Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Жунгли токоюнда

Мурдагы балбан, кийинки чөнтөкчү кызыл кекиртек айынан ажалга багынды

9- октябрь күнү Бишкектин Чолпон-Ата көчөсүнөн 28 жаштагы Улан Жумасадыковдун өлүгү табылды. Тергөө иштеринин жыйынтыгында аныкталгандай, Уланды сабап өлтүрүшүп, машинанын багажнигине салып келип, арыктын ичине таштап коюшкан. Изи сууй электе кылмышты кылгандар колго түшүрүлүп, өлтүргөндөр Уландын жакын эле тааныштары болуп чыкты.

Каза болгон Улан Жумасадыковдун жердиги Ат-Башы районунан. Мурда спорт мектеп-интернатынан тарбияланган. Убагында андан көптөр чоң үмүт кылып, спорттук бийиктиктерди багындырат деп ойлошчу экен. Бирок Улан Жумасадыков спортту таштап, акыркы убактарда аракечтик жашоо образын жүргүзүп калган дешет. Бишкекте туруктуу каттоосу жок, батирден батирге көчүп-конуп жашап жүргөн. Акыркы кездери Ош базарынын жанындагы Кулиев көчөсүндөгү суткалык батирлерде жашаган. Иштеген туруктуу жумушу, киреше булагы жок болгондуктан Улан акыркы жылдары Ош базарында чөнтөкчүлүк менен шугулданып, далайлардын акчаларын кымырып, ыйлатып, сызга отургузуп келген. Айланасына 15 чакты чөнтөкчү балдарды чогултуп, көп өтпөй "Дондок" деген каймана атка ээ болот. Анан чөнтөкчүлөрдүн чоңу болуп, Ош базарындагылардын баарына таанылат. Анын "Дондок" ысымын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү да билчү. Анткени Улан буга чейин эки ирет талап-тоноо кылмышы менен соттолуп, потенциалдуу ууру, тоноочу катары ички иштер бөлүмүндө каттоодо турган.
Улан Кулиев көчөсүндө жашагандыктан, ушул эле көчөдө жайгашкан "Береке" кафесине көп кирип, тамактанып, арактан ичип, бирок дээрлик бардык эле учурда бир сом төлөбөй карызга жаздырып кетип кала берчү. Кафенин ээси Таластын Чат-Базар айылынын тургуну, 50 жаштагы Арыков Алманбеттен (аты-жөнү өзгөртүлдү) карызга бат-баттан акча сурап алып турган. Бир жагынан карызга акча алып турса, экинчи жагынан кафесине кирип бекер эле тамактанып жүргөн. Кээ бир күндөрү өзү менен кошо "толпасындагы" чөнтөкчү балдарды ээрчитип келип, өзү менен кошо аларды да бекер тойгузуп турган. Анысы аз келгенсип, кафеде шишкебек бышырып иштеген, Көлдүн кулуну, 30 жаштагы Өмүрбеков Эрландан да көп жолу бекер шишкебек алып жептир. Спортчу болгондуктанбы, кафедегилер ага катуу тие алышчу эмес. Мурда грек-рим күрөшүнүн чебери болгону үчүн ким катылбасын сазайын берчү экен.
Айтымы, ал күнү Алманбет менен Эрлан бирге жүрүп, Уланды жолуктуруп калышат. Үчөө Ош базарынан алыс эмес кафеде бирге олтурушуп, түн бир оокумга чейин арак-шарап ичишет. Жинди суу ичке киргенден кийин тиги экөөнүн Уланга болгон кектери сыртка чыгат. Анын мастыгынан пайдаланышып, көзүн тазалап, биротоло кутулгулары келишет. Максаттарын ишке ашыруу үчүн "Манас" аэропорту тарапка барып, ээн жерге барганда экөөсү Уланды ур-токмокко алышып, кызыл-жаян кан болгуча сабашат. Чалажан кылышкандан кийин Уланды (бул учурда эс-учун жоготсо да, али тирүү болгон) машинанын багажнигине салып, Бишкектин Чолпон-Ата көчөсүндө жайгашкан "Кыргыз машина куруу заводу" АКсынын короосундагы арыкка таштап коюшат. Денени ыргытарда тирүү экенин байкап калышып, футбол тобундай болгон ташты алып, дагы бир нече жолу ургулашып, биротоло тындым кылышат. Анан өлүктү ыргытып ийип, куйрук түйүшөт. Кылмышты кылгандарын жашыруу үчүн машинанын ичиндеги кандарды жууп, тазалап чыгышкан.
Уландын сөөгү окуя болгон күндүн эртеси эле күндүзгү саат 10дор чамасында табылган. Уландын Эрлан, Алманбет менен бирге кафеде олтургандыгын көргөн күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен кылмыштын бети тез эле ачылган. Тергөө ишинин жыйынтыгында экөө тең Уландын жоруктарынан тажаганы үчүн ушуга барышканын моюндарына алышкан. Учурда буларга карата Кылмыш кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Арыков Алманбет менен Өмүрбеков Эрлан карыз акчалардын айынан бир адамды өмүрдөн ажыратышып, мындан аркы тагдырларын темир тор артына байлап олтурушат. Экөөсү тең үй-бүлөлүү. Арыков Алманбет 5 баланын атасы болсо, Өмүрбеков Эрландын 1 жашка чыга элек баласы бар. Экөө тең мурда соттолгон эмес. Ал эми өз өлүмүн өзү тилеп алган Улан Жумасадыков бойдок болчу. Аны жакындан билгендердин айтымында, грек-рим түрү боюнча мыкты күрөшчү. Эгер ошол калыбынан жазбай, спорт менен жүрүп олтурганда андан мыкты балбан чыгып, далай мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретмек экен.

Мирлан Дүйшөнбаев




  Биздин көчөдө

Нуркамил Саскеев Меккеге велосипед минип жөнөдү

Быйыл Кыргызстандан Меккеге, ажылыкка барууга 4500 орун бөлүнсө, ал жетпей калып, дагы кошумча 500 орун берилип, бу да жетпей калганы айтылууда. Ажылыкка бара тургандардын баары жылуу-жумшак, самолет менен учуп барышса, Кара-Балта шаарынын тургуну Нуркамил Саскеев Меккеге, ажылыкка экинчи жолу велосипед минип аттанды. Ырас, биринчи жолу ал визасы узартылбай калгандыктан, Меккеге жете албай, Сириядан кайра кайткан. Бул жолу ал максатына жете алаар бекен?

Кара-Балта шаарынын 56 жаштагы тургуну Нуркамил Саскеев Меккеге велосипед менен биринчи жолу кетип жаткан жок. Мындан тогуз жыл мурун ал ажылыкка велосипед менен барууну көксөп, бирок максатына толук жете албай калган. Ал 1992-жылы 15-сентябрда Бишкектен чыгып, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, анан Сирияга жеткен. Бирок Сириядан анын визасын узартпай коюшкан, себеби Меккеге велосипед менен барууга тыюу салынат. Ошентип, ал жети айдан кийин, 1993-жылдын апрель айында Кыргызстанга кайтып келген.
- Мен динге берилген, беш маал намаз окуган адаммын. Ажылыкка баргандар жылуу-жумшак, эч кыйналбай эле самолет менен барып-келип жатышат. Ажылыкка жолдун азап-тозогун баштан кечирип барыш керек. Жолду карата жолуккан кишилерге мен жерибиз, элибиз тууралуу айтып барам, алардын турмушун өз элиме айтып келем, - дейт саякатчы Нуркамил.
Меккеге велосипед менен барууга тыюу салынганына карабастан, Нуркамил Саскеев бул жолу максатына жетем деген оюнан кайта элек. Түркиядан ал мурда Стамбул шаарынын мэри болуп турган учурунда таанышып, көп жардамдарын алган, азыркы премьер-министр Реджэп Эрдоган менен жолугушуп, Түркиядан Иранга, Кувейтке, андан Сауд Аравиясына бармакчы.
Казакстан менен Россияны басып өтүп, бир ай жол жүргөндөн кийин, октябрь айынын алтысында Нуркамил Анкара шаарына келип, Иранды көздөй жол тартып кеткенин Интернет баракчалары маалымдап жатат. Кыргызстандын муфтиятынын басма сөз кызматы анын багыты тууралуу интернеттен гана маалымат алып жатканын билдиришти.

Айгүл Бакеева







кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??