Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Жунгли токоюнда

Кайнагасынан таяк жеп, ооруканада жаткан 17 жашар Гүлзатты "киши өлтүрдү" деп айыпташууда

Кырсык каш-кабактын ортосунда деп айтылганы бекеринен эмес окшойт, 20-октябрь күнү чак түштө саат 15тер чамасында Чоң-Капка айылындагы Максат көчөсүндөгү салынып бүтпөгөн тамдын ичинен аталган айылдын тургуну 16 жашар Асанаалы кызы Алиянын күч колдонулуп өлтүрүлгөн денеси табылган. Алия менен бирге оор жаракат алган Манатбек кызы Гүлзат эс-учун жоготкон абалда райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Бирок көп өтпөй 17 жаштагы Гүлзат кылмышка шектүү катары 27-28-октябрь күндөрү Манас РИИБисинин убактылуу кармоочу жайында камалган. 29-октябрь күнү Манас райондук сотунун судьясы Сулайка Кангелдиева кыздын оор акыбалын көрүп, үй түрмөгө чыгарган. Арадан апта өтпөй, маркум Алиянын тайкелери Чаргыновдор Гүлзаттын камалышын талап кылып, райондук соттун чечимине нааразычылык билдирип, облустук сотко кайрылган.


"Алияны өлтүргөн 3 баланы Гүлзат таанып жатат, ага карабай кызымды күнөөлөштү"
- 20-октябрь күнү кызым "помидор терип келем" деп чарбактын башындагы үлүш жерибизге кеткен. Көпкө кечиккенинен коңшунун кызын жана кичүү кызымды ээрчитип артынан барсак, талаада эч ким жок. Кайра келе жатканда, жанымдагы кызым "апа, мобунун ичин карайлыбы?" деп ээн тамды көргөздү. Кичүү кызым Адика тамдын босогосун аттаганда эле Гүлзаттын мойнуна тагылган тумарчасы жерде жатканын көрүптүр. "Бул апчемдики го, каяктан түшүп калган" деп ойлонуп, алып койгон экен. Биз оозгу бөлмөлөрдү карап атканда, жаныбызда ээрчитип жүргөн кыз төркү бөлмөгө кирип кетиптир. Бир маалда ачуу чаңырып, эшикке атып чыкты. Көрсө, канжалап, сулк жаткан кыздарды көрүп катуу чочуган экен. Биз эмне болгонун түшүнбөй, анын артынан сыртка ээрчий чыктык. Кыздын кыйкырганын жолдошум да уккан экен, чуркап келди. Тамга кайра киргенге даабай турсак, көзүнөн кан агып, темтеңдеп Гүлзат чыгып келе жатат. Мени көрө салып эле "апа - аа балдар бизди уруп кетишти..." деп, өзүн жоготту. Эл чогулуп, кызды ооруканага алып жөнөдүк. Эсине келгенде, белгисиз үч бала укол салып, ооздоруна дары тыгып, уруп-сабаганын айтып берди. Улуу балам Алтынбек палатага киргенде Гүлзат "аке, Алияга айтыңыз, тигилер телефон чалса албасын" дептир. Алиянын каза болгонун анда угуза элек болчубуз.
- Анан ошол ооруканада жаткан жеринен камап салыштыбы?
- Ооруканадан эки колун керип, керебетке байлап салышты. Ордунан тура албагандыктан медсестралар памперс кийгизип коюшкан. Палатанын оозун эки милиция кайтарып турат. Эч кимибизди үстүнө киргизишпейт. Абалы оор экенине карабай эки күндөн кийин "реанимациядан хирургия бөлүмүнө которобуз" деп калышты. Кийимдерин алып баргам. Кызымдын жанында күйпөлөктөп жүрсөм, Турсунбаев деген башкы врачы колумдан дыркырата сүйрөп эшикке чыгарса болобу...
- Гүлзат айткан балдар кайда, кандайча кызыңызга кайнагасы кол көтөрүп жүрөт?
- Ал балдардын экөө айылда, ээн-эркин эле жүрүшөт. Мурда соттолгон, мандемдүү немелер. Алар тууралуу буга чейин "наркотик колдонот, милиция менен байланышы бар" деген сөздөрдү уксак да, маани бербептирбиз. Минтип кызыбыз ак жеринен күйгөн кезде ал сөз тегин жерден чыкпаганына ынандык. Гүлзат өзү 9-классты аяктагандан кийин эле Талас шаарындагы агрардык колледжге тапшырган. 2010-жылы 1-декабрда кызыбызды Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургуну Дамир Асымбаев деген бала ала качып кеткен болчу. Тилекке каршы, экөөнүн оту күйүшпөдү. Кызым үйгө бат-бат эле келе берчү. Көрсө, күйөө бала уруп, сөгүп, кордочу экен. Аны же бизге айтпайт, эки-үч күн жатат да кайра эле кетип калат. "Күйөөгө тийдиң, эми бейчеки келгениңди кой" деп энелик насаатымды айтып, узатып койчумун. Акыркы жолу 9-апрель туулган күнүнөн кийин уруп, соткасын талкалап салыптыр. Аны уккандан кийин Гүлзатты алып кеттик. Үйгө келгенден кийин кызымдын кийимдерин ырастап жатсам, арасында эки пачка ок жүрөт. Сурасам, күйөө баланыкы экен, "катып кой" деп бериптир. Ошол замат аны Таластын ОИИБсына тапшырып, Гүлзатты урганы үчүн Дамирди сотко бергенбиз. 21-июлда сот болуп, күйөө бала 1 жылга эркинен ажырап, бирок ошол эле замат Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына карата мунапыска туш болгонуна карата "бошотулду" деп жарыялаган.
Экөө ажырашып кеткенден кийин Дамир Акылдын телефонуна чалып турчу, бирок Гүлзат сүйлөшчү эмес. Бир күнү түндө биздин айылдагы Марал деген бала келиптир телефонун көтөрүп. Көрсө, ага Гүлзаттын группалашы Алина аттуу кыз Дамир аны телефондон коркутуп-үркүтүп жатканын чалып айтып, ыйлактаптыр. Угушубузга караганда Дамир кийин Алия менен телефон аркылуу байланыша баштаса керек. Анткени 20-октябрь күнү саат 2ден 22 мүнөт өткөндө Дамир Алиянын телефонуна чалып, 1 минут 47 секунд сүйлөшүптүр. Анан жанагы окуя болуп атпайбы. Эмне үчүн ушунун баарын милициялар текшеришпейт? Манас РИИБсинин начальниги Сабатар Райымбаев менен биздин күйөө балабыз Дамир Көк-Кашат айылынан, туугандык жайы бар экен. Ушул да роль ойноп жаткан сыяктуу...

Гүлзат:
"Милицияда иштеген эже "моюнуңа алсаң, мен звания алат элем деген"
27-28-октябрь күндөрү Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында камалып, кылмышка шектүү адам катары сурак берген Манатбек кызы Гүлзат милициялар "кылмышты мойнуңа ал" деп кыйнашканы тууралуу минтип айтып берди:
- Ошол каргашалуу күнү Алия менен чогуу жүрдүң беле?
- Помидор терип келейин деп чарбактын сыртына чыккам. Артыма кылчайсам Алия келатыптыр. Маани бербей, өз жолумду улай бердим. Талаада эч ким жок болчу. Бир маалда талаага жакын жолго "JETTA" үлгүсүндөгү боз-күңүрт түстөгү машина келип токтоду. Анын ичинен менин кайнагам, биздин айылдык Нургазы, Максат деген балдар түштү. Алар Алия менен жолугуп, мага жакындап келип калышты. Кайнагам менин колумду кайрып тамдын ичине киргизип, "колуңа укол сал" деди. Мен салбайм дедим. Көзгө бир урду. Чачымдан бекем кармап башымды артка кайрып, оозума дары салды. Көк желкеге таш менен урганын бир билем... Эшиктен ачуу чаңырык чыкканда өзүмө келип, жанымды карасам Алия көмкөрөсүнөн түшүп жаткан экен, "тур, Алия" деп түрткүлөсөм турбайт, эптеп эшикке чыксам апам туруптур. Алиянын өлгөнүн билген эмесмин. Ооруканада жатсам, милициялар Алиянын өлүп жатканда тартылган сүрөттөрүн алып келип, "мына! Сен өлтүрдүң!" дешти. Ошондо мен шок болуп "мен өлтүрдүмбү?! Менби?" деп кыйкыра берипмин. Тигилер ансайын "Сен өлтүрдүң!" деп жатышты (ыйлап).
- Бирок күнөөнү моюнуңа алган турбайсыңбы?
- "Байкеңе жаман болот. Ошон үчүн мойнуңа ал. Аялдарга ал жактан тийбейт. Анын үстүнө сен жаш экенсиң. "Сен мойнуңа алсаң мен звание алам" деди ИДНде иштеген эже. Чындыкты айтсам, эч ким укпады. Аргам түгөнгөндө нан кармап, каргандым.
Кайра жаман көрүшүп, ашатып сөгүштү. Мени урган биздин айылдык Максатты алып келишип экөөбүздү беттештиришти. Байкасам, тергөөчү менен Максат бири-бирине көзүн кысып жатышат. Аны көргөн соң такыр сүйлөбөй койдум. Акыры, эзе беришкенинен ушинтсем жанымды коюшабы деп, кылбаган ишти моюнума алууга аргасыз болдум. Жаным кыйналып ооруп тургам, кайра-кайра сурак бергенге чыдабай кеттим.


Акылбек Элебаев, Гүлзаттын бир тууган агасы:
"Бир жылкы берсең куткарып алабыз!"
- Гүлзат камалар астында, дары-дармек алып бергени ооруканага апамдар менен чогуу келгем. Карындашымдын абалын көрүп, жаман болдум. Сыртка чыгып, алаксыш үчүн тамеки чегейин десем жанымда калбаптыр. Дүкөнгө баратсам, жолдон 3 милиция токтотуп калды. Дароо эле "жүр, отур" дешти. Мен апамдарга жолугуп, машинанын ачкычын таштап коеюн деп сурандым. Алар "биз да чогуу баралы" деп, мени машинага салышты. Ошол бойдон түз эле РИИБге алып барышып, эртең мененки 11ден кечки саат 6га чейин кармап олтурушту. "Кызды мен өлтүрдүм деп мойнуңа ала бер. Үйүңдө 3 жылкың бар экен го. Анан бизге бир жылкы берсең, сени куткарып алабыз" дешти. Ар кандай ыкмаларга салып мени коркутуп-үркүтүштү. Албетте, мен алардын айтканын аткарган жокмун. Бул окуя биздин үй-бүлөгө чоң сокку болду. Баарыбыз ичтен сызып, кейиш менен күн өткөрүп калдык.

Палаталаш жаткан келиндердин айтымында, ооруканада Гүлзат дубалды кармап араң басып жүргөн. Ошого карабай "Кылмышкерди камаш керек, биз мыйзам менен иштейбиз" деп Манас РИИБинин кызматкерлери ооруканада жаткан жеринен жетелеп чыгып, убактылуу кармоочу жайга камашкан. Биз бул боюнча бөлүмдүн начальниги Сабатар Райымбаевдин өзүнө байланышка чыксак, "кылмышка шектүү адам катары азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Доктурлар айыгып калды, алып кете бергиле дешкен" деп кыска жооп берди. Манатбек кызы Гүлзат таш менен урулган соккудан кийин башы көтөрүлбөй, ылдый салаңдап калган. Азыр үй түрмөдө. Ден соолугу күндөн-күнгө начарлап баратат.
Гүлзаттын адвокаты Алымбек Назеков Манас РИИБсинин тергөө бөлүмүнүн башчысы Улан Узенов көрүнгөн шылтоону айтып качып жүргөндүктөн, иш менен тааныша албай, кызды дарылатууга өтүнүч кат жаза албай жатканын айтат. Ал эми Гүлзаттын камалышын талап кылып жаткан маркум Алиянын таякеси менен телефон аркылуу байланышсак, тоодо мал багат экен. Ал көзмө-көз жолукмайын эч нерсе айтпасын билдирди. Тилекке каршы, жолдун алыстыгынан чакырган жагына бара албадык.


Мира Сейдикеримова, Талас
P.S. Бул окуя боюнча ММК мыйзамына ылайык, экинчи тараптын пикирине да гезит бетинен орун берүүгө даярбыз.





кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"




а ­е¦Є.НҐй«