Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кара алтын

Орто Азиянын "кочегаркасында" көмүр жок

Кыш келаткандан бери көмүрдүн баасы күндөн күнгө кымбаттоодо. Көмүрдүн сапатына жараша тоннасы 2500 сомдон 5000 сомго чейин болуп атат. Мындай баада, албетте, тонналап алганга мүмкүнчүлүгү жоктор арбын. Ошондуктан көптөр каптап алып атышат. Мындайда көмүр да түтпөйт. Советтер Союзу мезгилинде жашаган учурубузда мындай тартыштык болуп калары эч кимдин оюна келчү эмес. Көмүр кенине бай Кыргызстанда көмүр жок болуп атканын кандай түшүнсөк болот?

Советтик
доордогу "алтын кылым"
Советтер Союзунун учурунда Кыргызстан 80-жылдардын аягы, 90-жылдардын башында эле 4,5 млн. тонна көмүр алып турчу. Ал кезде Таш-Көмүр (700-800 миң тонна өндүрчү), Сүлүктү (700-800 миң тонна), Кызыл-Кыя (500-600 миң тонна), Көк-Жаңгак (400-450 тонна) жана башка 27 шахта дүркүрөп иштеп турчу. Жыргалаң менен Каракече жаңы эле ишке кирип, жылына - 80-100 миң тоннадан өндүрүп турган. Ошентип, ал кезде Кыргызстан 2,5-3 млн. тоннадай көмүргө муктаждыгын бүт жаап, өзүн камсыздаганы аз келгенсип, 1,5-2 млн. тонна көмүрдү Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга, Россияга экспорттоп турчу. Ошондуктан Кыргызстанды "Орто Азиянын "кочегаркасы" деп аташчу. Көмүр казылган аймактарга Кызыл-Кыя, Сүлүктү сыяктуу шаарлар курулуп, илим-билимдин, маданияттын борборуна айланган.


Ушунча
кенибиз барбы?
Жалпысынан Кыргызстанда 4,5 млрд. тоннадай көмүр запаска ээ. Азыркы учурда 70 көмүр кени белгилүү. Алардын негизгилери төрт бассейнге топтолгон:
Түштүк Фергана бассейни (Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Бешбурхан, Абшир, Алмалык)
Өзгөн бассейни (Көк-Жаңгак, Кумбел, Зындан)
Түндүк Фергана бассейни (Ташкөмүр, Кара-Тыт, Тегенек)
Кабак бассейни (Көк-Мойнок, Миңкуш, Кара-Кече)
Кавакский (Көк-Мойнок, Миңкуш, Кара-Кече)
Андан сырткары көмүрү бар үч аймак аталат: Алай, Алабука-Чатыркөл жана Түштүк-Ысык-Көл.

Союз таркаганда
Союз таркагандан баштап көмүр өнөр жай боюнча жылдан жылга өндүрүш төмөндөй баштаган. Себеби союз учурунда негизги көмүр кендер Кыргызстандын Түштүгүндө болгондуктан, ал жактан Түндүккө темир жол аркылуу көмүр ташылып келинчү. Темир жол Өзбекстан, Казакстан аркылуу келчү. Кийин союз жоюлгандан кийин темир жол тарифтерин ар бир мамлекет өз кызыкчылыгына жараша кескин көтөрүп жиберди. Көмүр иштеткен мекемелердин көмүрдү ташып келүүгө каражаты жетпей калды. Ошондуктан өндүрүштүн көлөмү кескин түрдө төмөндөп кетти.


Азыркы учурдагы мышык ыйлай турган абал
Азыр союз учурунда иштеп аткан көмүр өндүрүүчү ишканалардын бири да иштебейт. Баары жеке менчикке өтүп кеткен. Шахта бар аймактын эли жумушсуздуктун айынан ички, тышкы мигрант болуп кетишкен. Шаарлар бузулуп, мышык ыйлагыдай акыбалга жеткен. Шаарда калгандар эптеп жан багуу үчүн кенге барып, кол менен көмүр казып чыгып сатууда. Бул техникалык коопсуздук эрежелерине туура эмес келгендиктен, көмүр кени басып калып, каза болгондор да жок эмес. Азыр бир жылда 450-500 миң тонна гана өндүрөбүз. Чакан ишканалар бульдозер менен ачык түрүндө казып чыкканы ушул. Ошол кезде дүркүрөп турган Таш-Көмүр - 10-15 миң тонна көмүр казат. Бир жылдык муктаждыгыбыз - 2,5-3 млн. тонна болуп атса, калган 1,5 млн. тоннадан ашык көмүрдү Казакстандан сатып алганга мажбурбуз.





  Бул акыбалдан канткенде чыгабыз?

Расул УМБЕТАЛИЕВ, серепчи:
"Жылына 200-300 адам шахта басып өлүп калып атат"
Өмүр бою көмүр өндүрүү тармагында иштеп келаткан адис Расул Умбеталиев "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын жетектеп турганда көмүр өндүрүшүн калыбына келтирүү боюнча атайын программа жазганын, бирок бул демилгеси өкмөт тарабынан колдоо таппаганын айтат.


- Мурда дээрлик Орто Азияны көмүр менен камсыз кылып турган Кыргызстанда көмүр жок деген не шумдук? Азыр Казакстандан көмүр алганга мажбурбуз. Ал жактан да таза көмүр алып келбей уулуу көмүрлөрдү алып келип атышат. Бул көмүрдөгү радиация ушунчалык зыян экенин мен билем, бир жерге тийип калса ал 100-200 жылга чейин кетпейт. Бул көмүрдөн бажыдагылар, ТЭЦте иштегендердин баары ууланып бүттү. Булар элдин ден соолугун, өмүрүн ойлобойбу? Анан дагы Кен чыккан аймактарда жашап калгандар жумушсуздуктун айынан ошол кендерге барып көмүр казып жан багышат. Мал багайын десе жайыт жок, же завод-фабрикалар иштебейт. Күнүмдүк тамакка акча издеп барышат. Техникалык коопсуздук эрежелеринин бир шартын да аткарышпайт. Согушка бараткандай, өмүрүн тобокелге салып барат. Менин эсебимде, жылына 200-300 адам шахта басып өлүп калып атат. Алар өзүбүз келгенбиз, өзүбүз күнөөлүүбүз деп сот-медициналык экспертизага алып барбай эле көмүп коюп жатат. Бир кап көмүр алып чыгуу үчүн 100-200 метр чуңкурга түшүп чыгат.
- Эми ушул жагдайдан чыгып, өндүрүштү калыбына келтирүүнүн жолу барбы?
- Көмүр өндүрүшүн кайра калыбына келтирип, өндүрүштү 3,5 млн. тоннага жеткире тургандай программа түзгөнбүз. Түштүктөн көмүрдү алып келүү кыйын болгондуктан, Каракече менен Жыргалаңды иштетүү пландалган. Тилекке каршы, бул программа өкмөт тарабынан колдоо тапкан эмес. Ал программага ылайык, Каракечеден 1,5 млн. тонна өндүрсө болот. Бул жакта көмүрдүн калыңдыгы 90 метр.
- Кандай сунуштарды айттыңыз?
- Быйыл бюджеттин тартыштыгы 20 млрд. сом болду, эмки жылы дагы 20 млрд. сом болуп атат. Демек, бул кендерди иштетүүгө мамлекеттен жардам болбойт. Андан көрө ушул тармакка инвестиция тартуу зарыл. Эгер өлкөдө саясий стабилдүүлүк болсо инвесторлорду тартуу оңоюраак болмок. Такыр болбой баратса, мисалы, бизден алтын иштетүүнү каалагандар көп да. Азыр көп лицензиялар алтын өндүрүүгө берилген. Себеби алтын сатылуу жагынан курал менен наркотикалык заттан кийинки үчүнчү орунда турат. Ошондуктан өкмөт алтын өндүрүүгө лицензия берип атканда инвестициялык келишимге "Бир алтын кен алсаң, дагы бир көмүр кенин кошуп алып, өндүрөсүң" деп милдеттендирип коюшу керек. Ошондой кылып өкмөт кирешеси көбүрөөк тармакты азыраак жагына тартып койсо болот да. Көмүр өнөр жайын калыбына келтирүү үчүн лицензия берүү укугун "Кыргызкөмүр" ишканасына бериш керек. Азыркы учурда лицензияны Жаратылыш ресурстар министрлиги алып жүрөт. Бирок булардын көмүр иштетүүгө тиешеси жок да, алар жөн гана иликтейт. Алар шапка алганды эле билет. Көмүр өндүрүшүн калыбына келтирүү менен көп көйгөйлөрдү чечсе болот.
- Кайсы көйгөйлөрдү?
- Санап берейин:
Өзүбүздү көмүр менен толук камсыздамакпыз.
Эгер ошол кендер иштетилсе, эл да жумуш менен камсыз болуп, миграция токтомок.
Мамлекетке салык төлөнөт.
Чектеш аймактардагы кендер жакшы иштеп калса, чек ара бекем болот.

Дилбар АЛИМОВА








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??