Жолдошбек Бузурманкулов, отставкадагы полковник:
"Милиция кызматкери үч "а" дан сак болгула"

Чини бар журналисттерге жакын адам. "Илиястын ыры", "43 жашар баланын арманы" ж.б. көптөгөн обондуу дагы, обонсуз дагы ырлардын автору, акын жана отставкадагы полковник Жолдошбек Бузурманкулов менен майрамына карата маек курдук.

- Негизи өзүңүз милиция кызматкерине караганда, акынга көбүрөөк окшошсуз. Анан кандайча бул кесипти тандап калдыңыз?
- Мен кичинемден эле артист болом, акын болом дечүмүн. Ташкенттеги театралдык окуу жайга тапшырам деген тилектерим бар эле. Мектепти бүткөндөн кийин филология факультетине эки жыл катары менен тапшырып, өтпөй калдым. Өтпөй калып эле бир короо кой кайтаруу менин башыма түштү. Анан аскерге кеттим. Аскерден келсем, баягы бир короо кой кулактарын шатыратып чаап, тосуп турушат. Көчөдө милиция кызматкери туруптур, аны көрүп, кой кайтарганча милиция болуп албаймынбы деген ойго кеттим. Генерал Абдыбек Суталинов 1969-жылы 10-сентябрда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кайгуул кызмат бөлүмүнүн катардагы милиционери кылып ишке орноштурду. Ошол жылдан тартып иштедим дагы, окудум дагы, жылдан-жылга чиним көтөрүлдү.
- Бул кесипте жүрүп, кылмышкерди өз колуңуз менен кармаган күндөр болдубу? Кандай кызыктуу күндөргө кабылдыңыз?
- Кызыктуу күндөр десе эле жаңы милиция болгондогу бир окуя эсиме түшөт. Анда күн-түн дебей иш үстүндөбүз. Бир күнү Герцен деген көчөдө бир адам үйүн талкалап, үйүндөгүлөрүн уруп жаткандыгы тууралуу кабар түштү. Мен дагы суранып жатып кошулуп алдым. Барсак, килейген муздаткыч, телевизор жатат талкаланып, үйүндөгүлөр калчылдап сыртта жүрөт. Өзү болсо үйдүн ичине жашынып калыптыр. Дардактап биринчи эшикти ачып кирип бардым. Жашынып турган эргул артымдан жапшыра кармады. Анан артымдан биздикилер кирип келип басып калышты. Ал кармалгандан кийин көрсөтүшөт. Алгач ал курч балтаны шилтегенде анысы эшикке сайылып калыптыр. Аз секундалар болбогондо балта менин башыма шилтенмек экен. Мен мындай жерге келишиме али эрте эле. Муну ким алып келди деп ызы-чуу түшүп эле жатып калышты.
- Милиция кызматкерлерине кандай кеңештериңиз бар?
- Мен жаңы иштеп жүргөн кезде Омор Эшеналиев деген бир топ жашка барып калган милиционер экөөбүз сүйлөшүп калдык. "Байкасам, жүүнүң тирүү, акылдуу бала экенсиң, милицияга эмнеге келдиң?" дейт. Мен милицияга келбесем, бир короо кой кулактарын шатыратып чаап тосуп алмак десем. "Милицияга кирдиңби эми жакшылап иште. Жакшылап иштеш үчүн үч "А"дан сак бол. Биринчиси арак, арак ичсең сенден жыргаган милиция чыкпайт. Экинчиси акчадан сак бол. Кудай буйруганын аласың. Пара алсаң анда сенин сатылганың. Күнөөкөр сени сатып алат. Бирөөнүн чөнтөгүн аңтарып-теңтерип алып койсоң, анын үй-бүлөсү, балким, ачка отуруп калар. Үчүнчүсү - аял. Аялдарга азгырылба. Ак никелүү жарыңа кара санабай, очогуңду сакта" деп өзү эртеси күнү отставкага чыгып кетти. Мен деле азыркыларга ошол кеңешти айтам.
- Кыргыздын кыйырына таанымал "Илиястын ырынын" автору сиз эмессизби, бул ыр кандайча жаралып калды эле?
- Бир күнү автобустан түшсөм эле аялдамада Түгөлбай туруптур. Мени көрүп сүйүнүп кетти. "Жоке, кулагыма бир обон жаңырып жатат. Сөз жазып бериңизчи" деди. Анда олтур дедим. Биринчи эле жаралган сап "Долондон канатымды кайрып алдым" деп жаралды. Анан калганы уланып, бир куплетин жазып бердим. Кийин Түгөлбай "менин обонум жакшы болбой жатат" деп досу Жекшен Тагаевге бериптир. Бул ырга анан Жекшен Тагаев обон жаратыптыр.
- 43 жаштагы баланын арманычы?
- Маркум Орозбек Кутманалиев Какен Алмазбековдун сөзүнө жаралган "13 жашар баланын арманын" ырдап жүрчү эмес беле. Мен Орозбек байкеге айттым. 13 жаштагы балаңыз картайды. Эми кийинки турмушун жазбайлыбы деп. Мен жазганча Орозбек байке инсульт болуп ооруп калды. Кийин ырчы Мурадил Сагыналиевге бергем. Ал ырдап чыгып, конкурстардан биринчи орунду алды.

Жамиля Таштанбекова





  Биздин көчөдө

Асыранды, майып уулун таштабай баккан ата

Нарын шаарынын тургуну Орозбек Өмүралиев баласы Куштарбектин дайым жанында. Анткени Куштарбек буту баспайт, сүйлөй албайт. Ага карабай Орозбек байке эшигинин алдына таштап кеткен Куштарбекти өз баласындай бапестеп келет.

Орозбек агайдын эшик алдына 1994-жылы, 22-январда белгисиз күкүк эне жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен экен. Балканактай уулга мээримдери түшүп, жубайы экөө багып алат. Бирок… Жылдардын өтүшү менен бала оорукчан болуп калды. Айрым ата-энелер асыранды эмес, канынан жаралган бала майып төрөлсө кутулгуча шашып, мамлекетке тапшыра салышат. Ал эми Орозбек агай андай эмес. Өзүнүн бир уул, бир кызы бар. Азыр үйдө Куштарбек, дагы небереси болуп жашайт экен.
- Заман бул болсо, кыйын эле. Аялым Гүлгаакы Исаева да ушул балабыздын айынан онкологиялык дартка чалдыкты. Ошентип үч жылдан бери, апасын да, Куштарбекти да багып жатам. Гүлгаакы эки жыл мурда жаңы ооруп калганда, аябай кыйналдым. Өзүм ооруканада багып жаттым да. Бир бутум үйдө, бир бутум талаада. Акыры чыдабай Куштарбекти Беловодскийдеги психоневрологиялык ооруканага өткөрүп салгам. Кызыктын баары ошондо башталды. Күндө түшүмө ыраматылык атам кирет. "Баланы алып кет, нанга жетпей жатат. Ал кыйналса мен бул жактан кыйналып жатам" деп суранат. Негизи атам Куштарбекти көргөн эмес, аны багып алганга чейин эле каза болгон. Арбак баарын билет да, "кой, көрүп келейин" деп бир күнү Чүйгө сапар тарттым. Барсам, баламдын сөөгү эле калыптыр, арык, башынын баары сыздоок, көзү чылпактаган. Зээним кейип, кыйналганыбызга карабай кайра алып кеткем, - дейт.
Куштарбектин чыныгы энеси ошол бойдон табылбаптыр. Балким, аны ушул кадамга түрткөн оор себептер болгондур. Бирок ошентсе деле жарык дүйнөгө келе элек, күнөөсүз наристени аяса болмок экен. Бирок эненин ичинен жармашкан дарт айыкчубу? Орозбек ага канча аракет кылса да мээнети акталбаптыр. "Догдурга көрсөткөнбүз. Алар "энеси ичин таңып жүргөн, ошон үчүн башы кичирээк, тарамыштары катуу кысылып өспөй калган, натыйжада буттары баспай калган" дешти. Операция жасатсак буту басчудай экен. Бирок ага акча кайда? Жардам берген киши болсо… Эми кандай айла кылам, өмүрүм өткөнчө багам да. Жанагы атам кирген түш соо эмес, муну таштап койсом мени арбак жөн койбойт", - деп оор күрсүндү.
Орозбек ага ушул баласынан кийин майыптардын абалын жакшы түшүнүп калган, азыр аларга жардам берүү милдетин моюнуна алып, коомдук иштер менен алек. Губернаторго кирип, "майыптарга үй куруп бергиле" деп чуркап жүрөбүз.
Ушул заманда соо кишиге деле оор болуп жатпайбы. Коляскасы менен губернатордун кабыл алуусуна 3-кабатка эптеп көтөрүп чыктык. Догдурга баруу, көчөгө чыгуу оор эле. Менин абалымды түшүнгөндөр аз. "Ой мунун эмнесин багып жүрөсүң, өткөрүп сал да" дешет. "Ушул өзүңдүн эле балаң окшойт, башка аялың төрөсө керек ээ" деп шектенгендер да бар. Бирок мунун баарына чыдап, багып жүрөм. Куштарбек өзү жоош, кээде башы ооруганда жини келет, анда дары берип коем. Сүйлөбөгөнү менен дааратканага барарын айтат. Бая күнү телевизордон Беловодскийдеги оорукананы көрсөтсө "барбайм, телевизорду өчүр" деп баш чайкап качпадыбы", - деп уулунун кыял-жоругун айтып жатып жашып кетти.

Жаркын Ибраева, Нарын