Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Алмазбек Атамбаев - Кыргызстандагы биримдиктин жана туруктуулуктун кепили
Алмазбек Атамбаев - өлкөнүн бүтүндүгүнүн кепили. Ал өлкөнүн Түндүк менен Түштүккө бөлүнүп калышына жол бербей коё ала турган президенттик кызматка жападан жалгыз талапкер. Атамбаевдин улуттар аралык көйгөйлөрдү чечүү, бийликтин бардык органдарында кландыкты жок кылуу боюнча олуттуу жана жакшылап ойлонулган программасы бар. Ал эч качан адамдарды кайсы уруудан экенине карап бөлгөн эмес жана бул көрүнүштүн мындан ары да таркалып кетишине жол бербейт.
Алмазбек Атамбаев - тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер. Ал Өкмөттө бир нече жолу жогорку кызматтарды ээлеп турду, анын ичинде эки ирет премьер-министр болду, Жогорку Кеңешке депутат болду. Башка талапкерлерден айырмаланып, ал мамлекеттик башкаруунун майда-чүйдөсүн көпкө чейин үйрөнүп олтурууга муктаж эмес. Атамбаев өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн жетиштүү билим жана тажрыйбага ээ.
Алмазбек Атамбаев - дүйнөлүк ири державалардын жетекчилеринин арасында сый-урматка жана кадыр-баркка ээ, эл аралык масштабдагы саясатчы. Бүгүнкү күндө ал -эл аралык аренада өлкө кызыкчылыктарын коргоп калууга чакырылган так, даана тышкы саясий программасы бар Кыргызстандын жападан жалгыз лидери.
Алмазбек Атамбаев - социалдык жана саясий реформаларды небак эле жүргүзө баштаган президенттик кызматка жападан жалгыз талапкер. Пенсияларды жана эмгек акыларын жогорулатуу, көптөгөн актуалдуу көйгөйлөр, анын ичинде ушул жылдын жайындагы күйүүчү май кризисин чечүү боюнча ийгиликтүү эл аралык сүйлөшүүлөр, коррупция менен натыйжалуу күрөштүн башталышы жана башка дагы көп нерселер - анын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү ишинин жыйынтыгы.
Алмазбек Атамбаев - өлкөнүн ар түрдүү саясий күчтөрүн бириктире ала турган адам. Кыргызстандын ири партияларынын жана коомдук кыймылдарынын лидерлери ага ишеним көрсөтүштү жана өз тарапкерлерин Атамбаев үчүн добуш берүүгө чакырышты. Бул адамдардын пикири боюнча Атамбаев гана парламенттеги жана өкмөттөгү саясий ыйкы-тыйкыларга чекит коё алат.
Алмазбек Атамбаев - өз убадаларынын өтөөсүнө чыккан саясатчы. Алар жөнүндө ал өзү мурда айткан бардык башталыштар: жолдордун, мектептердин жана бала бакчаларынын курулуштары, фермерлер үчүн лизинг программаларын жүзөгө ашыруу, кен чыккан жерлер боюнча чарбалык маселелерди чечүү, жаңы ишканаларды ишке киргизүү жана дагы башка көп нерселер - азыр турмушка ийгиликтүү ашырыла баштады.
Алмазбек Атамбаев - элдик салтты сыйлаган адам. Айкөл Манастын жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкелдерин орнотуу демилгесин дал Атамбаев көтөрүп чыкты. Ошол эле учурда ал каада-салттарды сыйлоо прогресс жолунда бөгөт болбоосу керек экендигин белгилейт. Жашоо-турмуштун баштапкы үлгүсү менен коомдун өнүгүүсүнүн заманбап тенденцияларын айкалыштыруу - ал парзым деп эсептеген негизги нерселердин бири мына ушул.
Бүгүнкү күнгө Алмазбек Атамбаев - өлкөнү кризистен алып чыга ала турган, анын гүлдөп-өсүшүнө жетише турган жападан жалгыз мамлекеттик ишмер. Ал республикадагы туруктуулуктун кепили болуп саналат. Бул киши ар бир кыргызстандыктын жашоо-турмушун кантип жакшыртууну билет. Атамбаев гана чыныгы татыктуу Президент боло алат!




Байтемир Асаналиев, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, ардактуу пенсионер:
"Атамбаевге
альтернатива жок!"
- Алдыда болуучу тагдыр чечээр шайлоого саналуу гана күндөр калды. Мамлекетибиздин, элибиздин эртеңки тагдыры кандай болот? Бул суроо азыркы кезде ар бир кыргызстандык жаранды терең ойлондурууга тийиш. Анткени биздин эртеңки жашоо-тиричилигибиз, балдарыбыздын келечеги жана мамлекетибиздин бүтүндүгү ошол шайлоодо ким президенттикке келет, мына ошого түздөн-түз байланыштуу.
Президенттик кызмат үчүн 19 талапкер күрөш жүргүзүүдө. Эми ошолордун басымдуу көпчүлүгү терең ойлонбой туруп эле, президенттик кызматты оюнчук көрүп, шайлоого аттанганы мени терең өкүндүрөт. Адегенде жети өлчөп, бир кесип, терең ой калчап, токсон тогуз толгонуп, анан чечим кабыл алыш керек болчу.
Кыргызстан бүгүнкү күндө экономикасы эң чабал, коррупцияланган өлкө. Аны терең кризистен алып чыгуу үчүн экономиканын мыйзамдарын түшүнгөн, өзүн эмес, элдин-жердин гана кызыкчылыгын ойлогон инсан керек! Ошондой инсан деп мен Алмазбек Атамбаевди айта алам.
Атамбаевди, ал Москвадан окуусун бүтүп келгенде, чыгармачылык иш боюнча тааныгам. Мен ал кезде республикалык "Мектеп" басмасында башкы редактор болуп иштечүмүн. Бизде, кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине мыкты которгон котормочулар саналуу гана боло турган. Ошондо Атамбаев орус, кыргыз тилдерин бирдей жакшы билгендиктен, сапма-сап (подстрочный) котормосуз эле өзү дароо орусчага которуп, кыргыз жазуучуларын союздук окурмандарга тааныткан. Таланттуу жаш котормочунун келечеги кең экендигин баамдап, анын Жазуучулар союзуна мүчө болушуна сунуш бергенбиз.
Албетте, андан бери Атамбаев бардык жагынан өстү! Эң негизгиси, ал жүрөгү таза адам, ачыгын айтсам, кыргыз элинин, жалпы кыргызстандыктардын бактысына жаралган адам! Ошондуктан кылчактабай туруп, шайлоо күнү добушубузду Атамбаев үчүн берели?!
Феодалдык доордогу "өз коюмдан кочкор салам" деген түшүнүк азыркы мезгилде караманча жарабайт. Кээ бир талапкерлердин кур убадасына, берген анча-мынча арам акчаларына алданбайлы!
Өткөн жылдын апрелиндеги революцияда шейит кеткен чолпондой балдарыбыз да өлкө келечеги, элибиздин эртеңки жакшы жашоосу үчүн жан катышты.
А.Атамбаев президенттикке татыктуу экендигин сөз менен эмес, иши менен далилдеп келатпайбы! Биз, баарыбыз бул жолу туура чечим кабыл албасак, тарых да, кудай да бизди кечирбейт. Ошондуктан "кыргызбайчылыкты" калтырып, доско - күлкү, душманга шылдың болбой, Алмазбекти президенттикке шайлап алалы! Ошондо гана өзүбүз да чайналбайбыз, экономикалык жактан өнүгүүбүз дагы үзгүлтүккө дуушарланбайт. Кыскасы, "бузулган элге-бучуктан бий!" болбойлу, мекендештер! Бул шайлоо - тагдыр чечээр шайлоо, ал эми Атамбаевге альтернатива жок!





Жума Абдуллаев, Коомдук иликтөөлөр институтунун жетекчиси:
"Аймактарды өнүктүрүү боюнча программасы бар"
- Алмазбек Атамбаев былтыркы эң оор кырдаалдарда мамлекеттин башчыларынын бири болуп, өтө оор, опурталдуу сынактардан өттү.
Эки маселеге көңүл буруп өтсөк: 1. Азыр дүйнөлүк экономика кайрадан жаңы оор кризиске утурлап баратат. Бул сапар кризистин кесепети өнүккөн өлкөлөр үчүн оор тиет деп божомолдонууда. Демек, бул желдин илеби бизди да четте калтырбай өтөт. Демек, биз буга даярданышыбыз керек. Ушул жагынан эле алганда Атамбаевдин кризис менеджерлик тажрыйбасы, жана башкаруу чеберчилиги абдан керек болот. Анткени ал киши эң оор шарттарда иштеди, такшалды, бышты. 7-апрелден кийин өлкөбүздүн экономикалык абалы кандай экенин, кандай балчыкка тушугуп баратканыбызды ал киши жакшы билет. Ошого карабай, мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн арттырып, бюджеттен каражат таап, социалдык тармактагы курч маселелерди чечип, айлыктарды көтөргөнгө да үлгүрүштү. Бул чындап эле чоң жетишкендик деп айтыш керек.
2. Аймактарды өнүктүрүү боюнча программасы. Ар бир аймак, жада калса ар бир айыл үчүн атайын белгиленген пландардын бар экени кубандырат. 2007-жылы Алмазбек Шаршенович Баткен областындагы суу чарбасын өнүктүрүү жана дыйкандарды колдоо ниети жөнүндө айткан эле. Ошол кезде премьер-министр катары жетишпегенин азыр да унутпай, ал программаларды байытып, дагы негиздүү кылып иштеп чыкканына баа бердим.
Бизди алдыда, Алла-таалам буюрса, чоң ийгиликтер күтүп турат, мына Бажы союзуна кире турган болуп атабыз, мамлекетибиздин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү артат. Албетте, баардык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бүт коомчулук биригип, мобилизацияланышы керек. Эки-үч жыл катуу иштесек, кудайым буюрса, пейлибиз да оңолот, кризисти да жеңебиз. Алдыдагы шайлоодо татыктуу талапкерге добуш берели!





Миталип Мамытов, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры:
"Элибизди жер-жерге, улут-улутка бөлбөйт, нукура интеллигент. Мен ага ишенем"
- Медицинанын азыркы абалын орточо жакшы деп айтууга болбойт. Дары-дармектер негизинен сатыкта. Азыркы талапка жооп берген медициналык жабдуулар бар, бирок аз, жетишпейт. Клиниканын бейтаптар жаткан шарттарын жакшыртыш керек. Республикалык деп аталып, улуттук госпиталь болгондон кийин ошого жараша шарты болушу керек эле. Мунун баары эле барып каражатка такалып жатат. Кадр жагынан, мисалы, өзүмдүн кадрларым боюнча алсам, жакшы. Менин тарбиялап окуткан бир топ профессорлорум, бир нече ондогон медицина илиминин кандидаттары - шакирттерим бар. Алардын деңгээли жакшы тажрыйбалуу адистер деп айта алам.
Акыркы учурда врачтардын, орто билимдүү медициналык айымдардын айлык акысынын көтөрүлүшү абдан жакшы болду. Себеби медсестралардын иши менен биздин колубуз узарат да. Аларсыз биздин ишибиз аксап калат. Айлык акынын көтөрүлүшү кадимкидей сезилгендигин мен күнүгө иштешип жаткан медкызматкерлердин маанайынан, ишке болгон мамилесинен да байкалат. Ал эми айылдагы дарыгерлерге канча жөлөк-таяк болду. Бул мен келечекте президент катары көргөн Алмаз Шаршеновичтин чоң эрдиги, чечкиндүүлүгү, ушул ишке батыл киришкендигинен улам ишке ашты. Себеби бюджетте каралбаган акчаларды таап берди.
Талапкерлердин ичинен биринчи орунга мен Алмазбек Атамбаевди коём. Башкаларды да ага добуш бергенге үндөйм. "Коррупцияга бөгөт коем, экономиканы өстүрөм, элдин биримдигин камсыз кылам, ынтымакка чакырам" деген убадасы бар. Мен ага ишенем жана колдойм. Элибизди жер-жерге, улут-улутка бөлбөйт. Нукура интеллигент.






кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??