Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кур мээнет

Картошка арзандап,
дыйкандардын эмгеги күйүп жатат

Жолборс жылы айыл дыйкандарынын жолу болуп, картошкасын "чү" дегенде эле 9-10 сомдон сатышкан. Көп өтпөй коен жылынын февраль айларында Бишкекте картошка 30-40 сомго чыгып, жаз айларында 25-30 болуп турду. Жаз алды менен кыныккандар дагы көбөйтүп айдашып, учурда айылдыктар бери карап күлүп, ары карап ыйлап 5-6 сомдон алып сатарларга карматып атышкан учуру. "Алмазбек Атамбаев келип, картошканы кармай турсаңар дагы көтөрүлөт деди эле" дешет 6 миң гектардан ашык жерге картошка эгип алган нарындыктар. Анткен менен аш-тойлорго, күнүмдүк керектөөлөрүнө акча керек болгондуктан арзан сатууга аргасыз болууда.

Жумабек АСЫЛБЕКОВ, Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу жана сапатын жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы:
"Россияда картошка 4-5 сом болуп, биздикин казактар албай атышат"
- Быйыл картошка менен көп жылдан бери алектенип келаткан дыйкандар үчүн атайын бизнес долбоору иштелип чыгып, бул өсүмдүктүн жакшы түрлөрүн өстүрүү, көбөйтүү үчүн 2 млн. долларга жакын грант бөлүнүп берилген. Жалпы жонунан 84,9 гектар жерге себилип, былтыркыга караганда миң гектарга көп болду. Гектарынан орто эсеп менен 158,7 центнерден алабыз деп турабыз. Ошондо жалпысынан республика боюнча 1 млн. 356 миң тонна картошка жыйналып, былтыркыга салыштырмалуу 16,9 миң тоннага көбүрөөк болот. Учурда картошканын 80 пайызы, тактап айтканда, 1 миллион тоннага жакын картошка жыйналды. Калкты картошка менен камсыз кылуу бул жылы 104, 5 пайызга аткарылат деген божомолубуз бар.
- Картошканын баасы эмнеге түшүп кетти, деги эле канча тонна экспортко кетиши керек?
- Биз жогоруда айткан 1 млн. 356 миң тоннанын 400 миң тоннага жакыны кийинки жылга урукка калтырылат. Калган 950 миң тоннанын 560 миң тоннадайын өзүбүз керектейбиз. Арткан 400 миң тоннасын экспорттошубуз керек. Бирок өзүңүздөр көрүп атасыздар, картошканын баасы ылдыйлап кетти. Буга Россияда картошканын түшүмү мол болуп, арзан сатылышы себеп болуп атат. Ал жакта азыр картошканын бир килограммы 2,5 рублдан сатылып атат. Казакстан менен Орусия Бажы союзунун мүчөсү болгондуктан казак бизнесмендерине картошканы Россиядан алып кирүү оңой болуп, биздикине анча кызыкпай турат.
- Ошентсе да алакан жайып отурбай, кандайдыр бир жолдорду издеп атасыздарбы?
- Кыргыз-казак чегарасында картошканы өткөзбөй атышат. Ошол себептүү, быйыл аны экспорттоо кыйынга турушу мүмкүн. Азыр биз Алматы, Чымкенттен дүңүнөн сатып алуучуларды издеп, сүйлөшүп атабыз. Министрликтин "Агропродкорпорациясы" учурда 5 миң тонна картошка сатып алуучуну таап, макулдашып атат. Жакында министрлик 30 миң тонна сатуу боюнча казактар менен келишкен эле. Алар азырынча 4 миң тонна гана алып, базар баасын көргөндүктөн бизден качып атышат. Анткени алар Россиядан сатып алуу кирешелүү болорун көрүп турушат да. Жай айларында Астанадан келишип, 7 сомдон 60 миң тонна алуу келишимин түзүп кетишкен. Эми алар алабы, албайбы белгисиз. Мындан сырткары, министрликте "Агробизнес маркетинг" деген долбоор бар. Долбоордун түзүүчүлөрү казактардын "Алматы", "Сары арка" фирмалары менен келишип, Ысык-Көл облусунун дыйкандарынын 12 миң тонна картошкасын сатууну макулдашкан. Ошолор алса да элге жакшы болгону турат. Буга кошумча биз министрликтин атынан Казакстан, Өзбекстан айыл чарба министрликтерине 400 миң тоннага жакын картошка экспорттоо мүмкүнчүлүгүбүз бар, муктаждык болсо кайрылгыла деген кат жолдогонбуз. Азырынча жооп келе элек.




  Коңшуларда абал кандай?

Оруста быйыл картошка мол
2011-жылы Белоруссия картошка аянтын 19 пайызга көбөйтсө, Тажикстан 16, Казакстан 2,6, Украина 2,5, Армения 1,1 жана Россия 0,7 пайызга көбөйткөн. Эксперттердин айтымында, быйыл Россияда картошка менен капустанын түшүмү аябай жакшы. Ал эми ошол эле мезгилде Азербайжан, Молдовада картошка айдоо 1,4 пайызга кыскартылган.

Ички саясат айынан Өзбекстан албай жатат
Өзбекстандагы кыргыз элчилигинин билдиришинче, быйыл ал жакта картошка 23-24 сом. Бирок ички саясаттан улам ал жакка экинчи наныбыз кирбей атат. Албетте, айрым бизнесмендер мыйзамсыз өткөрүп атышат. Кыргыз-өзбек элчиликтери, министрликтери бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканын уктук. Бирок маселе кандай өңүттө чечилет, ал азырынча белгисиз. Азыр Чымкент аркылуу Өзбекстанга өткөрүүнү пландаган бизнесмендер бар. "Бул ишке ашып кетсе, экспорттолуучу картошканын 50 пайызы сатылып, дыйкандарыбызга да жеңилдик болмок" дешет адистер.

Бар үмүт казактарда
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандан коңшу Казакстанга жылына 600 миң тонна картошка экспорттолуп келген. 2008-жылы Казакстан Айыл чарба министрлиги кыргыз картошкасын киргизүүгө тыюу салып, лабораториялык текшерүүлөрдөн соң экинчи нанды дүңүнөн ала башташкан. Өткөн жылы Казакстандын Алматы, Астана шаарларында картошканын бир килограммы 50 сомго, Актөбө шаарында 70 сомго чейин чыккан. Учурда мурда кыргыз картошкасы киргизилип жүргөн "Кеген", "Кордай", "Айша", "Сыпатай баатыр" чегара посттору жабык. Россияда картошка арзан болгону менен Казакстандын базарларында картошка учурда 18-20 сом. Быйыл рекорддук түшүм алабыз деген боордоштордун үмүтү анча акталбай туру. Жаңы жылга утурлай дагы кымбаттайт деген пикирде казак экономисттери. Бул, албетте, казактарды капалантса, кыргыз дыйкандарын кубантат.









кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??