Визасыз режим киргизилиш керекпи

Аликбек Жекшенкулов, экс-тышкы иштер министри, саясий илимдердин доктору:
"Бир ууч туроператорлор үчүн мамлекеттин коопсуздугу менен ойногон болбойт"

Экономиканы тескөө министрлиги 57 мамлекетке визасыз режим киргизүүнү сунуштап жатат. Коомчулук бул тууралуу эки түрдүү пикирде. Алсак, өткөн сандарыбыздын биринде "Кыргыз концепт" компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиевдин виза боюнча жазган макаласы жарыяланган. Анда ал виза режимин алып салганда кандай утуштар болорун Грузиянын мисалында санап берген эле. Бирок буга элчилик кызматынын күңгөй-тескейин жакшы билген дипломаттар каршы болууда. Далай жыл элчилик кызматта иштеген Аликбек Жекшенкулов да визаны алып таштоого каршы. Эмне себептен экенин өз оозунан уксак.


- Аликбек мырза, Экономиканы тескөө министрлиги 57 өлкөгө визалык режимди алып салууну сунуштап жатат. Бир топ жыл мурда Грузия да ушундай кадамга барып, туризм жаатын өнүктүргөн экен. Мурдагы элчи катары буга оюңуз кандай?
- Менин билишимче, Грузия баардык экономикалык тармактар үчүн эле акыркы жылдары 3 млрд. доллар инвестиция тартты. Бул мамлекеттин өнүгүшүнө чоң түрткү болду. Визалык режимди алуудан мурда алар инфраструктураны оңдоп, коопсуздук маселесин жөнгө салды. Визалык режим жоюлса эле туризм өнүгөт деген да жомок. Мисалы катары айтсам, он жылдай мурда Япония менен Малайзияга ушундай жеңилдик бергенбиз. Алардын жарандары бизге визасыз келет, бирок биз ал жакка барарда виза ачтырабыз. Кана, бизге келген туристтердин көбөйүп кеткени? 1999-жылы Баткенден жапон геологдорун куралчан күчтөр барымтага албады беле. Ошондо бүт Япония дүркүрөгөн. Ошол окуялардан кийин алар бизге келүүдөн чочулап калышкан. Ошон үчүн өкмөт бул маселени кээ бир экономист адистердин айтканын эле эске ала бербей, адегенде дипломаттардын да пикирин эске алышы керек. Биз визалык режимди жоюп салдык дейли, ошол мамлекет биздин жарандарды визасыз киргизеби? Ал жагын дагы ойлонолу да. Тең ата сүйлөшө албагандан кийин курулай желпинүүнүн кажети канча?
- Бирок шарт болгондон кийин туризмди кандай жол менен болбосун өнүктүрүүбүз керек го. Башкаларга эрегишип отурсак анда бул тармак өнүкпөйт да?
- Эл аралык мамиле деген эки тараптуу болушу керек. Туризм өнүксүн десек, анда каражатты аябай эле эл аралык Си-эн-эн, Би-би-си сыяктуу телеканалдар менен келишим түзгөнүбүз оң. Булар Казакстанды, Арменияны, Азербайжанды көргөзүп жатат. Биз жөнүндө кеп жок. Дүйнө азыр кыргызды интернеттеги терс маалымат аркылуу таанып атат. Жакшы жагыбыз көмүскөдө калууда. Кымындай эле окуяны көбүртүп, бурмалап жазгандар бар. Бул да имиджге терс таасирин тийгизип жатпайбы. Өткөндө чет өлкөлүк досум келип, "тынч эле жашайт турбайсыңарбы, а интернетте болсо Кыргызстан жөнүндө күнүнө чатак жазат", - деп таң калып кетти.
- Визаны бизге коопсуздук жагынан зыяны жок, миграцияга коркунуч келтирбей турган мамлекеттерден гана алабыз деп жатышат го?
- Кээ бир саясатты түшүнбөгөн адистер экономикасы күчтүү мамлекеттерден визалык режимди алып салалы деп жатат. Бирок бул өңүттөн карай турган болсо азыр Кытай менен Иран деле бизге чоң экономикалык жардам берип жатат. Эртең алар "бизди да визасыз киргизгиле" деп келсе кандай абалда болобуз? Тышкы саясат дегенди ойлонуп, кылдат жасаш керек да. Бир нерсени дагы эске алып коюшубуз зарыл. Биз ЖККУнун (ОДКБ) мүчөсүбүз. Мындай коопсуздукка тиешелүү маселелерди чечерде алардын да пикирин эске алышыбыз абзел. Менин көз карашымда, учурда сырткы туризмден мурда ички туризмди өнүктүрүү маанилүү. Эмне дегенде, азыр дубандар ортосунда карым-катнаш азайып бараткансыйт. Көлдө жашап туруп Ошту көрбөгөн же Ошто туруп Көлдү көрбөгөндөр көп. Нарында жашап Баткенге барбаган адамдар толтура. Бул баягы эле жердешчилик ажырымдын, бөлүнүүнүн күчөшүнө алып келет. Ушуга атайын ички туризмдин өнүгүшүнө программаларды жасаш керек.
- Бирок виза ачтыруудан кыйналып, көп туристтер бул жакка келгиси келбейт тура?
- Бул эми жеке кызыкчылыктан улам чыккан сөз. Азыр туристтик фирмалар мамлекетке карабайт. Көбү менчик. Визалык режим жоюлса, буларга иштегенге оңоюраак. Бизнести ойлоп, ушул демилгени көтөрүп жатышат. Бирок мамлекет андан эмне утат? Бир ууч туроператорлор үчүн мамлекеттин коопсуздугу, тышкы саясат менен ойногон болбойт да. Бүгүн ансыз деле терроризм, экстремизм маселелери кыйын болуп жатат. Сырттан киргендердин да агымы күчөйт дегендей. Кандай бизнес болбосун ал элдин тынчтыгынан өйдө турбайт. Чынын айтыш керек, бизге келем деген турист виза ачтыруудан кыйналбайт. Бир күндө эле алат. Баасы деле анчалык кымбат эмес.
- Анда эмнеден качып жатышат?
- Мамлекеттин абалын көрүп турбайбызбы. Саясый температура жогору. Тартип жок. Криминал күч, туристтерге кол салган фактылар көп. Укук коргоо органдары, өзгөчө соттор коррупцияга баткан. Бирдеме болсо эле акча сурашат. Чек арада да, бажыканада да ошондой абал, жең ичинен тоногонду адат кылып алышкан. Тейлөө кызматыбыз өнүккөн эмес. Санитардык жагдай да чеке жылытпайт. Ал эми чет өлкөлүктөргө комфорт керек. Карап көрүңүз, Ысык-Көлгө же Соң-Көлгө бараткан жолдо бир да даараткана жок. Бизге билинбегени менен бул сырттан келгендер үчүн бир топ эле ыңгайсыздык жаратат. Туристтерге жаратылышыбыз жакканы менен ушундай шарттардан иренжип, кийинки жылы келбей калышат.
- Сиз жана виза ачтыруудан туристтер кыйналбайт деп жатасыз, бирок дипөкүлчүлүктө деле коррупция бар турбайбы? Муну чет өлкөлүк эмес, өз жарандарыбыз деле айтып жүрүшөт. Иши түшүп кайрылса, маселелери чечилбей калат экен?
- Эми элчиликтин баары эле бир кылка иштебейт да. Чындап эле арасында барып алып, иштебей, коррупция менен аралашып күн өткөргөндөр бар. Кадр маселеси туура чечилбесе ушундай болот да. Мурда президенттердин убагында билесиңер, элчиликке жеке сапаттарына карабай "өз кишилерин" элчи кылган. Ал тендеция азыр да байкалып жатат. Ушуну токтотуп, тартипке салып, чындап иштей турган таза, билимдүү жаштарды көтөрмөлөсөк жакшы болмок эле. Аларга шарт түзүп, ошол эле маалда жоопкерчилигин күчөтүп, отчет алып туруш керек. Мен айтып коёюн 2000-2004-жылга чейин Австрияда элчи болуп турганымда 3 чоң долбоор тартып келгем. Муну элдин баарысы билет. Анын бири ЕККУнун полициялар боюнча программасы. Анын негизинде бүгүнкү күндө кыргыз милициясы чет өлкөгө барып окуп жатат. Ар кандай жабдыктар, унааларды алышууда. БУУнун баңгизаттарды көзөмөлдөө борборунун баш кеңсеси Венада. Ошол жер менен байланыш түзүп, бул жактагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигин ачканбыз. Үчүнчүсү - бул ЕККУнун академиясы. Бүгүнкү күндө бул жерде ар кандай адистерди даярдап, окутуп жатышат. Азыр ТИМде жогорку профессионалдуу дипломаттар көп. Ошолорду колдош керек.
- Ушу күндө Өзбекстанга визаны алган жок. Түштүктөгү эл ушундан улам аябай кыйналат экен, куда-сөөк, жакындарына бара албай?
- Мен ТИМде министр болуп турганда Өзбекстан визалык режимди алып салган. Ошол 2005-2006-жылдары Өзбекстан менен жакшы алака, жылуу мамиле түзгөнбүз. Бирок Бакиев бийлигин криминал аркылуу күчөтө баштаганда чочулап, кайра киргизип койгон. Мына эми жакында эле премьер-министр А.Атамбаев барып келди. Эми элчилер мындан ары ишти улантышы керек. Ушул башталган жакшылыкты дипломаттар ары улап кеткени жакшы. Өзбекстан менен чек ара, виза маселеси чечилсе, мындан ары алака чыңдалып кетмек. Биздин мамлекет үчүн Өзбекстан менен ийгиликтүү мамиле түзүш өтө маанилүү.
Суроо салган
Санжи Туйтунова