ЖоКенин үнү менен жүзү

Кыргыз Парламентиндеги "торпедо", балык, үлпүлдөк жана "Аватар" жөнүндө
Ачыктыгы үчүн жеме да угат
Атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов кезинде СССРдин Жогорку Советинин депутаты болсо, көкүрөк күчүгү Ширин Айтматова учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Албетте, депутат болуусуна атасынын кадыры жардамга келди. Ширин айымдын былтыркы Оштогу коогалаңда өз каалоосу менен барып, ыйга, муңга баткан эл менен бирге болуп келгендигин айтпай коюуга болбойт. "Ата Мекен" партиясынын жетекчилигине да Ширин айымдын ушунусу жаккан дешет. Ширин Айтматова Жогорку Кеңештеги куулук-шумдукту билбеген, тигил же бул маселени ачык, бетке айткандыгы менен айырмаланат. Бул, балким, кулк-мүнөзүнүн европалашып калгандыгынан болсо керек. Андай ачыктыгы үчүн кээде спикерден жеме угуп да жүрөт. Жогорку Кеңеш ичинде кандайдыр оюн болсо, Ширин айымдын ага катышпагандыгын байкап келебиз. Артка тартканы, кыргыз тилин билбейт. Атасынын кеп кеңеши, акыл насааты жетишпегенсип турат...

ЖоКенин "торпедосу"
Бул айым тууралуу көп нерселерди айтса болот. Бирине жакса, башкаларына жакпаган депутат. ЖКнын "торпедосу" десек ашыкча эмес. Торпедонун функциясы кандай болсо, Жылдыз айым деле ошондой милдетти аткарчулардан. Эркек мүнөздүү, кайраттуулугу менен парламенттеги ордун бат эле таап алды. Айтканын бербестиги бар. Айтайын дегенин айтпай калчу болсо, көкбеттенип атып сөз алып сүйлөйт. Көп сүйлөгөндүктөн башка айым депутаттар "Жылдыз Айтибаевнага көп сөз бересиз, эмне, коркосузбу?" деп спикерге нааразы болуп да жүрүштү. Ташиев менен Сулайманов мушташа кеткенде эркектерден кем калышпай ортого түшүп, арачалагандыгы көпчүлүктүн эсинде. Жылдыз Жолдошева аял депутаттар мындай турсун, Парламенттеги эркектердин энесин окутуп, ордун көрсөтүп койчу кудурети бар.


Балык депутат
Динара Исаеваны кезинде "семиз балык" деп жазганбыз. Чычалап жүрдү. Оозуна талкан салып алгансып, ырымга бир ооз ачып койбосо, жашоо образы кадимки балыкты элестетсе, анан "семиз балык" дебегенде эмне дейбиз. Депутат болуп келгени, ооз ача элек. Парламентте эмнеге отургандыгын бир өзү, анан Алматыдагы Данчик мырза эле билбесе, биз билбейт экенбиз. Бир ооз ачып койбосо кайдан билмек элек. Үнү кандай болду экен, кандай сүйлөйт болду экен деп, анын үнүн укканга зарлар бар. ММК өкүлдөрүнөн жаа бою качат. Аргасыздан ушундай депутатты кармап олтурган "Ата-Журт" фракциясына баракелде дегенден башка сөз таппайсың. Анан да ЖК жыйындарына да кээде эле катышат. Көп учурда үстөлү бош эле турат.

Кнопка баскыч депутат
Ар бир кадамын санап баскан атамекенчи Гүласал Садырбаева аттуу депутат бар. Дүйнөгө кыргыз деп келип, кыргыз деп кеткен раматылык Дооронбек Садырбаевдин бир тууган карындашы. Кээде эле сүйлөп койбосо, башка учурларда көп деле сүйлөбөйт. Дооронбек Садырбаевдин кадыры менен депутат болгондугу айтпаса да түшүнүктүү. Кээде Гүласал айым жыйындарга келип катышып жатканына эле ыраазы болуп жүргөндөй туюлат. Бирок добуш берүү учурларында ордунда жок партиялаштары үчүн добуш берүү милдетин эң сонун аткарат. Кадам санап баскандыгына карабай, бардыгы үчүн добуш берүүгө үлгүрөт. Жок дегенде башкалардын ордун жоктотпой, кнопка басып турганга бирөө болсун да...
Баса, ушундай эле кнопка баскыч милдетти СДПКчы депутат, маркум Санжар Кадыралиевдин карындашы Ыргал Кадыралиева да аткарып жүрөт. Добуш берүүгө келгенде эле ордунан туруп, кнопка басып жүргөнүн көрөсүң. Жашыраак эмеспи, докладчиктерге примитивдүү мүнөздөгү суроолорду берет. Бирок агасынан кем калышпаган намыскөйлүгү бар. Агасы Санжарбекти өлтүрдү делгендерди бутундагы туфлийи менен уруп алгандыгы бар.

Сакадай бою сары алтын депутат
Жогорку Кеңешке кечээ эле келип, чоң саясаттагы "бөрү" Феликс Куловду фракция лидерлигинен алып түшкөнүнө корстон болуп жүргөн Камила Талиева аттуу депутат айым бар. Мурдагы мугалим, кийинки губернатордун орун басары. Сакадай бою сары алтын демекчи, акыркы учурларда таскагы катуу чыгып барат. Коопсуздук кеңешинин мүчөсү да болуп алган. Өзүн баарынан кыйын сезип калган кербези. Амбициясы аттын башындай экендиги байкалат. Жыйындарга кечигип келмей адаты бар. Эмоционалдуу, ачуулуу окшойт. Келген министр, чоңдорго кандайдыр кыжырдануу менен суроолорун жаадырат. Бирок дайыма эле сүйлөй бербейт. Маанайына жараша сүйлөй турганын байкап жүрөбүз. Дамира айымга окшоп, Камила айым да ачуусун жардамчысынан чыгарарын билгендер айтып жүрүшөт.

"Аватар" - депутат дейби?
ЖК жыйынына келген министр, жетекчилерди бурчка такап, ыңгайы келсе, келбесе да суроолорду жаадырып, айрым учурларда жаалданып, албууттанып кетмейи бар Дамира Ниязалиева деген депутат бар. ЖоКедеги айрым депутаттарга караганда тажрыйбасы бар. Буга чейин да депутат болгон эмеспи. Журналисттер чөйрөсү аны Аватар деп коюшат. Анткени Дамира айымдын боенуп, сүйкөнүп алгандан кийинки жүзү атактуу Жеймс Кэмерондун "Аватар" тасмасындагы каармандарды элестетип калат экен. Дамира айым социалдык, саламаттыкты сактоо тармагына байланышкан маселелерде өтө активдүү. Омоктуу сунуштарды киргизип, бышып жетилген көйгөйлөрдү көтөрүп чыгат. ЖКда анын жеке мүнөзүнө байланыштуу аңыз кептер айтылат. Ачуулуу, кыжырлуу мүнөзгө ээ дешет. Көп учурда ачуусун жардамчыларынан чыгарат дешет.

Көлчүктөн да өзүн караган ким?
Маркум депутат, кыргыздын патриот уулдарынын бири Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова да депутат. Албетте, жолдошунун кадыры, акчасы менен депутат болгонун жокко чыгара албайбыз. Чолпон айым Жогорку Кеңештеги спорт, жаштар маселеси боюнча эле микрофон талашпаса, башка учурларда сүйлөп деле кыйратканын көрө элекпиз. Жыйын учурларында ары-бери басып, ар кимдин кулагына барып бир шыбыраганды адатка айландырып алгандай. Бир ордунда отура албайт. Сөзсүз айланып, айтчусун айтып алышы керек. Чолпон айым көлчүктөн да өзүн карап, Үрдүн кызындай үлпүлдөп жүргөндүгү менен көңүлдү бурат. Жогорку Кеңеш жыйынына подиумга келаткандай эле маанай менен келет. Кээде Жогорку Кеңеш ал үчүн баскан, турганын, кийингенин демонстрациялоочу подиумдай эле болсо керек деген ой кетет.

№3 балык депутат
Депутат болуп келгенден бери ооз ача элек арнамысчыл Гүлнара Асымбекова аттуу депутат айым бар. Жогорку Кеңештин бардык жыйындарына активдүү катышат. Бирок ырым үчүн бир сөз сүйлөй элек. Болбосо өзү медицина илимдеринин доктору, белдүү дарыгер. Сүйлөбөсө, ой, сунуш-пикирин айтпаган соң Гүлнара айым дарыгерлик жумушуна эле кайтып барса, элге көп пайдасын тийгизмек. Сыягы, депутаттын бекер телефон сүйлөшүүсү, алдындагы KG машина, командировкалары жагып жатат го...

№2 балык депутат
Кыргыз тили боюнча окумуштуу, профессор Сансызбай Иманалиевдин кызы, мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин депутат карындашы бар. Эльмира Иманалиева деген. Динара Исаеванын жанына олтуруп жугуп калганбы, айтор, ал дагы балык депутатка айланган. Сүйлөгөнүн уга элекпиз. Динара айымдан бетер жыйындарга аз катышат. Жыйынга келгенинен кеткени тез. Кыргызча сүйлөсөң, орусча жооп берет. Кыргызчаны билбесе ошол да. Атаңгөрү Сансызбай Иманалиев башкаларга кыргыз тилин үйрөтүп, кызына үйрөтпөй койгонун карабайсызбы. Качан көрсөң №1 балык депутат менен сырдашып, кобурашып олтурганын көрөсүң.