Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ажал айдап

Асел бычак менен бышып өлтүрдү
Талас шаарындагы "Акчий" Ачык акционердик коомунун пескоблок чыгаруучу кичи заводундагы жумушчулар жашай турган вагонеткага баш калкалаган 3 жумушчу 18-октябрь күнү кечинде чогулуп "майрамдай" башташат. Вагонеткадагы арак майрамга "питакта" 1984-жылы Талас районунун Чат-Базар айылында туулган Асел Абдрахманова дагы барат. 3 эркек жана 27 жаштагы келин 6 бөтөлкө аракты бөлө тартып ичип "гүлдөйжан" болушат. Аракка алагүү болгон эркектер Аселге тийише баштаганда, анын колуна дасторкондогу бычак урунат. Эки эркек Асел менен тирешип жатканда ортого түшө калган Токтогул районунун Терек-Суу айылынан келген 1971-жылкы Байтиков Урматбекти алкымга бычак менен бышып салат.
Таласка ажал айдап келген Урматбек алкымга сайылган бычак мизинен жан таслим болуп, жарык дүйнө менен коштошту. Ал эми атасыз эки баланы тарбиялап жаткан Асел учурда Таластын СИЗОсунда сурак берүүдө.




  Министрлер кайда? Таласта...

Алиясбек айылына мектеп ачты

Өткөн жумада Таластын Кеңарал айылында жаңы мектеп ачылды. Башталгыч класстарга арналган бир кабаттуу заманбап мектептин ачылышы чоң салтанат менен коштолуп, ак бозүйлөр тигилип, губернатор Койсун Курманалиева, Кыргыз өкмөтүнүн аппарат башчысы, саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков, мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы Рыскелди Момбеков жана башка Таластан чыгып, төбөсү элге көрүнгөн коноктор келишти.

Демөөрчү Саид Байими "Кыргыз эл баатыры" наамына татыктуу болгон, Таластын сыймыктуу уулу Алиясбек Алымкуловдун ысымын жаңы салынган мектепке ыйгаруу сунушун киргизди. Айылына заңгыраган мектеп салууга көмөктөшкөн Саид мырзага Алиясбек Алымкулов ак калпак кийгизип, саймалуу чапан жаап, колуна ителги кондуруп, ыраазычылык билдирди. Губернатор Койсун айым Алиясбекке ак калпак кийгизип, чапан жаап, ат мингизди.
"Алиясбектин демилгеси, араб демөөрчү Саид Байими мырзанын финансылык колдоосу менен 2 миллион сомго жакын каражатка 5 класстуу, ашканасы, мугалимдер бөлмөсү жана компьютердик классы бар 120 орундуу мектеп, 3 айдын ичинде курулуп бүттү, эми төрт километр жерге жөө жалаң барып окуган айылдын жаш балдары алыс барбай бул башталгыч мектептен билим алышат",- дейт Канай Арстанов атындагы Кең-Арал орто мектебинин директору Нурбек Солпиев.
Төкмө акындар Аалы Туткучов, Жеңишбек Токтобеков, Кундуз Таштаналиева, Ома, манасчы Камил Мамадалиев жана жергиликтүү өнөрпоздор чогулган элге майрамдык маанай тартуулашты.
Мурда мектеп курулган жер спорт аянтчасы болгон. Аянт саз болгондуктан эл жайыт катары пайдаланып, мал жайып кетчү. Учурда айылдагы Канай Арстанов атындагы Кең-Арал орто мектебинде 601 окуучу окуйт.




  Биздин көчөдө

"Пластилин ханыша"
Эки жыл мурун КТРден көрсөтүлгөн "Баракелде" шоу-долбоору Бакай-Атанын Кызыл-Октябрь айылынын тургуну, 12 жаштагы Чынара Мадимкулованын тагдырын түп тамырынан бери өзгөртүп жиберди. Эгерде "Баракелде" болбогондо илмийген ичке, татынакай, уялчаак кыздын таланты ачылбай калат беле ким билет?..
- Кызым "Баракелдени" көргөндөн кийин "Ата, мен деле ушундай кыла алам, мени "Баракелдеге алпарыңызчы" деди. Кызымдын кыймыл аракетин карап көрсөм шыгы бардай. Мен да жаш кезимде спортко абдан шыктуу элем. Балалыгым Кызыл-Жар деген жерде өткөн. Анда кайдагы спорт, гантель жок тоо боорундагы таштардан көтөрүп кыялап жөө чуркачубуз. Шарт жогунан спортко аралашпай арманда калган жаным, кызымды Бишкектеги циркке алпардым. Цирктен Кадырбек Мукашевичке жолугуп, дайын-дарегибизди айттык. Ал Чынаранын кыймыл аракетин көрүп, "Өз учурунда алып келиптирсиз, дагы бир-эки жыл өтсө денеси катып калмак, - деген Чынаранын чоң атасы Мадимкул Нурбаев небересинин талантын өстүрүү максатында айылды таштап, Бишкектеги Ак Ордо конушуна жайланып, небересин Кыргыз циркинин чеберлери Мурат Акматов, буту менен жаа тарткан Аида Акматова, Жыпара Шамыровадан сабак алууга мүмкүнчүлүк түзүшкөн.
Пластилин сыяктуу колу-буту буралып, сөөгү жок жылаандай ийилип, эки таманын дал төбөсүнө тийгизип, адамдын оозун ачыра турган кыймыл-аракеттерди жасаган Чынаранын табият ыроологон талантына таң берип, анын өнөрүн көргөндөр таңдайын так эттире тамшанып "Баракелде" дешет.
"Менин классымда окуган бир кыз, "Чынара кабыргаларын операция кылып алдырып салган" деген сөз таратыптыр", - дейт баёо жылмайган Чынара.
Ийнеликтей ичке кыздын тамак-ашка табити жакшы, тамак ылгабайт, бирок келечектеги цирк жылдызы камыр тамактарга караганда жер-жемиш, мөмөнү көбүрөөк жейт. Чынаранын сырткы назиктиги менен ички өжөрлүгү айкалышпай тургансыйт. Сабакты жалаң "5ке" окуган кыз мектептен чыгаар замат машыгуу үчүн күнүгө циркке жөнөйт. "Пластилин ханышаны" машыктыруудан тажабаган устаты Жыпара Шамырова кеч кирип кетсе Чынараны үйүнө алып калып, өз баласындай бапестегенине Мадимкул байке аябай ыраазы экенин айтты.
Жыпара Шамырова азыркы күндө Чынараны дарчылык өнөргө үйрөтүп жаткан кези. Бийиктикте тартылган кыл аркандын үстүндө басуу оңой эмес, бирок өжөр Чынара бул өнөрдү үйрөнөөрүнөн шек санабайт. Башын толорсугунан чыгарып, буттарын керилген жаадай формага келтирген Чынара кудай буюрса буттары менен буттага тийгизе жаа аткан Аида Акматовага окшоп, буту менен жебени керип жаа атканын жакында көрүп калаарбыз.

Бетти даярдаган
Мира Сейдикеримова,
Талас





кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??