Жаңы жүз

Эмил Өмүракунов, "Замандаш-Современник" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү:
"Мамлекет өмүр бою ортомчулук кылып, базар менен күн көрбөйт"
- Эмил мырза, жакында эле болуп өткөн президенттик шайлоодо "Замандаш" Алмаз Атамбаевди колдоду. Эмне себептен? Же коомчулук түкшүмөлдөп жаткандай бийлик менен соодалашуу болдубу?
- Бул шайлоодо эң негизгиси, кырдаал курчубай, стабилдүүлүк сакталды. Бул аз да болсо өткөндөн сабак алганыбыздын белгиси. Экинчиден, биз эмне үчүн партия атынан шайлоого талапкер көргөзгөн жокпуз? Мунун өзүнүн олуттуу себеби бар. Ачыгын айтсам, биздин лидер, менин бир тууган иним Мухтар Өмүракунов көзүнүн тирүүсүндө президенттикке ат салышууну пландаган эмес. Ошол кезде эле ал Алмаз Атамбаевге баа берчү. Мухтар арабызда аман-эсен жүрсө азыркы биз жасаган ишти кылмак деп ойлойм. Анткени ага бийликтен мурда элдин тынчтыгы, мамлекет туруктуулугу кымбат болчу. Биз да ушуну баарынан жогору коюп, элди улутка, урууга бөлбөй кармап, реформа кылат деген үмүттө Алмаз Атамбаевди колдодук.
- "Замандаш" мурдатан эле мигранттар менен иштешип келет, бу жолку алар шайлоого активдүү катышпаганын билсеңиз керек. Буга эмне себеп болду?
- Биз башынан эле көрүп келе жатабыз. Ар бир шайлоо сайын Боршайком мигранттарга келгенде ар кандай чечимдерди чыгарат. Быйыл мигранттар дээрлик шайлоого катышкан жок. Буга эмне себеп болду? Албетте, шайлоо участкаларынын аздыгы. Бул ирет миллионго жакын жердешибиз ушул өлкөлөрдө жүргөнүн билип туруп, Орусияга үчтү, Казакстанга экини ачышыптыр. Эгер минте турган болушса башынан эле "мигранттар катышпасын" деп чечим чыгарышы керек эле. Мамлекеттин азыркы абалы бул жакта жашагандарга караганда мигранттарды көбүрөөк түйшөлтөт. Биз мигранттарды өгөйлөгөндүн ордуна боорубузга тартсак болмок. Азыркы мамлекет саясатына алар сөзсүз аралашуусу зарыл.
- Бирок алар башка өлкөнүн жарандыгын алган да, ошол өлкөнүн саясатына аралашканга умтулса болбойбу? Же ага даяр эмеспи?
- "Замандаш" ассоциациясы Орусиядагы 40тан ашуун кыргыз диаспорасы менен тыгыз иштешип келет. Биз аларга "Кыргызстанга жардам бергениңер жакшы, бирок силер Орусия менен Казакстандын жараны болгондон кийин алардын коомдук-саясий ишине да аралашкыла, колдон келсе партияларга мүчө болгула" деп жатабыз. Алар азыр чынында эле көп иштерди бүтүрүүдө. Ток этер жерин айтканда, райондук жана облустук кеңешке, Думага же Мажилиске депутат болуп шайланганга даяр болуп калышты.
- Айрым серепчилер көпчүлүк өлкөлөрдөгү элчиликтерди жаап, алардын ордуна Орусия менен Казакстан шаарларына консулдук ачсак алда канча пайдалуу болмок деп жатышат. Буга кандай пикирдесиз?
- Азыр Москвадагы элчилигибизден тышкары Екатеринбург менен Новосибирск шаарында консулдуктарыбыз иштеп жатат. Менин оюмча, бизге ушул үчөө эле жетет. Жайнатып, көп ачуунун кажети жок. Андан көрө ардактуу консул, соода өкүлү деген кызматтарды берип, диаспора өкүлдөрү менен иштөө алда канча натыйжалуу. Мындан мамлекет уттурбайт, кайра бюджетке үнөм болот. Жакында эле Акыйкатчы Турсунбек Акун "силердин ассоциация, бейөкмөт уюмдар, ИИМ, Миграция министрлиги менен биргеликте Бишкекке мигранттар үчүн борбор ачалы" деген жакшы идея айтты. Эгер ал борбор ачылса, башка өлкөгө кетип жаткан атуулдарга бекер консультация берип турмакпыз. Жарандарыбыз жок дегенде чоочун жерде мыйзам аркылуу өзүн кантип коргошту билмек. Бара-бара андай борборлорду Орусия менен Казакстандын ири шаарларына да ача баштамакпыз.
- Азыр эки кишинин бири эле бажы биримдигинин күңгөй-тескейи тууралуу айтып жатышат. Соода иштери менен Орусияда көп жүргөн адам катары буга көз карашыңыз кандай?
- Бажы биримдигине кирүүнү мен колдойм. Албетте, ага кирсек Кытай товарларын реэкспорт кылган биздин ири базарларыбыздын иши солгундайт. Бирок, ошол эле маалда, жеңил өнөр-жайларыбыз иштегени жатпайбы. Мамлекет өмүр бою ортомчулук милдетти аткарып, базар менен күн көрбөшү керек да. Өндүрүш иштебесе, экономика да өнүкпөйт. Азыр ишкерлерди кыйнаган эмне? Сөзсүз, бул - бажы пункттары. Бизнесмендердин жарым акчасы ошол жерлерде калат. Бажы биримдигине кирсек, бул нерсе жоюлмак. Анткени бажы төлөмү деген болмок эмес. Менимче, орустар менен дайыма жылуу алакада болуу кыргыздар үчүн өтө маанилүү. Тарыхты карасак, кыргыздын ушул күнгө жетишине Орусиянын салымы зор. Моюнга алам, Кытай улуу держава. Бирок биз бул мамлекет менен өтө этият мамиле курганыбыз оң. Мен азыр өкмөттүн булардан карызга акча алганын колдогон жокмун.
- Орустар бизди сактап калган деп жатасыз, бирок 1916-жылкы улуу Үркүнчү? Экинчиден, кытайлар бизге темир жол куруп бергени жатпайбы…
- Ооба, улуу Үркүндү ар бир кыргыз унутпашы керек. Бирок ал кезде заман башка эле да. Ошол убактагы падышалык Орусиянын саясаты менен азыркы Орусиянын саясаты асман менен жердей. Экинчи суроо боюнча, темир жол сөзсүз салынышы керек. Бирок мындай баа менен эмес. Башында бул жолду курдуруу үчүн Жетим-Тоо, Сандык кендерин күрөөгө коюшпады беле? Аны азыр жокко чыгарышты, бирок темир жол калды. Темир жолду өз күчүбүз менен деле салсак болмок.
- Кепти өзүңүзгө бурсак, иниңиз Мухтар Өмүракуновдун көзү өткөндөн кийин партиянын ишин колго алдыңыз. Ага чейин сизди "серый кардинал" болуп келген дешет?
- "Башка түшсө байтал жорго" дейт. Биздин үй-бүлө мүчөлөрү башынан эле Мухтардан башкабыз саясатка аралашпайбыз деп сүйлөшкөн элек. Ал каза болгондон кийин айла жок, баарын өз колума алдым. Инимдин орундалбай калган ой-мүдөөсүн ишке ашырайын дедим. "Замандаштын" мүчөлөрүнө рахмат, кыйын кезеңде партияны таштап басып кетишкен жок. Эми канчалык деңгээлде "Замандаштын" "серый кардиналы" болгонумду билбейм. Бирок Мухтарга колумдан келген колдоомду көрсөттүм. Ал кайда барып иштеп бер десе ошол жакка кетчүмүн. Ар кандай кеп-кеңештерди берчүмүн. Мухтар адамды уга билчү, бирок чечимди өзү кабыл алчу.
- Иниңиз Кубада көз жумгандан кийин эл ичинде ар кандай сөздөр чыкты. Бирөөлөр киши колдуу болгон дешти, дагы бирөөлөр кыргыздын чолпондой жигитин кошок кошпой, күү угузбай, ыйлабай жайга узаттык деп нааразы болушту…
- Мухтар менен Кубага чогуу барган досторунун баарын тааныйм, жакшы жигиттер. Биздин аларга эч кандай кусаматыбыз жок. Кубада сөөктү 1-2 ай кармайт экен. Ошол достору улам бир жерге барып атып, 3-4 күн ичинде алып келишти. Мен сөөгү табылганына кудайга шүгүр этем. Эгер толкун ошол бойдон океанга алып кетсе эмне болот эле? Мухтар элге белгилүү адам болгондон кийин ар кандай сөздөр айтылды. Жайга өкүрбөй узаттык деп таарынгандар болду. Биздин апабыз ажыга барып келген. Ал киши баласын чыныгы мусулмандардын салты менен коюну чечти. Бул эми туурабы, туура эмеспи мен сындай албайм. Энебиздин ар бир сөзү биз үчүн мыйзам, кандай болбосун аны аткарабыз.
- Иниңизди сизден артык эч ким билбейт чыгаар, ал жөнөкөй турмушта кандай эле?
- Аккөңүл, жөнөкөй болчу. Алысты көрө билчү. Бир нерсени алдын ала айтса, кийин ошол нерсе болуп калчу. Ишенчээктик жайы бар эле. Адамдан эч убакта жамандык күтчү эмес. Ошол мүнөзүн көптөр пайдаланды. Сатып кеткендер болду. Бирок Мухтар анын баарын кечирип койчу. Ушундай айкөлдүк жайы бар эле… Саясатка жаңы күчтөр келсе деп кыялданчу. Кыргызстанды жаңы муун гана оңдой алат деп ишенчү. Мен да ошол көз карашка макулмун. Биз азыр бир идея менен иштей турган күчтүү команданы тарбиялап атабыз. Идея болгондо гана партия ичинде келишпестик чыкпайт. Буюрса, инимдин тилегин "Замандаштагы" жаштар ишке ашырат деп ойлойм.

Санжи Туйтунова