Башкасын коюп "Манасты" айт!

Санирабийганы да, Мухтар Ауэзовду да таппай кыйналгандар

Адатта ыңгайы келген жерде эле биздин аткаминерлер, аттуу-баштуу адамдарыбыз Манасты оозанып сүйлөгөндү жакшы көрүшөт. "Манастын тукумубуз, Манас атанын урпактарыбыз" дешет. Бирок ошолордун кимиси "Манасты" окуп, кимиси эпос боюнча эмне билер экен?! Көбү Манасты ачып да койгон эмес. Маданият министрлигиндеги бир адис Коңурбай Манастын досу болгон деп күйгүздү эле, ошондой эле кеп. Рубриканы ушул максатта баштадык, улуу эпосубуз "Манасты" пропаганда да кылалы дедик. Бүгүнчө эң эле жөнөкөй эки суроо узаттык.

1. "Манас" эпосун казактар талашканда, "Манас" кыргыздардыкы деген казак ким?
2. Манастын аялы Каныкейдин өз аты ким?


Асия Сасыкбаева, Жогорку Кеңештин депутаты:

1. Жок эй, билбейт экем...

2. Каныкей да, андан башка да аты
барбы?

Орозбек Дүйшеев, экс-депутат:

1. Мухтар Ауэзов да,
ал киши аябай жардам
берген.

2. Билбейт экем…


Каныбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

1. Кыргыздардын "Манас" деген эпосу бар экендигин Чокон Валиханов жазып, аны изилдеп, иликтеген. Кийинчерээк талашка түшкөндө казак жазуучусу Мухтар Ауэзов "Манас" кыргыздарга тиешелүү экендигин айтып, талашка чекит койгон.

2. Санирабийга да. Каныкей Бухар ханынын кызы болгон. Каныкейдин этимологиясын айтып берейин. Кан - никей - кудалашкан хандардын кызы деген маанини берет. Кудалашкан хандар Манастын атасы Жакып менен Бухардын ханы.

Туратбек Мадылбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:

1. Казактар талашканда бир казак ошентип айткан дешет. Бирок ким экендигин билбейм.

2. Жок, билбейм. Каныкей деп эле билип калдык да. Өз атын укпаптырмын.

Марат Казакпаев, саясый серепчи:

1. Кайсыл казак айтыптыр. Билбейм аны, ошентип айткан бекен?..

2. Өзүнүн аты Каныкей да, башка аты да бар бекен?

Мирлан Дүйшөнбаев