Блиц-маек

Мыктыбек АБДЫЛДАЕВ, "Ата Журт" фракциясынын лидери:
"Бизди алдыда референдум күтүп турат"
- Шайлоонун эртесинде бизди кайсы саясий кырдаал күтүп турат?
- Менин оюмча, Кыргызстандын эли саясаттан тажагандай болсо дагы саясатчылар саясаттан чарчабай да койдук, ишке ашпаган убадаларды берип сүйлөгөндү токтотпой да койдук. Көп талапкерлердин берген убадалары аткарылбайт. Себеби аны аткаруу үчүн Конституцияны кайрадан өзгөртүп, бийликтин көп мүмкүнчүлүктөрүн президент өзүнө ыйгарып алышы керек. Демек, кимиси утса дагы алдыда бизди жаңы референдум күтүүдө. Анткени бүгүнкү күндө президенттикке талапкерлердин бири дагы азыркы президент Роза Отунбаеванын ыйгарым укуктарына макул болбойт. Кокустан макул боло турган болсо, келечектеги алты жыл ичинде эмне иш менен алек болорун билбей өзүнөн өзү чүнчүйт. Соттор менен элчилерди 3-4 айдын ичинде кызмат орундарына коет. Андан кийин кайсы ишти жасайт? Демек, улам үч бийликтин бири менен түртүшүп, өз ордун таба албай калышы мүмкүн. Ошондуктан мен ойлойм, башка дагы көп саясатчылардын прогноздору болуш керек, референдум күтүлүүдө.
- Конституция боюнча президент айрым учурларда арбитрдик функцияны аткараары жазылган да…
- Бийлик бутактарынын ортосунда талаш болуп калган учурда арбитрдик кылат. Бирок андай талаш учур дайыма эле боло бербейт да. Бүгүнкү биздин Кыргызстандын акыбалында президент саясый жактан аябай активдүү орундардын биринде болушу керек.
- Шайлоо убагында административдик ресурс колдонулушу мүмкүнбү?
- Кайсы гана бийлик болбосун жана аны ким жетектебесин, административдик мүмкүнчүлүктү дайыма пайдаланат. Түз пайдаланабы же кыйырбы, баары бир колдонулат. Бүгүнкү саясатчынын же чиновниктин эркин саясий конъюнктура алда качан жутуп койгон. Кечээ касташкан лидерлер бүгүнкү күндө дос болушуп, бири-бирин далыга таптап, соодалашып жүрүшөт. Бул - чындык. Бул да биздин бүгүнкү саясатыбыздын жаңы ресурстук жүзү. Ошондуктан такыр административдик ресурс колдонулбайт деген өзүбүздү сооротуунун бир түрү болуп калышы мүмкүн.
- Бүгүн бийлигин тапшырууга даяр турган президент Роза­ Отунбаева өзүнүн тарыхый миссиясын аткардыбы?
- Эң негизгиси, сөзүнө туруп, көп саясатчылардан аброю өйдө болду деп айтууга толук мүмкүнчүлүк бар. Анткени "шайлоого катышпайм" деди, катышкан жок. "Мен президенттикти тынч жол менен өткөрүп берүүгө бүт күчүмдү жумшайм" деди, азыр ошол нукта келатат. Буюрса, шайлоодон кийин тынч болсо, Роза Отунбаева өзүнүн айткан убадасына турат. Анан тарых Роза Отунбаевага өз баасын берип, татыктуу орунду ээлеши мүмкүн.

Дилбар АЛИМОВА




  Күйгөндөн айтам бир сабак…

Ойду-тоону сүйлөгөн Мадумаровду шейит кеткендердин арбагы кечирер бекен?

2010- жылдын 7-апрелинде жакындарынан айрылган "Мекен шейиттери" коомдук уюмунун мүчөлөрү президенттикке талапкер болуп жаткан Адахан Мадумаровдун каза болгон балдарды "жырткычтар, бомж, баңги" деп айткандарына жандары ачып, нааразылыгын билдиришти.


Гүлмира Абдылдаева,
Абдразаков Алмаздын жесири:
"Мадумаров балдарыбыздын алдына келип кечирим сурасын"

- Үч балам менен мен да жесир калдым. Балдарымдын улуусу ичи күйүп, "Апа, 7-апрелде курман болгондордун көбү наркоман, бомж деп жатышат, ушинтип да айтабы?" деп жатат. Булар көчөдө калганда, эмне, Мадумаров жетелеп жүрүптүрбү? Же башка жактардан өлүктөрдү сүйрөп келип, аянтка таштаса, ал жанында карап туруптурбу? Президент болом деген кишинин деңгээли да ушундай болобу? Же, балким, аны Бакиевдер ушинтип айттырып, шайлоосуна акча берип жатат деген сөз чын окшойт деп калат экенсиң.
Адахан Мадумаров биздин балдарыбыздын алдына келип, кечирим сурасын. Күйүтүбүз сууй электе, биз ар кандай сөздөрдү угуп, жаныбыз күйүп турат. Садыр Жапаров болсо, силердин күйөөңөрдү 5-кабаттан атышты деп айтып, кайра ал сөзүн куран кармап танып олтурат.

Асира Жусупова,
Камчиев Махамаджандын жесири:
"Ичтен тынып унчукпай келдик, жетишет!"

- Азыр президенттикке талапкер болуп жаткан Мадумаровдун ойду-тоону чарпыган сөздөрүн мурун эле гезит, радио, теледен окуп-угуп жүргөнбүз, бирок анын деңгээлине түшпөйлү деп унчукпай, ичтен сызып кала берчүбүз. Өлгөн балдар "наркоман, бомж болчу" деп айтканын бир айтып, бир койбоду. Антип курулай сөз менен шек келтиргенге эч кимдин, анын ичинде президент болом дегендердин да акысы жок. Өзүмдүн жолдошум Камчыбекке андай сөздөр ылайык келбесин далилдеп бергенге кудуретим жетет. Биз жакшынакай эле үй-бүлө болчубуз. Үч балам атасыз калышты.
Буга чейин ар кимибиз ичтен тынып, унчукпай келдик. Себеби бирдеме десек эле, шайлоо убагында Каптагаев буларды көкүтүп атат деп айтып чыга келишет экен. Биз дээрлик бир жылдан бери Каптагаевди көргөн да жокпуз. Убактылуу Өкмөт кезинде ал бизге берилчү социалдык жардамдарды көзөмөлдөп турчу. Эгер Мадумаровдун Каптагаев менен оту күйүшпөсө, аны өзүнчө такташып алсын, бизди ага жармаштырбай. Менин күйөөм Бакиевдин учурундагы башкарууга жаны ачыганынан чыккан. Өлбөсө өзү эле ким экенин далилдеп бермек.
Арасынан өлдү деген бир адам тирүү чыкты дейт, турмушта жаңылыштык болот да. Дегеле баары тирүү чыгып калса кана?!
Биз Мадумаровдун боору ооруганына да муктаж эмеспиз. Шайлоодон кийин, ал президент болсо да, болбосо да, сөзүн далилдеп беришин талап кылабыз. Далилдей албаса, анда аны менен башкача сүйлөшөбүз.

Сагын Кытайбекова,
Ниязалиев Эмилбектин жесири:
"Апа, атабыз бомж эмес ээ?"
деп атат балам"
- Мен да кара кийген аялмын. Жогоруда айткандардай, менин да ичим ачышып турат. Үч баламдын эң кичүүсү "Апа, биздин атабыз бомж эмес ээ?" деп суроо салып турса, ого бетер ичим ачышып кетип жатат. Буга чейин унчукпай, шайлоо бүтсүнчү деп чыдап келдик эле, мына ушул чогулгандар, бугубуз толуп кетип, азыркы өкмөттөгүлөргө даттанып барсак, буларды шайлоодо бирөө тукуруп атат деп айтпасын деп силердин редакцияңарга кайрылып олтурабыз.


Мирзат Жаңыбаева,
Исаев Эсенбектин жесири:
"Ойду-тоону сүйлөгөн Мадумаровго эл баа берет"
- Менин бир кызым, бир уулум жетим калды. Адахан Мадумаров жок дегенде ойлонуп сүйлөсө болбойбу. Өлгөндөрдүн арасында 15-16сы атылбаса, башкаларды башка жактан өлгөндө сүйрөп келип салышкан деп күйдүрүп жатпайбы. Ал балдарды атып атканда чекесинде болуп, баарын өз көзү менен көрүп туруптурбу же далилдери бар бекен? Анда баланча бала мындай экен, түкүнчөсү тигиндей экен деп тактап, далили менен бербейби? Шайлоо бүткөндө анын далил менен сүйлөшүн талап кылабыз. Гезит-журналдан сөз айтып коюп, артынан актанып, бору оорумуш болгонунун бизге кереги жок. Далилдеп бере албайт экен, алдыбызга келип, балдарыбыздын алдында кечирим сурасын. Ойду-тоону сүйлөгөн ушундай адам президенттикке татыктуубу-жокпу, эл баа беришээр.


Даярдаган
Айгүл Бакеева