кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"



  Ыңгайсыз суроолор

Равшан Жээнбеков,
ЖК депутаты:
"Ширин Айтматованы жаманатты кылып аткан жерим жок"
- Равшан мырза, сизди Ширин Айтматова менен ысык мамиледе деп айтып да, жазып да атышат. Үйлөнгөн атышат дегендер да болду. Кыргызда "жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" делет. Мунун, балким, аз-маз чындыгы болуп жүрбөсүн?
- Ооба, Ширин Айтматова менен партиялаш катары мамилем жакшы. Саясатка аралашкандан кийин ар кандай сөздөр болот экен. Ал сөздөр өтө катуу тийсе да, саясатчы болгон соң чыдоого туура келет. Бул маалыматты алгач "akipress" агенттигинин "Лимон.kg" сайты жазып чыккан. Алар кандай ой менен жазып чыкканын билбейм. Менин оюмча, ар бир адам өз деңгээлине, көз карашына жараша жазат. Бирок мен аталган агенттиктин журналисттери ушундай ушакты чектен чыгуу менен жазышканына таң калдым.
- Интернет форумдарда сизди Ширин Айтматованын артынан депутат болгон. Эми аны жаманатты кылып атат деп жазып атышат…
- Биринчиден, мен аны жаманатты кылып аткан жерим жок. Экинчиден, мен анын аркасы менен эмес, "Ата Мекен" партиясынан депутат болуп келдим. Буга эч кимдин тиешеси жок. Бул менин саясий позициям, саясаттагы ордум.

Мелис Совет уулу




  Кайдасың, кайрымдуулук?

Атайды
сактап калалы,
эл-журт! Бөйрөгүн алмаштырганга 25 миң доллар чогулталы баарылап!
21 жаштагы Атай 2010-жылдын апрель айынан баштап бөйрөк дартынын оор, өтүшүп бараткан түрү менен нефрологдордон дарылана баштаган. Тез арада Түркияга барып, бөйрөк салдырышы керек. Клиника менен сүйлөшүлгөн. Донор да даяр.
Редакцияга бардык медициналык документтерин ала келген Атайдын ата-энеси "Көп түкүрсө көл болот" дегендей, боорукер адамдардан кайрымдуулук жардамын суроого мажбур болуп, үмүт кылып жатканын билдирди.
Үй-бүлөнүн жалгыз уулу Атайдын өмүрүн сактап калууга жардам беришиңиздерди суранабыз!
Кайрымдуулук каражаты үчүн:
"Демир Кыргыз Интернешнл Банк"
жабык акционердик коому
KGS счет 1180000035213836
USD счет 1180000035213937
EUR счет 1180000035214038
Же топтоо номери 0770 78 -59-52
Үй телефону 0312 89-63-81
Мобилдик телефон 0770 43-73-01
Атайдын атасы -
Абдраманов Абдыкапар



Ордо оюндары
Бул сүрөттү белгилүү сүрөтчү Жаныбек Рай тарткан. "Мен адаммын" деп аталат. Азыркы саясий кырдаалга куп жарашып, көкүрөктөгүнү айткан сүрөт. Төрт чиновник чөгөлөп, элге башын ийип турат. Акүйгө баргандар ушинтип элге чөгөлөп калса кана, атаганат?! Президенттик шайлоодон кийин жабык эшик аркасында сүйлөшүүлөр жүрүп, ордо оюндары кызып турган маал. Утулгандар жана уткандар соодалашып бүтө албай атышат. Элдин көксөгөнү, мүдөөсү четте калып, жеке керт башынын, дымагынын, куру намысынын чеңгелинен чыга албагандары да бар. Жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөр неге алып келерин көрө жатарбыз. Неси болсо да абийир берсе экен силерге?! Деги элге качан чөгөлөйсүңөр?
P.S. Жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөр, коалиция тагдыры тууралуу 2-4-беттерден окуңуздар.




Яндекс.Метрика