасында сөз кылып деле кереги жок", - дешти интернет аркылуу кайрылган жактоочулары күйүп-бышып.
Алмазбек Раимкулов эмнеге мындай абалга кептелген деген суроого окуянын өнүгүш тарыхынан баштап жооп берсек. Эки жыл мурун мушкер рингге чыккан акчасынын 30 пайызын гана өзү алып, калган 70 пайызы анын промоутеринин чөнтөгүнө түшөрүн тактап билген соң, ага каражат шартын өзгөртүүнү талап кылган. Бирок маселе тынч чечилбей, кепке келбей кежеңдеген промоутерин ызаланган Алмазбек бир уруп калат... Албетте, А­КШда мындай өңүттөгү окуя тынч өтпөйт. Ошентип, эки жылдан бери сот процесси создугуп, чечилбей келе жатат. Кезектеги сот үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрына белгиленген. Анда кандай чечим кабыл алынып, процесс ушуну менен токтойбу али белгисиз...
Өлкөдөн чыгып кетүүгө Алмазбектин паспорту жок. Кааласа аны Кыргызстанга депортация кылып деле жиберишмек, бирок маалыматтарга караганда, АКШ тарап мушкерге өз жарандыгын берүүгө кызыкдар.
"Эки жыл аралыгында бир топ кыйналды. Темир тор артына баңги заттары менен шугулданып, эркинен ажыратылгандар менен да чогуу отуруп чыкты. Учурда, Алмазбекке бир катар Азия өлкөлөрү кол сунуп, жардам көрсөтүүгө даяр экен. Бирок биздин спортчу Америка жарандыгынан баш тарткан сыяктуу эле, Азербайжанга да ыраазычылыгын билдирип, бирок сунушун кабыл албады. Ал бир гана, дүйнөлүк таймаштарда Кыргызстан байрагы гана астында чыгуу максатын көздөйт. Эгерде А.Раимкулов АКШда калса, таймаштарга катышууга мажбур болуп, жанагыдай промоутерлердин чөнтөгүн гана толтуруп калат", - дешет интернет аркылуу кайрылган адамдар.
Эки жылдан берки Алмазбектин башына айланган кара булутту дипломатиялык паспорт алып коё алат дешет тарапкерлери. Буга чейин ал океан ары жагына каттаган саясатчылар, бийлик төбөлдөрү менен жолугууга, АКШдагы Кыргызстан элчилигине барганы менен көйгөйүн чечүү аракеттеринен майнап чыкпай келет.
Учурда Кыргызстандагы укук коргоочулар бул маселе боюнча жагдайды иликтеп, эки тараптан тең кандай мыйзам бузуулар кеткендигин караштырып чыкмай болушту.

Нургүл Максутова




Түгөлбай Казаков:
"Адамга окшоп
сапарга чыктым эле…"
19-20-ноябрь күндөрү Бишкекте, Улуттук филармонияда белгилүү обончу Түгөлбай Казаковдун 60 жылдыгына жана чыгармачылык жолуна арналган концерти болуп өттү. Борбордогу ал концертке чейин Ош шаарында да концерт берип, ырын сүйгөн, күткөн калкты обондоруна, мазмундуу сөздөрүнө карк кылган эле. Соңку күндөрү белгилүү обончунун ырларын аткаруучуларынын ыр сынагынын жыйынтыгы да чыгарылды.
Обончунун соңку "Саманчынын жолу", "Коштоду бизди бир арман", "Жолдор, жолдор…" ырларынын премьерасы болуп өттү.

Алтын балалык

Чыгармачыл жандардын, өзгөчө ыр майрам жарата билген, сөз чебери, акылман, даанышман Түгөлбай Казаковго окшогон адамдардын чыгармачыл кечеси экинчи кайталангыс керемет дүйнө эмеспи. 19-ноябрдагы, Бишкектеги концерттин биринчи күндөгүсүнө күбө болуп, Кубат Оторбаев айткандай, "аскар тоолор менен, ала салган толкундар менен, аңкыган гүлдөр менен, нан жапкан апалар менен, чепкенине орогон аталар менен" жолуккандай болуп, ар кимибиз балалыктын, алгачкы сүйүүнүн, студенттик курактын, намыстын, акыл-эстин, күрөштүн, армандын айтып бүткүс бир дүйнөсүнө сүңгүп кирдик.
Түгөлбай Казаков "Эсимде" аттуу сыясы кургай элек китебинде ар бир ырынын баянын ташка тамга баскандай баяндап бергени бар. Кечеде да ырларынын баянын учкай айтып өттү. Эгер "Алтын балалык" баян үчүн спектаклге арналып жазылып, бирок ал обон болуп калса, "Селкинчек" 80-жылдары жазылып, ошо бойдон калып, эми аны "Ак шоола" балдар хору алып чыгып, секелек кездин селкинчегин тептирди, "Жамгыр төктүнү" сөзүн да, обонун да өзү ойлонуп-толгонуп олтуруп, жамгыр төгүлүп атып жараткан экен. "Шумкардын" сөзүн жазган Эркин Тазабеков анын 3-куплетин бүтпөй, же компартиядан жазгандыбы, иши кылып, аягына чыкпай, анын көзү өткөндөн кийин ал текст да толукталбаган боюнча шумкар болуп обого учуп кетиптир. "Насыйкаттын" сөзүн Акбар Рыскулов жазып берип, элге насыйкат болуп тоолордон-түздөрдөн ашып, калааларга, мегаполистерге меймандап кетти. "Гүлзарлар" болсо дале баягыдай сезимдин түпкүрүндөгү аялуу кылдарын ойготуп, дале "жалгыз" келатканы келаткан. "Сырдашуу" обон созоордо мажүрүм талды али көрө элек кези экен, бирок кыялында мажүрүм тал ушунча жумшак, ушунча аялуу өңдөнүп туруп алганы… Назым Хикметтин бул ырын Салижан Жигитов которгондо, ыйлап турган мажүрүм тал андан бетер кудум кыргыздардай ыйлаган тура.

"Өзү келди, капыстан келди
куунап,
Өмүр деген базардын
жаймасында…"
Деп ырдап, тун сүйүү келди. Чачты кайрып тарап, мында бир обондорду жаратты. "Алтын балалыкты" ырдап берет элем деп радионун эшигин эки саат сагаалап, ара чолодо намыска тиер сөз угуп, акыры ал ырдын бактысын Беганас Сартов ачып кетип, теледе ырдап… Кийин "Гүлзарга жалгыз барып", "Шумкарды сабалатып", "Жамгырды төгүп", "Насыйкат" насаатын берип… далай жыл, далай суулар акты…
Көрүүчүлөр болсо андан бери 60 ашуу артта калганын сезбей, Түгөлбай "Жыйырманчы жазда" жүргөнсүп, дале баштагыдай ырдап, моокумду кандырса деп үмүт этип олтургансыды. Түгөлбай 60 жашта, баягы кездер, баягы үн артта дегенди уккусу келбей, кайра-кайра кол чаап ырдатып жатышты. Өнөрлүү адам мына ушул алдыдагы эмгеги, маңдай тери, өнөрү менен адамдардын арасында карыбай-арыбай жашап келет экен… Жаны жай албаган көрөрмандары, угармандары карытар, арытаар эмес.
Агасы Эсен акын болбой, Түгөлбайды карап, айылда тирлик менен тил табышып, калган олжосу эми ушул экен - иниси Түгөлбай ыр дүйнөгө, ички дүйнөгө, сезим кылдарын чертип, ар бир жаш жүрөктө, жаш эместеринин сезими, дили жаш болуп, Рыспай, Аксуубай, Мукан, Калыйбектей… дагы-дагы алдыдагы-кийинки муундагы обончу, композиторлордой, ай-ааламды обон менен, көркөм дүйнө менен байытып, жашартып, дилин, жүрөгүн, ышкысын агартып, тазартып жашап келатат…
Бар болуңуз, биздин алтын балалыгыбызды, жаштыгыбызды, жалын күндөрүбүздү эске салып, арман күндөрүбүздө сооротуп, жаракатыбызды жеңилдеткен, Түгөлбай ага!

Айгүл Бакеева

P.S. Бул күнү Түгөлбай ­Казаков угармандарынан, көрөрмандарынан, замандаштарынан алкоо сөздү армансыз укту. Ал эми анын таластык жердештери ак жол каалап, "Жолдор, жолдор… жолдорго" алып жүрсүн деп "Джип" машинасын белекке беришти. Алдыдагы жолдор жеңил, бирок чыгармачылыкка шыкактаган байсалдуу жолдор болсун демекчибиз.