Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Бешене

Динара Сүйүмалиева, журналист:
"Кызым Роза Отунбаеванын уулуна турмушка чыккан кезде ал оппозицияда жүргөн эле…"

Күндө президенттикке талапкерлердин дебатын Кубат Оторбаев менен бирге алып барып аткан орус тилдүү белгилүү журналист Динара Сүйүмалиева "Аки-пресс" маалымат агенттигине маек берип, президент Роза Отунбаева экөө кудагый болгонун, бирок балдары ажырашып кеткенин ачык айтыптыр. Алардын балдары, жашоосу, мындан аркы Роза Отунбаева менен Динара Сүйүмалиеванын менен мамилеси тууралуу ошол маектен алып берүүнү туура көрдүк.

- Роза Отунбаева менен кандайдыр бир жакын мамилеңиздер бар экени тууралуу көп суроолор берилип жүрөт…
- … Биздин туугандык мамилебиз бар болчу, кызым Роза Отунбаеванын уулуна турмушка чыккан эле. Бирок ал Роза Исаковна оппозицияда жүргөн учурда болгон. Азыр биздин балдарыбыз ажырашып кетти. Турмушта ар кандай боло берет тура, сүйүшүп калышат, үйлөнүшөт, айрым учурларда ажырашып кетишет экен. Балдардын баш кошушу, ажырашуусу дагы Роза Исаковнанын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Бул балдардын саясаттан көз каранды болбогон жеке жашоосу…
- Роза Отунбаева менен азыр мамилеңиздер кандай?
- Мамилебиз жакшы. Биздин туугандык мамиле бар учурда деле кудалар катарында эмес, бири-бирибизге адам катары, өзүнүн ишине жана өлкөдөгү жүрүп аткан процесстерге берилген адам катары кызыкчубуз. Биздин балдарыбыз сый менен ажырашты. Бири-бирине жаман сөз айтпай, достук мамиледе калышты. Үйлөнгөндө да экөө бирин-бири сүйүп, өз каалоолору менен үйлөнүшкөн. Эми ажырашабыз деп чечишиптир. Расмий түрдө ажырашышты.
- Качан ажырашты?
- Ушул жайында. Мен өзүмдүн, балдарымдын же дагы бирөөнүн жеке турмушун талкуулагым келбейт. Ар кандай ушактар чыкты, мен алардын бирине дагы жооп берген жокмун. Жооп берүүнүн кажети да жок деп эсептедим. Бул нерсе президенттикке талапкерлердин дебатынын репутациясына таасир этиши мүмкүн болгондуктан, мен бул тууралуу оюмду айтышым керек болуп калды. Бирок мен кызым дагы, анын мурунку жолдошу дагы элдин көңүлүнүн, талкуусунун борборунда болушун каалабайм.
- Сиздин кызыңыз белгилүү теле алып баруучу Евгения Губина да? Спикердин "президенттин 5-каналда жакын тууганы бар" деп айтканы эске түшүп атат…
- Ооба, ал менин кызым. Бул сөздөргө мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мындай жооп берер элем. Менин кызым "5-каналда" Бакиевдин учурунда көңүл ачуучу жаштардын берүүлөрүндө эле иштеп келди. Роза Отунбаеванын башкаруусунун учурунда бул каналда иштеген жок. Ал "5-каналга" таңкы эфирин даярдап берген "Ракета ТВда" иштейт. Менин кызым эч качан саясатка байланышкан журналистикада иштеген жок, аны редакциялык саясатка таасир этет экен деген да болбогон сөз. Ал саясатка такыр кызыкпайт. Кала берсе ошол спикердин аты-жөнүн билеринен да шегим бар.
Андан сырткары дагы Өмүрбек Бабанов менен мамилеси бар экен, Москвага, Түркияга чогуу барыптыр деп жазып жиберишти. Менин кызым аны тааныбайт дагы. Кала берсе жөн эле жанына катар туруп же колун кыскан учур да болгон эмес. Айрым интернет басылмалар жазгандай, ал НТС каналынын директорлор кеңешинин мүчөсү да эмес. Кызымдын кичинекей эки бөлмөлүү квартирасынан башка эч нерсеси жок. Саясатка байланышы жоктугун ушундан билиңиз, таратылган ушактарга жооп кайтарууга аракет да кылган жок.
- Ажырашуу атайын жасалган кадам эмеспи?
- Эч качан андай эмес. Бул өздөрүнө гана тиешелүү жеке мамилеси. Биз, ата-энелер, аябай кыжаалат болдук, бирок алардын чечимине таасир эткенге укугубуз жок болчу. Бул алардын жашоосу.
- Сиздин карьераңызды да ушул туугандык мамилеге байланыштырып келишет?
- "Мир" ТРКсынын директору болуп мен Роза Исаковна оппозицияда жүрүп, бийлик аны куугунтуктап аткан учурда дайындалгам. Ал президент болгон учурда мен жумуш которгон жокмун. Мага ошондой сунуштар болгонуна карабай. Кала берсе, КТРдин байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү КТРдин генералдык директорлугуна сынакка катышып көрүүнү сунушташты. Мен баш тарткам. Ошондуктан карьерама байланыштуу мен эч нерседен уялбайм.

Венера Жаманкулова,
"Аки-пресс"




Административдик ресурс жөнүндө билдирүүлөр - курулай сөз, бейөкмөт уюмдардын байкоочулары ага чалдыккан жок
Булак: Регион.kg.
Акыркы мезгилде президенттикке талапкерлер тарабынан ЖМКларда шайлоо алдындагы кампанияда административдик ресурс катуу колдонулуп жатат деген билдирүүлөр күн алыс айтылууда. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын лидери Динара Ошурахунованын сөзүнө караганда, мындай билдирүүлөр фактылар менен бекемделбеген курулай сөз болуп саналат.
- Шайлоого көзөмөл жүргүзүп жаткан биздин коалицияга өлкөдө административдик ресурс колдонулуп жатат деген маалымат дамамат түшүп жатат. Анткен менен кандайдыр бир реалдуу фактылар аныкталган жок. Айталы, бизге Алмазбек Атамбаевдин бишкектик жождордун студенттери менен жолугушуусуна студенттерди автобустар менен ташып жатат деген маалымат түшкөн. Бирок колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, мында эч кандай мыйзам бузуу жок. Бул - талапкердин штабынын агитациялык иши болуп саналат. Ошондуктан биз эч кандай далилдери жок эле курулай билдирүүлөрдү угуп келатабыз. Андай болсо, эмне үчүн талапкерлердин өзү же алардын өкүлдөрү тиешелүү арыз менен укук коргоо органдарына же БШКга кайрылбайт? Эмне үчүн мындай маалымат ЖМКга же байкоочуларга гана түшүп жатат? Мындай кызыктай позиция таң калууну жаратпай койбойт. Биздин коалициябыз 2009-жылы президенттик шайлоого байкоо жүргүзгөн учурда бизди коркутуп коюу максатында Башкы прокуратурада жарым күн бою кармап, административдик ресурстун пайдаланылып жатканы айкын болчу. Биз мындай административдик деңгээлдеги мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат болсо, ага тиешелүү реакция кылууга даярбыз. Бирок адегенде бизге чындап эле ошондой көрүнүштөр болуп жаткандыгы туурасында реалдуу далилдерди берсин. Антпесе, мунун баары бекер эле сөз.




Кубат Оторбаев
КТРК жетекчиси Кубат Оторбаев бул кызматка келгенден бери коомдук телеканал сапаттык жактан бир топ өстү. Мурда "кара жашик" атка конгон КТРди азыр эл көрүүдөн тажабайт. Кызыктуу жана интеллектуалдуу көрсөтүүлөр арбыды. Президенттик шайлоо алдындагы талапкерлер ортосундагы дебатты алып бара баштагандан бери Кубат мырзаны мактагандар да, сындагандар да арбыды. Албетте, сындаш оңой, бирок эртең эл башы болчу айрым талапкерлерге караганда токтоолук кылып, суроону так, таамай берип, ар бир талапкердин жүзүн, деңгээлин элге ачып берип атканы анын журналисттик профессионалдуулугу эмей эмине. Муну интернет форумдарда, эл арасында деле айтып атышат. Жада калса ошол эле Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиевдин жердештери Кубатка таң берип атышат. Ал эми беттен алып көнүп алган саясатчыларды кулагынан чойсоң деле деңгээли ошол бойдон калат тура.

Жылдыз Жолдошева
Кыргызстандыктар эртерээк президент шайланып, туруктуулук орносо экен деп атышса, кечээ депутат Жылдыз Жолдошева БШК төрагасын алып ыргытып, шайлоону дагы артка жылдыруу керектигин опулдады. Депутат айымдын айтымында, мындай билдирүү кылууга шайлоо бюллетендерин басуудагы мыйзам бузуулар, БШК жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовдун өзүмбилемдиги себепкер болгон. Жылдыз айымды тыңдасак, БШКнын бул аракеттери, талапкерлердин шайлоо жыйынтыктарына макул болбоолору өлкөнү дестабилдүүлүккө алып келиши мүмкүн экен. Божомолго баракелде! Деги буга чейин депутат айым кайда жүрдү?

Акматбек Келдибеков
Эми ушул парламент спикери Келдибеков жок дегенде көмүргө кийлигишпей эле койбойбу. Кечээ "Электр станциялары" ААКсынын башкы директору Аман Тентиев "белгилүү бир күчтөр бизге кымбат көмүр саткылары келип, бирок тендерден ута албай атышат. Ошондуктан алар бизге кысым көрсөтө башташты" деп ыйламсырады. Көрсө, аталган мекемеге Казакстандан 8,5 миң тонна сапаты начар, радиоактивдүүлүгү жогору көмүр келген. Көмүр келишимде көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербегендиктен, "Электр станциялары" аны алуудан баш тарткан. Ошондон тарта Аман Тентиевге отузга жакын депутат телефон чалып, көмүрдү аласың таризинде Ормон опуза кылышкан. Бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Райкан Төлөгөнов буйтактатпай эле аталган мекеменин жетекчилигин ЖК спикери Акматбек Келдибеков 8,5 миң тонна кубарган Кулан көмүрүн сатып алууга мажбурлап атканын балп эткизди.






кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??