Ала-тоодо

Ысык-Көлдө
47 млрд. долларлык алтын бар
Ысык-Көл облусунда жайгашкан 2 алтын кенинде 47 млрд. долларга бааланган алтын жатканын Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков кабарлады. Белгилей кетсек, Баткен облусунда алтын запасы 8 млрд. долларга бааланган 7, Ошто - 5 млрд. долларлык 4, Таласта - 10 млрд. доллардан кем эмес 4-5, Нарында - 5 млрд. долларлык 3, Чүйдө - 10 млрд. доллар турган 6, Жалал-Абадда - 26 млрд. долларга бааланган 11 кенибиз бар.

КМШда
"Президент аял болбошу керек"
Мындай оюн Түштүк Осетиянын учурдагы президенти Эдуард Кокойты интервью маалында билдирди. Тактай кетсек, ал жерде президенттик шайлоо болуп, экинчи турга мурдагы билим берүү министри Алла Джиоева менен өзгөчө кырдаалдар министри Анатолий Бибилов өтүп кетти. Андан тышкары президент Кокойты ким президент болсо дагы Россия менен мамилелерди жакшыртуу саясатын жүргүзүшү керектигин жашырган жок. Атургай орус тили Түштүк Осетияда экинчи мамлекеттик тил болуп кабыл алынышына катуу кубанычта экенин белгиледи. Аталган өлкөдө президенттик шайлоонун экинчи туру ушул жылдын 27-ноябрына белгиленген.


Дүйнөдө
Саркози Израиль премьерин жаман көрөбү?
Бир жума мурун Каннда өткөн G20 саммитинин алкагында Франция президенти менен АКШ президенти жолугуп, жабык эшик артында сүйлөшүү жүргүзгөн. Жабык болгону кайсынысы, уюштуруучулардын шалаакылыгынын айынан журналисттер эки президенттин сөздөрүн даана угуп турушту. Сүйлөшүү маалында Саркози Израиль өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяхуну сындап, аны калпычы деп айткан экен. Андан аз убакыт өткөн соң Франция лидери Нетаньяхуга кайнатасынын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөттү. Катта "Мен сизге достук мамиле кылам жана ага жакында массалык маалымат каражаттарында менин сиз жөнүндөгү берилген ойлорум эч таасир этпейт" деп жазылган.




 "Кристаллдын" келкели келатабы?

Болсунбек Казаков,
Маммүлк министрлигинин алдындагы банкрот иштери боюнча департаменттин директору:
"Юридикалык жактан заводго ээ болсоңор да, эл бир күндө кууп чыгат деп немистерге эскерттик"

Бакиевдин тушунда Максим Бакиевдин досу Елисеев басып алган "Кристалл" заводун кыргыз бийлиги улутташтырып, сатыкка койгон болчу. Учурда Германиядан келген "Шмидт" деген компания бул заводду 6 миллион долларга сатып алып, өндүрүшкө 4 миллион доллар жумшайбыз деп турушат.

-Болсунбек мырза, "Кристалл" заводун немец инвесторлору сатып алганы жатышыптыр. Ушул боюнча айтсаңыз.
-"Кристалл" чындыгында Союз кезиндеги уникалдуу завод болчу. Бирок, тилекке каршы, завод иштебей калгандан бери уникалдуулугун жоготкон. Технология, жабдыктарынын баары эскирип, иштен чыгып калган. Заводду Елисеев арзыбаган 2 млн. долларга сатып алган экен. Былтыркы апрель окуясынан кийин заводду банкрот деп жарыялап, анын базасында жаңы ишкана түзүлгөн. Заводду инвестордун колуна өткөрүп бербесе, мамлекет эч нерсе кыла албастыгын түшүнүп, эки ирет сатыкка чыгарып койдук. Кызыккандар көп болду. Сатып алуу ниети менен гана немецтердин "Шмидт" деген компаниясы келди. Бул жарым кремний чыгаруу жагында дүйнөдөгү белгилүү, ири ишкана экен. Кремний чыгарууда электр энергиясы өтө көп керектелип, кремнийдин өздүк баасынын жарымын электрге болгон чыгым түзөт экен. Ушул маселе чечилбей токтоп калган эле. Жакындан бери RICHE KG компаниясы сатып ала тургандыгын билдирди. Сатып алуу процесси жүрүп жатат. Бул компания Кыргызстанда түзүлүп, каттоодон өттү. Бирок уюштуруучусу австриялык Марио Гласс деген ишкер. Ал "Шмидт" деген компаниянын инвесторунун өкүлү. Алар "кисталлга" 4 млрд. доллар инвестиция кылып, 5 завод курабыз деп атышат. Бул боюнча келишимге кол коюлду. Бааланган баасы болгон 6 млн. долларга сатып алганы атышат. Минималдуу инвестициясы 300 млн. доллар болот экен. Кепилдик болсун деп 1 жуманын ичинде 300 миң доллар биздин эсепке которушат. Анын жарымы "Кристаллдын" азыркы кызматкерлерине айлык катары берилет. "Жумушчулардын социалдык маселелерин чечип тургула" деп өздөрү айтышты.
-6 млн. долларга арзан сатылды деп жатышат...
-Минтип Елисеевдин буйрутмасы менен айрым маалымат каражаттары айтып, жазып жүрүшөт. Чындыгында, заводдун азыркы абалы менен эч бир инвестор иштете албайт экен. Ичиндеги техника, жабдыктардын баары жарактан чыгып калган. Ошол үчүн Жигулиге салыштырып жүрөбүз. RICHE KG компаниясы бүтүндөй техникаларын жаңыдан орнотуп чыгабыз деп атышат. Атүгүл алар заводдун жанынан жаңы жер бергиле, 5 заводду ошол жерге курабыз дешти. Андай болгондо "Кристаллдын" карыздары кандай болот? Мамлекетке, эмгек жамаатына, Соцфондго, башка ишканаларга карыз. Биз алардын сунушуна макул болгон жокпуз. "Кремний чыгарсаңар, "Кристаллдын" базасында гана чыгарышыңар керек" дегенбиз. Алар макул болушту.
-Немец инвесторлорун "Кристаллдын" эмнеси кызыктырып атат деп ойлойсуз?
-Алар келечекти ойлоп иш кылып атышат. Кремнийди өндүргөнгө өтө көп электр энергиясы талап кылынат тура. Ошол үчүн кремний чыгаруучу заводдон АЭСтерден өндүрүлгөн электр энергияны колдонушат экен. Анткени АЭС өндүргөн электр энергиясынын баасы эң арзан. Бирок Япониянын Фукусимасындагы окуядан кийин АЭСтер кооптуу болуп, алды жабылып атат. Германия АЭСтердин ишин токтотуу чечимин кабыл алган. Ал эми бизде ГЭСтер көп да. "Кристалл" өзү да ГЭСтер көп жерде жайгашкан.
-"Кристалл" кайрадан толук потенциалда ишке кирип, дагы 5 завод иштей баштаса, канча адам жумуш менен камсыз болгону жатат?
-Учурда "Кристаллдын" 350-400 жумушчусу бар. Келишимде биз жергиликтүү гана элдер жумушка тартылат деп баса белгиледик. Сырттан эч ким алып келинбеши керек. Алардын ишендирип айтканы боюнча "Кристалл" кайрадан иштей баштаса, кеминде 10 000 адам туруктуу жумуш менен камсыз болуп, алардын минималдуу айлыгы 35 миң сом (500 евро) болгону турат. "Кристаллда" мурда иштеген адистердин көбү Россияга кетип калыптыр. Завод иштей баштаса, алар кайрылып келишет деп ойлойм. Буюрса, заводдун келечеги зор болгону жатат. Мында өзүнчө бир тармак пайда болуп, атүгүл министрлик ачылышы күтүлөт. Инвестор тарап айткандарынын баарын аткарса, кремнийден сырткары көптөгөн компьютердик технологиялык жабдыктар чыгарыла баштайт.
-Инвесторлор пландап аткан 5 завод качан курулганы жатат?
-Бул жагы Кыргызстан тарапка байланыштуу болот. ЖК депутаттарынын колдоосун таап, аларга ишти баштаганга уруксат берсек эле иш шыр жүрөт. Дагы бир маселе, мурда Үч-Коргон ГЭСи "Кристаллды" электр энергия менен камсыз кылчу экен. Инвестор тарап завод иштей баштаса, 400 мГв\саат электр энергиясын керектей баштайбыз дешти. Ушуга байланыштуу алар биз үчүн жагымдуу сунуш кылышты. Үч-Коргон ГЭСине 63 млн. доллар кайтарымсыз грант берели, 60 мГв\саат кубаттуулуктагы ГЭСти модернизациялап, кубаттуулугун 250-300 мГв\саатка жеткиргиле, кайра андан өндүрүлгөн электр энергияны биз сатып алабыз дешти. Бул өндүрүлгөн электр энергияны каякка сатарын билбей атканда максаттуу сунуш да. Ортомчуларсыз түз керектөөчүгө сата баштайбыз. Эми ушул ж.б. мыйзамдык жактарын ЖК аркылуу чечип алсак эле, инвестор тарап ишти башташат. Биринчи жылы бир заводду ишке киргизсе, кийинки жылы эки завод, үчүнчү жылы толук бүткөрөт. Б.а. "Криссталл" келечекте Кыргызстандын экономикасынын локомотивине айланат.
-Биз ушундай келишимдерди түзүп, башында ураалап, анан белгилүү убакыттан кийин элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн келишим экенин билип, тилибизди тиштеп калчу элек. Мында андай болбойбу?
-Туура, "сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" болуп калбадыкпы. Бул жагынан Келишимде үтүр, чекитине чейин карадык. Мен инвесторлорго ачык эле айттым. "Кандайдыр куйтум максатыңар болсо, аны бизге келип, ишке ашырабыз десеңер, аныңарды токтоткула. Биздин элдин менталитети башка. Эгерде жергиликтүү элге жакшы жумуш орундарын берип, мамлекетке киреше берип турсаңар, анда эл силерди көтөрүп алат. Андай болбой, алдамчылык, аферисттик максатты көздөсөңөр, юридикалык жактан заводго ээ болсоңор да, иш жүзүндө ээ болбой каласыңар. Эл бир күндө эле кууп чыгат" деп. Алар эч кандай жаман максаттары жоктугун билдиришти. "Кристалл" боюнча иш алып барып аткан адам катары мында жең ичинен эч нерсе болбогондугун, баары ачык, айкын, мыйзам чегинде жүрүп, келишимдин натыйжасы да биз ойлогондой болоруна ишендирип кетким келет.

Мирлан Дүйшөнбаев