Күнчабыт

Өлкө картасындагы партиялык бөлүнүү
Кыргызстандагы парламенттик башкаруунун кыйрай турганын жаңы Конституция кабыл алынары менен алдын-ала айтып чыгышты. Саясий системанын алмашуусуна КМШ боюнча биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз чыңалуу менен мамиле кылышты. Россиянын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстан парламентаризмге өтүп, шашмалык кылып койду деп айтып чыкты. Сындагандар өлкөнүн ичинде дагы жетишерлик болчу. Айрыкча, алар парламенттик шайлоо учурунда көп болду. Көптөгөн партия лидерлеринин баштапкы башкаруу системасына кайрылууга убада беришкени эске түшөт. Президенттик шайлоо босогосунда күндүн ачуу темасынын айланасында тамашасы жок, өтө кызуу талкуу жүрүп жатат. "Ак-шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевдин Президенттин укуктарын күчтөндүрүү, өкмөттү башкача форматта түзүү жөнүндөгү билдирүүлөрү бул талаш-тартышка дагы бир от жаккандай болду. Ал эмес Сариев мырза, өзүнө тийиштирип, жаңы өкмөттө "Ак-шумкар" партиясы дагы болот деп билдирди. Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков келечекте министрлер кабинетинин курамы өзгөрүп кетүү мүмкүндүгүн четке каккан жок, бирок азыркы башкаруучу коалициянын тарабай тургандыгын да эскертет. Өлкөнүн саясий түзүлүшүндөгү нюанстарды жакшылап түшүнүш үчүн, жаңы системанын пайдубалына баа берүүдөн баштаса болчудай. Азыркы башкаруунун негизин өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан беш партия түзөт.
"Ата Журттун" жеңиши көптөр үчүн күтүлбөстүк болду. Өзүнүн катарына тактан кулаган Бакиевдин көптөгөн санаалаштарын топтогон, жана жеңилчүдөй болуп сезилген "Ата Журт" партиясы марага биринчилерден болуп келди. Идеалдык (ал жөнүндө партиянын түзүүчүлөрү ушинтип жазышат) "Ата Журт" партиясы өзүнүн туу астына күүлөнгөн Камчыбек Ташиевди жана Акматбек Келдибековду чыгарды. Өзүнүн лидерин жоготкон республиканын түштүгү шайлоодо анын жакындарын колдоп чыгышты. Партиянын белгилүү өкүлдөрүнүн кыймыл-аракетине карап сөз кыла турган болсок, анын платформасынын негизин карьералык максаттар түзөт. Ал эми кызмат орду жана папкелердин салмагы Кыргызстанда ар дайым эң башкы орун коюлуп келери баарыбызга белгилүү. Эгер буга регионалдык факторду кошсо, анда жакынкы убактарда бул партия коомдо өзүн эркин алып жүрөт деп айтууга болот.
Экинчи күтүлбөгөн сюрприз бул Кыргызстан социал демократтардын экинчи орунга келүүсү болду. КСДПны көп серепчилер парламенттик шайлоодо эң чоң жыйынтык менен алга озуп чыгат деп эсептешкен. Алмазбек Атамбаевдин партиясы түндүктө көп добуш алганы менен түштүктө ачык эле утулуп калды. КСДПнын административдик ресурстарды колдонууга мүмкүнчүлүктөрү турса да жана ага анын лидерлеринин Убактылуу Өкмөттү башкарып турушканы дагы жеңишке жеткирген жок. Республикадагы эң улуу бул саясий уюмдардын бири Ош окуясынын курмандыгы болуп калды. Ал трагедияны электорат негизинен Убактылуу Өкмөттүн аракетсиздиги менен байланыштырды. Шайлоочулардын айрым бөлүгүн башкы саптын ийкемдүүлүгүнүн акталбаганы өзүнөн алыстатты. КСДП бир убакта оппозициянын кыймылдаткыч күчү саналып, ошол эле мезгилде башкаруу режиминин да жактоочуларынан болгон. Кантсе да, ар дайым эл оозунда болгон жана бүгүнкү күндүн жакынкы келечектеринде да алдыңкы ролдорду ойнойт деп айтсак да болот.
Жеңүүчүлөрдүн үчилтигине генерал Феликс Куловдун "Ар-намысы" дагы кирди. Бул тирөөчү бир киши болгон жападан-жалгыз партия десек болот. Партиянын идеясын жана платформасын бүгүнкү күндө да чаалыкпаган Феликс Кулов ишке ашырууда. Бирок бул партиянын парламенттик шайлоодогу ийгилиги Россиянын президенти Дмитрий Медведевдин колдоосу менен ишке ашты. Кремлдин күчтүү маалыматтык жана каржылык колдоосу "Ар-намыстын" парламентке киришине жол ачып берди. Ошентсе да, Москва бул партиянын марага биринчилерден болуп келишин күтүшкөн. Партиялык ядронун толук эместиги жана лидердин колундагы бийликтин концентрациясы фракциялык ажырымдын себеби болду. Мындайча айтканда азыр Жогорку Кеңеште бир партиядан эле эки фракция чыгып жатат. "Ар-намыстын" келечекте алдыга кандай кетээри азырынча бүдөмүк. Кийинки парламенттик шайлоолордо бул партия акыркы орундарда болуп калышы же такыр эле жеңишке илешпей калышы да мүмкүн.
Парламенттик шайлоодо "Республика" саясий партиясы бирден-бир жаңы көрүнүш болду. Шайлоого болгону 2 ай калганда түзүлгөн бул партия өтө тактык менен уюштурулган пиардын аркасы менен тез эле эл арасында популярдуулукка жете алды. Партиянын очогун өлкөдөгү белгилүү саясатчы, ийгиликтүү ишкер Өмүрбек Бабановдун айланасында чогулган жаш саясатчылар түздү. Башка партиялардан айырмаланып, "Республика" партиясы өткөн парламенттик шайлоодо түндүк жана түштүктөгү областтардан бирдей деңгээлде добуш чогулта алды. "Республикачылар" парламентте да башкаларчылап өздөрүн жоготуп коюшкан жок. "Республиканын" лидери Өмүрбек Бабанов болсо түндүктүн КСДП менен түштүктүн "Ата Журтунун" ортосунда тура алууга жетишти. Башкаруу коалициясын түзүү менен бирге "Республика" партиясынын лидери башка партиялар үчүн абдан керек болуп жаткан премьер-министрлик креслого ат салышуудан дароо эле баш тартты. Туура, партиянын платформасында идеология аз, бирок экономикалык багыттар көп. Моюнга да алуу керек, анын ичинен кээ бирлери талаш-тартыштарды жаратып, ал түгүл ишке ашпачудай да сезилет. Саясий интриганын казанында мурда-кийин кайнап көрбөгөн жаштар, дароо эле атаандаштар тарабынан тегиз сын-пикирлердин отуна кабылышты. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ө.Бабанов өткөндө "Менин айланамдагы ушактар - бул менин жазмышым" деп билдирди. Жаштыктын жигери жана таза ой-максаттары менен "республикачылдардын" алдыдагы саясий карьерасы чоң.
Былтыркы шайлоодо "Ата Мекендин" 5-орунду ээлешин, жада калса партиячылар өздөрү да жеңилүү деп баалашты. Кыргызстандагы эң улуу саясий уюмдардын бирин түзүлгөн күндөн тартып Өмүрбек Текебаев башкарып келет. "Ар-намыс" партиясындагыдай эле партия бир адамдын кол алдында кармалып келет. Түбөлүк оппозициячы Өмүрбек Текебаев акыркы убактарга чейин партиялык иштер менен толук ийгиликтүү иш алып барды. Популярдуу партиянын лидерлери, парламенттен 40% мандатты ээлөөнү көздөшүп жана Өкмөттү кайра башынан биз түзөбүз деген ишенимде болушкан. "Атамекенчилер" биринчи ачык сезиле турган соккуну Ош окуясынан кийин алышты. Бул кырсык үчүн күнөөнүн канчалык бир бөлүгүн айрым шайлоочулар ушул партияга жүктөштү. Ал эми нокаутка түшүрчү сокку күтпөгөн жактан келди. Ал партиянын имиджи боюнча социалист Өмүрбек Текебаевге урулду. Мындан эки жыл мурун интернетке илинген Ө.Текебаев туурасында белгилүү видеороликти парламенттик шайлоо учурунда россиялык каналдардын бири эфирден кайрадан көтөрүп чыкты. Ал эми Ө.Текебаевдин буга карата жасаган жообу акылга сыйбастай эле болду. "Ата Мекендин" лидери мындан ары Кыргызстандагы шайлоолор учурунда чет элдик телеканалдардын электенбеген берүүлөрүнө тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамын токуй салып, аны өткөрүп жиберди. Албетте, бул партия өлкөбүздө сөзсүз түрдө саясий таасирде болот, бирок колунда көзүрдүк тузду кармай турган күчкө ээ болоору күмөн.
Кыргызстанда саясый боёк бүгүнкү күндө ушундай. Парламенттик системанын жашоо жөндөмдүүлүгү жөнүндө сөз кылуу, менимче, азырынча эртелик кылат. Нары, биз Парламенттик Республика жөнүндө сөз кылып жүргөнүбүз менен азыркы иштеп жаткан Конституцияда парламенттик-президенттик башкаруунун аралаш формасы деп жазылган. Кандай болгон күндө дагы 30-октябрдан кийин мыйзам чегинде президенттик институтту күчтөндүрүү жана ага кошумча укуктарды ыйгаруу туурасында маселе көтөрүлүшү толук мүмкүн. Саясий система катардагы революциялык төңкөрүш учуроосуна көз жетпейт, бирок кооптуу жагдайларды күтүүгө болот.

Айбек Букуев,
көз карандысыз эксперт