Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Калыс, мекенчил, айкөл, тапан талант Түгөлбай Казаков 60 жашта

Белгилүү композитор, коомдук ишмер, Кыргыз эл артисти кырктын кырындагыдай көрүнгөн Түгөлбай Казаков агабыз, өзү айткандай "качанкы Казаков" быйыл ал 60 жашка чыгып отурат. Эрезеге жеткени ырчы агабыз далай мамлекеттик, коомдук иштерге аралашып, ошону менен бирге эле обончулук, ырчылык өнөрүн да бийик деңгээлге чыгара алды. Учурда Улуттук биринчи каналда "Улутман" телеберүүсүн алып барып, күтүрөгөн күздө 60 жылдык юбилейине камданып жаткан түкөбүз тууралуу анын ар кыл тармактагы тааныштары айтып беришти.

Мирослав Ниязов, коомдук ишмер:

"Аны менен баарлашуу өзүнчө бир керемет"

90-жылдардын аягында Түгөлбай Казаков, Келдибек Ниязов, Данияр Үсөнов, Адахан Мадумаровдор болуп чогуу Акаев бийлигине каршы чыгып калдык. Алгач биз Ысык-Көл, Нарынды кыдыра баштаганда эле Кочкордо, Көлдө административдик кысымдар болуп жатты. Ал кезде демократия деген жок, эл ойгоно элек учур болчу. Бирок Акаевдин тескери жактары оркоюп көрүнүп калган эле. Ошондо Түгөлбай жакшы уюштуруучу, сөзмөр, чечен катары элди уюта сүйлөп, массалык аң-сезимди ойготуп, кайдыгер адамдарга катуу таасир этип жатты. Бийлик канчалык кысмакка албасын эл менен жолугушуулар ийгиликтүү өтүп, акаевчилер акыры бизден катуу сестене башташты. Ошондон тарта Казаков элге композитор, обончу, ырчы эле эмес, саясатчы катары тааныла баштады. Чынын айтыш керек, анда ал бийлик, байлык үчүн чыккан эмес. Болгону анын жан дүйнөсү Акаев башкаруусун жактырбай, бийликтин ыпластыгы анын саясатка кирүүсүнө түрткү берген. Ошондо ал мыкты, так, салмактуу сөзү, иш-аракети менен элге өзүнүн саясатчы экенин да тастыктаган. Анын мындай аракетинен эл да, биз да анын эл үчүн күйгөн патриот атуул экенин көрдүк. Мен да аны менен баарлашуу өзүнчө керемет экенин сездим. Азыр да анын ишине баа берем.


Акбар Рыскулов, акын, коомдук ишмер:

"Мюнхенде Түкөмдү ырдатышып, көздөрүнө жаш алышкан"


- Жакында мен "Түрк ааламына түгөл таанымал Түгөлбай Казаков" деген макала жаздым. Менин баамымда, Түгөлбай биз менен катар жүрүп, карапайым өмүр сүргөнү менен анын ысымы, айрыкча ырлары көп өлкөлөрдө белгилүү. Буга жөнөкөй бир мисал, эгемендүү болоорубуз алдында мен Мюнхенде болуп калдым. Ошондо аердеги кыргыздар Түкөмдү чакырышып, кечке ой-боюна койбой ырдатышып, көздөрүнө жаш алып, кол чабышканын көргөм. Ошондой эле казак жергесинин көп аймактарынан Түгөлбайдын ырларын ырдашарына күбө болдум. "Жамгырды" түрк, түркмөн, казак өңдүү тектеш улуттар өздөрүнө ылайыктап алып жайы, кышы төгүп жүрүшкөнүн уктум. Ошондуктан Түкөмдү түрк ааламына түгөл таанымал деп кенен эле айтышыбыз керек. Түкөмдүн чыгармачылыгын мен кичинекей аудитория үчүн эле кыякты кыйкылдатуу эмес, биздеги кубулуш, сезимдерди дүйнөгө таратуу деп билем. Анын өзгөчөлүгү кыргыз күүлөрүнө тил киргизди. Бир жолу Түкө мага "Насыйкатты" жазуу сунушун киргизди. Экөөбүз көп кыйналдык. Ал кээде мага обонун комузга салып, аккордеондо ойноп, ал тургай домбрага да салып жиберип жүрдү. Ошентип жүрүп ал мага "Насыйкаттын" кайрыктарын жеткирди. Кийин ыр биз күтпөгөндөй элге жакын болду. Андан соң далай композиторлор ар кандай кыргыз күүлөргө жазып көрүштү, бирок "Насыйкаттай" болгон жок. Дегеле Түгөлбай Казаковдун коомдук иштерде, маданиятта, музыкада эмгеги зор. Бирок Түкөм сыяктуу таланттарыбызга мамлекет материалдыкты коелу, моралдык баа бере албай турганы өкүндүрөт.


Курманбек Осмонов, ЖК депутаты:

"Ал музыкага өзгөчө стили менен келе алды"


Түкөм менен замандаш, дос болгонубузга отуз жылдай болуп калды. Ошондон бери ынтымагыбыз бекемдеп жолдош болуп келатабыз. Менимче, бизди бириктирген баалуулук - бул музыка жанры. Ал 70-жылдардан тарта эле музыкага өзгөчө стили менен келди. Ошондон азыркыга чейин Түкөм обончулукта, мамлекеттик иштерде өзүн жакшы көрсөтө алды жана көрсөтүп жатат. Ошонусу менен элге жагып, эл ичинде чоң кадыр баркка ээ болду. Ал сөзгө чечен, тапан болуу менен бирге эле адилет, калыс иш кылып келатат. Кээде чындык үчүн бетке чабар кыялы да жок эмес. Кайсы кызматта болбосун ал кимдир бирөө туура эмес иш кылса дароо бетке айтып салат. Обончулук жагынан мен а кишинин "Насыйкатын" маданий, тарыхый шедевр катары баалайм. Мен көп эле чыгармачыл адамдар менен мамилелештим. Түкөмдүн алардан айырмачылыгы - убагында калыс, орчундуу ойлорун ортого салып, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы. Ошондой чапчаң, учкулдугунан улам ал бүгүн коомдо барктуу адам болуп отурат. Менин жоро-жолдошторумдун арасынан саясий ишмер, чыгармачыл инсан катары Түкөмдүн орду өтө жогору жана мен аны бийик тутам.


Мелис Шаршенбаев, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин консерваториясынын директору:

"Ал өз абийирин сатпаган чыныгы уул"


- Түгөлбайдын студент кезинен баштап эле үнү чыга баштаган. Кийин Көлгө барып иштеп, Ысык-Көл районундагы Элдик театрды жакшы деңгээлге көтөрүп, ал жактан "Ак Куу" ансамбли пайда болуп, Францияга чейин барып келген. Менимче, мунун түбү Түгөлбайда жатат. Андан кийин ал Каракол пединститутуна барып ал жакты кадимкидей жандандырып жибергени бар. Негизи эле бул кайда барбасын бир нерсе түзүп ийет. Мен ушуну аябай белгилейт элем - Түгөлбай бул жаратуучу. Мындан сырткары мен анын калыстык, берешендик касиетине таң берем. Көп жерде экөөбүз калыс болдук. Ал өтө калыс баа берип, көп нерсени байкап, иле коет. Бир жолу Түркиянын 80 жылдыгына карата биз студенттик фестиваль уюштурдук. Фестивалда сыйлыктарыбызды таркатып атсак эле, бир топко сыйлык жетпей калды. Анан Түгөлбай "сыйлык жетпей калды не кылабыз" деп кыйпычыктай баштады. Биз "эми жетпей калса не кылалы" деп тим болгонбуз. Көрсө Түгөлбай ар бир калыска бөлүнгөн акчадан, өзүнүн үлүшүн сыйлык албай калган топко берип коюптур. Ошондон кийин мен аны мурдагыдан беш бетер сыйлап калдым. Анткени өз чөнтөгүнөн алып жетпей калган адамга берип коюш бул адамгерчилик, айкөлдүк, эрдик. Коомдук ишмердигин айтсак, ал өз демилгеси менен обончулар ассоциациясын түзүп, композиторлор союзуна теңтайлаштырып койду. Ошол эле Ырыспай Абдыкадыровдун, Асанкалый Керимбаевдин, Мукан Рыскулбековдун зоболосун көтөрүп, баа-баркын өз ордуна келтирди да. Андан берки ишмердүүлүгү катары "Улутманды" эле алалы. Аз убакыт ичинде Түгөлбай Казаков улуттук аң-сезимибизди ойготуп, өстүрүп койбодубу. Элге жеткиликтүү сөз айта ала турган инсандарды чогултуп алып, кыргыз улуту ким экенин тастыктап, коркуп айта албай аткандарыбызды ачык эле айтып койду. Аны көргөн сайын кыргыздар азыр жакшы жакка өзгөрүлдү. Менимче, бул чоң иш. Кыскасы, Түгөлбай Казаков элин сатпаган, өз абийирин сактай алган чыныгы кыргыз уулу. Ал кыргызды уят кыла турган бир да иш жасаган жок.


Таабалды Эгембердиев:

"Насыйкат" үчүн кыргыз эли Түкөмө ыраазы болууга милдеттүү"

Мен өзүм ырга шыгы жок адаммын. Ошон үчүн ыр укканды жакшы көрсөм дагы, алардын сөзүнүн маанисине көп көңүл бурбайм. Бул сапатыма бүлүк салган Түгөлбайдын "Насыйкаты" болду. Бул ырды уксам, негедир Түгөлбай ырдабай эле ата-бабалардын керээзин обонго салып айтып жаткандай сезилип, "кыргыз экениңди унутпа" -дегендей сезилет. Бул ырды чынында Түгөлбайдай эч ким ырдай албаса керек. Себеби аны ырдаш үчүн, үндөн башка, сөз менен түшүндүрө албаган инсандык терең касиет керек. Андай касиети бар киши ырдаганда үн тээ түпкүрдөн сырдуу ыргак менен чыгып, угуучуга өзгөчө таасир калтырып, бүткөн бойду алат. Мен "Насыйкаттын текстин азыр да толук билбейм. Бирок "бул насыйкат сага калган, бул насыйкат мага калган, керээз болуп бабалардан" - деген үч сап күтүлбөгөн философиялык ыйык ой катары, кагылган мыктай болуп, унутулбай түбөлүк эсте калды. Түгөлбайдын бул ыры маанисинин тереңдиги жагынан алганда театрдагы Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" спектаклиндей эле өзгөчөлөнүп турат деп ойлойм. Менимче, "Насыйкатты" жаратканы үчүн эле Түгөлбайга жалпы кыргыз эли ыраазы болууга милдеттүү.
Бизде, андай ыраазычылыкты көзүнүн тирүүсүндө эмес, көзү өтүп кеткенден кийин жарышып жасап калмай адатыбыз бар. Азыр Сүймөнкул Чокморовдун мааракесин өткөрөбүз деп марафон уюштуруп жатышат. Көзү тирүүсүндө легендарлуу парламенттин депутаттыгына ал өз айлынан эле өтпөй калган. Сүймөнкулдун кадыр-баркы көз көрүнө эле атаандашынын байлыгына, бийлигине жеңилип калган. Түгөлбайга да таластыктар депутаттык мандатты бир курдай ыраа көрүшкөн жок. Туугандарынан түңүлгөн Түкөм экинчи депутаттыка аракет кылбады. Деңгээли Түкөмдүн тизесине жетпегендер деле жердештеринен колдоо таап, кайра-кайра депутат болуп, айрымдары президенттин тагын талашып жүрүшөт. Түкөм кыйраткан кызматка деле илинген жок. Ага, албетте, анын чоңдорго жата калып мамиле жасаганды билбеген, чындыктын, калыстыктын жолунан чыга албаган намыскөйлүгү себепкер. Андагы тубаса чечендик, интеллектуалдык байлык жана терең ыйманга таянган чоң потенциал туура пайдаланылбай келатканы тарыхтын чоң жоготуусу деп ойлойм...
Түгөлбайдын, азыр дагы изденүүлөр тынчын алып жүргөнү, анын авторлук, популярдуу "Улутман" аттуу телеберүүсүнөн эле билинип турат...
Мен Аман Токтогулов менен чогуу иштешип калдым. Ал КДКнын "Майдан" гезитине башкы редактор болуп иштеди. Ошол гезитте саясий баяндамачы болуп иштеп, публицисттик тагдырым ошол жерден башталган. Аман бизде сейрек учураган чоң интеллект болчу. Ички терең маданиятына тышкы келбети жарашып, адамды өзүнө тартып турган таасирлүү инсан эле. Элдин тагдыры, маданияттын тагдыры тууралуу күтүлбөс ойлорду айтар эле. Мага таасири чоң эле. Түгөлбай ошол маркум Амандын бир тууган иниси экенин кийин билип отурбайымбы. "Аккан арыктан суу агат" дегендей, мындай адамдар жөн жердин тукуму эмес экенин түшүндүм.
Улуттун тагдырын ойлонуп жүрүп, Түкөм алтымышка байкабай жетип калганын коомчулук байкабай калбаса экен деген тынчсызданууга да негиз бар. Биздин кошулма өкмөт деле бул маселени ойлонуп койсо, эл кош колдоп колдогон турат...
Эми Түкөм өз демилгеси менен тойго чакырып калса, баягы кедей кезибизде парктан бекер уккан ырларынын акысынан, эми байыганда, үстөгү менен далайыбыз, буюрса, кутулат окшойбуз деген үмүт чоң!

Мелис СОВЕТ уулу








кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??