Каттар, каттар, каркыралар

Менин Шириним, Равшанга алданба!
ЖК депутаты Ширин Айтматовага
Мен турмушту да көргөн, балалуу-чакалуу да болгон, тагдырдын бороон-чапкынына нечен ирет кагылып-согулган адаммын. Жашым 41ге келди. Турмушумдан эмнегедир аксап келем. Сүйүүсүз нике, ажырашуу менин турмушумду коштоду. Жанагы Равшан Жээнбековду издеп таап, башын жарайын деп ойлоп жүргөм. Бирок Ширин сулуунун өзүнүн маегин окугандан кийин токтоп калдым. Улуу жазуучунун кызы деп сыйлап жүрсөм, Ширин менин жан-дүйнөмө будуң чаң түшүрдү. Жүрөгүм дүкүлдөп, аңтар-теңтер болуп алда нени күтөр элем. Издээр элем. Ал издеттирген сүйүү сезими экен. Улуу жазуучу элестенген, бирок жаш, сулуу, атына заты жарашкан Ширин кыз биринчи көргөндө кызыктырды. Акырындап сүйдүрдү. Бул да тагдыр экен. Азыркы күндөрдө Ширин өтчү жолдорду акмалайм. Жолугушуунун жолун издейм. Балким, тагдыр дагы жылмайып экөөбүзгө бир жолду буйруп тургандыр деген жылаңач үмүт бирде кубандырса, бирде үмүт үзүлөт. Жоопсуз сүйүүдөн жүрөк кыйналып кетет. Кайдан да жүрүп бул кызга арбалып калдым деп бирде кейисем, бирде тирүүлүктөн махабаттын, сүйүүнүн даамын, азабын, тозогун тартканыма ыраазы болом. Кызгылтым баткан күндү көрсөм да Ширинди эстейм. Сур булуттун ак жамгырын көрсөм да, шуулдаган шамал үнүн уксам да, кыйналсам да, күлсөм да Ширинди эстейм. Менин муздак ай-жылдарыма жылуулук тартуулаган менин Шириним, кичине сары кызың экөөңдү колума көтөрүп, кастарлап багууга кудуретим жетет. Ширин, алтыным, сенин маегиңди окугандан кийин ого бетер көккө учтум. Сен Равшан Жээнбековго окшогондорго азгырылба, алданба. Карапайым жигит менен кол кармашып, татыктуу өмүр сүрүшүң керек! Менин Шириним, бир күнү сен жумуштан чыкканда алдыңдан тосуп чыгып таанышам, ошондо менин сунган колумду какпа! Сенин башка гезиттерден "Dе-факто" гезитине көп чыгаарыңды билем. Балким, менин катым сага жетип калар.
Максатбек,
Бишкек шаары




Бизди таң калтыргандар
Кушбак Тезекбаев
Ош облусунун губернаторунун орун басары бар, Кушбак Тезекбаев деген. Бакиевдин тушунда Жанышка жакпай калып, гумжардамды жеп алгандан кийин түрмөгө отуруп чыккан. Ошол кишиге Ошто нааразылык күч алууда. Карапайым элди киши ордуна көрбөй, арызын айтып баргандарга өтө орой мамиле жасайт экен. Эл болсо "өзүн кудай сезип баратат" деп нааразы. Анан 2008-жыл эске түштү. Бул киши түрмөдө жатканда абакта өлтүрүп койгон атышат деп биздин редакцияга кайрылган. "Түрмөдө менин өмүрүмө кол салынса, Жаныш Бакиевден көргүлө" деген кайрылуусун басып берип, ал кишинин ал-абалын жазып аябай коргодук эле. Кийин "силердин гезит болбосо мени түрмөдө өлтүрүп коюшмак" деп айтып жүргөн киши эми бийликке келгени киши тааныбай калыптыр. Келген кишиге орой мамиле кылат, өзүн кудай сезет десе ишенбей жүргөнбүз, маек алганы барган журналисттерге да мамилесин көрүп-билип жакабызды кармадык. Эмки сандарда Кушбак Тезекбаевдин кылык-жоруктарына кенен токтолобуз. Иликтөө башталды.


Дамира Ниязалиева
Ноокат райондук ооруканасында врачтардын шалаакылыгы менен 40тан ашык балага ВИЧ инфекциясы жуккан. Ошол балдардын энелери 8 күндөн бери пикетке чыгышууда. Ошто башталып, андан кийин Бишкекке келип Акүйдүн астында үшүп-тоңуп турушат. Көргөн кишинин боору ооруйт. Кайра кетели десе Ошко билетке акчалары жок. Энелер курсактары ач, суукта парламенттин астында кечээ кечке турушту. Бийлик болсо реакция кылган жок. Бизди таң калтырганы - депутат Дамира Ниязалиеванын чыгып койбогону болду. Ушул айым министр болуп турганда 22 балага СПИД жугуптур. Бир гана спикер Акматбек Келдибеков чыгып сүйүнттү эле, бирок акча которуп берем деген бойдон жоголду. Акчасы которулган жок. Эскерте кетели, балдары СПИД болгон оштук энелер өкмөттөн балдардын пособиесин жогорулатууну, компенсация төлөп берүүнү, күнөөлүү врачтарды жазалоону, андан сырткары Ошто курулуп аткан квартирадан бирден берүүнү талап кылышууда.

Кошой Наркеев




  Ыңгайсыз суроо

Курманбек Осмонов, ЖК депутаты:
"Күйөө баламдан коркпойм"
Экс-депутат Мамытбай Салымбековдун Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп жүргөн уулу Жумабек Салымбеков жакында эле учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмоновдун, өзү менен кошо "Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген кызы Нурзат Осмоновага үйлөнгөн. Буга чейин Жумабек Салымбеков мурунку аялы менен ажырашып, андан кийин кайнатасы менен соттошуп жүргөнүн уккан элек. Бул боюнча Жумабектин учурдагы жаңы кайнатасы Курманбек Эргешович менен байланыштык.
- Курманбек Эргешович, жакында эле кызыңызды күйөөгө узаттыңыз да. Күйөө балаңыздын аты Жумабек да. Салымбековдор менен куда болдуңуз дегендей...
- Ооба, Жумабек.
- Күйөө бала кут болсун!
- Рахмат.
- Эми сизге бир суроо. Сиздин күйөө балаңыз мурунку кайын атасы менен соттошуп жүргөнүн жакшы билсеңиз керек. Сиз эми жаңы кайнатасы болдуңуз. Ага кайната болгондон корккон жоксузбу?
- Күйөө баламдан неге коркмок элем? Коркпойм.
- Мурунку кайын атасы менен чатакташып, соттошуп атканынан улам сурап атабыз да?
- Жок, антип ойлобойм. Алар бактылуу жашайт деп ойлойм. Кайсыл ата-эне өз баласы жөнүндө кийин жаман болот деп ойломок эле. Ар бир ата-эне өз баласынын бактысын ойлойт.

Суроо салган Айзада Абазова





  Кимбайкенин галереясынан

Зарылбек Рысалиев
Азыркы милисанын чоңу бул орунга келгенде экинчи ажодон калган карасур климат али коюу тартып, али өлкөнү каптап турган маалы болчу. Сыналгыдан жалаң эле сайып кетиптир, союп кетиптир деген "чорнобелый" кабарларды угуп калганбыз. Аңгыча болбой эле тигил камалыптыр, бул камалыптыр, түрмөнүн оозу буума болуптур. Карматпай качып кеткен кашабаңдар сай-сайлап ар кайсы өлкөдө жүрөт деген жылуу түстүү кабарлар жайыла баштады. Угуп алып сүйүндүк. Асманыбыз агарып-көгөрүп ачыла баштагансыды. Бул киши бапылдаган мүнөзү менен көп нерсени жеңип келатат. Профессионалдык жагы аксайт, бирок батылдыгы жеңип турат. Жүргөн жери дайым тарса-турс, дака-дук… Бая күнү "эки жакшы киши көрсөм, бири милиция окшойт" деп ойлойм дейт. Ыйлагыбыз келип кетти. Чынында эле милицияларды кучактап алып ыйлагым келип жүрөт акыркы күндөрү. Токмокту да жеген ушулар, ууруну да кармаган ушулар, киши өлтүргүчтү да кармаган ушулар… Иши кылып баарын кылган ушулар… Баарын кылган ушулар. Министр Рысалиев жаңы өкмөттө калары ар-сар… Ал эми өгүнү ЖоКенин кенен залында орун алган "ыразборканын" убагында С. Жапаров менен "серпише" кетип, соңунда "жугунду" чачып жибергенде дымып эле калдык. Эми эмне болот деп. Садыр Жапаров негизи ошол "жугундуга" татыктуу болчу… Бирок эбин табышкан көрүнөт, эми мындан кийин бири-бирибизге "жугунду" чачышпайлы деп, эркекче кол алышып тарашты.
Кимбайке




  Элдик трибуна

Оштуктарды ойлондурган эмине?
Сулайман Жалилов,
Ош шаарынын тургуну:
"Студенттер арак ичип сабакка келишет"
- Ээ, уулум, эмнесин айтайын, шаарда тартип жок, башаламан болгон учур. Көчөлөрдө 5-класстын окуучусуна да спирттик ичимдиктерди сатышып, жаштар бузулуп бүттү. Бирөө сабап кетпесин деп, кечинде ээн-эркин көчөгө чыгыштан да коркосуң. Өзүм Ош мамлекеттик социалдык университетинде кароол болуп иштейм. Кээде студенттердин арак ичип, мас абалында сабакка келгенине күбө болуп, жүрөгүм ооруйт. Айта берсе арман көп, балам.

Зайнабедин Мамасадыков, шаар тургуну:
"Оштуктарда патриоттук сезим жокпу?"
- Оштуктарда көбүнчө патриоттук сезим өлүп калгандай. Анткени адамдарды сүйлөгөн сөзүнө баам салып, кайсы улуттан экенин ажыратуу кыйын болуп калды. Дегеле сөзүн түшүнүп болбойт, айланайын. Бир сөзү орусча, бир сөзү кыргызча болсо, арасында өзбекче кошуп сүйлөйт. Менин баамымда эң негизги көйгөй тил маселеси. Буга көбүрөөк басым жасаш керек. Башка жактан келген конокторго уят болуп бүттүк. Өзүбүздүн эне тилди барктай албай.

Дилафруз Касымова, шаар тургуну:
"Көмүрдүн баасы көтөрүлүп кетти"
- Шаарда кымбатчылык өкүм сүрүп турган мезгил. Бул көйгөйдү миң жолу айтсаң деле чечилбейт. Анткени бүткүл өлкөдө кымбатчылык болуп жаткан учур эмеспи. Бир эле мисал, көмүрдүн 1 килосу 6-7 сомго көтөрүлүп кетти. Арга жок суукта отурбайын деп сатып алууга туура келет. Аба-ырайы кескин сууп кеткенине байланыштуу кышка даяр болбогон карапайым калк бир топ жүдөп калды.

Исламбек Сарыбай уулу, 1-курстун студенти:
"Чоң курстар сабакка келбейт тура"
- Алгач, шаарга келгенде факультетти башкача элестеткен болчумун. Көрсө, студенттердин сабакка катышуусу өтө начар турбайбы. Мугалимдин сабагына 1-2-курстун студенттери гана келбесе, чоң курстар такыр келбейт экен. Баары акча табуунун жолунда. Көпчүлүгү окуусун сырттан окуп, чет жактарда акча таап жүрүшөт. Кээ бирлери гана шаардын ар кай жерлеринде кара жумуш кылып, эптеп ач курсактын камын көрүшөт тура.

Махидил Садирова, шаар тургуну:
"Айран-сүт балчык-сазга аралашып…"
- Шаар бийлигинин кылып жаткан жакшы иштери арбын. Бирок дагы да кээ бир адамдардын маданиятсыздыгын көрүп күйөсүң. Анткени колундагы таштандысын даяр урналарга таштабастан, жолдун четине ыргытышат. Айран-сүт сатуучуларыбыз тазалыкты сактабастан, бети ачык абалда коомдук жайларда, балчык-саздарда сатыша берет. Мындай көрүнүштү тиешелүү жетекчилер көзөмөлгө албайт. Бул да чоң көйгөй.

Кайрат Жапаров, Ош дубаны боюнча өз кабарчы