Асты таш, үстү таш

Камчыбек Ташиев, ЖК депутаты:
"Өкмөттүн курамына илинели деп улкунуп, жулкунбайбыз"
- Камчыбек мырза, Атамбаев менен мунасага келип атасызбы? Тымызын соодалашууга барып аткандыгыңызды айтып атышат…
- Мен шайлоочуларымдын добушуна жамынып алып, кызмат, бийлик, мансап үчүн эч кандай соодалашууга барбайм. Соодалашып атат деген сөздөр чындыкка коошпойт. Кезектеги ушак, имиштер. Мен Атамбаевден айрымдар айтып, жазып атышкандай эч кандай кызмат сураган жокмун, сурабайм дагы. Бул жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Биздин максат - шайлоодогу мыйзамсыз көрүнүштөргө юридикалык баа берип, ага күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу. Муну сөзсүз аягына чыгаруу керек. Кийинки шайлоолордо кайталанбашы зарыл. Антпесек, кийинки шайлоолордо деле кайталана берет.
- Атамбаев менен кандай өңүттө иштешесиз?
- Буга чейин оппозицияда, бийликте турганда өлкө жетекчилиги менен кандай иштешип келген болсом, Атамбаев менен да ошондой иштеше берем. Элдин кызыкчылыгы мен үчүн баарынан жогору турат. Кайсыл маселеде болбосун президентке сунуш, пикиримди айтуу менен туура эмес иштери, кемчиликтери, элге каршы аракеттер, мыйзамсыз кадамдар болсо, алардын баарын ачык, бетке айтып, сындап турам.
- Коалицияга "Ата-Журт" фракциясы киреби?
- Азыр биз ал жөнүндө ойлоно элекпиз. Кесе жооп берүү эртелик кылат. Коалициянын тагдыры парламентте чечилет. Биз коалициянын тегерегинде башкаларга окшоп кызмат бөлүштүрүү, кызмат суроо соодалашуусуна барган жокпуз. Бирок биз кирип, өкмөттүн курамына илинели деп улкунуп, жулкунбайбыз. "Ата-Журт" коалицияга кирүүсү да, кирбей калуусу да мүмкүн.
- Оппозиция болуп калышыңар мүмкүнбү?
- Толугу менен оппозиция болобуз. Бирок баса белгилеп айтып кетейин. Эгерде оппозиция болсок, анда биз Кыргызстандын тарыхында боло элек эң күчтүү, эң конструктивдүү оппозиция болобуз.

Мирлан Дүйшөнбаев




 "Чымындууларга" байге сайдык!

Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калем сабы
(Б.Сарногоев)

Урматтуу окурман, көркөм чыгарма окуп бир жан дүйнөнү кубантып, тазарып алганга кандай дейсиз? Сагындыңызбы? Биз да сагындык. Отуруп алып жакшы бир аңгеме окуганга же бир ыр окуп жан-дүйнөң толкуп, делдеңдеп алганга не жетсин?! Акындар, төкмөлөр ж.б. чымындуулар болсо жазган чыгармасын жарыялаганга жай таппай, китеп чыгарганга шарты жок жүргөнү жүргөн. Ыр жандуу кыргыз ойдон кырга чейин, жылдан кылымга, таанышкандан "жабышканга", ынкылаптан ынкылапка чейин ыр жазганын калтырган жок. Ылайым ошентип ыр бүтпөсүн. Биздин гезит дирилдеген ырларды сан сайын берип, көкүрөктөргө көктөм алып келели деп бир ырдын конкурсун жарыялап атабыз. Ошондой эле махабат, сүйүү, ажырашуу, сагыныч, жалгыздык жана кусалыкты камтыган чакан аңгеменин конкурсу да жарыяланат.

Бир ырдын конкурсу

Сан сайын конкурска түшкөн ырлардан тандалып алынганы гезитке жарыяланат. Конкурстун жыйынтыгы 2012-жылы 1-майда чыгарылат. Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов баш болгон калыстар тобу тандаган бир акынга 20 миң, эки акынга 10 миңден, үч акынга 5 миңден байге берилет. Ыр көлөмүнө гезиттин бир устуну (колонкасы) берилет. Ал ыр башка эч бир гезитке же китебине түшпөгөн эң соңку ырың болушу керек.

Бир аңгеменин конкурсу

Аңгеме өтө узак болбошу керек. Жүрөктү эзген, дирилдеген, жан дүйнөнү толкуткан кыска сюжети бар аңгемелерге артыкчылык берилет. Аңгеме сүйүү, айрылышуу, жалгыздык, сагыныч темасында болушу керек, же бир турмуш тамчыларын сүрөттөгөн жылуу аңгеме болушу керек. Калыстар тобу аңгеменин сюжетинин курулушуна, сөздөрдүн таптап жазылышына, адабий көркөмдүгүнө ж.б. ушул өңдүү көп сапаттарга карап тандап алат.
Мыкты аңгеме деп табылган биринчи орунга 20 миң сом, экинчи орунга 10 миң сом, 3-орундагы эки аңгемеге 5 миң сом байге берилет. Конкурстун жыйынтыгы 2012-жылы 1-июнда чыгарылат.
Конкурска чыгармаңызды салганда толук аты-жөнүңүз, кыскача таржымалыңыз жана сүрөтүңүз кошо берилиши керек. Чыгармаларды төмөнкү дарекке салыныз: defacto.gazeta@gmail.com же редакциянын дарегине почта аркылуу жөнөтүңүз.