Умай менен Улукман

Колу-бутту титиретип, көздү аңтарткан талма

Талма - бул ооруга чалдыккандар көз ирмемде өздөрүн жоготуп, колу-буту титиреп, тарс кулап же ооздорунан ак көбүк чыгып, тилдерин тиштеп жанындагы адамдардын үрөйүн учурат. Талма - бул мээнин өнөкөт оорусу. 35 жылдан бери адамдын мээсинин түзүлүшүн терең изилдеп бүткөн, атагын алыстан угуп оорулуу адамдар издеп келген, чыгыш медицинасынын ыкмалары менен иш алып барган жеке медициналык борбору бар, невролог, иглотерапевт Темирбек Бекбоев менен талма оорусу тууралуу маек курдук.


Темирбек Бекбоев, невролог, иглотерапевт:
"Талма "сүф-сүф" менен айыкчу оору эмес"
- Деги эле талма кандай оору, эмнеден улам пайда болот? Кененирээк түшүндүрмө берип өтсөңүз?
- Талма мээнин өнөкөт оорусу. Убактылуу акыл-эсти жоготуп, колу-бутту титиреткен оору. Мээде ар убакта электрдик дүүлүгүүсү жүрүп турат. Талма болгондо мээнин электрдик дүүлүгүүсү өзгөрөт. Талма - чынында азаптуу оору. Мындай элестетеличи. Асманда ак булут келатса, ага кара булут келип кагылышса, ортосунан эмне пайда болот? Чагылган! Талма кармаган учурда деле ошондой. Башта ашыкча электропотенциал пайда болуп, биотоктун өзгөрүшү менен мээдеги канча бир клетка өлүп калат.
- Талманын кандай түрлөрү бар?
- Талманы эки түргө бөлүп карасак болот. Биринчиси, мээнин жалпы дүүлүгүүсү. Бул өтө оор түрү. Мында адам акыл-эсин жоготуп, калтырап, көзү аңтарылып, оозунан ак көбүк чачырап, заарасы чыгып кетиши дагы ыктымал. Экинчи түрү жеңилирээк. Мээнин бир бөлүкчөсүнүн эле дүүлүгүүсү. Мында адамдын колу-буту иштебей, бир нече секундаларга талып калат. Биз балдарыбызды "эмне талып калдыңбы" деп урушканыбыз ушундан чыккан. Талманын тукум куучу түрүндө бул илдет атасында же апасында болсо балдарына өтөт. Бул узакка дарылоону талап кылган оор түрү. Экинчи түрү адам мээсинен жараат алса, мээнин өзгөрүшүнөн жана мээге суук тийгенден, менингит оорусунан кийин пайда болот.
- Туура эмес төрөттөн дагы талмага учураган ымыркайлар кездешет экен?
- Эне кош бойлуу кезинде өзүн карабаса, кан басымы бир калыпта болбосо, алкоголдук ичимдиктерге жакын болуп, тамеки тартса ымыркайга түйүлдүк кезинде эле талма дарты жабышат. Анан дагы көпчүлүгү туура эмес төрөттөн кийин дагы пайда болот. Эне төрөт учурунда кыйналып көз жарса, жатындын суусу эрте кетсе, ымыркай киндигине оролуп түшсө талма болуп төрөлөт. Ошондуктан кийинки учурда операция жолу менен төрөтүү көп колдонулуп келет.
- Бул дартка чалдыккандар сизге көп кайрылабы? Айыгып кеткендер барбы?
- Талма дарыгерсиз айыкпай турган оору. Өтө коркунучтуу оорулардын катарына кирбейт. Жакшы невролог, психиатрга дарылануу керек. Аз убакыт дарыланып, жакшы болуп баратса токтотуп койбой, жылдап, комплекстүү дарыланса бул дарт менен биротоло коштошууга болот. Бизге бир айда бул дартка чалдыккан 1-2 адам кайрылып турат. Сакайып, ыраазычылык билдирип кеткендер бар. Биз бул ооруну дары-дармектен тышкары алтын ийне, укалоо жолдору менен дарылайбыз.
- Талма болгон кээ бир адамдар элирип, көзүнө ар кандай нерселер көрүнөт экен. Көп учурда буларды жакындары "аруулап калды" деп молдого окутушат. Сиз буга кандай карайсыз?
- Бул талма симптоматикалык түрүндө мээнин психомотордук дүүлүгүүсү. Акыл-эстен ажыраганда адам ар кандай нерсеге дуушар болот. Бир аз убакытка ар кандай сөздөрдү айтып, бакырып-өкүрүп, көзүнө көрүмчүлөр көрүнөт. Бул убактылуу гана болот да өтүп кетет. Мындай учурда оорулуунун жакындары "илешме жабышты, жин-шайтан жолукту" деп молдокелерди чакырып окутушуп, убакыттарын уткузуп оорулууну кыйнашат. Бул "сүф-сүфтүн" оорусу эмес. Анын ордуна неврологдун, дары-дармектин жардамы оң натыйжа берет. Талманы көпчүлүк кыргызчылыкка байланыштырып жүрө берет. Бирок буга баштын катуу жараат алышы, мээге суук тийүү бирден бир себепкер.
- Талма эмнеси менен коркунучтуу?
- Талма кармаган учурда мээдеги канча бир клеткалар өлөт. Клеткалардын азайышы адамдын эске тутуусун начарлатат. Дендароо болот. Бара-бара акылсыздыкка, интеллектуалдык деңгээлинин төмөндөшүнө алып барат. Бул оору каяктан кармап калаарын эч ким билбейт. Сууга жыгылса, болоор-болбос сууга тумчугуп, отко жыгылса күйүп калышы мүмкүн. Жолго жыгылып, машинага же поездге тепселенип калган учурлар катталган. Уктап жатып деле өз шилекейине же кекиртегинен чыккан суюктукка тумчугуп калышат. Мунун баары өлүм коркунучуна алып келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.