Кош бол, эне, коштошууга барбадым,
Уулуң болуп топуракты салбадым

Жаза мөөнөтүн өтөп аткандар темир тор артында отурган менен жан дүйнө уйгу-туйгусун, сезим кайрыктарын, муң зарын кагазга түшүрүүгө, колуна калем алып, бугун төккөнгө эрктери чектелген эмес. Алардын арасында жок жерден күйүп, чыркырап камалып кете бергендери канча?! Биздин гезит абактар менен эми түз байланышта болуп, түрмөдө жаткандардын муң-зарын, ырын, арманын гезит бетине чыгарып турмакчыбыз. Абактарга да мындан нары биздин гезит жеткирилип, жаза мөөнөтүн өтөп аткандар окуп турмакчы. Атайын "Терезе" деп рубрика ачтык. Себеби, абактагылар терезени көп тиктешет. Терезе - бул үзүлбөгөн үмүттүн символу да. Бүгүнкү саныбызда темир тор артынан келген ырларды жарыялап атабыз. Дегенибиз, темир тор ары жагындагылар да ыр жазышат. Өкүнүч, үмүт, кайгыруу, сагынуу, кусалык, арман коштолгон саптар...

Энеке

Адашып жолдон алданып,
Шайтанга салып арбалып,
Арманга салып апамды,
Абакта жатам кармалып.
Бактыма ушул арналып,
Балээге калдым байланып,
Түйшүккө салып апамды
Түрмөдө жатам кармалып.
Өкүт бир учкан куш болуп,
Өзүмө келдим туш болуп,
Өмүрүмдүн жаштык курагым
Өзгөрдүм азыр суз болуп.
Ач көздү арман жут болуп,
Азапка салдым бут коюп,
Ала келер кут болуп.
Жаңылып жаштыгымда
Жаштыгым соонун кез эле,
Кылчайбай өттү тез эле.
Кылмыш кылып жаңылдым,
Ээ болбой жатам эркиме.
Мал жайып күнгөй-тескейге,
Балалык өттү тез эле.
Бактылуу күндөрдөн адашып,
Камалдым тор темирге.
Азгырып мени музыка,
Акыры салды туткунга
Азгырылып шайтанга,
Абийиримди төктүм
журтума.
Өкүнөм, бирок кайгырбайм,
Күчтөнөм кайра талпынам.
Ибадат кылып кудайга,
Ниетти кайра тазарттым.

Атаке укчу мени

Алтыным атам угуп тур,
Кызыңа көңүл буруп тур.
Агаларым айтса ачуу сөз,
Аларга да көңүл буруп тур.
Камалып кетти кызым деп,
Көңүлүңдү бурбадың.
Өзүмчө эле ойлонуп,
Намысымды булгадым.
Каныңдан бүткөн кызыңмын,
Хан бөксөнүн кызымын.
Каныңды бузуп кыйнаба,
Кармап калар кызыңмын.
Эми мен эми не деймин,
Белиңди бекем буу деймин.
Элдер айтып кеп кылса,
Ленин да жаткан үй дегин.

Абак

Алтындан артык өмүрдү,
Абакта жатып өтөмбү.
Ак жолдон тайып адашып,
Алоолоп сезим өрттөндү.
Бактымды сезбей көптүмбү,
Булгадым таза көңүлдү.
Бушайман болуп жатамын,
Билемин танбайм күнөөмдү.
Алсырап кейип чөктүмбү,
Абийиримди айрандай
төктүмбү.
Азапка салдым жездемди,
Абакта өмүр сүрөмбү?
Кайраттап өзүм өзүмдү,
Күн тийбес жерге көндүмбү.
Күнөөмдү жууп бошосом,
Кадырлаар элем өмүрдү.

Мээрим,
№2 аялдар колониясы

Телефондон үнүң жүрөк эритет!

Телефондон үнүң угуп кубанам,
Жүрөк эргип сөздөрүңө суктанам.
Жалжылдаган көздөрүңдү көрө албай,
Тагдырымдын татаалына таң калам.
Жылдыз болуп жанып күйсөң жанымда,
Нуруң чачсаң тагдырыма бактыма.
Өмүрүмдүн балдай ширин жыргалын,
Ынтымактуу чогуу көрсөк татына.

Сагыныч саптары

Кош бол, эне, коштошууга барбадым,
Уулуң болуп топуракты салбадым.
Азап чегип, кур дооматка илинип,
Абак тордун ар жагынан жай алдым.
Эстейм эне элесиңди сагынам,
Дуба кылам бир Кудайга жалынам.
Ак сүтүңдү актап бере албадым,
Кечир эне күнөө кетсе балаңдан.
Ажырадым, эне мээрим табамбы,
Эне сүтүн эми актай аламбы.
Арзып өксүп карызымды балалык,
Же болбосо аткара албай каламбы.
Ата мээрим конушуна барамбы,
Ак батасын атакемдин аламбы.
Жүрөк эзген сагынычты камтыган,
Уулуң жаңган арзуу ыры жаралды.

Акбар Кабаев, №47 колония

Өкүнүч

Корумжулап биз өмүрдү
кыскартып,
Жаштык кылып чылымдан
биз тартып.
Сая түшүп сигарет менен
аракка,
Мына аягы түшүптүрбүз
абакка.
Кыя жолду кыялап
биз басыптырбыз,
Белчеден ылайга биз
батыптырбыз.
Мойнубузга күнөөлөрүбүз
жүктөлгөнүн,
Байкабай өзүбүздү
кыйнап жүрүптүрбүз.
Жаштык кезим билинбестен
өтүп барат,
Түн катып ичтен жүрөк
ойго салат.
Өзүмдү өзүм кордоп күнөө тагып,
Жүрөк сезим билинбестен
ыйга салат
Көздөн жашым тамчылап
акса эгер,
Күнөөгө баткан соң
өкүнүү бекер.
Күнөөлүүмүн деп өкүнгөндүн
ордуна,
Чын жүрөктөн сыйыналычы кудайга.
Беш убак намаз окусам алла үчүн,
Күнөөмдү жуусам экен өзүм үчүн.
Кудай таала колдоп
менин тилегимди,
Тынчтыкты берсе экен
дайым элим үчүн.

Сүйүүм сага арналды

Жайдын толгон аппак кезинде,
Сүйгөнүм деп келем кечинде.
Айдын жарык түн ортосун,
Чок салчу эле баео сезимге.
Мас болуп сүйүү кумарга,
Оролуп жаным колум мойнуңа.
Кундуздай болгон кара чачыңа,
Ой эркин болгон баары байлана.
Сен ишенчи антым, сөзүмө,
Сүйгөн селким келчи өзүмө.
Үй күтөлү бала өстүрүп,
Көрүнөлү элдин көзүнө.

Жаанбаев Адисбек Акматалиевич, №47 колония


Даярдаган
Мирлан Дүйшөбаев