Бөбөк сенин жомогуң

Урматтуу ата-эне, кечинде уктаар алдында балаңыздын керебетинин четине отуруп, биздин гезитти колуңузга алып, жомок окуп бериңиз. Азыр жомок китептер деле тартыш, айрыкча айыл жеринде жокко эсе. Жомок баланы акылдуулукка, калыстыкка, эмгекчилдикке тарбиялайт.

Илгери өткөн заманда бир адам өтө билерман болгон экен. Бирок да өтө карып, чөгүп калат. Ал адамдын жалгыз уул-келини болот. Уул-келини ыймандуу чыгып, атасын жакшы багып турушат. Ошол заманда элдин тынчы кетип, чабышып, алдуусу алсыз элге үстөмдүк кылып, орду токтобой көчүп, ачарчылык жут болуп, эл катуу кыйналат. Атасын алып баягы баласы дагы ар кай жакка көчүп, орду токтолбой арык болуп, эл менен алар да кыйналат. Бир күнү атасы баласына суроо салат.
- Балам, бул кандай алаамат болуп кетти? - дейт.
- Ата, эки жылдан бери элдин тынчы кетип жатат. Биз эмес ханыбыздын да айласы кетти, - дейт баласы.
- Ии балам, элди кара көпөлөк айдап турган тура. Сага мергенчиликти да үйрөттүм эле. Ошол кара көпөлөктү атып таштасаң, эл тынчыйт. Сен ханга барып айткын да, ок дарысы менен бир жакшы мылтык сура. "Ханым, элди кара көпөлөк айдап калыптыр. Элдин токтобой көчүп, тынчы кетип жатканы ошол. Кара көпөлөктү атып сизге көрсөтөйүн" - дегин да, хан сага жакшы ок дары менен мылтыгын берсе алып мага кел. Анан мен айтып берем.
Атасынын тили боюнча уулу ханга барат да:
- Ханым, эки-үч жылдан бери тынчыбыз кетип, ордубуз токтолбой көчүп жүрүп, азып-тосуп куурадык. Элди кара көпөлөк айдап жүрөт. Мен ошону атып, сизге алып келейин. Сиз мага ок дарысы менен жакшы жараган мылтык бериңиз. Хан сүйүнгөнүнөн:
- Сен жакшы жигит экенсиң. Андай аттуу күн кайда, макул, - деп ок дарысы менен жараган жакшы мылтык берет.
- Эгер сен ошол кара көпөлөктү атып, эл мамырап тынчый турган болсо мен сага тогуз байге берем да, сени жигит кылып алам.
Жигит да өзүнчө хандын жакшы кабыл алгандыгына сүйүнүп, атасына келет.
- Эми, балам, угуп тур. Эл самсаалап көчө баштайт. Алдуусу малдуусунун астында атчан, төөчөн болуп өтөт. Орто чарбасы ортосунда өтөт. Аягында бей-бечара, жетим болуп, аркасында жөө-жалаң кары-картаңы учкашып-чиркешип, эшек минип самтырап өтөт. Көч өткөндөн кийин чай кайнам убакыт өткөндө бир төрт көз чоң кара дөбөт акактап тилин жерге салып, "көч-көч" деп көчтүн артынан жүрө берет. Дөбөткө көрүнбөй өңүп жатып, өтө бергенде артынан ат. Дөбөт каңкылдап кайра караганда мээлеп туруп жазы маңдайга ат. Анан ханга алып келип бер. Териси баа болот. Эки-үч ооруга дары болот. Ошону менен кудай буюрса эл тынчып калар, - дейт.
Баласы эртеси азык-түлүгүн алып, жакшы атка минип, мылтыгын асынып жөнөп кетет. Айткандай көчкөн элдин артынан утурлап жүрүп олтурат. Беш-алты ат чабым жүргөндөн кийин көч аяктап, ээн талаа болуп калат. Жигит жолдун четине барып атын кишиге көрүнбөгөн коктуга тушап салып, өзү бир чоң ташка жашынып, карап жатат. Бир топ убакыттан кийин баягы атасы айткан чоң төрт көз карала дөбөт келе жатат тилин жерге салып. Эки жагын карап: "Көч, көч, көч, көч, көч-көч" - деп акактайт. Жигит мылтыгын даярдап өтө бергенде дал куймулчак жакка атат. Дөбөт ошол жерден сулап жатып калат. Жигит дөбөттү ханга алып барып берет. Хандын көп жыл ооруган карындашы дөбөттүн эки бөйрөгүнүн этинен жеп айыгып кетет. Терисин хан ордосуна аземге илип коёт. Хан убадасы боюнча баягы жигитти жигит кылып алат. Карыя айткандай эл да тынчып калат. Ошентип күндөр айга айланып, айлар жылга айланып өтүп кетет. Күндөрдүн биринде хан баягы жигитти чакырып алып мындай дейт:
- Сен менин жакшы көргөн акылман жигитимсиң. Сенин атаң да акылман кеменгер, эми менин сага айта турган сырым бар. Менин өткөн жети атам тең хан болгон экен. Мен да атамдын ордунда отуз жашымда такка отурдум. Ошондон бери мына быйыл алтымыш алтыга бара жатам. Өмүрүмдө арманым жок десем деле болор эле, аттын аргымагын, жоргосун миндим, кыздын сулуусун сүйдүм. Жети аялдан уул-кыз болуп отуздан ашык тукумум бар. Бирок ошол өткөн жыргал күндөрүм бир күнчө көрүнбөйт. Жашоого тойбойм. Дагы эле жашасам дейм. Колдон келсе кайра жашарсам дейм. Эми сен атаңдан акыл сурай турган болсоң мени дагы бир тилегиме жеткирбейсиңби? Менин сенден өтүнүп сураарым мүрөк суусу болот. Тал чоку деген чокунун башында асман тиреген зоо бар. Ошол зоонун бир жылгасында жыбылжып бир күндө бир гана жолу тамчылап агат, - дейт. - Кааласаң ошончолук күлазык, жакшы аттан дегендей, баарын камсыз кылайын. Анан сен келгенче атаңды сенден артык кылып багып турамын. Сен мүрөк суусун алып келип, мени өлбөс кылсаң, - деп сөзүн бүтөт. Жигит мындай дейт.
- Ханым, бул оңой жумуш эмес, атамдын карылыгы жетти, алжып бара жатат, мейли, мен атам менен сүйлөшүп келейин. "Бар, балам" десе барайын, "жок, бара албайсың" десе бара албаймын, - дейт.
Баласы атасына келет. Хандын айтканынын баарын төкпөй-чачпай айтып берет. Атасы карыганы менен акылы түзүк болот. Багуусу жакшы, келин-уулу көңүлүн оорутпай эркелетип сүйлөшөт. Атасы:
- Кантесиң, балам, хандын каарына калбай барып кел. Бирок эки айда келесиң, мүрөк суусун бир ай тосуп жатасың. Ошондо кол чаначтын капортосунан болор. Ошондо бир айда келесиң, - дейт.
Жигит ханга барып: "Атам бар деди", - дейт. Ошентип беш-алты күн камданып кош айтышып, аттанып кетет. Айткандай бир айда жетет. Бир ай тамчы сууну кол чаначтын капортосунан кылып тосуп чыгат. Тал чокунун зоосунан бир аз узап бастырганда бир жерден муңканган үн чыгат. Тыңшаса: "Пенде баласы, мүрөк суусун ичпегиле, мендей болуп каласың" - дейт… Жигит абайлап караса адамдын куу сөөгү жатат калыбы менен. Жигит суроо салат.
- Сиз кимсиз, бул сөз кайдан чыгып жатат?
- Ээ, балам, астыңдагы куу сөөкмүн. Мүрөк суусун ичем деп, нечен жылдан бери жаным чыкпай ушинтип эле кыйналып жатам. Сени көрүп айтып жатам. Тил алсаң, пенде баласы мүрөк суусун ичпесин, сен да ичпе.
Жигит таң калып кете берет. Эки ай дегенде айлына келет. Мүрөк суусун ханга алып барып берет. Бирок баягы көргөн окуясын ханга айтат. Хан аны уккандан кийин чаначты карагайдын башына алып барып илдирип коёт. Баягы жигитти ээрчитип, ошол куу сөөккө жөнөйт. Хан жигити менен жетсе баягы куу сөөк муңканып сайрап жатат. Хан баягы куу сөөккө салам салып, суроо берет:
- Сиз ушунча жылдан бери кыйналып жатыптырсыз. Сизди кандай кылып адам катарына кошууга болот?!
- Мени кошкуң келсе он беш жашар кыздан төрттү алып кел. Өзүң хан экенсиң колуңдан келсе, келбесе убара болбо, - дейт. Хан жигитин чаптырып, он беш жашар кыздан төрттү алдырып келет.
- Айтканыңды аткардым, эми эмне кылыш керек? - дегенде.
- Эми менин өңүмдү бузба. Эки кызды эки колтугума жаткыргыла, - дейт. Аргасыз эки кызды эки жагына жаткырат. Эки кыз күнү-түнү менен жатканда сексендеги кемпирдей карып кан-сөлүнөн ажырап, жан берет. Баягы куу сөөк кадимкидей эт байлап, адам катарына келип, кыймылдап кадимки киши болуп калат. Эми эки кызды кучагына бек кучактайт. Бир күн, бир түндүн ичинде эки кыз сексенге чыккан кемпир болуп калат. Баягы куу сөөк кадимки киши болуп, силкинип тура калат. Хан атка мингизип, элине алып келет. Бей-бечаранын төрт кызына убал кылып коюшат. Баягы мүрөк суусун ичпей тура берип, бир күнү кузгун жарып, карагайга агат. Өзү тойгуча ичип, арчага келип кусат. Ошондуктан кузгун көп жашап, карагай менен арча дайым жашарып турат дейт.