Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Учуркеп

Журналист, публицист Замира Сыдыкова:
"Бабанов премьер болсо Атамбаевге кыйын болуп калат..."
- Замира айым, президент шайланып, эми парламенттеги коалиция башынан түзүлөрү айтылып атат. Сиздин оюңузча, жаңы коалицияга кайсыл фракциялар кириши мүмкүн?
- "Ата-Журт" фракциясы оппозицияда калып, калганы коалиция курамына кириши керек. "Ар-намыс" буга чейин иш жүзүндө болбосо да сөз жүзүндө коалицияга кирүүгө каршы эмес экендиктерин билдиришкен. Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин пайдасына талапкерлигин алып салды. Ал түшүнүктүү эле болду. Ташиевдин оппозицияда жүрүп деле өкмөттүн, парламенттин ишине таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошол үчүн оппозицияда болуу Ташиев үчүн оптималдуу вариант. Эл арасындагы жүзүн да, салмагын да сактай алат.
- Парламенттин жаңы спикери ким болот деп ойлойсуз?
- Текебаев деп айтып жатышат. Бирок мен буга кошулбайм. Анткени парламентте Текебаевге каршы добуш беришкендер эле олтурат. Фракциянын курамы өзгөргөнү менен заты өзгөргөн жок да.
- "Ата-Мекен" коалиция курамына кирсе, спикер болууга мүмкүнчүлүк алат да. Атамбаевдин пайдасына талапкерлигин алып салган деп атпайсызбы?
- Биринчиден, Текебаев конституциялык реформанын башында турган. Азыр ал Башмыйзамга нааразы болгондор көп. Конституция дагы өзгөрүүгө учураса, спикердин ага катышы чоң болот. Анан Текебаев спикер катары өзү токуган Башмыйзамга каршы чыкмак беле. Андай болушу мүмкүн эмес.
- Конституция өзгөртүлөбү?
- Түп тамырынан жаңыланбайт, бирок айрым өзгөртүү, толуктоолор киргизилет. Муну Атамбаев ушул жылдын августунда өзү айткан. Азыраак өзгөртүүлөрдү киргизиш керек деген. Президенттикке талапкер болгондордун дээрлик бардыгы Конституция жаңыланууга муктаж экенин айтышты. Атамбаев алардын да, коомчулуктун да пикирлери менен эсептешпей койбойт. Анын Президент катары Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүүгө укугу бар.
- Андай учурда президент, өкмөт башчы, спикер ортосунда ыйгарым укуктарды талашуу жүрбөйбү?
- Бул премьер-министрдин ким болоруна байланыштуу. Мисалы, Ташиев өкмөт башчылыкка келсе, анда, албетте, андай талашуу болушу толук мүмкүн. Атамбаевге ыктаган, андан бийлик талашкысы келбеген бирөө келсе, анда президенттин каалоолоруна жараша чечилет.
- Өкмөт башына ким келиши мүмкүн?
- Премьер болгусу келгендер көп. Ташиев менен Атамбаев сүйлөшүп, Ташиев өкмөт башчылыкты сурагандыгы айтылууда. Жанында жүргөндөр айтып жүрүшөт. Өкмөт башчы болсом дегендердин арасында убактылуу өкмөт башчынын милдетин аткарып аткан Бабанов да бар. Бирок ал саясатташкан, одиоздук фигура. Анда Атамбаевге оор болуп калат. Буга чейин Бабанов менен иштеп, анын айрым шектүү аракеттеринен улам "сүткө оозун күйгүзгөндөй" эле болгон. Атамбаев мында биринчи кезекте оппозиция менен консолидацияга барып, алар менен биргеликте иштешүүгө аракет кылышы керек. Өзүнө караштуу күчтөрдөн премьерликке алып келүүнү каалайт. Бирок анда өзүнө эле кыйын болот. Бийликти колуна топтоштуруп алды деп чыгышат. Акаев, Бакиевдин тагдырлары ага сабак болсо керек. Алардын тагдырларын кайталабай, мөөнөтүнүн аягына чейин иштөө үчүн оппозициялык күчтөр менен болушунча ынтымакта, биргеликте иштешүүгө басым жасайт.
- Жаңы келе турган өкмөткө экономиканы көтөрүү кыйын болот деп атышат талдоочулар.
- Анын жүйөөсү бар. Социалдык-экономикалык абал жакшы деп айтууга болбойт. Буга чейин өткөөл мезгил деген абалда жашап келдик.
Президенттик шайлоону күтүп, жаңы өлкө башчынын шайлануусун күтүп дегендей.
Сырткы донорлор да былтыркы түштүктөгү коогалаңдарды эске алып, бизге акчалай жардамдарды берип келишти. Биздин абалыбызды түшүнүп атышты.
Азыр өкмөт бюджетти түзүүдө киреше бөлүгүн донор акчалардын эсебинен толтурушту. Эми мындан ары донор өлкөлөр да "өткөөл мезгилиңер бүттү, президентиңер шайланды. Эми экономикаңарды колго алгыла, бизди карап олтура бербей..." деп айтышат. Буга чейинкидей жардам акчаларды бергенди токтотушат. Андыктан жаңы өкмөт өз аракеттерине, өз күчтөрүнө гана таянышы керек.

Мирлан Дүйшөнбаев




  Алатоодо

Кант кызылчасын вагондоп ташыйбыз
Кыргызстанда кант кызылчасын ташуу жана кызылча өстүрүүчүлөргө кумшекер жеткирүү боюнча темир жол тарифтеринин баасы 15-октябрдан 31-декабрга чейин арзандатылды. Бул жергиликтүү кызылча өстүрүүчүлөр үчүн кичине болсо да стимул болуп эсептелет. Кыргызстан кант кызылчасы боюнча ички керектөөнүн 10-11 пайызын гана жабдый алат, калган бөлүгү импорттун эсебинен толтурулат. Азыр кызылча сатып алуунун баасы Кемин, Чүй, Панфилов райондорунда тоннасына 3 миң сомдон, Москва, Жайыл райондорунда тоннасына 2900 сомдон, Сокулук районунда 2850 сом, Талас аймагында 3100 сом.


  КМШда

Араб революциясын кыргыз баштады
Россиянын премьер-министри Владимир Путин 7-ноябрда Шанхай кызматташтыгы уюмунун өкмөт жетекчилеринин жыйынында Араб өлкөлөрүндөгү жазгы толкун Кыргызстандан от алып кеткенин айтты. "Эми кудайга шүгүр, баары өз калыбына түшүп баратат. Кыргызстанда жакшы өзгөрүүлөр, стабилдешүү процесси жүрүп жатат" деп белгиледи.


  Европада

Швециядан башпаанек алды
Июнь окуясында сепаратисттик ураандары менен элди кайраштырган деп айыпталган Кадыржан Батыров Швециядан саясий баш паанек алганын жарыялады. Бул тууралуу Кадыржан Батыров өзү кечээ "Азаттыктын" өзбек кызматындагы маегинде айтты. Жакында Жалал-Абад шаардык соту аны өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Кадыржан Батыров баштаган өзбек улуттук маданий борборунун беш мүчөсү улуттар аралык араздашууну козуткан, куралдуу топторду түзгөн жана этникалык кагылышууну уюштурган деген сыяктуу бир катар беренелер боюнча айыпталышкан болчу.


  Тапкан тапалак

Кызыл топучан
Жаңы жылга "Красная шапочка" болуп барган бул сүрөттөгү мотурайган кыз азыр элге белгилүү, мукам үндүү, аракетчил ырчы айым. Бир үй-бүлөнүн кожойкеси. Эки баланын апасы. Кыргызстанда болобу, чет өлкөдө болобу таланты менен алдыңкы катарда жүрөт. Ушул жагы жетишет го, дагы бир аз айтсак өзү эле белгилүү болуп калчудай. Эмесе, сүрөттөгү "Красная шапочканын" ким экенин тапкан окурманыбызды редакциядан белек күтөт. Чамдаңыз!


  Элет жарчыларын жумушка чакырабыз

Айыл турмушун жазып,
акча тапкың келеби?
Анда элдик кабарчы бол!!!
Урматтуу окурман, биздин гезит менен иштешкиңиз келеби? Элдик кабарчы болуп, элет жарчысы болуп бериңиз. Сиз жашаган райондо же айылда не кызыктар болуп атса бизге жазыңыз. Айылда болуп аткан окуялар, элдин турмушу, айыл өкмөткө жана акимдерге болгон нааразылык, айылдын ооруканасы, мектеп көйгөйлөрү… акыры бардыгы кызык. Айылдан келген куш тилиндей кабарыңызды гезитке жарыялап туруп, сиздин чөнтөк телефонго бирдик салып беребиз. Гонорарды бирдик түрүндө аласыз. Эгер акчалай алам десеңиз, анда бир айда жазган макалаларыңыздын калем акысын чогултуп, почта аркылуу которуп беребиз.
Айылдагы кызыктуу адамдарды да жазсаңыз сүйүнүп гезитке чыгарабыз. Балким, кошунаңыз абдан таланттуу адамдыр, балким, аркы көчөдөгү айылдашыңыз бирөөнү өлүмдөн сактап калды. Же төмөнкү айылда бир көзү ачык чыгып, укмуштарды жобурап атат. А, балким, айылдан укмуш гений бала чыгып, колдоосу жок айылда чүнчүп жүрөт. Балким, айылда мончо салынып, жышынып жуунуп эле жыргап калдыңар. Же айыл өкмөт ичип-жеп, эл нааразыдыр. Же жакында эле айылда бир күлкүлүү окуя болуп өткөндүр. Акыры айылдагы адамдар тууралуу кызык баяндар да кабыл алынат.
Эмесе, чамдаңыз. Каттарыңыз "Элет жарчылары", "Каттар, каттар каркыралар" аттуу рубрикаларга жарыяланат. Катта толук аты-жөнүңүз, жашаган дарегиңиз, анан чөнтөк телефонуңуз болушу керек.
Биздин дарек: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-24, Учкун АКсынын имараты. 6-кабат, "Dе-факто" гезитинин редакциясы. Айрым кабарларды телефондон да айтып берсеңиз болот, 550 20 44 23 жана 773 77 89 57
Калем акылар 50 сомдон 500 сомго чейин төлөнөт. Баса, жазганыңыз сүрөт менен коштолсо, анда калем акы көбүрөк төлөнөт.
Эскертүү: Бирөөгө жалаа жаап, калп айтууга,
кыянатчылык кылганга тыюу салынат!











кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??