Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Роза ШАКИРОВА:
"Эки күн машыксам "Машботойду" чертип коем"
- "Машботойду" сүрөттөгүдөй катыра черте аласызбы?
- Эки күн машыксам чертип коем (күлүп). Мурда "Токтогулдун кербези" менен "Жаштар маршын" үйрөнгөм. Бирок күү черте элегиме көп болду. Комузда жалаң эле өз ырларымдын обондорун чертип жүрөм. Андан тышкары ооз комуз менен фортепианодо дагы ойной алам.

Айбек КАРЫМОВ:
"Гезиттен сүрөтүмдү көрсөм кыркып алып…"
- Гезиттен өзүңүз тууралуу ушак көрсөңүз териштиресизби?
- 5-6 жылдан бери гезиттердеги мен жөнүндө жазылгандарга таптакыр көңүл бурбай калдым. Бирөө көрүп, бирөө көрбөй эле жаза берет. Азыркы саны көп гезиттер ушакты көп жазышат. Ошондуктан мен гезитке ишеними жок адамдардын катарындамын. Жаңы чыга баштаган 2000-жылдын башында гезиттен өзүмдүн сүрөтүмдү көрсөм аябай толкунданып, макаланы кыркып алып чогултуп жүрдүм. Кийин алар жоголуп кетти.

Ильяз АНДАШ:
"Кыялы апамдыкындай кызды таптым"
- Көпчүлүк жигиттер өмүрлүк жарлыкка кыялы апасыныкына окшош кыздарды издешет деген ойго кошуласыңбы?
- Толугу менен кошулам. Өзүм деле келечектеги жубайым апамдай мээримдүү, ак көңүл, акылдуу аялзаты болсо экен деп тилейм. Бала кезден бери апамдын атама кылган мамилеси жакчу. Атам үйгө кайсы убакта келсе да алгач проблеманы айтпай, күлүп тосуп алып, даяр тамагын бере салат. Кыялы апамдыкына окшош кыз таптым окшойт. Бирок экөөбүз тааныша элекпиз, сыртынан эле байкап жүрөм. Анын мага обужоктоно бербей орду менен сүйлөгөнү, өзүн бир калыпта алып жүргөнү жагып атат.

Каныкей РАЙМАЛИЕВА:
"Өзүмдөн 7 жаш кичүү бала колумду сураган"
- Өзүңүздөн кичүү жигит тизе бүгүп колуңузду сураса кантесиз?
- Андай окуя бир жолу болгон. Өзүмдөн 7 жаш кичүү бала колумду сураган. Байкап көрсөм ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы меникинен таптакыр башкача, жаштыгы билинип турат экен. Жашоого көз карашы өзгөрүп, экөөбүз теңелгиче көп убакыт өтүп кетчүдөй, макул болгон эмесмин. Экөөбүздүн тең убактыбыз текке кетип калбасын деп. Эгер көз карашыбыз, кыялыбыз келишкен жаш жигит колумду сураса, макул боло берет болушум керек. Бирок бул жерде деле миң жолу ойлонуп иш кылыш керек.

Съездбек ИСКЕНАЛИЕВ:
"Аялыңдын көзүнө чөп салууга нике шакек тоскоол болбойт"
- Үйдөн узаганда нике шакекти чечип койгон күндөр болобу?
- Жо-ок, кудай сактасын. Сыртта жүргөндө башка кыздарга тийишейин деп шакегимди чечип койгон учурлар болгон эмес. Негизи эркек жаман жолго басам десе нике шакек деле тоскоол боло албайт. Шакегин тагынып алып деле ойнош күтүп жүргөн эркектер бар. Мен шакекти үйдөн тагынбайм. Үйлөнүү тоюбузда кайнатам алтын шакек белек кылган. Ошону, нике шакекти, мойнумдагы күмүш чынжырчаны үйгө келерим менен чечип салам.

Гүлнур АСАНОВА:
"Билмексенге салып коем"
- Жардам беримиш болуп таанышкысы келген же тийишкен жигиттерге кандай мамиле кыласың?
- Андай учурлар көп эле болот. Көпчүлүгү машинам бузулуп калган учурда жардам керекпи деп токтоп же кайсы бир спорттук оюндарга үйрөтүмүш болуп таанышууга аракет кылышат. Анысын байкамаксан болуп таанышып коем. Бул, менимче, жакшы эле нерсе. Жигит кыз менен таанышкысы келет да. Кагып-силкпейм, адамдык жакшы сапаттарымды көрсөтүп, жакшы жооп бергенге аракет кылам.






кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??