Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Жума собол

Тагдыр чечер шайлоо алдында элге не деп кайрылар элеңиз?
Нурак АБДЫРАХМАНОВ,
КР Эл артисти:
"Баарыбыз бир кыргыздын балдарыбыз"
- Шайлоонун шайтан оюндарын жүргүзгөндөрдүн айынан ушул акыбалга келдик. Бир кап ун, арак менен элди алдап, добушун алам деген саясатчылар адамды, мамлекеттин келечегин ошого баалап аткандар. Добушуңарды ушундай болбогон нерсе үчүн алдатып, сатпагыла деп кайрылат элем. Куру убадаларга ишенбегиле. Асмандагы айды алып берем, Кыргызстанды Швейцарияга айлантып жиберем деген президенттердин акыр аягы эмне менен бүттү? Анан дагы элди Түндүк-Түштүк кылып бөлүп упай топтоого аракет кылган саясатчылар - элдин душмандары. Түндүктөгү уруулардын көпчүлүгү Түштүктө жашайт, түштүктөгү уруулардын көпчүлүгү Түндүктө жашайт. Баарыбыз бир кыргыздын балдарыбыз, биз эч качан бөлүнбөшүбүз керек. Эл ушуну дайыма эске тутуп, мындай регионго бөлгөндөрдү эл душманы катары кабыл алат деп ишенем. Шайлоо астында акыл калчап, добушун сатпай, келечек үчүн өзүнүн добушун берет деп ойлойм.

Акбар Рыскул,
акын, коомдук ишмер:
"Добушуңду сатпагын"
Зар заманда ой-учуңду тактагын,
Замандашым, добушуңду сатпагын.
Добушуңду сатар болсоң эгерде-
Конушуңду, комузуңду сатканың.

Казат Акматов, коомдук ишмер:
"Эл ишенимине татыган адамды шайлайлы"
- Чынында тагдыр чечер күн келатат. 30-октябрда ар бир жаран эл ишенимине татыган, алдыңкы орунга чыккан адамды шайлайлы элим. Менимче, мындай ишенимге Алмазбек Атамбаев татыды. Бул шайлоого даярдыктын, үгүт-насыяттын, эл менен кезигүүнүн жүрүшүндө байкалып турбадыбы. Ошондо эл ага чын дилдеги сөздөрүн айтып, ишенимин билдирип атты. Ушул сапаркы шайлоо элди бириктирген, бир максатты көздөгөн шайлоо болуп калды. Мурда мындай биримдик болчу эмес. Себеби бир лидер белгилүү болуп калды. Мындан ары президентти, депутаттарды шайлоо сыяктуу эл тагдырын чечер маселелерди обу жок оюнга, тамашага айландырбайлы. Үгүт иштеринде ажолукка ат салышкан бир топ талапкерлер, анын ичинде Мадумаров да элге-журтка, тышкы байкоочуларга шерменде болушту. 7-апрелде каза болгондорду ал Акүйдөгү ыйык башкаруучуларды өлтүргөнү барган мыкаачы кылып атат. Эми бүткүл эл мындай талапкерди бийликке эмес, Кыргызстанга жолотпош керек деп атат. Ошентип талапкерлердин жүзү ачылды. Кыргыз эли калыстык менен татыктуу адамга добуш берет деген ишеничтемин.

Сооронбай Жусуев,
Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу:
"Тыйын-тыпырга алданбай, абийирибизге карайлы"
- Жалпы элдин тынчтыгы үчүн, шайлоону эч кандай чатагы жок өткөрүп алалы. Кыргыз элине, мамлекетке калыс иштей турган адамды чын жүрөгүбүздөн шайлайлы. Тыйын-тыпырына алданып калбай, тагдыр чечээр убак келгенде, абийирибизге карап, татыктуу талапкерди тандап алалы.

Мар Байжиев, Кыргыз эл жазуучусу:
"Ынтымак үчүн бир гана чечимге келели"
- Бир гана сөз айтам. Элим, ар кимге чарпылып башты айландырбай, бир гана чечимге келели. Шайлоого чыгып аткан талапкерлердин арасында татыктуулары деле бар. Бирок ошолордун арасынан баарыбыз чогулуп бир кишиге токтойлу. Мен ошондой, эл үчүн күйүп-бышкан адам катары Алмазбек Атамбаевди көрүп турам. Ошон үчүн ойлонуп иш кылалы. Эл жолугушууга барган талапкерлерди эле чапан кийгизип, ат мингизип сыйлап, жиберип атат. Андай адамдарды президент кылбасак дагы, башка жооптуу кызматтарга тартып, иштетели. Эл-журттун тынчтыгы, биримдиги үчүн бир лидерге токтойлу, кыргыз элим.

Ишенбай Абдразаков, коомдук ишмер:
"Жеңилгенин моюнга алуу да бийик сапат"
- Бүгүн мекенибиздин жарандары - көп улуттан турган калкыбыз чоң окуянын алдында турат. Өлкөнүн ээси мен, сиз, бардык мекендештерибиз болгондуктан, мамлекет, калайык калк үчүн үзүрлүү кызмат кылып бере турган инсанды тандап добуш берели. Бул өтө жооптуу парз. Бүгүн өлкөбүз тар жол басып, тайгак кечүүдөн өтүп бараткан учурда мамлекетибиздин келечегин, үй-бүлө, бала-бакырабыздын эртеңки тагдырын эстен чыгарбайлы. Арзыбаган нерселерге алагды болбой, шайлоону таза, калыс, ачык өткөрүүгө колдон келишинче аракет кылалы. Элибиздин тышкы дүйнөдөгү аброюн көтөрөлү. Шайлоо деген шайлоо. Бири жеңет, бири жеңилет. Адилет таймашта жеңилгенин моюнга алуу да инсандык бийик сапат. Ошондон да кимдин ким экени билинет. Эл азыр тынчтыкты, ак ниеттикти, калыс бийликти көксөп турган кези. Элдин ушул үмүтүн үзбөйлү.

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны:
"Куш болбоду кулаалы"
Эркиндигим
Күн апкелди Кудай урган,
Шайлангандын бири
калмак, бири дунган.
Экөөвү тең ичти, жеди,
качып кетти,
Уулуң жокпу, эй, кыргыз, эл!
- деп туулган…

20 кылымдык азап чектиң жыйырма жылда,
Кулаалылар куш болбоду атпай журтка.
"Жат жалгабайт, өз өлтүрбөйт…"
Шайлап алгын!
Кут кондураар уулуңду… башканы укпа…

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
"Теги кыргыз, колунан иш келгенин тандайлы"
- Чынында шайлоого аттанган 80 талапкердин көбүнүн теги кыргыз эмес. Аларды мен аттарынан айтпай эле коеюн. Ошондуктан элим тандоодон адашпай теги кыргызды шайласын. Жыйырма жыл бир калмак менен бир дунган элди кандай азапка салышты. Ошол катаны кыргыз эли кайталабай, кимди шайласа да теги кыргызды, тилинен чаң чыкканды эмес, колунан иш келгенди тандап алса дээр элем.

Карыпбек Алымкулов, Электр станциялары акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы:
"Шайлоо тынч аяктаса"
- Өлкөнүн тынчтыгы үчүн, өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн, элдин жакшы турмушу үчүн урнага бюллетендеги элдик адамды калтырып, анан салгыла дегим келет. Кыйын учур болуп турат элим, ошондуктан президенттик шайлоонун тынч аякташына баарыбыз салым кошолу.

Суроо салгандар: Мелис Совет уулу, Айгүл Бакеева, Дилбар Алимова





Атайды сактап калалы, эл-журт! Бөйрөгүн алмаштырганга 25 миң доллар чогулталы баарылап!!
21 жаштагы Атай 2010-жылдын апрель айынан баштап бөйрөк дартынын оор, өтүшүп бараткан түрү менен нефрологдордон дарылана баштаган. Бирок бөйрөктүн оор дартын токтотууга такыр болбоду. 2011-жылдын апрель айынан баштап эки бөйрөгү тең иштебей калгандыктан, гемодиализ менен жашап атат. Бирок азыр Атай ал аппаратка күн алыс эле олтурууга мажбур болду. Күндөн- күнгө алы-күчтөн тайып баратат. Абал абдан кооптуу, тез арада операция жасаш керек.
Операция жасап, донордук бөйрөк салуу боюнча Түркиядагы "Медикал парк" клиникасы менен сүйлөшүү жүргүзүлдү. Операциянын баасы 25 000 АКШ доллары турат экен, дагы 10 000 доллар операциядан кийинки реабилитацияга керектелет.
Атайдын ата-энеси, тууган-туушкандары мындай каражатты тез арада чогултууга чамасы келбей жатат.
Редакцияга бардык медициналык документтерин ала келген Атайдын ата-энеси "Көп түкүрсө көл болот" дегендей, боорукер адамдардан кайрымдуулук жардамын суроого мажбур болуп, үмүт кылып жатканын билдирди.
Үй-бүлөнүн жалгыз уулу Атайдын өмүрүн сактап калууга жардам беришиңиздерди суранабыз!

Кайрымдуулук каражаты үчүн:
"Демир Кыргыз Интернешнл Банк"
жабык акционердик коому
KGS счет 1180000035213836
USD счет 1180000035213937
EUR счет 1180000035214038
Же топтоо номери 0770 78 -59-52
Үй телефону 0312 89-63-81
Мобилдик телефон 0770 43-73-01
Атайдын атасы -
Абдраманов Абдыкапар









кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??