Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Сыр маек
Ширин Айтматова, ЖК депутаты:
"Болочок жолдошум кыргыз болот, бирок депутат болбойт!"
- Ширин айым, жакында эле айрым басылмалар сизди кайсы бир партиялаш, бизнесмен депутатка турмушка чыгат деп жазып чыгышты. Буга ишенсек болобу?
- Менин мурун-кийин жеке бизнесим болгон эмес жана мамлекеттик кызматтарда иштеген эмесмин. Менден коррупция таап чыгыш кыйын. Ошондуктан ушундай сөздөрдү чыгарып атышат го деп ойлойм. Жакында "Ширин Айтматова үй-бүлөсү бар, кошумча беш-алты мыйзамсыз никедеги аялдары бар депутатка турмушка чыкканы жатыптыр" деп жазышканын окудум. Чынында мен ошол депутат ким экенин өзүм билгим келип турат. Эми мунун баары менин атымды булгаш үчүн болуп жаткан жалган ушактар. Парламентте отурганым менен менин көпчүлүк депутаттар менен мамилем деле жок. Албетте, депутат болгон соң чындыкты, акыйкаттыкты айтып атам. Менимче, бул баарына эле жага бербейт. Ошондон уламбы, белгисиз бирөөлөр апама чалышып, кызыңыз оозун жапсын, өлтүрүп кетишет деп коркутканга чейин барышты. Экинчиден, акыркы кездерде айрым журналисттер аял чиновниктер үчүн ар нерсени ойлоп таап жазып атышат. Муну мен аялзатка карата урматтын жоктугу, тайыздык деп түшүнөм. Ооба, качандыр бир убакта турмушка чыгаарым турган иш, бирок ал үй-бүлөсү жок эле, депутат эмес эле карапайым адам болот.
- Демек, учурда колуңузду сурагандар бар экен да?
- Бул жеке жашоомо тиешелүү болгондуктан, буга кантип жооп беришти да билбей турам. Азырынча сураша элек.
- Болочок жолдошуңуз кыргыз болсо экен дейсизби же…
- Болочок жолдошумдун өзгөчө адам болуусун жана, албетте, кыргыз болушун каалайм. Анткени мага кыргыз тилин менден мыкты билген, өз турмуш жолун өзү куруп алган эмгекчил жигиттер жагат. А акчасы көп, бай, колоктоп бош жүрүшкөн шаардык жигиттер мени такыр кызыктырбайт. Мага мен үчүн кызык боло турган, интеллектуалдык деңгээли жогору адам керек. Тилекке каршы, андай эркектер аз. Ошентсе да, кудай буюрса, келечекте толук кандуу кыргыз үй-бүлөсү болом деген ишеним менен жашап атам.
- Атаңыз, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, турмуш куруу боюнча, ошол эле өз улутундагы адамга баш кошуу кеңештерин айтчу беле?
- Мен көп жыл чет өлкөлөрдө окуп жүрүп, мекениме кайтып келээрим менен кыргыз жигитке турмушка чыктым. Атам дайыма менин эл катары кыргыз үй-бүлөм болушун каалачу. Андай үй-бүлө менде болду, бирок жылдызыбыз келишпей ажырашып кеттик. Анан менде башка улуттун өкүлүнө турмушка чыгайын деген каалоо башынан болгон эмес. Жакында бир партиялашым "Ширин, сенин кызың африкалык каны бар америкалыктан эмеспи?" деп сурайт. Кызым сары болгондуктан Бишкекте Шириндин кызы америкалыктан экен деген ушак чыккан. Ал Ошко жеткиче, кызымдын атасы афро-америкалык болуп кетиптир. Мурун мындай ушактарга теригип, ыза болчу элем. Азыр көнүп калдым. Ар кандай ушактар чыга бергендиктен, менин турмуш куруумду көп адамдар каалайт окшойт деп калам (күлүп).
- Экс-жолдошуңуз менен жолугасызбы, кызы менен атасы көрүшүп турабы?
- Ооба, кээде кызын атасына жолуктурам. Азыр анын үй-бүлөсү бар, өзүнчө түтүн булатып атат. Биз урушпай-талашпай, заманга жараша ажырашканбыз. Ошондуктан ага эч кандай жаман сезимим деле жок. Кайын журтум да келип-кетип, катташып турабыз.
- Кээде жалгыздыктан жадап, муңайсаңыз керек?
- Жок, менде андай учурлар боло элек. Азырынча жеке жашоом абдан жакшы.
- Көп эле кыргыз кыз-келиндерибиз өңү-түсүнө көп маани бербейт. А сиз келбетиңизге кантип кам көрөсүз?
- Азыр спорттун кайсы бир түрү менен машыкканга убактым жок. Бирок кээде стрессти чыгарыш үчүн музыканын коштоосунда Спартак стадионунда чуркайм.
- Саясатка жаш аралаштыңыз. Тажаган жоксузбу?
- Ооба, чарчаганымды жашырбайм. Мен саясатка аралашып көп нерсени өзгөртөм деп ойлогом. Көрсө, ал өтө оор экен. Мен эми гана көп нерсени түшүнүп келатам. Чынында азыр саясатта дагы деле эски гвардиянын адамдары көп. Ошондуктан бир нерсени өзгөртүүнү каалаган жаш саясатчылар менен бирдикте саясий жаңылануу жүргүзүшүбүз зарыл. Алсак, мен Өмүрбек Чиркешович, Дастан Бекешов, Жоомарт Сапарбаевдер менен көп иштешем жана алардын аракеттерин баалайм. Өмүрбек Чиркешович менен бирдикте саясатка аралашып, анын мектебинен өтүп атканыма да сыймыктанам. Албетте, кээде эч нерсе өзгөртө албаган соң саясатта эмнеге жүрөм деген ойлор болот, бирок парламентке келгениме өкүнбөйм. Ошентсе да саясатта мен бактылуумун деп айта албайм жана азыр саясаттан кетпейм.

Мелис СОВЕТ уулу .











кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??