Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
КЫРГЫЗСТАН - БИРИМДИКТЕ!

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Алмазбек Атамбаев шайлоо алдында өлкөнү кыдыруусун улантууда. Жер-жердеги шайлоочулар ачык диалогдон качпаган Алмазбек Атамбаевдин ынанымдуу саясий платформасы, атуулдук позициясы менен гана таанышпастан, элдин көкөйүн өйүгөн курч суроолорго да так жооп алышууда. Кыргызстандыктар анын өлкө тагдырына күйүп-жанган учкул сөздөрүн көкүрөккө түйүп, келечекке болжогон максаттарына ишеним артып жатышат.

Исфана
Исхак Раззаковдун образы элине жана Мекенине кызмат кылуунун айкын үлгүсү. Мамлекеттик ишмерлер элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан жогору коюшу керек.

Баткен
Бүгүнкү күндө бизге адилет, чынчыл бийлик керек. Өлкөбүз ресурстарга бай болгону менен, элибиз жарды жашап келди, себеби мурдагы бийликтегилер калктын кызыкчылыгын ойлогон эмес. Кыргызстандай бай өлкөдө адамдар жакыр жашабашы керек жана келечекте кыргызстандыктар татыктуу жашоого жетишет!

Кызыл-Кыя
Эгемендүүлүк жылдарында бизде көптөгөн шайлоолор жана референдумдар өттү. Өз добушун саткандар балдардын келечегин сатып жаткандыгын түшүнүшү керек.

Токтогул
Мен түндүктүк да, түштүктүк да эмесмин. Өлкөнүн биримдиги мен үчүн баарынан маанилүү, өзүмдү "кыргызстандыкмын" деп атайм. Бизге - кыргызстандыктарга көз карандысыз жана күчтүү Кыргызстан керек!

Нарын
Элге хандар менен байлардын кереги жок. Бизге иштерман президент керек! Мен балдарыма "силерге миллиондорду эмес, жакшы иштеримди жана таза, ар-намыстуу киши болчу деген элдин пикирин калтыргым келет" деп айтып келем.


Жумгал, Кочкор
Өлкөнүн кен байлыктарын иштетүүдөн алынуучу кирешелер мындан ары ачык-айкын болот. Лицензия берүү жөнгө салынып, кен иштетүүгө уруксат жергиликтүү эл үчүн ачык-айкын берилет.


Кадамжай
Баткен областында курч маселе - жолдордун абалын оңдоо. Өлкөнүн жана региондордун экономикасын көтөрүү үчүн инвестицияларды тартуу зарыл. Көптөгөн инвесторлор Кыргызстан менен кызматташууга даяр, бирок алар шайлоонун өтүшүн жана анын жыйынтыктарын күтүшүүдө.


Ат-Башы
Бишкек-Нарын-Торугарт жолун реконструкциялоо канчалык тез аяктаса, бул аймактын гана эмес, Кыргызстандын экономикасына зор түрткү болот. Өкмөт жаңы жолдорду курууга жана ремонттоого 10 млрд. сом бөлдү, мындай каражаттын бөлүнүшү Кыргызстан үчүн рекорддук көрсөткүч болгону менен бул дагы жетишсиз.


Бишкек
Беш жылдын ичинде мен Кыргызстандын жаш, жаңы элитасын даярдайм, анын колуна өнүккөн өлкөнү өткөрүп берем. Бийлик элдин ишеними менен гана күчтүү. Биз ошондо өлкөнү өнүгүү жолуна салабыз.

Чүй
Кыргызстан Бажы союзуна кирсе бул экономикалык аймакта жайгашкан өлкөлөрдө биздин жарандар үчүн бажы тоскоолдуктары алынып салынат, кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктары ишенимдүү корголушуна мүмкүнчүлүк берет.

Сузак
Россиялык "Газпром" компаниясынын маалыматтары боюнча, Жалал-Абад областынын аймагындагы нефти менен газдын запасы бүтүндөй Кыргызстандын керектөөсүн канааттандыра алат. "Газпром" Кыргызстандагы нефть жана газ кендерин чалгындоого 3 млрд. рублдан ашык каражат инвестиция жумшоого ниеттенип жатат.

Кочкор-Ата
Рыноктор - бул маанилүү, бирок эл базардын эсебинен гана жыргап кете албайт. Өнүгүүнүн негизи - өнөр жай. Мен муну жакшы билем, себеби мен дагы заводдукмун.

Тоң
Ички миграцияны азайтуу, калкты иш менен камсыз кылууда Кажы-Сай, Сүлүктү, Кочкор-Ата, Шопоков, Майлы-Сай, Ноокат сыяктуу кичи шаарларды өнүктүрүү программасы иштелип чыгат. Туризмди заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүү маанилүү. Эл чынчыл бийликке татыктуу, ошондуктан добуштарды сатпай, "эл - бирөө, өлкө - бирөө" принциби менен добуш берүү керек.

Ош
Убада кылам: Жакында түштүктөгү трагедиянын күнөөкөрлөрүнүн аттарын атайм. Алар бейкүнөө төгүлгөн кан үчүн жооп бериши керек! Көзүбүздүн түсү ар кандай болсо да, көз жашыбыз бир түстө. Биз келечекте андай каргашанын кайталанышына жол бербешибиз керек.

Өзгөн
Кыргызстандын түштүгү жана түндүгү - анын эки канаты. Ушул эки канатын күүлөп гана Кыргызстан бийик-бийик уча алат. Биз бардыгыбыз кыргызстандыкпыз, биз бир элбиз!


Аксы
Мен акыркы кездерде Айкөл Манастын "Бөлүнбө, элим, бөлүнбө! Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, Бөлүнүп калды кыргыз деп, бөтөн элге кеп кетет!" дегенин көп кайталайм.


Каракол
Менин артымда "Ушул киши Кыргызстанды байыткан!" деген сөз калгандай иштейм. Бул менин башкы тилегим!


Кара-Көл
Энергетика - биздин сыймыгыбыз жана экономикабыздын негизги тирөөчтөрүнүн бири. Бул тармакты мурдагы бийлик канчалык бүлүндүрүп жана текейден арзанга сатып жиберүүгө, менчиктештирип алууга аракет кылганы менен сактап калууга жетиштик. Энергетика Кыргызстандын экономикасынын локомотиви болот.


Ак-Талаа
Жыл башынан бери кыргыз өкмөтү айыл чарба тармагынын көйгөйлөрүн чечүүгө зор маани берүүдө, кийинки жылдан баштап лизинг долбоорун, жеңил шарттарда узак мөөнөттүү кредит берүү маселесин чечүү пландаштырылган. Каралган бул шарттар айыл чарбасын өнүктүрүүгө олуттуу түрткү болот да, дыйкандардын жашоо-тиричилигин жакшыртат.


Балыкчы
Кыргыз-орус биргелешкен автотранспорт ишканасына 400 жаңы автомашина алынып, 800дөй адам иш менен камсыз болот. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун бир бутагы Балыкчыга келип кошулат да, Кыргызстандын бүт аймагы ички темир жол менен бириктирилет жана дүйнөгө темир жол аркылуу багыт ачылат, биз транзиттик өлкөгө айланабыз. Бул экономиканын өнүгүп-гүлдөшүнө, элдин карым-катнашынын жакшырышына оң таасир этет.









кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??