Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

"Аралда" 60тан ашык адам ууланды, бирок ал иштеп атат

Күз айлары кыргыздар үчүн аш-тойлорду өткөрүүгө ыңгайлуу мезгил. Мурда аш-тойлор үйлөрдө гана өткөрүлүп келсе, акыркы он жылда тойду, ашты, а тургай куран окутууну кафелерде өткөрүү адатка айланып барат. Өткөн жуманын аягында Бишкектеги "Арал" кафесинде мына ушундай аштардын бири өткөрүлүп, чакырылган 150 адамдын 53ү бузулуп бараткан жылкы этинен ууланышты.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын (МСЭК) билдиришинче, 6-ноябрь түнү борбордук инфекциялык ооруканага кафеден ууланган адамдар түшө баштаган. "6-ноябрь түнү саат үчтөрдө бизге алгачкы оорулуулар түштү. Жалпысынан бизге 69 адам кайрылып, анын 32син жаткырганбыз. Азыр алардын акыбалдары жакшы. Калган 37синин уулануусу жеңил формада болгондуктан, дарыгердин кароосунан соң дары жазып берип, үйлөрүнө жөнөттүк. Булардын арасында 2 мектеп жана бир бала бакча жашындагы балдар бар. Алардын акыбалы азыр жакшы. Үй шартында дарыланып атышат. Кайсы тамак-аштан ууланышкандары жакында такталат. Биз азыр эттен деп божомолдоп атабыз" дейт Республикалык инфекциялык оорулар ооруканасынын башкы врачы Нарынбек Айткулуев. Нарынбек мырзанын айтымында, буга чейин мындай массалык уулануулар болгон эмес.
Кафенин кожоюну Дөөлөтбек Жусупбековдун айтымында, бул ууланууга кафени ижарага алган Нургазы Камбаров өзү күнөөлүү. Анткени Камбаров кафени ижарага алып жатып ашка кетүүчү тамак-ашты өздөрү даярдашарын макулдашкан. "Азыр кырдаал оор. Кээде биз ушинтип кардарлардын шартына көнөбүз. Бул күнү ижарага алгандар дасторконду өздөрү жайышкан. Биз болгону кайнак суу гана бергенбиз. Булар бир-эки күн мурун жылкы союп, чучук, казы-карта даярдашкан экен. Эт бузулуп кеткендиктен келгендер ууланып отурат. Ошондуктан бул жерде менин айыбым жок" дейт "Аралдын" ээси Дөөлөтбек Жусупбеков. Муну моюнга алган Камбаров, учурда кафеге эч кандай дооматы жок экенин айтууда. Ошентсе да шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы "Арал" кафесиндеги тамак-ашты даярдоо шарттарын текшерип, санитардык нормага туура келбей турган жагдайлар бар экенин аныкташкан. Ошого ылайык аталган, кызмат кафени убактылуу жабуу токтомун чыгарган. "Кафеде санитардык мыйзам бузуулар болгон үчүн биз кафенин кожоюнуна 2 миң сом айып салып, кафени убактылуу жабуу токтомун кабыл алганбыз. Ошого карабай, кафе 8-ноябрдан баштап иштеп атат. Токтомдун аткарылбаганы тууралуу материалды Биринчи май райондук жана шаардык прокуратурага жөнөттүк" дейт Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун тамак-аш, гигиена бөлүмүнүн бөлүм башчысы Махамбат Мурзашев.
Кафе тууралуу айта кетсек, бул 500 адам бата турган борбордогу бирден-бир белгилүү жайлардын бири. Кафеден күнү-түнү киши аягы үзүлбөй, той-аштарды өткөрүүчүлөр бир ай мурун заказ кылышат. Учурда бул кафеге алдын-ала заказ кылып, меймандарын чакырып алган кардарлар "МСЭКтин санкциясын уруп ойнобойбуз, чакырып алган адамдарыбызды эми кайда алпармак элек" деп турушат. Инфекциялык ооруканада дарыланып жаткандар болсо бизге жооп берүүдөн баш тартышты.

Мелис СОВЕТ уулу






кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??