Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  "Кандуу режим" карааны

Чындап эле Адахан Мадумаровдун артында Бакиевдер турабы?
Апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып жоголушкан кандуу режимди орноткондор республикага кайтып келүү жөнүндө ой-кыялдарынан арылыша элек. Ак боз ат минип, керней-сурнайдын коштоосунда келишпесе да. Алар Кыргызстанга кылып кеткен кылгылыктарынан кийин, албетте, мындай болушу мүмкүн эмес. Ошентсе да жок дегенде өз кишисин алдыда күтүлүп жаткан мамлекеттик эң жогорку кызматка шайлоого акырын түртүп өткөрүп жиберүүгө аракет кылып көрүүгө неге болбосун... Мындай мүмкүндүктү алар, албетте, колдон чыгаргысы келбейт.
Сиздер: "Бирок эмне үчүн Адахан Мадумаров?" - деп сурашыңыздар мүмкүн. Бул суроого жооп айдан ачык болуп турат, муну акыл-эси ордундагы адам дароо түшүнөт. Мадумаров Бакиевдер менен алардын жер дүңгүрөткөн иш башталышы менен шерменде болгон, акырына чейин бирге болгон. Бакиевдердин жардамы менен ал өзүнүн бийликке болгон көксөөсүн баскан жана башка адамдардан артыкчылыгын көрсөтүп, мыктысынып, алчыланууга умтулуп келген. Эстеп көрүңүздөрчү, Жогорку Кеңештин спикери болуп туруп, Адахан Мадумаров өзүн кандай алып жүрчү эле.
Төрага Мадумаровдун "обу жоктугу" жеке кадыр-баркына же анын башкаруучулук бай тажрыйбасына негизделсе дагы жакшы эмеспи. Андай кишинин анча-мынча ойт бермесине көздү жумуп койсо болот го. Анын кычыраганы кычыраган эле го, чиркин! "Көчүктөн коргоолу көрүнүп турса да..." дегендей, анын башкаруудагы теориялык да, практикалык да тажрыйбасы таптакыр жоктугу кашкайып көрүнүп турчу. Бакиевдердин учурунда ал биринчи атка минерлик кызмат - КРнын вице-премьер-министрлик креслосуна ээ болду. Ошол эле учурда чиновник катары анын иштермандыгы нөлгө барабар эле. Башкача айтканда, ал эч кандай маанилүү чечимдерди кабыл алган жок.
Демек, муну менен эмнени айтсак болот: эгерде шайлоодо Адахан Мадумаров жеңсе, анда кыргызстандыктарды "көңүлдүү" жашоо күтөт. Башкаруучулук чечимдерди кабыл алуудагы анын жүйөөсү эки тыйындай эле эң жөнөкөй, өз кызмат абалын артында турган кишилердин туйтунуусу үчүн мүмкүн болушунча пайдалануу. Бул болсо менчикти кезектеги кайра бөлүштүрүүгө, ар түрдүү, анын ичинде инвестициялык дагы макулдашууларды кайра карап көрүүгө алып келүүсү мүмкүн. Мунун артынан Кыргызстандын азыркы экономикалык жагдайын эске алсак, өлкө сөзсүз түрдө экономикалык туңгуюкка кептелет.
Бирок президенттик шайлоодо Бакиевдердин талапкери Камчыбек Ташиев деп да жүрүшөт. Кудай билет. Бакиевдерге толук көзөмөлдөнө турган киши керек. Бул жагдайдан Ташиев өзүнүн татыксыздыгын көргөздү. Ал Бакиевдин командасындагы кишилер менен ачык конфронтацияга барды. Ошол эле Данияр Үсөнов менен. Ташиев сырттан каржылык көмөккө муктаж эмес. Анын үстүнө ал кыска убакыттын ичинде өз алдынча салабаттуу саясий салмакка ээ боло алды. Негизинен, албетте, өткөн жылкы республика түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуунун аркасында.
Ал эми Адахан Мадумаров шайлоого катышуу үчүн акчаны кайдан тапты? 2011-жылдын 10-октябрына карата Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү отчётко ылайык Адахан Мадумаровдун эсебине 19 миллион 673 миң 580 сом келип түшкөн. Эч качан өзү бизнес менен шугулданбаган, чиновниктик айлыгынан айлыкка чейин жашаган киши үчүн жаман эмес да, э! Бул акчалар каяктан деген эрксиз суроо жаралат. Эгерде кыргыз тилдүү басылмаларга ишенсек, анда Мадумаровго каражатты Бакиевдер берүүдө.
Алар аз эмес, көп эмес, туура - 20 миллион доллар бөлүшкөн. Бирок бул финансы каражаттарын башкарууну Мадумаровдун өзүнө эмес, анын шайлоо штабынын жетекчиси, КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековго ишенип беришкен. Бу кишини болсо Жаныш менен Максим Бакиевдердин баягы телефондук сүйлөшүүсүндө кездешкен сырдуу Василий Ивановичтин дал өзү деп ушу күнгө чейин шекшинип жатышат.
Айткандай эле, Адахан Мадумаровдун командасында аз эмес "кызыктуу" инсандар бар. Алсак, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинде Вячеслав Хан турат. Ал Бакиевдин убагында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлыгын ээлегендиги менен эмес, көбүнчө Алдаяр Исманкуловдун жакын туугандыгы экендиги менен белгилүү. А.Исманкулов болсо, эске сала кетсек, Алма-Атада 2009-жылдын декабрында кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүүнү уюштурган. Жасаган кылмышы үчүн ал Казакстанда күчөтүлгөн режимдеги колонияда жазасын алуу үчүн 17 жыл эркинен ажыратылган.
Ошентип, эгер Адахан Мадумаров президент болуп калса эмне менен алектенет болду экен? Анын "демөөрчүлөрү" эмнени буюрса ошону менен го... Болду-болбоду саясий репрессиялардын алааматы башталат, башкача ойлонгондорду жоготуп, сөз эркиндигин тебелеп-тепсейт деп болжосо жарашчудай. Сөз эркиндигине келгенде, Мадумаровдон сурабай деле койсо болот, анткени анын бул фундаменталдык демократиялык эркиндикти өз алдынча бузуп, бурмалаган түшүнүгү бар эмеспи. Мындан башка, коомчулук тирукмуш буюртма өлтүрүүлөрдүн да арааны жүрүп кетүүсүн күтсө болчудай. "Сөз атасын өлтүрбөй", бу жерде Медет Садыркулов Коопсуздук кеңешинин катчылыгына Адахан Мадумаровду дайындашкандан төрт айдан кийин өлтүрүлгөндүгүн эске сала кетүү ашыктык кылбайт. Учурда укук коргоо органдары тарабынан ага ушул тирукмуш кылмышты жаап-жашыргандыгы үчүн айып коюу маселеси чечилүүдө.
Кептин кыскасы, Адахан Мадумаров популизм менен ооруп, бийлик кумарына мас болуп жата берет, анын колунан башка иш келбейт дагы - ал эми өлкөгө колуна тийгендин барын алып-жуткан Бакиевдер жана анын куйруктары кожоюндук кылып калат. Деги эле А.Мадумаровду Кыргызстанды сүйөт деп айтыш кыйын, анткени ал парламенттин спикери болуп туруп Жогорку Кеңеш аркылуу Ысык-Көлдөгү бир нече пансионатты жана бейиштин төрү болгон Каркыра жайлоосун берип жибергенин ким унутсун. Анан дагы түзгөн партиясынын аты "Бүтүн Кыргызстан" экенин кара!
Андан ары республикада эмне болорун болжош кыйын эмес. Башкаруу жана экономика чөйрөлөрүндө иш билгилиги менен бөлүнүп чыгуу мүмкүнчүлүгү жоктугунун айынан президент Мадумаров дал өзү "кыргыз элин сактап калуучу" жана "улуттун атасы" экендигин далилдегенге киришет. Ал эми бул деген Кыргызстандагы адамдардын турмушун бир ууч бийлик башындагылардын кызыкчылыгы үчүн абалга чейин бурмалоо десе болот. Бул мадумаровдук "Кыргызстан кыргыздар үчүн гана ата журт, калгандардын баары квартирант" деген ураанды турмушка ашыруу. Бул элди, өлкөнү түндүк-түштүккө ачык эле бөлүштүрүү менен кесепеттүү натыйжаларга алып келүү дегендик эмеспи.

Алмаз Адилетов




Улуттук конгресстин
Билдирүүсү
Өзүнө 17 партияны жана коомдук кыймылдарды бириктирген Улуттук конгресс (мындан ары текстте УК) төмөнкүдөй билдирет.
Азыркы учурда Кыргызстанда президенттик шайлоонун марасына жакындаган сайын дарамети кандайдыр бир деңгээлде электоратка түшүнүктүү негизги талапкерлердин тобу аныкталып калган кырдаал түзүлдү. Массалык коммуникация каражаттарынын - телевидение жана радио, басылма ЖМКлардын жана Интернеттин аркасында калктын президенттикке талапкерлердин инсандыгы, алардын күчтүү жана чабал жактары, өткөнү жана келечек мерчемдери жөнүндө маалыматтары адаттагыдан жогору. Талапкерлердин азыркы адамдык жана кесипкөйлүк сапаттарынын бай палитрасы мамлекеттик эң жогорку кызматка талапкердин жаркын, бирок толук эмес сүрөтүн тартат. Биз баарынан мурда саясат - бул мүмкүнчүлүктөрдүн гана искусствосу эмес, ошондой эле мамлекетти башкаруу боюнча илим экендигин да унутпашыбыз керек. Алмазбек Атамбаев мамлекеттик башкаруунун, карапайым жарандардын жүрөк өйүгөн көйгөйлөрүн түшүнүү жана келечекти көрө билүүнүн мол тажрыйбасына ээ.
Республикабыздын негизги саясий жана экономикалык өнөктөрү болгон - Россиянын, Казакстандын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен ал түзгөн жакшы мамилелер да салмактуу аргумент болуп бере алат. Партиялык курулуштагы көп жылдык тажрыйбасы (Кыргызстан социал-демократиялык партиясы бул күндөрү 18 жашка толду), өндүрүштүк жана ишкердик, депутаттык ишмердиктери, өнөр жайы жана соода министри, ошондой эле эки жолу өлкөнүн премьер-министри кызматтарында иштеши да олуттуу артыкчылыктарды жаратат. Эң оор шарттарда, 7-апрель окуясынан жана июнь трагедиясынан кийин ал өлкөдөгү кырдаалды кармап жана турукташтырып гана калбастан, ошондой эле коалицияны жана өкмөттү парламенттин эң эле ар түрдүү курамынан кура алды. А.Атамбаевдин турмуштук жолу өз каталарынан туура тыянак жасай билүүгө жөндөмдүүлүгүн көргөзөт.
Алдыда республиканын биринчи жана экинчи президенттери оңой гана кыйратып кеткен мамлекеттүүлүгүбүздү кайталап түзүп чыгууда чоң түйшүктөр күтүп турат. Демек, коомубуздагы бардык күчтөргө акыл-эстүү жана аяр мамиле, адамдык, каржылык жана табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу талап кылынат. Улуттук кызыкчылыктарды өнүктүрүүнүн жана сактоонун шарттарын реалдуу билүү зарыл. Дүйнөлүк экономикалык кризис, өсүп жаткан диний экстремизм, алдыда турган республиканын экономикасын кайра форматташтыруу Бажы союзуна мүчөлүктү жана Евразия биримдигине күтүлүп жаткан кошулууну эске алганда - мына ушунун бардыгы мамлекетибиз үчүн олуттуу чакырыктар.
Биргелешип жаратмандык кылуу жана өлкөнү оор кырдаалдан чыгаруу учуру келди. Ошондуктан биз, ар түрдүү саясий бирикмелердин өкүлдөрү, А. Атамбаев президенттик шайлоодо жеңип алса кайсы партиядан жана аймактан экендигине карабастан коомдогу сергек күчтөрдү бириктире алат жана ар бир абийирдүү жарандын коомго пайда алып келүүгө мүмкүндүгү болсун үчүн шарттарды түзө алат деп эсептейбиз.
УЛУТТУК КОНГРЕСС шайлоодон кийин өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга өбөлгө түзүп, жаратмандык жана жакшы келечекти куруу үчүн коомду, калктын бардык социалдык катмарларын, ар кандай партияларды жана жарандык бирикмелерди бириктире турган жалпы улуттук диалогду өткөрүүнү сунуш кылат.

Улуттук Конгресстин төрагасы
А. Жекшенкулов





кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??